• Печать

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги XXIV  сессиясы

ТОКТОМ   

2017-жылдын 15-февралы   № 110                                                      Токтогул шаары

Токтогул шаарынын мэриясынын жана Токтогул шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык бирдиктерин кароо, бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдарына,           Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-жылдагы № 451, 452 токтомдоруна ылайык Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин, ФЭБнун башчысы Н.Кулузакованын сунуштарын кароонун жыйынтыгы жөнүндө, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап, чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан жактыралгандыгы белгиленсин жана төмөндөгү штаттардын сан эсеби бекитилсин.

  1. Токтогул шаардык мэриясы боюнча:

                 Жооптуу кызматкерлер - 16 штаттык бирдик;

                 Тейлөөчү кызматкер - 3 штат;

Баардыгы: 19 штат бирдиги бекитилсин  (КР Өкмөтүнүн токтому 2011-жыл 05-август № 451)

  1. Токтогул шаардык кеңеши боюнча:

                 Жооптуу кызматкерлер - 4 штаттык бирдиги;

                 Тейлөөчү кызматкер -2 штат;

Баардыгы: 6 штаттык бирдиги бекитилсин (КР Өкмөтүнүн токтому 2011-жыл 05-август № 452)

            Анын ичинен:

2017-жылдын 1-январынан баштап 2018-жылдын 1-январына чейин, Токтогул шаардык кеңешинин төмөндөгү кызматкерлери Токтогул шаардык  мэриясында убактылуу иштөөнү улантышсын:

•   башкы адис А.Койчубаев Токтогул шаардык мэриясына салык жыйноочулары менен биргеликте  иш алып баруу үчүн; 

•   иш кагаздарды жүргүзүүчү Э.Эркинбекова  иш кагаздарын жүргүзүү милдеттерин аткаруу үчүн; 

  1. Ушул токтом менен бекитилген штат бирдиктерине ылайык иш жүргүзүү жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагын өзүмө калтырамын.

  1. Токтом кыргыз тилинде кабыл алынды.

  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                                  К.Дербишев

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги XXIV  сессиясы

ТОКТОМ  

2017-жылдын 15-февралы   № 111                                            Токтогул  шаары

Токтогул шаардык кеңешинин 2017-жылга иш планын бекитүү боюнча

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына, Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, Токтогул шаардык кенешинин 2017-жылга иш планы боюнча С.Наралиеванын маалыматын угуп, депутаттардынын сунуш, пикирлерин эске алып жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги XXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаардык кеңешинин иш планы жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин, тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).

  1. Бекитилген иш план боюнча иш алып баруу  жоопкерчилиги Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарына жана аппарат кызматкерлерине жүктөлсүн.

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, жалпы аткарылышын көзөмөлдөө жагы Токтогул шаардык кеңешинин жооптуу катчысы С.Наралиевага тапшырылсын.

  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                 К.Дербишев

                                                                                                                                                                                                                                           Токтогул шаардык кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXIV  сессиясынын  15.02.2017-жылдагы    № 111  токтому менен бекитилди

Токтогул  шаардык кеңешинин 2017-жылга

ИШ ПЛАНЫ

Шаардык кеңештин сессиясы, туруктуу комиссия

нын жыйналы

шы 

Сессияларды жана ТК жыйналыш

тарын өткөрүү мөөнөтөрү

Аткарыла турган иштердин мазмуну

Аткаруучу, аткаруу органынын жооптуу кызматкери

Карала турган маселе, аткарыла турган иштер боюнча шаардык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясы

Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга  катышуу ыкмалары

Жыйынтык

I квартал

1.

Шаардык кеңешинин 2017-жылга карата иш планын иштеп чыгуу, сессияга сунуштоо, бекитүү жана туруктуу комиссиялардын иш планын даярдоо, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарында кароо,бекитүү

Шаардык кеңештин кеңешмеси, сессиясы, туруктуу комисиялардын жыйналыштары

Январь

Шаардык кеңештин кеңешмесинде, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарында талкуулоо

Шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери жана депутаттары

Регламентке ылайык иш алып баруу

Жыл ичинде иш план даярдалат, бекитилет, ырааттуу иш алып барууга шарт түзүлөт, ар бир иш боюнча жооптуу кызматкерлер, туруктуу комиссиялар аныкталат.

2.

2016-жыл ичинде аткарылган иштердин  жыйынтыгы боюнча шаардын мэринин отчетун угуу, бюджеттин аткарылышына талдоо жүргүзүү.

1)

Туруктуу комиссиялардын жыйналышы (биргелешкен жыйналыш)

Январь -февраль

Тиешелүү туруктуу комиссиянын (же туруктуу комиссиялардын биргелешкен жыйналышы) шаардын мэринин  отчетун структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда алдын ала угуу;

Шаардын мэри (же вице-мэр), ФЭБ башчысы жана тиешелүү  кызматкерлер, мэриянын алдындагы структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери

Төраганын тапшырмасы боюнча бардык  туруктуу комиссиялар бирдиктүү чечимин даярдайт

Бул маселе боюнча жергиликтүү тургундардын коомдук угууларга, жыйналыштарга катышуусу

Туруктуу комиссиянын корутундусун кабыл алат жана сессияда кароо үчүн күн тартибинде каралуучу маселеге киргизет. 

