• Печать

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезекcиз XXVII  сессиясы  

ТОКТОМ

2017-жылдын 29-июну       № 123                                       Токтогул шаары

Токтогул шаардык кеңешинин  XXVII чакырылышынын

кезектеги XXIV  сессиясынын 15.02.2017-жылдагы № 113 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

    Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик  Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралган.

Туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз XXVII сессиясы

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

  1. 2017-жылдын 15-февралындагы № 113 токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү  туруктуу комиссиянын корутундусунун жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
  2. Төмөндө көрсөтүлгөн акча каражаттары жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын:
  1. “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору боюнча  алкактык макулдашуунун негизинде берилүүчү:
  • 3434,0 миң сом;
  • 108,0 миң сом;
  • 600,0 миң сом;
  1.  “Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемесинен берилүүчү төмөндөгү акча каражаттары:
  • 1450,0 миң сом;
  •  500,0 миң сом;                                     Бардыгы: 6 092,0 миң сом. 
  1. Ушул токтомдун 2 пунктунда көрсөтүлгөн 6 092,0 миң сом акча каражаты төмөндөгү статьялар боюнча чыгымдалсын:
  • 3112 статьясы боюнча:
  1. Муниципалдык ишканага атайын техника жана таштанды салуучу контейнерлерди сатып алууга:

             - 3434,0 миң сом ;

- 1450,0 миң сом ;               

                         Жалпы: 4 884,0 миң сом

  1. Балдар чыгармачылык үйүнө эмерек, жабдуу алууга  - 108,0 миң сом;
  1. Балдар чыгармачылык үйүнө жабдуу алууга  - 305,0 миң сом;  
  • 3111 статьясы боюнча:
  1. Балдар чыгармачылык үйүнүн  бий залын оңдоп түзөөгө  - 295,0 миң сом;
  2. Токтогул шаарынын Токтогул жазуусун оңдоп-түзөөгө, жарыктандырууга - 500,0 миң сом;

Бардыгы: 6 092,0 мин сом

  1. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча планга тактоо киргизүү, сатып алуулар боюнча мэриянын жылдык планына өзгөртүү киргизүү  Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомду аткаруу менен байланышкан бардык иштер Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү, тиешелүү  башка мыйзамдардын, алкактык макулдашуулардын талаптарына ылайык келтирилсин, ушул жылдын 31-сентябрына чейин аткарууга алынсын.
  1. Бул токтомдун  аткарылышын камсыздоо жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

Төрага:                                             К.Дербишев