ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезекcиз XXV  сессиясы   

ТОКТОМ

2017-жылдын 03-майы       № 119                                                        Токтогул шаары

 

Токтогул шаарында катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгаруу жана  иш аткарып берүү үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндөгү” 14.01.2015-жылдагы № 06 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26-октябрь 2000-жылдагы № 637 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо жөнүндөгү” тартибинин негизинде, Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасы тарабынан  катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруусу үчүн иштелип чыккан тарифтер атайын эксперттин кароосунан өтүп, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад областтык бөлүмү менен макулдашылган.

 Сунушталган тарифтердин өлчөмү жөнүндө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2017-жылдын 1-майынан баштап Токтогул шаарында катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн тарифтер ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
  1. Ажатканаларды тазалоо үчүн тарифтик төлөм   - 2500 сом өлчөмүндө калтырылсын (эсептөөсү тиркемеде).
  1.  Шаар аймагындагы ар бир кожолуктагы жашоочулардын санына жараша, юридикалык (мекеме, ишканалар) жактар, соода-сатык жүргүзүүчүлөр, тамак –аш сатуучу, кызмат көрсөтүүчү жайлар менен  эки тараптуу келишимдерди түзүп, бекитилген тарифтерди чогултуу боюнча жоопкерчилик “Ыңгайлуу шарт”  муниципалдык ишканасынын директору А.Маранбаевге жүктөлсүн.
  1. Шаар тургундары,  юридикалык жактар жана башкалар, көрсөтүлгөн коммуналдык кызмат үчүн, бекитилген тарифтерге ылайык өз убагында, толугу менен акы төлөөгө милдетүү экендиги белгиленсин жана бул багытта  түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
  1.   Жашоочулардын айрым категорияларына мыйзамдарда белгиленген тартипте катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга акы төлөө боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен жеңилдиктерди берүү тартиби иштелип чыгып, 6 айдын жыйынтыгы боюнча сессияга сунуштоо жагы мэрияга милдеттендирилсин.
  1. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  1. Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  2015-жылдын 14-мартындагы кезектеги VII  сессиясынын № 37 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
  1.   Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                             К.Дербишев

 

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  03.05.2017-жылдагы кезекcиз

XXV  сессиясынын № 119 токтомуна    Тиркеме   

 

Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн бекитилген

тарифтердин өлчөмү

 

  •  
  •  

Өлчөө бирдиги

Сумма  / ай сайын

  1.  

Шаар аймагындагы ар бир физикалык жак (жашоочу) үчүн

 

10 сом

  1.  

Юридикалык жактар үчүн  (мекеме, ишканаларга) 

  1.  

323 сом

  1.  

Азык-түлүк, жашылча сатуучулар үчүн (ээлеген аянтына жараша)

  1.  

4 сом

  1.  

Оюнчук, кийим-кече, чарбалык товарлар, үй-тиричилик жабдуулар, эмеректер, жана башка сатуучулар, тамак-аш сатуучу жана кызмат көрсөтүүчү жайлар үчүн (ээлеген аянтына жараша)

  1.  

2 сом

 

 

Ажаткананы тазалоо үчүн  тарифтик төлөмдун эсептөөсү

(ГАЗ-53 автоунаасы менен 1 каттам үчүн)

 

Аткарылуучу жумуштар

Өлчөө бирдиги

Саны

Баасы (сом)

Сумма (сом)

1.

Күйүүчү май (дизтопливо)

л

10

37

370

2.

Майлоочу май (дизмасло)

л

0,4

90

36

3.

Эмгек акы

саат

3

60

180

4.

Транспорттун амортизациялык чыгымы

саат

3

500

1500

5.

Төгүлгөн ажаткана таштандысын көмүү

саат

1

414

414

 

Жалпы:

2500

             

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                                К. Дербишев

 

   

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезекcиз XXV  сессиясы   

ТОКТОМ

2017-жылдын 03-майы       № 120                                            Токтогул шаары

 

                                        Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 15.02.2017-жылдагы  № 113 токтомуна  өзгөртүү киргизүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын, Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, Токтогул шаардык кеңешинин 15.02.2017-жылдагы  №113 токтумуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө бюджет жана экономика боюнча  туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан  жактырылгандыгы белгиленсин.
  1. Аталган № 113 токтомдун:                                                                                                      - 4 пункту менен 2511 статьясына каралган акча каражатынан  2270,5 миң сом  кыскартылсын, бул  каражат  төмөндөгү статьялар боюнча чыгымдалсын:
  • 2111 статьясына – 870,9 миң сом;
  • 2121 статьясына-150,2 миң сом;
  • 2211 статьясына-15,0 миң сом;
  • 2214 статьясына-311,3 миң сом;
  • 2215 статьясына-16,0 миң сом
  • 2221 статьясына-616,3 миң сом;
  • 2222 статьясына-290,8 миң сом;

Жалпы:   2270,5 миң сом

- 6 пункту менен каралган каражаттан төмөндөгү өлчөмдөгү акча каражаты кыскартылсын:

      Мэриянын аппаратынан:

  • 2111 статьясынан – 126,4 миң сом;
  • 2121 статьясынан -21,8 мин сом;

         Шаардык кеңештин аппаратынан:

  • 2111 статьясынан - 35,2 миң сом;
  • 2121 статьясынан – 6,1 мин сом;

Жалпы: 189,5 сом

  1. Жогорудагы өзгөртүүлөрдү эске алуу менен бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүктөрү боюнча планга тактоо киргизүү  Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
  1. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                             К.Дербишев

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезекcиз XXV  сессиясы   

ТОКТОМ

2017-жылдын 03-май       № 121                                               Токтогул шаары

                                                                

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 15.02.2017-жылдагы  № 108 токтомуна  өзгөртүү киргизүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, шаардык кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлерин угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 15.02.2017-жылдагы  № 108 токтомунун 1 пунктундагы “Ыңгайлуу шарт” деген сөздөн кийинки  “чарбалык эсептеги” деген сөз алынып салынсын.
  1. Мындан нары ушул токтом менен киргизилген өзгөртүү эске алынсын.
  1. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                                       К.Дербишев