• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын

ТОКТОМУ № 57

2015-жылдын 28–октябры                                                                      Токтогул шаары

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 14.03.2015-жылдагы № 34, 35, 14.08.2015-жылдагы № 54 токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, КР бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу боюнча “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча”туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 14.03.2015-жылдагы № 34, 35, 14.08.2015-жылдагы № 54 токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча жогорудагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылып, бекитилсин.
  2. Жогорудагы туруктуу комиссиянын чечими менен киргизилген өзгөртүү жана толуктоолор ушул токтомдун тиркемесине ылайык жүргүзүлсүн.
  3. Тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү, билдирме берүү жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага тапшырылсын.
  4. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдетендирилсин.
  5. Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөө экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (М.Солтоева) тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы: К.Дербишев

Даярдаган: С.К.Наралиева 0 37 47 5 01 54, 0 773 80 29 46

Көчүрмө анык

Жооптуу катчы: С.Наралиева

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын 28.10.2015-жылдагы № 57 токтомуна Тиркеме

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 14.03.2015-жылдагы № 34, 35, 14.08.2015-жылдагы № 54 токтомдорунун төмөндөгү пункттарына өзгөртүү

киргизилгендиги жөнүндө

Таблица 1

Өзгөртүү киргизилген токтомдор

Мазмуну

Кыскартылган акча каражатынын өлчөмү (миң сом)

1

№ 34, 4-тиркеме

п.7

п.10,16

№ 34, 5-тиркеме

Аппараттан (мэрия)

Эс алуу багынан

ФК Токтогул

80,0

95,0

80,0

2

№ 35, п.1

ЖКХга жол оңдоодон

80,0

3

№ 54, Таблица 2, п.4

Бишкек-Ош автоунаа жолун түнкүсүн жарыктандыруудан

280,4

   

Жалпы:

615,4

Жогорудагы кыскартуулардын натыйжасындагы 615,4 миң сом акча каражатын жумуштун зарылчылыгына байланыштуу чыгымдоо багыттары жөнүндө

Таблица 2

Акча каржатынын жумшалуучу багыттары

Жумшалуучу акча каражатынын өлчөмү (миң сом)

1

ОсОО “Катаган” (мини футбол аянтчасын курган)

130,0

2

ЖКХ техника алууга (кошумча)

Сатылып алынган техниканы документтештирүүгө

140,0

16,0

3

“Күн Нуру” балдар бакчасына көмүр алууга

10,0

4

МАП ижара акысына

МАП үчүн сатылып алынган контейнерлерин ички-тышкы иштерине

40,0

189,4

5

Элге жеңилдиктер –материалдык жардам

А.Бекматжановага

М.Ондошевага

К.Мыктаровго

10,0

20,0

20,0

6

Жаңы жыл майрамына

40,0

 

Жалпы:

615,4

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы: К.Дербишев

Көчүрмө анык

Жооптуу катчы: С.Наралиева