2)

Шаардык кеңештин сессиясы

Январь-февраль

  • 2016-жыл ичинде бюджеттин аткарылышы боюнча, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо боюнча аткарылган иштер боюнча шаардын мэринин  отчетун угуу;
  • туруктуу комиссиянын чечимин угуу;

Шаардын мэри, ФЭБ башчысы

Төраганын тапшырмасы боюнча бардык туруктуу комиссиялар, кеңешменинин жыйынтыгын сунуштайт

Жергиликтүү тургундардын, жамааттын мүчөлөрүнүн, башка кызыкдар болгон жарандардын шаардык кеңештин сессиясына катышуусу

Шаардын мэринин 2016-жылдагы аткарылган иштери боюнча отчетун кабыл алат. Токтом кабыл алат жана ММК жарыялайт.

3.

2017-жылга жергиликтүү бюджеттин (киреше жана чыгаша бөлүктөрүн эске алуу менен) долбоорун талкуулоо.  Бюджет боюнча коомдук угуулардагы сунуштарды, бюджетке тиешелүү башка кайрылууларды кароо. Аткаруу органынын жана шаардык кеңештин штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү

1)

Туруктуу комиссиянын жыйналышы (же биргелешкен жыйналыш)

Январь

февраль

Шаардык мэриянын финансы-экономикалык бөлүмүнүн мамлекеттик салык кызматынан жана башка юридикалык жактардан маалымат алуу менен бирге 2017-жылга карата жергиликтүү бюджеттин жалпы түзүлүшүнүн (киреше жаны чыгаша бөлүктөрү)  долбоорун иштеп чыгып, туруктуу комиссиянын жыйналышына сунуштоосу, аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүүнү сунуштоосу; 

Туруктуу комиссия ФЭБ башчысынын жогорудагы сунуштарын угуусу, бюджет боюнча коомдук угуулардын, демилгелүү топтордун активдүү катышуучуларынын жана башка кызыктар тараптардын сунуштарын угуусу. Бюджеттин түзүлүшүнүн долбоору  боюнча сунуштарын киргизүү. Корутунду даярдоо.

Шаардын мэри, ФЭБ башчысы, экономист, статист.

“Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссия-  М..А.Солтоева (же бардык туруктууу комиссиялар)

Жергиликтүү тургундардын  2017-жылга бюджеттин түзүлүшү боюнча коомдук угууларга,  жыйналыштарга, туруктуу комиссиянын жыйналышына катышуусу;  

Туруктуу комиссиянын сунуштаган бюджеттин долбоору боюнча чечим кабыл алат, сессияга сунуштайт.

2)

Шаардык кеңештин сессиясы

Январь

февраль

Жeргиликтүү бюджеттин түзүлүшүнүн долбоорун угуу, аткаруу органынын жана шаардык кеңештин штаттык сан-эсебин жана түзүмун карап, бекитүү:

- туруктуу комиссиянын төрагасы;,

- шаардын мэри (же ФЭБ башчысы)

- мэриянын алдындагы тишелүү ишкана жетекчилери;

- демилгелүү топтор, коомдук уюмдар, коомдук угуулардын активдүү катышуучулары, башка кызыктар тараптар;  

Жогорудагылардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен өз сунуштарын киргизүү.

Жыйынтыгында бюджеттин долбоорун бекитүү же кайрадан иштеп чыгуу үчүн кайтарып берүү.

Шаардын мэри, ФЭБ башчысы.

“Экономика, бюджет, финансы, каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссия-  М..А.Солтоева  жана бардык туруктуу комиссиялар

Жергиликтүү тургундардын  2017-жылга бюджеттин түзүлүшүн бекитүү боюнча шаардык кеңештин сессиясына  катышуусу;  

Туруктуу комиссия тарабынан сунушталган бюджеттин долбоору боюнча сессиянын токтомун кабыл алат, ММК жарыялайт.

4.

2017-2019-жылдарга Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо 

боюнча жаңыланган программасын кароо, бекитүү

1)

Туруктуу комиссиялардын биргелешкен жыйналышы

Январь

февраль

2017-жылдагы аткарылган иштердин жыйынтыгына анализ жүргүзүү менен Токтогул шаардык мэриясы тарабынан иштелип чыккан  2017-2019 –жылдарга карата Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо боюнчажаңыланган  программасын талкуулоо;

Шаардын мэри, ФЭБ башчысы, экономист, статист жана башка адистер 

Бардык туруктуу комиссиялар тарабынан каралат

Жергиликтүү тургундардын коомдук угууларга, жыйналыштарга катышуусу

Сессияга сунуштоо үчүн талкууланган маселе боюнча туруктуу комиссиялар чечимин даярдайт, сессияга сунуштайт.

2)

Шаардык кеңештин сессиясы

Январь

февраль

Жооптуу туруктуу комиссиянын чечимин эске алуу менен Токтогул шаардык мэриясы тарабынан иштелип чыккан  2017-2019 –жылдарга карата Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасын кароо жана бекитүү, бирдиктүү иш алып баруу;

Шаардын мэри

Бардык туруктуу комиссиялар.

Жергиликтүү тургундардын шаардык  кеңештин сессияларына катышуусу

2017-2019 –жылдарга карата Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасын бекитет, токтом кабыл алат, ММК жарыялайт.

5.

