• Печать

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXVIII  сессиясы                                                                    ТОКТОМ

2017-жылдын 25-июлу       № 124                                                 Токтогул шаары

           Жергиликтүү бюджеттин  киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 6 (алты) ай ичинде аткарылышы, инвестицияларды, гранттарды тартуу боюнча иштердин жүрүшү, жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилиши жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндө” “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин шаар аймагында 6 ай ичинде аткарылган маалыматы боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2017-жылдын 6 (алты) ай ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү (атайын каражаттарды кошуп алганда) 20 359,0 миң сомго, жыл башында бекитилген план 107%  аткарылгандыгы белгиленсин.
  1. Шаар аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган иштердин аткарылышы боюнча Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин маалыматы эске алынсын.
  1.  Төмөндөгү маселелерди аткаруу зарылчылыгы белгиленсин:
  •  Данканай кичи районундагы жана башка суу жетпей калган шаар аймактарына ичүүчү суу жеткирүү үчүн тиешелүү иштер аткарылсын (04.11.2017-дылдагы № 103 токтом);
  • аймактын социалдык жана экономикалык жактан өнүгүүсүнө багытталуучу кошумча киреше булактарды табуу иштери улантылсын;
  • шаар аймагында массалык спортту өнүктүрүү, калкты дени сак жашоого үндөө үчүн  керектүү шарттарды түзүү боюнча сунуштар иштелип чыксын;
  • бардык иш-милдеттерди аткарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун принциптери сактоого алынсын.
  1. Жалпысынан бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына (Э.Джумабаев, Н.Молдоказиев, М.Ондошева, М.Исаков) тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                                        К.Дербишев

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXVIII  сессиясы                                                                    ТОКТОМ

2017-жылдын 25-июлу       № 125                                                        Токтогул шаары

Муниципалдык менчиктеги Бөкөнбаев мектебинин аймагындагы Токтогул райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын убактылуу колдонуусундагы имарат жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндө” “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышы боюнча шаар мэри М.Калмурзаевдин маалыматын жана депутаттардын сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаардык кеңешинин XXVII  чакырылышынын төмөндөгү токтомдору боюнча кабыл алынган чечимдер белгиленсин:

·        04.11.2016-жылдагы кезектеги XXII сессиясынын № 105 токтому  күчүн жоготту деп табылсын;

·        15.02.2017-жылдагы кезектеги XXIV сессиясынын № 109 токтому  күчүндө калтырылсын жана тез арада аткарууга алынсын.

  1. Жогорудагы имаратты бошотуп алуу үчүн  бардык юридикалык (укук белгилөөчү) документтер тактоого алынып, зарылчылыкка жараша тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп  берилсин.
  1. Бул токтомду аткаруу үчүн  2 (эки) ай  мөөнөт белгиленсин, кийинки кезектеги сессияга жыйынтыгы боюнча маалымат берилсин.
  1. Жалпысынан бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына (Н.Молдоказиев) тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.                                                                                                Төрага:                          К.Дербишев

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXVIII  сессиясы                                                                   ТОКТОМ

2017-жылдын 25-июлу       № 126                                                        Токтогул шаары

6 айдын жыйынтыгы менен Токтогул шаардык кеңешинин  XXVII чакырылышынын кезектеги XXIV  сессиясынын 15.02.2017-жылдагы № 113 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик  Кодексинин” талаптарына ылайык,  Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу, Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын кайрылуусу  боюнча  “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз XXVII сессиясы

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

  1. 2017-жылдын 6 (алты) айдын жыйынтыгы менен 2861,5 миң сом үнөмдөлгөндүгү жана республикалык бюджеттен түшкөн  3 000,0  миң сом акча каражаты боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан жактырылгандыгы  белгиленсин.
  1. 2861,5 миң сом  акча каражаты  төмөндөгү статьялар боюнча чыгымдалсын:

2211 статьясы боюнча:       

  • Спорт мектеби   сапар чыгымына -10,0 миң сом;

2214 статьясы боюнча:

  • Мэриянын кызматтык автоунаасын оңдоп-түзөөгө- 30,0 миң сом;

2215 статьясы боюнча:

  • 1-С бухгалтердик программасына – 60,0 миң сом;

Почта кызматына (каттарды жөнөтүү) -5,0 миң сом

2221 статьясы боюнча:

  • Кыргызстан, Бекташов көчөлөрүнүн чуңкурчаларын жамоого- 528,8 мин сом;
  • Борбордук аянттагы фонтанды оңдоого- 100,0 мин сом;
  • Эмеректердин учурдагы оңдоп-түзөөсүнө-10,0 миң сом;

2222 статьясы боюнча:

  • Кызматтык велосипедге тетиктерди сатып алууга- 1,5 миң сом;
  • Бөкөнбаев атындагы орто мектептин чарбалык чыгымдарына -92,4 миң сом;

2721 статьясы боюнча:

