• Печать

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXII сессиясы

 ТОКТОМ

2016-жылдын  4-ноябры     № 102                                                            Токтогул шаары                                                                                         

Токтогул шаарында 9 ай ичинде жергиликтүү бюджеттин  киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы,  сырттан инвестицияларды тартуу иштеринин жүрүшү боюнча  Токтогул шаарынын мэри  М.Калмурзаевдин отчету жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу  комиссиясынын чечимин, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин угуп, талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарында 9 ай ичинде аткарылган иштер боюнча Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин отчету жалпысынан канааттандырарлык деп табылсын.
  2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча  иштерди колго алуу жана бул багытта  мамлекеттик салык кызматы менен биргелешип иш жүргүзүү зарылчылыгы  белгиленсин.
  3. Төмөндөгү иштер тез арада аткарууга алынсын:
  •   шаар аймагындагы айыл чарбасына багытталбаган жерлерди, колдонуу багыты өзгөргөн (кайрадан профилдештирилген) жерлерди, соода сатык жүргүзүүчүлөрдүн (жашылча, кийим-кече, эт, сүт сатуучулардын) патенттерин тактоо иштери боюнча инвентаризация жүргүзүлсүн;
  •   инвентаризация жүргүзүү үчүн Токтогул шаарынын мэринин буйругу менен атайын комиссия түзүлсүн,  курамына милдеттүү түрдө мэриянын салык жыйноочусу, жер боюнча адиси,  ал эми райондук мамлекеттик каттоо кызматынын, мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгынын тиешелүү өкүлдөрү макулдашуунун негизинде киргизилсин;
  •   ушул токтом күчүнө киргенден кийин бир айдын ичинде инвентаризация иштери толугу менен бүткөрүлсүн жана комиссиянын ишинин жыйынтыгы жазуу жүзүндө шаардык кеңешке жиберилсин.
  1.  Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  шаардык кеңештин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү иштерди аткаруу  жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
  1. Токтом күчүнө киргенден кийин  көчүрмөлөрү тиешелүү мекемелерге жөнөтүлсун.

Төрага:                                                   К.Дербишев                                           

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXII сессиясы

 ТОКТОМ

2016-жылдын  4-ноябры № 103                                                                      Токтогул шаары                                                                                       

Токтогул шаарынын жашоочуларын  ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Ичүүчү суу” жөнүндөгү  мыйзамдарына ылайык,  Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Суу канал” өндүрүштүк –эксплуатациялык муниципалдык ишканасынын башчысы Ч.Анарбаевдин маалыматын жана шаардык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап      Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Шаар аймагында суу кетүүчү куурлардын эскилиги, сууну пайдалануучулардын саны күндөн күнгө  өсүп жаткандыгы эске алынып,  ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдаланууга багытталган иштер пландаштырылсын.
  2. Ар дайым Токтогул шаарынын жашоочуларынын ичүүчү сууга болгон муктаждыгын канааттандырууга артыкчылык берилсин.
  3. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу айылдарын ичүүчү суу менен камсыздоодо төмөндөгүлөр аткарууга алынсын:

- Жаңы-Жол, Балачычкан  айылдарына ичүүчү суу  атайын түзүлгөн графиктин негизинде берилсин;

- Даңканай, Топбаза кичи райондорундагы жашоочуларды үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо үчүн Кызыл-Туу айылына  июнь, июль, август айларында ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулсун;.  

  1. Жалпы суу пайдалануучу абоненттер менен эки тараптуу келишимдерди түзүп, ичүүчү  суу үчүн бекитилген тарифтерди өз убагында чогултуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүү Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Суу канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевге  милдеттендирилсин.
  2. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  шаардык кеңештин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” жана “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү иштерди аткаруу  жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
  1.  Токтом күчүнө киргенден кийин  көчүрмөлөрү тиешелүү мекемелерге жөнөтүлсүн.

Төрага:                                                       К.Дербишев                   

               

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXII сессиясы

 ТОКТОМ

2016-жылдын  4-ноябры     № 104                                                            Токтогул шаары                                                                                                     

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 01.03.2016-жылдагы  № 67 токтомуна  өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, КР бюджеттик  укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаардык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча  туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан  жактырылгандыгы белгиленсин.
  1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу төмөндөгү акча каражаттары кыскартылсын:

01.03.2016-жылдагы  № 67 токтому боюнча:

  • “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинаты 2223 статьясынан  – 43,5 миң сом;  
  • Прожекторлорду сатып алуу 2222 статьясынан  -136,0 миң сом;
  • Таласбайга чакан футбол аянтчасын куруу 3111-статьясынан   - 150,0 миң сом;

Жалпы:   329,5 миң сом.

  1. Кыскартуудан алынган 329,5 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
  • “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатына алынган атайын техникаларга 2214 статьясына  33,5 миң сом, 2215 статьясына - 43,0 миң сом;  
  • “Байчечекей” балдар бакчасына  3112 статьясына - 20,0 миң сом;
  • Электроэнергияга туташтыруу үчүн 2215статьясына -100,0 миңсом;
  • Мектептерде (Токтогул, Бөкөнбаев)  Азык түлүк программасын ишке ашыруу үчүн 2221 статьясына – 97,0 миң сом;
  • Суу түтүктөрүн оңдоо 2221 статьясына - 36,0 миң сом;

Жалпы: 329,5 миң сом.

  1.  Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча планга тактоо киргизүү  Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
  1. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

    Төрага:                                                   К.Дербишев

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXII сессиясы

 ТОКТОМ

2016-жылдын  4-ноябры     № 105                                                            Токтогул шаары                                                                                                     

Муниципалдык менчиктеги Бөкөнбаев мектебинин аймагындагы имаратты ижарага берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун угуп жана талкуулап, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Учурда Токтогул райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын колдонуусундагы имараттын (Бөкөнбаев мектебине караштуу) документтери тез арада тактоого алынсын.
  2. Мындан нары имаратты убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.
  3. Ижара акысын тактоо жана эки тараптуу келишим түзүү боюнча иштерди аткаруу Токтогул шаардык мэриясына  милдеттендирилсин, ижаралоо келишиминин долбоору шаардык кеңеш менен макулдашылсын.
  4.  Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  шаардык кеңештин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча”  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү иштерди аткаруу  жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
  1.  Токтом күчүнө киргенден кийин  көчүрмөлөрү тиешелүү мекемелерге жөнөтүлсүн.

 

   Төрага:                                                К.Дербишев