Токтогул шаардык кенешинин депутаттарынын жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету

1

Элдик жыйын

Январь, февраль

Туруктуу комиссиялардын аткарган иштери боюнча маалыматтарын угуу;

Шайлоочулардын жазган арыз-каттары, сунуш-пикирлери боюнча аткарылган иштерди талкуулоо; 

Депутаттардын отчет берүүсү боюнча атайын чогулуш өткөрүлүүчү жай, убакыт-сааты менен шайлоочуларды кабарлоону уюштуруу; 

Депутаттардын отчет даярдоосуна көмөк көрсөтүү, керектүү материалдар менен камсыз кылуу;

Жылдын жыйынтыгы боюнча жогорку активдүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн туруктуу комиссияны, депутатты сыйлоо баракчалары менен сыйлоо, ар кандай номинацияларды ыйгаруу;

Шаардын мэри, туруктуу комиссиялардын төрагалары,

шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери

Бардык туруктуу комиссиялардын төрагалары

Шаардын тургундарынын, шайлоочулардын депутаттардын отчет берүүсүнө катышуусу

Жашоочулар жыл ичинде шаардык кеңештин депутаттарынын аткарып жаткан иштери менен таанышат, маалымат алышат.

6.

Тазалык,  экологияны коргоо, көрктөндүрүү, коомдук жайларды жашылдандыруу иштерин жүргүзүү, суу кетүүчү арыктарды ирээтке келтирүү, мал жандыктарды ветеринардык кароодон өткөрүү иштеринин  жүрүшү

1)

Туруктуу комиссиянын жыйналышы

Январь, февраль

Тазалык,  экологияны коргоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу , суу кетүүчү арыктарды ирээтке келтирүү, мал жандыктарды ветеринардык кароодон өткөрүү иштерин жакшыртуу боюнча  муниципалдык менчиктеги “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатынын, “Эс алуу парк” жетекчисинин, ветеринардык адистин маалымат, сунуштарын угуу;

Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу жана аларды аткаруу үчүн физикалык жана юридикалык жактар үчүн жаңыланган тарифтер боюнча сунуштрды кароо;

“Таза шаар” акциясын уюштуруу;

Шаардын мэри, аталган маселе боюнча жооптуу кызматкерлер 

“Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалын чыңдоо, даректүү жардам жана жумушсуздук, , экология, санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссия- М.Ондошева

Жергиликтүү тургундардын  аталган маселе боюнча коомдук угууларга,  жыйналыштарга  катышуусу же маалымат тактайча, маалымат каржаттары аркылуу кабардар кылуу

Туруктуу комиссиянын   чечим кабыл алат жана шаардык кеңештин сессиясында карап чыгуу үчүн күн тартибиндеги маселелерге киргизет.

2)

Шаардык кеңештин сессиясы

февраль

Тазалык,  экологияны коргоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу , суу кетүүчү арыктарды ирээтке келтирүү, мал жандыктарды ветеринардык кароодон өткөрүү иштерин жакшыртуу боюнча  муниципалдык менчиктеги “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатынын, “Эс алуу парк” жетекчисинин, ветеринардык адистин маалымат, сунуштарынын негизинде даярдалган тиешелүү туруктуу комиссиянын төрагасынын корутундусун  угуу;

Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруубоюнча сунуштарды эске алып физикалык жана юридикалык жактар үчүн жаңыланган тарифтерди кароо,  бектиүү;

“Таза шаар” акциясын өткөрүү мөөнөтүн белгилөө;

Шаардын мэри, аталган маселе боюнча жооптуу кызматкерлер 

“Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалын чыңдоо, даректүү жардам жана жумушсуздук, , экология, санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссия- М.Ондошева

Жергиликтүү тургундардын  аталган маселе боюнча шаардык кеңештин сессиясына   катышуусу же маалымат тактайча, маалымат каржаттары аркылуу кабардар кылуу

Шаардык кеңеш токтом  кабыл алат жана ММК жарыялайт.

7.

Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү, бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү  иштери боюнча

1)

Туруктуу комиссиянын жыйналышы

 март

Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү, жашоочулардын бош убакытты өткөрүүсү үчүн керектүү шарттарды түзүү:

Жашоочулардын арасында, мекемелер арасында, мектеп окуучулар арасында ар кандай конкурс, сынактарды өткөрүү боюнча,  Эс алуу багында, борбордук аянтта, жаштар аллеясында бош убакытты өткөрүү үчүн алардын абалын жакшыртуу боюнча мэрдин маалыматын угуу;

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо, ар кандай номинацияларды ыйгаруу, уюштуруу иштери үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо боюнча мэрдин сунушун кароо;

Шаардын мэри (вице-мэр), соц.адис

“Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, боюнча” туруктуу комиссиясы –У.Кубатов

Жергиликтүү тургундардын, мекеме жетекчилеринин, мектеп окуучуларынын катышуусу

Туруктуу комиссия корутундусун даярдап, сессияга сунуштайт

II квартал

1.

Коомдук тартипти сактоо, жарандардын жана жаш өспүрүмдөрдүн  укуктарын коргоо, жол коопсуздугун сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө

1)

Туруктуу комиссиянын жыйналышы

Апрель

май

Туруктуу комиссиянын аталган маселе боюнча материалдарды сессияга даярдоосу.

