• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын

ТОКТОМУ № 60

2015-жылдын 28–октябры Токтогул шаары

Токтогул шаарында А.Козубеков атындагы Эс алуубагындагы кичи футбол аянтчасын колдонуу тартиби жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, калк арасында сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн Токтогул шаарындагы А.Козубеков атындагы “Эс алуу” паркынын ичинде кичи футбол аянтчасы курулуп жаңыдан колдонууга берилген.

Жергиликтүү бюджеттин киреше булагын арттыруу максатында Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун карап, ал боюнча “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимин жана башка сунуштарды угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жогорудагы кичи футбол аянтчасында футбол ойноо үчүн 1 (бир) саатка 500 сом акы төлөө тарифи бекитилсин.
  1. Токтогул шаарында Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин футбол оюну боюнча секциянын катышуучулары үчүн өздөрүнүн графигине ылайык акы төлөбөстөн ойноосу белгиленсин.
  1. Жогорудагы кичи футбол аянтчасында футбол оюну боюнча ар кандай мекемелер аралык мелдештерди өткөрүүдө жогоруда бекитилген тарифтен 50%дык жеңилдетилген төлөм каралсын.
  1. Аталган кичи футбол аянтчасын, андагы жуунучу, чечинип-кийинүүчү жайлардын бутүндүгүн кароо, тазалалоо иштери менен бирге, футбол ойноочулардан ушул токтомдун 1,3 пункттарында белигенген тарифтерге ылайык акча каражатын чогултуп, Токтогул шаардык мэриясынын атайын каражат эсебине которуп туруу жагы Б.Камчыбековго милдеттендирилсин.
  2. Б.Камчыбеков менен келишим түзүп, атайын эсепке түшкөн акча каражатынын эсебинен убактылуу ай сайын 10,0 миң сомдон (соц.фонд, ж.б төлөмдөр ичинде) айлык акы төлөп берүү, ошондой эле бул токтомду жалпысынан аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
  3. “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясы (М.Солтоева) бул токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлгө алсын.
  4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  5. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы: К.Дербишев

Көчүрмө анык

Жооптуу катчы: С.Наралиева