ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын

кезексиз  XVII сессиясы

 

2016-жылдын  06-июну   № 87                                                             Токтогул шаары                                                                                       

Токтогул шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жана туруктуу комиссиялардын курамын толуктоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”  жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Бирге” саясий партиясынан шайланган депутаттар Абышов Сулайманкул, Давлеталиев Ибраим жана Өмүржан уулу Мирбек  өз арыздарынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу эске алынсын.
  2. Бош калган депутаттык мандатка ээ болгон “Бирге”  партиясынын депутаттары:

1) Тайчабаров Кенжебек Ормонович Токтогул шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.

2) Баялиева Мира Акматбековна шаардык кеңештин “Өз алдынча башкаруу, депутаттын  компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына кошулсун.

3) Азимов Алмаз Усенович шаардык кеңештин  “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына кошулсун.

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жана Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:                                  К.Дербишев

 

 

 

 

 

               

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын

кезексиз  XVII сессиясы

2016-жылдын  06-июну        № 88                                                Токтогул шаары                                                                 

 “Бир бол” саясий партиясынан  депутат Орозов Айбек Талантбековичтин ыйгарым укуктарынын токтогондугу жана бош калган мандаттын ордун кийинки талапкерге ыйгаруу боюнча

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XVII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Орозов Айбек Талантбековичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, анын депутаттык ыйгарым укуктарынын токтогондугу эске алынсын (өлгөндүгү боюнча күбөлүгү тиркелет).
  2. Токтогул шаардык кеңешинде бош калган мандаттын ордун ээлөөнү “Бир Бол” саясий партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкерге ыйгаруу жагы Токтогул Аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
  3. Аймактык шайлоо комиссиясына билдирме берүү жагы Токтогул шаардык кеңешинин жооптуу катчысы С.Наралиевага милдеттендирилсин.
  4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жана Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

 

 

 

            Төрага:                                  К.Дербишев

 

 

 

               

 

 

 

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XVII сессиясы

2016-жылдын  06- июну              № 89                                                             Токтогул шаары                                                               

Токтогул шаардык кеңешинин  01.03.2016-жылдагы кезектеги  XIV сессиясынын № 67 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” жана “КР бюджеттик  укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун кароонун жыйынтыгы боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын жогорудагы корутундусу жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.

 

  1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу Даңканай кичи районуна ФАП куруу үчүн каралган (01.03.2016-жыл  № 67 токтом, 5 тиркеме) 1000,0 миң сом кыскартылсын жана анын ичинен:

 

  •  827 445 сом  Даңканай кичирайонунда ФАП куруу боюнча долбоорду үлүштүк гранттын эсебинен ишке ашыруу максатында өздүк салым катары которулуп берилсин;
  •  44 200 сом “Байчечекей” балдар бакчасынын айланасын тосмолоо боюнча долбоорду үлүштүк гранттын эсебинен ишке ашыруу максатында  өздүк салымына кошумча  которулуп берилсин;
  •  86 260 сом Болсунбек жана С.Жунусов атындагы көчөлөрдүн тургундарынын арызы боюнча  ойдуң жердеги топтолгон сууларды агызып, чыгарып кетүү үчүн 185 м труба орнотууга жумшалсын;
  • 42 095 сом таштанды төгүлүүчу жайга кароолканага электр жарыгын жеткирүүгө жумшалсын.
  1.  Аппараттын атайын эсебинин киреше бөлүгүнө 14411100 “Учурдагы жардам”  бөлүмү кошулсун,   “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагындагы 249 080 сом  акча каражаты бекитилсин жана бул акча каражаты гранттык макулдашуунун негизинде чыгымдалсын.

 

  1. Атайын эсептин планына тактоо киргизүү  Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

 

  1. Жалпысынан токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге  жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жана Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                  К.Дербишев

 

 

 

 

 

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XVII сессиясы

2016-жылдын  06- июну      № 90                                                              Токтогул шаары                                                                 

Токтогул шаарынын Черноткач көчөсүнүн түндүк тарабынан калктуу конуштун

 жалпы пайдалануусундагы муниципалдык менчиктеги  72 м2 жер аянтындагы убактылуу  мөмө-жемиш, жашылча сатылуучу базардын  

 ижара акысын бекитип берүү  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү”, “КР бюджеттик  укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Черноткач көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги 72 м2 жер тилкесинде мөмө-жемиш, жашылча сатуучу базарды убактылуу калтыруу  жөнүндөгү бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу жактырылгандыгы белгиленсин.

 

  1. Жогоруда аталган  жердин ижара  акысы:  Узундугу 1 м жерге бир күнгө - 25 сом  төлөө бекитилсин.

 

  1. Ар бир ижарачыга жер тилкесин ченеп берүү менен, бекитилген тарифке ылайык келишим түзүү Токтогул шаардык мэриясынын жерге укукту берүү боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.

 

  1. Келишим түзүүдө Токтогул шаардык кеңешинин кезексиз XVI сессиясынын жыйынтыгы менен берилген протоколдук тапшырмалары (10.05.2016-жылдагы № 89 каты) сөзсүз  эске алынсын жана тараптардын милдеттери так, даана көрсөтүлсүн.

 

  1. Жалпысынан токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге  жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча жана “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча”туруктуу комиссияларына (М.Солтоева, Н.Молдоказиев) тапшырылсын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жана Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.  

 

Төрага:                                              К.Дербишев