ИИБнүн өкүлүнүн (аймактык инспектор), аксакалдар сотунун, жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн, ЖКК бөлүмүнүн  өкүлдөрүнүн  коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, жарандардын жана жаш өспүрүмдөрдун  укуктарын коргоо, жол коопсуздугун сактоо боюнча 2015-жыл ичинде жүргүзүлгөн иш чаралар жөнүндө маалыматтарын угуу;  

Мектеп директорлорунун мектеп жашындагы балдардын эмгегин мыйзамсыз пайдалануу, алардын  арасында рэкетчилик, ар кандай тартип бузуулардын алдын алуу боюнча жүргүзулүп жаткан иш чаралар жөнүндө маалыматын угуу;

Ар кандай укук бузуулардын алдын алуу боюнча калкты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасына сунуштарды киргизүү.

Шаардык мэриянын билим берүү мекемелери, балдар иштери боюнча комиссия менен бирдикте кылмыштуулуктун алдын алуу, наркомания,  СПИД, жана алкоголизмге каршы күрөшүү боюнча акцияларды өткөрүүсү боюнча маалыматын угуу;

Шаардын мэри (вице-мэр)

ИИБнүн жетекчиси (аймактык инспектор, Жаш өспүрүмдөр инспекциясынын, ЖКК бөлүмүнүн өкүлдөрү),

Кварт.комитеттер, мектептердин директорлору, аксакалдар сотунун төрагасы, балдар иштери боюнча комиссиянын төрагасы.

“Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, боюнча” туруктуу комиссиясы – У.Кубатов

“Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалын чыңдоо, даректүү жардам жана жумушсуздук, , экология, санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссия- М.Ондошева

Жергиликтуу тургундардын ар кандай укук бузуулардын алдын алуу боюнча проект, программаларды жүзөгө ашырууга, иш чараларды өткөрүүгө  катышуусу. Жергиликтүү тургундардын  аталган маселе боюнча коомдук угууларга,  жыйналыштарга, туруктуу комиссиянын жыйналышына катышуусу;  

.

Туруктуу комиссиялар   чечим кабыл алат жана шаардык кеңештин сессиясында карап чыгуу үчүн күн тартибиндеги маселелерге киргизет.

2)

Шаардык кеңештин сессиясы

Апрель

май

Туруктуу комиссиянын төмөндө аталган маселе боюнча корутундусун     угуу;

ИИБнүн өкүлүнүн (аймактык инспектор), аксакалдар сотунун, жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн, ЖКК бөлүмүнүн  өкүлдөрүнүн  коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, жарандардын жана жаш өспүрүмдөрдун  укуктарын коргоо, жол коопсуздугун сактоо боюнча 2016-жыл ичинде жүргүзүлгөн иш чаралар жөнүндө маалыматтарын угуу;  

Мектеп директорлорунун мектеп жашындагы балдардын эмгегин мыйзамсыз пайдалануу, алардын  арасында рэкетчилик, ар кандай тартип бузуулардын алдын алуу боюнча жүргүзулүп жаткан иш чаралар жөнүндө маалыматын угуу;

Ар кандай укук бузуулардын алдын алуу боюнча калкты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасына сунуштарды киргизүү.

Шаардык мэриянын билим берүү мекемелери, балдар иштери боюнча комиссия менен бирдикте кылмыштуулуктун алдын алуу, наркомания,  СПИД, жана алкоголизмге каршы күрөшүү боюнча акцияларды өткөрүүсү боюнча маалыматын угуу;

Шаардын мэри (вице-мэр)

ИИБнүн жетекчиси (аймактык инспектор, Жаш өспүрүмдөр инспекциясынын, ЖКК бөлүмүнүн өкүлү),

көчө комитеттер, мектептердин директорлору, аксакалдар сотунун төрагасы, балдар иштери боюнча комиссиянын төрагасы.

Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, боюнча” туруктуу комиссиясы – У.Кубатов

“Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалын чыңдоо, даректүү жардам жана жумушсуздук, , экология, санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссия- М.Ондошева

Жергиликтүү тургундардын  аталган маселе боюнча шаардык кеңештин сессиясына катышуусу;  

Аталган маселе боюнча шаардык кеңеш токтом кабыл алат жана ММК жарыялайт

2.

Калк арасында  сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн керектүү шарттарды камсыз кылуу боюнча иштердин жүрүшү, жаштар комитетинин иштери жөнүндө

1)

Туруктуу комиссиянын жыйналышы

Апрель

май

Калк арасында,  мектептерде, балдар бакчаларында окуу – тарбия иштери менен бирге сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу,  дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү боюнча маалыматты угуу:

- -тиешелүү туруктуу комиссиянын төрагасы;,

- шаардын мэри (вице-мэр);

 - спорт комитетинин жетекчиси;

- жаштар комитетинин жетекчиси;,

- мектептердин, балдар бакчаларынын директорлору;

-Эс алуу паркынын жетекчиси

Муниципалдык менчиктеги жаш-өспүрүмдөр спорт мектебинин материалдык базасын чыңдоо, материалдык колдоо көрсөтүү маселелерин кароо;

Спорттун улуттук жана башка түрлөрүн өнүктүрүү программасын кароо жана бекитүү, шаар аймагында массалык спортту өнүктүрүү,  райондук, областтык, республикалык жана эл аралык мелдештерге катышуу үчүн тандалган спорт командаларына колдоо көрсөтүү; 

Массалык спортту жана спорттун башка түрлөрүн өнүктүрүү боюнча график менен таанышуу;

 Шаардын мэри (вице-мэр), кварталдык комитет башчылары, спорт комитетинин, жаштар комитетинин жетекчилери, билим берүү уюмдарынын директорлору

“Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалын чыңдоо, даректүү жардам жана жумушсуздук, , экология, санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссия- М.Ондошева

Жергиликтуу тургундардын ар кандай массалык спортту өнүктүрүүгө, алар боюнча  программаларды жүзөгө ашырууга, иш чараларды өткөрүүгө  катышуусу.

