Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
ТОКТОМУ
№ 76
2016-жылдын 01-марты Токтогул шаары
Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин 2015-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчетун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаев аймакта социалдык-экономикалык пландаштыруунун негизинде аткарылган иштер, калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча 2015-жыл ичинде аткарылган иштер жөнүндө отчетун слайд шоунун коштоосунда берди.
Жогорудагыларды эске алып, М.Калмурзаевдин отчетун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Шаар аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча 2015-жылга пландалган иштердин негизинен аткарылгандыгы белгиленсин.
- Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин бир жыл ичинде аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштыруу Токтогул шаардык кеңешинин аппаратына (С.Наралиева) тапшырылсын.
Төрага: К.Дербишев