  • Борбордук мечиттин кире беришин жабууга -10,0 миң сом;
  • Керезов көчөсүнүн тургуну Турсункуловага материалдык жардам-10,0 миң сом;
  • катуу тиричилик таштандыларын чыгарып кетүү үчүн тарифти төлөөдө калктын айрым категориядагы үй-бүлөлөрүнө жеңилдик берүүгө -37,0 миң сом (6 айга);     

3111 статьясы боюнча:

  • Кичи футбол аянтчасын оңдоого  - 340,0 миң сом;
  • Спорт мектебинин эркин күрөш залынын жылытуу системасын курууга – 231,6 миң сом;
  •  Медеров- Сүйналиев көчөлөрүндө тротуар курууга (брусчатка менен куруу үчун кошумча каражат) – 421,5 мин сом;
  • Мадьяров көчөсүндөгү тротуарды куруудагы кошумча жумуштарга-265,0 миң сом;
  •  А.Суеркулов көчөсүндөгү тротуарды жарыктандырууга - 433,0 миң сом;
  1. статьясы боюнча:
  • “Суу канал” ишканасына эксковатор алууга ( кошумча каражат) – 100,0 миң сом;
  • Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин ашканасына жабдуу алууга – 54,0 миң сом;
  • Дьюардын идишине” 2 жылдык төлөм – 35,7 миң сом;
  • Токтогул шаардык мэриясына эмерек сатып алууга- 56,0 миң сом;
  • Бокс залына спорт инвентарь (груша) сатып алууга – 30,0 миң сом;

  Бардыгы: 2861,5 мин сом

  1. Республикалык бюджеттен 13321300 элементи боюнча  түшкөн  3 000,0 миң сом акча каражаты Токтогул шаарынын бюджетинин  киреше бөлүгүнө алынсын,  бул каражат төмөндөгү статьялар боюнча чыгымдалсын:

        3111 статясы боюнча:

  • “Байчечекей” балдар бакчасына  – 1 550,0 миң сом;

3112 статьясы боюнча:

  • “Байчечекей” балдар бакчасына  -450,0 миң сом;
  • “Арча-Бешик” балдар бакчасына– 320,0 миң сом;
  • “Достук” балдар бакчасына -320,0 миң сом;
  • “Наристе” балдар бакчасына – 250,0 миң сом;
  • “Күн Нуру” балдар бакчасына - 110,0 миң сом;
  1.  “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасы 2017-жылдын 1-июлунан баштап бухгалтердик эсебин өз алдынча жүргүзүп баштагандыгы эске алынып, катуу тиричилик калдыктарын чыгарууга кеткен чыгымынын 40 % абоненттик төлөмдөрдөн чогултурган каражаттын эсебинен, 60 %  жыл башында жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекитилип берилген субсидия каражатынын эсебинен жумшалсын.
  1. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча планга тактоо киргизүү  Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомдун  аткарылышын камсыздоо жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                             К.Дербишев

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXVIII  сессиясы                                                                       ТОКТОМ

2017-жылдын 25-июлу       № 127                                                        Токтогул шаары

Токтогул шаарында катуу тиричилик  калдыктарын чыгарып кетүү үчүн бекитилген тарифти  төлөөдө  айрым категориядагы үй-бүлөлөргө жеңилдиктерди берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндө” “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, шаар Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу “Калктын социалдык абалы, даректүү жардам жана жумушсуздук, экология” жана “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу  комиссияларынын биргелешкен жыйналышынында кароого алынган.

Туруктуу комиссиялардын кортундусун угуп жана талкуулап,   Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги XXVIII сессиясы

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

  1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиялардын корутундусунун жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
  1.  2017-жылдын 01-июлунан баштап төмөндөгү категориядагы үй-бүлөлөргө жана анын мүчөлөрүнө катуу тиричилик калдыктарын чыгарып кетүү үчүн ай сайын төлөнүүчү  тарифтик төлөмдөн 50% жеңилдик берилсин:
  • I топтогу майыптыгы бар үй бүлөлөргө;
  • туберкуллез менен ооругандардын үй бүлөлөрүнө;
  • ата-энесинен ажыраган,  мектеп жашындагы балдар (тоголок жетим) жашаган үй-бүлөлөргө;
  • ЧАЭС апаатын жоюуга катышкандардын үй-бүлөлөрүнө;
  • Афган согушунун, Баткен окуясынын катышуучуларынын үй бүлөлөрүнө;
  • Аз камсыз болгон, көп балалуу үй бүлөлөргө (тиркемеге ылайык);
  1. Жеңилдик алуучу үй бүлөлөр боюнча маалымат ар бир жылдын башында тактоого алынып, бюджеттик пландоого киргизилсин.
  1. Катуу тиричилик калдыктарын чыгарып кетүү боюнча жашоочулар менен келишим түзүүдө, “Ыңгайлуу шарт муниципалдык ишканасы жеңилдик берилген үй-бүлөлөрдү     эске алсын. 
  1. Ушул токтомдун 2 пунктунда көрсөтүлгөн үй бүлөдөгү жашоочулардын санына жараша  аныкталган акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын эсебине ар бир квартал сайын которулуп берилип турсун.
  1.  Бул токтомдун  аткарылышын камсыздоо жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                       К.Дербишев

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  25.07.2017-жылдагы кезектеги  XXVIII  сессиясынын № 127 токтомуна  Тиркеме  

 Токтогул шаарындагы калктын аярлуу катмарына  катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн акы төлөөгө 50% жеңилдик  берүү жана  жергиликтүү бюджеттин эсебинен берилүүчү каражат боюнча  эсептөөлөрү (6 айга).