Туруктуу комиссия   чечим кабыл алат жана шаардык кеңештин сессиясында кароо үчүн күн тартибиндеги маселелерге киргизет.

1)

Шаардык кенештин сессиясы

Калкты  азык түлүк, кийим-кече менен камсыз кылуучу жайларда, мектеп, балдар бакчаларынын тамак-аш берүүчү жайларында  санитардык нормалардын сакталышы боюнча маселелер. Базарлардын (кийим-кече саткан базар,  жашылча-жемиш базары, мал базары) айланасын ирээтке келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү.

1)

Туруктуу комиссиянын жыйналышы

Март апрель

Шаардын тургундарын азык-түлүк, кийим кече менен камсыз кылууда менчигине карабастан соода түйүңдөрүндө кафе-ресторандарда, мектеп, балдар бакчаларынын тамак-аш берүүчү жайларында санитардык нормалардын сакталышы боюнча:

-орулардын алдын алуу жана мамлекеттик сан.эпид.көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин;

-шаардын вице-мэринин маалыматтарын угуу.

Аталган маселе боюнча арыз, каттарга жооп берүү үчүн тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү менен аларды жеринде барып кыдырып кароо;

Санитардык нормаларды сактоо боюнча сунуш-пикирлерди киргизүү.

Шаардын мэри (вице-мэри)

Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, боюнча” туруктуу комиссиясы – У.Кубатов

“Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалын чыңдоо, даректүү жардам жана жумушсуздук, , экология, санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссия- М.Ондошева

Жергиликтүү тургундардын санитардык нормаларды сактоого өздөрүнүн тикелей катышуусу.

Каралган маселе боюнча туруктуу комиссия өзүнүн корутундусун сессияга сунуштоо үчүн даярдайт.

2)

Шаардык кеңештин сессиясы

Апрель, май

Шаардын тургундарын азык-түлүк, кийим кече менен камсыз кылууда менчигине карабастан соода түйүңдөрүндө кафе-ресторандарда, мектеп, балдар бакчаларынын тамак-аш берүүчү жайларында санитардык нормалардын сакталышы боюнча туруктуу комиссиянын маалыматын угуу:

-орулардын алдын алуу жана мамлекеттик сан.эпид.көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин;

-шаардын вице-мэринин маалыматтарын угуу;

Санитардык нормаларды сактоо боюнча сунуш-пикирлерди киргизүү.

Шаардын мэри (вице-мэри), жер адиси, соц.адис

Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, боюнча” туруктуу комиссиясы – У.Кубатов

“Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалын чыңдоо, даректүү жардам жана жумушсуздук, , экология, санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссия- М.Ондошева

Жергиликтүү тургундардын санитардык нормаларды сактоо маселеси боюнча шаардык кеңештин сессиясына катышуусу.

Каралган маселе боюнча сессиянын токтомун кабыл алат, ММК жарыялайт

4.

Социалдык маселелер: аз камсыз болгон үй бүлөлөргө,  I, II,  III топтогу майыптыгы бар тургундарга, багар-көрөрү жок   улгайган тургундарга  камкордук көрүү,  жумушсуз статусун алган тургундар боюнча жүргүзүлгөн  иштер, калкты медициналык жактан тейлөө  иштеринин жүрүшү

1)

Туруктуу комиссиянын жыйналышы

Апрель, май, июнь

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, I,II, III топтогу майыптыгы бар тургундарга, багар көрөрү жок тургундарга камкордук көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча - социалдык өнүгүү башкармалыгын маалыматын, мэриянын соц.адисинин маалыматын угуу;

Жумушсуз статусун алган тургундар боюнча - эмгек жана миграция бөлүмүнүн маалыматын, мэриянын соц.адисинин маалыматын угуу;

Социалдык маселелерди чечүү боюнча ар кандай сунуштарды талкуулоо;

Токтогул шаарынын мэри, соц.адиси, СӨБ башкармалыгы, эмгек жана миграция бөлүмү

Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, боюнча” туруктуу комиссиясы – У.Кубатов

Жергиликтүү тургундардын социалдык маселелерди чечүү боюнча жыйналыштарга катышуусу

Туруктуу комиссия корутундусун даярдап, сессияга сунуштайт.

2)

Шаардык кеңештин сессиясы

Апрель, май, июнь

 Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, I,II, III топтогу майыптыгы бар тургундарга, багар көрөрү жок тургундарга камкордук көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча мэрдин маалымат – билдирүүсүн угуу; социалдык өнүгүү башкармалыгын маалыматын, мэриянын соц.адисинин маалыматын угуу;

Жумушсуз статусун алган тургундар боюнча - эмгек жана миграция бөлүмүнүн маалыматын, мэриянын соц.адисинин маалыматын угуу;

Социалдык маселелерди чечүү боюнча ар кандай сунуштарды талкуулоо;

Туруктуу комиссиянын корутундусун угуу;

Токтогул шаарынын мэри, соц.адиси, СӨБ башкармалыгы, эмгек жана миграция бөлүмү

Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, боюнча” туруктуу комиссиясы – У.Кубатов

Жергиликтүү тургундардын социалдык маселелерди чечүү боюнча жыйналыштарга катышуусу

Туруктуу комиссия корутундусунун негизинде токтом кабыл алат, ММК жарыялайт.

