• Печать

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

                Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз

XXI сессиясы

 ТОКТОМ

2016-жылдын 15-сентябры             № 99                             Токтогул шаары                                                                                

Токтогул шаарында  “Шаарларды өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө

 

АРИС тарабынан ишке ашырылуучу “Шаарларды өнүктүрүү” долбоору жана   Токтогул шаарынын муниципалдык инфраструктурасынын энергетикалык эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча  аракет планын карап жана талкуулап,    Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарында АРИС тарабынан ишке ашырылуучу “Шаарларды өнүктүрүү” долбоору жактырылсын.
  2. Аталган долбоордун алкагында Токтогул шаарында жүргүзүлүүчү иш-чараларга макулдук берилсин.
  3. Токтогул шаарынын муниципалдык инфраструктурасынын энергетикалык эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча аракет планы жактырылсын.
  1. Аракет планын жүзөгө ашыруу үчүн тиешелүү иштерди өз убагында аткарып, пландалган натыйжаларага жетишүү камсыздалсын.
  1. Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  шаардык кеңештин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү иштерди аткаруу  жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
  1. Токтом күчүнө киргенден кийин  көчүрмөлөрү тиешелүү мекемелерге жөнөтүлсүн.

Төрага:                     К.Дербишев                                                

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз

XXI сессиясы

 ТОКТОМ

2016-жылдын 15-сентябры             № 100                                                            Токтогул шаары                                                                                         

Токтогул шаарынын Башкы планын

долбоорун кароо  жөнүндө 

Токтогул шаардык мэриясынын Кыргыз Республикасынын Шаар куруу  жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту менен 2015-жылдын 27-августунда түзгөн № 7-2/2015 келишиминин негизинде, Токтогул шаарынын Башкы планынын долбоору иштелип чыккандыктан, шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун № 2 бөлүмүнүн башчысы К.Т.Төлөбаев  аткарылган иштер боюнча Токтогул шаардык кеңешинин сессиясында кеңири маалымат берди. Анын маалыматын угуп жана талкуулап,    Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарынын Башкы планынын долбоору жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин жана калган иштерди улантууга макулдук берилсин.
  2. Эки тараптуу келишимдин шарттарына ылайык, Башкы пландын 1 (бир) ай ичинде бүткөрүлүүсү талап кылынсын.  
  3. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү иштерди аткаруу  жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
  1. Токтом күчүнө киргенден кийин  көчүрмөлөрү тиешелүү мекемелерге жөнөтүлсүн.

 

Төрага:                                                        К.Дербишев                                           

 

          

 

 

 

 

 

 

 

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз

XXI сессиясы

 ТОКТОМ

2016-жылдын 15-сентябры             № 101                                                            Токтогул шаары                                                                                         

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 

01.03.2016-жылдагы № 67, 06.06.2016-жылдагы № 89 ,  28.07.2016-жылдагы № 93, токтомдоруна  өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, КР бюджеттик  укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамдарынын жана БУУнун Кыргызстанда Азык-тулүк программасынын ишке ашырылып жаткандыгынын негизинде, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин маалыматы Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясы талкууга алды.

Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын  корутундусун угуп жана талкуулап, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу жогорудагы токтомдорго өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу жактырылсын.
  2. Комиссиянын корутундусунун негизинде төмөндөгү жумуштарды аткаруу үчүн каралган акча каржаттары  кыскартылсын:
  1. 01.03.2016 –жылдагы № 67  токтому боюнча:
  • 5 Тиркемесинин 2 пунктунан майрамдык иш чараларды өткөрүү үчүн  каралган  акча каржатынын эсебинен  – 158,3 миң сом;
  1. 06.06.2016-жылдагы № 89 токтому боюнча:

-  2 пунктунан  Болсунбек жана С.Жунусов атындагы көчөлөргө труба орнотуу үчүн каралган  86,2 миң сом;

- таштанды төгүлүүчу жайга электр жарыгын жеткирүүгө - 42,1 миң сом;

       3) 28.07.2016-жылдагы № 93 токтому боюнча:

- 2 пунктунан  Таласбай кичирайонунда курулуп жаткан кичи футбол аянтчасын тосмолоо үчүн каралган - 190,0 мин сом,  

-  райондук нотариустун кеңсесинин ижара акысын төлөө үчүн каралган - 36,0 миң сом,

-  шаардык кеңештин жана мэриянын кеңселерине кондиционер алуу үчүн каралган - 36,0  миң сом,

- Керимбаев атындагы маданият үйунүн айланасына Wi-Fi интернет кызматын камсыздоо үчүн каралган  - 10,0 миң сом

     Жалпы кыскартылган акча каражаты: 558,6 миң сом.

  1. Ушул токтомдун 2 пункту менен кыскартылган  558,6 миң сом акча каражаты, Токтогул шаарындагы Бөкөнбаев жана Токтогул атындагы мектептердин ашканаларына 3112статьясы боюнча жабдуу алууга  жумшалсын (БУУнун азык-түлүк программасы).  
  2. Жылдын башында 01.03.2016-жылдагы № 67 токтому менен Акжон жаңы конушуна электр мамычаларын орнотуу жана чубалгыларын тартып берүү үчүн атайын каражаттын эсебинен каралган 600,0 акча каражатынын жетишсиздигинен, бул ишти аткаруу кийинки жылга калтырылгандыгы белгиленсин.
  3. Атайын каржаттын эсебиндеги 600,0 миң сом акча каражаты ушул токтомдун 2 пунктунда аталган иштерди аткаруу үчүн чыгымдалсын.  
  4. Жогорудагы өзгөртүү, толуктоолор боюнча планга тактоо киргизүү  Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
  1. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү иштерди аткаруу  жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага:                                           К.Дербишев