Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын
ТОКТОМУ № 62
2015-жылдын 28–октябры Токтогул шаары
Токтогул шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” саясий париясынан шайланган Мыктаров Кара Карашбековичтин ыйгарым укуктарынын токтотулушу жана бош калган мандаттын ордун ээлөө боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 52-беренесинин негизинде, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Мыктаров Кара Карашбековичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, анын депутаттык ыйгарым укуктарынын токтогондугу эске алынсын (өлгөндүгү боюнча күбөлүгү тиркелет).
- Токтогул шаардык кеңешинде бош калган мандаттын ордун ээлөөнү “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкерге ыйгаруу жагы Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
- Аймактык шайлоо комиссиясына билдирме берүү жагы Токтогул шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Токтогул шаардык
кеңешинин төрагасы: К.Дербишев
Даярдаган: С.К.Наралиева 0 37 47 5 04 51, 0 773 80 29 46
Көчүрмө анык
Жооптуу катчы: С.Наралиева