• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын

ТОКТОМУ № 61

2015-жылдын 28–октябры Токтогул шаары

Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча

Токтогул шаардык кеңешинин 19.06.2015-жылдагы кезексиз X сессиясынын № 48 токтому менен бекитилген Токтогул шаарынын тургундарына“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу боюнча жобонун талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун карап, “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам, жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылгандыгы эске алынсын.
  2. Жыйынтыгында Токтогул шаарынын төмөндөгү тургундарына Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
  • Ондошева Майрамкан – баатыр эне, “Ак Бакай” коомдук кайрымдуулук фондунун төрайымы, Токтогул шаарынын аялдар кеңешинин мүчөсү;
  • Солпуев Ороз –Токтогул райондук Финансы бөлүмүнүн башчысы;
  • Сүйүмбаева Гүлбайра – ДЭП-23 мекемесинде кадрлар бөлүмүнүн башчысы;
  1. Ушул токтомдун 2 пунктунда аталган тургундар үчүн Токтогул шаарынын ”Ардактуу атуулу” төш белгилерин жана күбөлүктөрүн даярдоо жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.
  2. Тапшыруу аземи жогоруда аталган “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу боюнча жобонун талаптарына ылайык уюштурулсун.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам, жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясына (М.Исаков) тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы: К.Дербишев

Даярдаган: С.К.Наралиева 0 37 47 5 04 51, 0 773 80 29 46

Көчүрмө анык

Жооптуу катчы: С.Наралиева