III квартал

1.

Шаарда социалдык-экономикалык кырдаалга иликтөө жүргүзүү, жумуштун зарылчылыгына жараша бюджетке өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана инвестицияларды, гранттарды тартуу боюнча иштердин жүрүшү

1)

Туруктуу комиссиянын жыйналышы

Июль, август

Шаардын мэринин, өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилеринин шаардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн эл аралык уюмдар, донорлор, демөөрчүлөр менен инвестиция, гранттарды тартуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматын угуу; 

Шаарда социалдык-экономикалык кырдаалды иликтеп, анализ  жүргүзүп, жумуштун зарылчылыгына жараша бюджетке өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуунун жүрүшү жөнүндө:

-      шаардын мэринин

-     ФЭБ башчысынын

- экономист- статисттин маалыматтарын  угуу;

Шаардын мэри, ФЭБ башчысы, экономист-статист,

 өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери  

“Экономика, бюджет, финансы, каражаттар, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссия-  М..А.Солтоева  (же бардык туруктуу комиссиялар)

Жергиликтүү тургундардын, өкмөтттүк эмес уюмдардын, демилгелүү топтордун ишмердүүлүгүнө, коомдук угууларга, жыйналыштарга, катышуусу

Каралган маселе боюнча туруктуу комиссия чечимин даярдап,  шаардык кеңештин сессиясына сунуштайт

2)

Шаардык кеңештин сессиясы

Июль, август

Туруктуу комиссиянын, шаардын мэринин, өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилеринин шаардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн  эл аралык уюмдар, донорлор, демөөрчүлөр менен инвестиция, гранттарды тартуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматтарын угуп, талкуулоо; Шаарда социалдык-экономикалык кырдаалды иликтөө, анализ  жүргүзүү, жумуштун зарылчылыгына жараша бюджетке өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча шаардын мэринин, ФЭБ башчысынын малыматтарын эске алуу менен туруктуу комиссиянын чечимин угуу.

Шаардын мэри, ФЭБ башчысы, экономист-статист

“Экономика, бюджет, финансы, каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссия-  М..А.Солтоева  (же бардык туруктуу комиссиялар)

Жергиликтүү тургундардын шаардагы социалдык-экономикалык  кырдаалды иликтөө маселелери боюнча  сессияга катышуусу

Каралган маселе боюнча туруктуу комиссия чечимин эске алып,  шаардык кеңештин сессиясы токтом кабыл алат, ММК жарыялайт

2.

Шаардык мэрияга караштуу соц.объектилер: мектептердин, балдар бакчаларынын, балдар чыгармачылык үйүнүн, спорт мектебинин жана ФАПтын жаңы окуу жылына карата даярдыктары, ремонттоонун абалы, материалдык мүлктөрүнүн сакталышы боюнча маселелерди кароо

1)

Туруктуу комиссиянын жыйналышы

Июль, август

Шаардык мэрияга караштуу соц.объектилердин жаңы окуу жылына  карата даярдыктары, ремонттоонун абалы, материалдык мүлктөрүнүн сакталышы боюнча маселелерди жеринде кароо үчүн атайын түзүлгөн комиссиянын ( вице-мэр, мэриянын материалдык бухгалтери, туруктуу комиссиянын мүчөлөрү, мектеп, балдар бакчаларынын директорлору) иш алып барусу.

Комисиянын ишинин жыйынтыгы боюнча, сунуштарды эске алуу менен, туруктуу комиссиянын корутундусу;

Вице-мэр, материалдык бухгалтер, мектеп, балдар бакчаларынын директорлору

“Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалын чыңдоо, даректүү жардам жана жумушсуздук, , экология, санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссия- М.Ондошева

“Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” турктуу комиссиясы- Н.Молдоказиев

Ата-эне комитеттеринин мүчөлөрүнүн комиссиянын ишине катышуусу

Комисиянын ишинин жыйынтыгы боюнча, сунуштарды эске алуу менен, туруктуу комиссия корутундусун даярдап, сессияга сунуштайт

2)

Шаардык кеңештин сессиясы

Июль, август

Комисиянын ишинин жыйынтыгы боюнча сунуштарды эске алуу менен туруктуу комиссиянын  корутундусун угуу, соц.объектилердин жетекчилеринин билдирүүлөрүн угуу;

Вице-мэр, материалдык бухгалтер, мектеп, балдар бакчаларынын директорлору

“Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалын чыңдоо, даректүү жардам жана жумушсуздук, , экология, санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссия- М.Ондошева

“Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” турктуу комиссиясы- Н.Молдоказиев

Ата-энелер комитетинин мүчөлөрүнүн сессияга катышуусу

Туруктуу комиссия корутундусун жана соц.объектилердин жетекчилеринин өтүнүчтөрүн эске алуу менен бюджетке оңдоп, түзөөлөрдү киргизүү боюнча токтом кабыл алынат, ММК жарыялайт

3.

