• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги VI  сессиясынын

ТОКТОМУ № 26

31-октябрь  2014-жыл                                                                     Токтогул шаары      

Токтогул шаарында 9 айдын ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө пландан тышкары түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү боюнча

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарына ылайык,  9 ай ичинде аткарылган иштер жөнүндө Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин маалыматын жана “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 9 айдын жыйынтыгы боюнча пландан тышкары келип түшкөн акча каражатынын суммасы 1977,8 миң сом болгондугу белгиленсин.

 

  1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу  жактырылып, бекитилсин  жана зарылчылыгына жараша чыгымдоо жагы  ушул токтомдун тиркемесине ылайык жүргүзүлсүн.

 

  1. Жыл башында бекитилген акча каржатынан  үнөмдөлгөн (тендер өткөрүүнүн жыйынтыгында) 299,1 миң сом акча каражаты Бөкөнбаев атындагы көчөсүнүн башка көчөлөр менен кесилишкен жерлерин асфальттоо үчүн жана  101,9 миң сом акча каражаты Т.Ормонбеков атындагы мектеп-лицейин курууда проектке камтылбай калган иштерди бүткөрүү үчүн жумшалсын.

 

  1. Жогоруда көрсөтүлгөн кошумча жумшалуучу акча каражаты боюнча планга тактоо киргизүү менен регионалдык казына бөлүмүнө билдирме (уведомление) берүү жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомду аткаруу жагы  Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Солтоевага тапшырылсын.
  2. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 Токтогул шаардык 

кеңешинин  төрагасы:                                К.Дербишев

 

                      

 

 

Токтогул шаардык кеңешинин

XXVII чакырылышынын VI сессиясынын 31.10.2014-жылдагы № 26 токтому менен  бекитилди

                                                                                                                                

Тиркеме

 

Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 9 айдын жыйынтыгы боюнча пландан тышкары келип түшкөн 1977,8 миң сом акча каражатын чыгымдоо боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу

 

Аталышы

Аткарылуучу иштин мазмуну

Статья

Сумма (миң сом)

1

ЖКХ

Жумушчуларга сыйакы берүү үчүн

2111

2121

48,0

8,3

2

ЖКХ

Жолдорду оңдоо  иштери үчүн

2221

197,0

3

ЖКХ -ФАП

Отункана салуу үчүн

3111

50,0

4

ЖКХ-РОВД

Ички оңдоо иштери үчүн

2221

30,0

5

ЖКХ-Лакироуд

Борбордук аянттагы флагштог, скамейка, скверди жарыктандыруу

3111

275,4

6

ЖКХ

Күйүүчү май

2214

55,0

7

Т.Ормонбеков атындагы лицей

Ар кандай чыгымдар үчүн

2222

17,9

8

Турдумамбетов атындагы мектеп

Жабдуу алуу (“Мерсико” проекти боюнча  өздүк салымы)

2215

10,0

9

Фирма “Сафира”

Токтогул мектебинин ажатканасын куруу

3111

40,6

10

Бөкөнбаев атындагы мектеп

Ички оңдоо иштери үчүн (спорт зал, ашкана)

2221

40,0

11

“Байчечекей” балдар бакчасы

Жергиликтүү бюджеттен балдардын тамак ашы үчүн

2218

62,0

12

“Байчечекей” б/бакча

“Күн- Нуру” б/бакча

Кошумча курулуштун чатырын жабуу, отункана куруу үчүн

3111

3111

80,0

65,0

13

“Наристе”

Тамак аш жасоого печка алуу үчүн

3112

40,0

14

Балдар чыгармачылык үйү

Бий залынын полун алмаштыруу үчүн

3111

50,0

15

Балдар чыгармачылык үйү

Шкаф, стул алуу үчүн

3112

10,3

16

Спорт мектеби

Чатырын оңдоо үчүн

2221

15,0

17

Аппарат мэрия

Т.Сатылгановдун  150-жылдыгы

2215

154,0

18

Аппарат мэрия

Кызматкерлерге сый акы үчүн

2111

2121

25,0

4,3

19

Аппарат мэрия

ПДП үчүн

3113

700,0

 

 

Жалпы:

 

1977,8

 

“Экономика, бюджет, финансы рыноктук

инфраструктура, чакан жана орто бизнес,

менеджмент, маркетинг кызматы, кредит,

инвестициялар боюнча” туруктуу

комиссиянын төрайымы:                                                   М.Солтоева