Ички жолдордун абалы, курулуш иштери, жашоочулардын электроэнергия, ичүүчү суу менен камсыздандырылышы,

көчөлөрдүн жарыктандырылышы боюнча аткарылып жаткан иштер 

1)

Туруктуу комиссиянын жыйналышы

Июль, август

Туруктуу комиссиянын ички жолдордун абалы, курулуш иштери, жашоочулардын электроэнергия, ичүүчү суу менен камсыздандырылышы, көчөлөрдүн жарыктандырылышы боюнча шаардын мэринин, тиешелүүлүгүнө жараша  “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатынын, “Суу канал” ишканасынын жетекчисинин маалыматын алдын ала угуусу;

  •  аталган маселелер боюнча арыз-каттарды кароо;
  • маселени чечүү үчүн жеринде кыдырып көрүп келүү;
  • аймактык монополияга каршы агенттиги  менен макулдашылган тартипте ичүүчү сууга, канализацияга төлөнүүчү тарифтерди кароо;
  • жергиликтүү бюджеттен суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө үчүн акча-каражатын кароо;

Шаардын мэри, “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатынын жетекчиси, “Суу канал” ишканасынын жетекчиси

“Жер, жер реформасы, суниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” турктуу комиссиясы- Н.Молдоказиев

Жергиликтүү тургундардын  аталган маселе боюнча коомдук угууларга,  жыйналыштарга  катышуусу же маалымат тактайча, маалымат каржаттары аркылуу кабардар кылуу

Туруктуу комиссиянын чечим кабыл алат жана шаардык кеңештин сессиясында карап чыгуу үчүн күн тартибиндеги маселелерге киргизет.

2)

Шаардык кеңештин сессиясы

Июль, август

Ички жолдордун абалы, курулуш иштери, жашоочулардын электроэнергия, ичүүчү суу менен камсыздандырылышы, көчөлөрдүн жарыктандырылышы боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуу, бул маселелер боюнча арыз-каттардын канааттандырылышы боюнча маалымат угуу, шаардын мэринин, тиешелүүлүгүнө жараша  “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатынын, “Суу канал” ишканасынын жетекчилеринин маалыматтарын  угуу;

  • аймактык монополияга каршы агенттиги  менен макулдашылган тартипте ичүүчү сууга, канализацияга төлөнүүчү тарифтерди кароо;
  • жергиликтүү бюджеттен суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө үчүн акча-каражатын кароо;

Шаардын мэри, “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатынын жетекчиси, “Суу канал” ишканасынын жетекчиси

“Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” турктуу комиссиясы- Н.Молдоказиев

Жергиликтүү тургундардын  аталган маселе боюнча шаардык кеңештин сессиясына   катышуусу же маалымат тактайча, маалымат каржаттары аркылуу кабардар кылуу

Шаардык кеңеш токтом кабыл алат жана ММК жарыялайт.

4.

Депутаттардын шайлоочулар менен жоолугушуулары

1

Кичирайондордо жыйналыштар

Июнь, июль

Шайлоочулардын жазган арыз-каттары, сунуш-пикирлери боюнча аткарылган иштерди талкуулоо; 

Бекитилген графикке ылайык депуттаттын шайлоочулар менен жоолугушуусу үчүн атайын жай бөлүп, керектүү шарттарды түзүп берүү боюнча шаардын мэрине тапшырма берүү;

Депутаттардын жоолугушуусу боюнча, жолушуу өтүүчү орду, убакыт-сааты жөнүндө шайлоочуларды кабарлоону уюштуруу; 

Депутаттардын жоолугушууга даярдануусуна көмөк көрсөтүү, керектүү материалдар менен камсыз кылуу;

Шаардын мэри, туруктуу комиссиялардын төрагалары,

шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери

Бардык фракциялардын депутаттары

Шаардын тургундарынын, шайлоочулардын депутаттардын жоолугушууга катышуусун камсыздоо

Шаардык кенештин ишмердүулүгү боюнча маалымат алышат, шаар тургундары өздөрүнүн кичи районундагы көйгөйлүү маселелрди айтып, талкуулай алышат

5.

Ар кандай маселелер

IV квартал

1

Жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу, жаңыдан даярдалган шаардын Башкы планына ылайык иш жүргүзүлүп  жаткан иштер жөнүндө

1)

Туруктуу комиссиянын жыйналышы

Октябрь, ноябрь

Жер участокторуна укуктарды берүү,  Башкы план  боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча шаардын мэринин маалыматын угуу;

Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча комиссиянын, жер участогуна укутарды берүү боюнча комиссиянын төрагасынын маалыматын угуу;

Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын маалымат-билдирүүсүн угуу;

Шаардын мэри, жер боюнча адис, аталган комиссиялардын төрагалары

“Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” турктуу комиссиясы- Н.Молдоказев

Жарандардын туруктуу комиссиянын жыйналышына катышуусу

Аталган комиссиялардын төрагаларынын билдирүүлөрүнүн негизинде туруктуу комиссия чечим кабыл алат, сессияга сунуштайт

2)

Шаардык кеңештин сессиясы

Октябрь, ноябрь

Туруктуу комиссиянын чечимин угуу;

Жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын төрагасынын маалыматын угуу;

Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча комиссиянын төрагасынын маалыматын угуу;

Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын маалымат-билдирүүсүн угуу;

Шаардын мэри, жер боюнча адис, аталган комиссиялардын төрагалары

“Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” турктуу комиссиясы- Н.Молдоказиев

Жарандардын шаардык кеңештин сессиясына катышуусу

Туруктуу комиссиянын чечиминин негизинде, сунуштарды эске алуу менен токтом кабыл алат, ММК жарыялайт

2.

Муниципалдык менчикти башкаруу, ага ээлик кылуунун тартиби  боюнча маселелер

1)

Туруктуу комиссиянын жыйналышы

Октябрь, ноябрь

Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча  шаардын мэринин, “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатынын,  “Суу канал” ишканасынын, “Эс алуу паркынын” жетекчилеринин маалыматын алдын ала угуу ;

 Муниципалдык менчиктеги объектилерди ижарага берүү боюнча сунуштарды кароо;

Муниципалдык менчиктеги ишканалардын же муниципалдык менчикти колдонуучу, юридикалык жана физикалык жактардын коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча  тарифтерин алдын ала карап чыгуу;

Муниципалдык менчиктеги объектилердин реестрин түзүү, ижарага берилген жерлерден, аларды сатуудан түшкөн акча каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштарды кароо;

Шаардын мэри (же вице-мэри), жер адиси

“Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” турктуу комиссиясы- Н.Молдоказиев

Жергиликтүү тургундардын  муниципалдык менчикти башкаруу боюнча коомдук угууларга, жыйналыштарга, курултайларга  катышуусу

Сессияга сунуштоо үчүн талкууланган маселе боюнча туруктуу комиссиянын чечим кабыл алуусу

2)

Шаардык кеңештин сессиясы

Октябрь, ноябрь

Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын, шаардын мэринин (же вице-мэринин), “Ыңгыйлуу шарт түзүү” комбинатынын,  “Суу канал” ишканасынын, “Эс алуу паркынын” жетекчилеринин маалыматтарын  угуу ;

 Туруктуу комиссиянын чечими боюнча:

Муниципалдык менчиктеги объектилерди ижарага берүү боюнча сунуштарды талдоо;

Муниципалдык менчиктеги ишканалардын же муниципалдык менчикти колдонуучу, юридикалык жана физикалык жактардын коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча  тарифтерди талкуулоо;

Муниципалдык менчиктеги объектилердин реестрин түзүү, ижарага берилген жерлерден, аларды сатуудан түшкөн акча каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштарды кароо;

Шаардын мэри (же вице-мэри), жер адиси

“Жер, жер реформасы, суниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” турктуу комиссиясы- Н.Молдоказиев

Жергиликтүү тургундардын  муниципалдык менчикти башкаруу боюнча коомдук угууларга, жыйналыштарга, курултайларга, шаардык кеңештин сессиясына  катышуусу

Макулдашылган негизде шаардык кеңеш токтом кабыл алат жана ММК жарыялайт

3.

Коомдук, өкмөттүк эмес уюмдар, дин уюмдары менен жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча

1)

Туруктуу комисиянын жыйналышы

декабрь

Жаштар кеңеши, шаардык аялдар кеңеши, аксакалдар соту, өкмөттүк эмес уюмдардын, дин уюмунун иштери боюнча мэрдин (вице-мэрдин) маалыматын угуу;

Коомдук, өкмөттүк эмес уюмдардын төрагаларынын жүргүзгөн иштери жөнүндө билдирүүлөрүн угуу;

Алардын иштөөсү үчүн акча каражаттарын бөлүү боюнча сунуштарды кароо

Шаардын мэри (вице-мэри), коомдук, өкмөттүк  эмес уюмдардын төрагалары, борбордук мечиттин имиы

Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, боюнча” туруктуу комиссиясы – У.Кубатов

“Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалын чыңдоо, даректүү жардам жана жумушсуздук, , экология, санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссия- М.Ондошева

Коомдук уюмдардын мүчөлөрүнүн туруктуу комиссиянын жыйналышына катышуусу

Туруктуу комиссия корутундусун даярдап, шаардык кеңештин сессиясына сунуштайт

2)

Шаардык кеңештин сессиясы

декабрь

Жаштар кеңеши, шаардык аялдар кеңеши, аксакалдар соту, өкмөттүк эмес уюмдардын, дин уюмунун иштери боюнча мэрдин (вице-мэрдин) маалыматын угуу;

Коомдук, өкмөттүк эмес уюмдардын төрагаларынын жүргүзгөн иштери жөнүндө билдирүүлөрүн угуу;

Алардын иштөөсү үчүн акча каражаттарын бөлүү боюнча сунуштарды кароо;

Туруктуу комиссиянын корутундусун угуу;

Шаардын мэри (вице-мэри), коомдук, өкмөттүк  эмес уюмдардын төрагалары, борбордук мечиттин имамы

Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, боюнча” туруктуу комиссиясы – У.Кубатов

“Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалын чыңдоо, даректүү жардам жана жумушсуздук, , экология, санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссия- М.Ондошева

Коомдук уюмдардын мүчөлөрүнүн шаардык кеңештин сессиясына катышуусу

Туруктуу комиссия корутундусунун негизинде жана башка сунуш пикирлерди эске алуу менен шаардык кеңештин токтомун кабыл алат

4.

Шаардык кеңешинин 2018-жылга карата иш планын иштеп чыгуу жана туруктуу комиссиялардын иш планын даярдоо

2018-жылга иш пландын долбоорун талкуулоо, Туруктуу комиссиялар менен биргелешкен жыйналыш өткөрүү;

Шаардык кеңештин аппараты, туруктуу комиссиялар

Бардык  туруктуу комиссиялар

Токтогул шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы:                                        С.Наралиева