1.I топтун майыптары                                 -105х4= 420 адам;

2.Туберкуллез менен ооругандар            -37 х 3= 111 адам;

3.ЧАЭС апаатын жоюга катышкандар   - 13 х 5= 65 адам;

4.Афган согушунун катышуучулары     -18 х      6 = 108 адам;

5.Баткен  окуясынын катышуучулары    -5 х 5 = 25 адам;

6.Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр              -68 х 7= 476 адам;

7.Тоголок жетим балдар                            -13х 3= 39 адам

Жалпы : 1244 адамга х 5 сом х 6 айга =  37230 сом  акча каражаты  керектелет (259 адам жеңилдик алуучу  үй-бүлөөсү  менен 1244 атуул).

Төрага:                                            К.Дербишев

                                          ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXVIII  сессиясы                                                                   Т О К Т О М            

2017-жылдын 25-июлу       № 128                                                 Токтогул шаары

 

“Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү айрым иштердин түрлөрү боюнча эсептөөлөргө макулдук берүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Токтогул шаардык мэриясынын алдында “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасы жаңыдан түзүлүп, өз ишмердүүлүгүнө тиешелүү бардык иштерди, жумушчуларга  акы төлөөнү Кыргыз Республикасынын Курулуш нормалары жана ченемдери менен бекитилген курулуш жана оңдоп-түзөө иштери боюнча бирдиктүү баалардын жыйнагына  ылайык жүргүзүп келе жатат.

            Бирок айрым иштердин түрлөрү боюнча баалар жогорудагы жыйнакта камтылбай калгандыгына байланыштуу, бул иштин түрлөрү атайын комиссиянын катышуусу менен жеринде ченем жүргүзүлүп (убакыт, шыпырылып,тазалануучу жердин аянты ж.б), керектелүүчү каражаттын өлчөмү эсептелинип, комиссия мүчөлөрү акт түзүп келишкен.

            Жогорудагы муниципалдык ишканынын сунуштаган актылары жана башка эсептөөлөрү боюнча “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу  комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXVIII  сессиясы   

            Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу жактырылсын.
  1. “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү:

-  Автовышканын иштөөсү /саат үчүн;

-  Сугатчынын, ширетүүчүнүн  иштөөсү /саат үчүн;

- Жеңил, орто, өтө булганыч аянттарды шыпырып тазалоо үчүн   сунушталган  эсептөөлөргө макулдук берилсин ( тиркемелерге ылайык).

      3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

  1. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                    К.Дербишев

        «Макулдашылды»                                                                 «Бекитемин»

Токтогул шаардык кенешинин                                        Токтогул шаарынын мэри

төрагасы  К.Дербишев                                                    М.Калмурзаев

___________________                                                   ______________

«___» ___________2017 г.                                            «___» ___________2017 г.

                                                        Калькуляция

  1. Женил булганыч жерди шыпырып тазалоо:

Аталышы

Ченем бирдиги

саны

Баасы  (сом)

Ченем убактысы (минута)

Баардыгы сом менен

бирдиги

баары

1

Борбордук аянт, жөө адамдар жүрүүчү жолдор,  А.Суеркулов, Кыргызыстан, Черноткач жана Бөкөнбаев көчөлөрү, эс алуу багы, стадион

100 м2

1,0

5,33

5

5

5,33

 

Коштомо чыгашалар (накладные расходы)

 

 

34,08%

 

 

1,82

      Шыпыргы  1 даана   150 сом*3% =4 сом 50т

      Кол кап  1 даана  15 сом *5 %= 0,75 т

      Таштанды  чыгарууга шалча 1 метр  450 сом*2%=9 сом

      Күрөк 1 даана    150 сом*2%=3 сом

      Жалпы:  24 сом 40 т.

  1. Орто булганыч жерди шыпырып тазалоо:

Аталышы

Ченем бирдиги

саны

Баасы  (сом)

Ченем убактысы (минута)

Баардыгы сом менен

бирдиги

баары

1

Борбордук аянт, жөө адамдар жүрүүчү жолдор,  А.Суеркулов, Кыргызыстан, Черноткач жана Боконбаев көчөлөрү, эс алуу багы, стадион

100 м2

1,0

8

8

8

8

 

Коштомо чыгаша (накладные расходы)

 

 

34,08%

 

 

2,73

Шыпыргы  1 даана   150 сом*3% =4 сом 50т

      Кол кап  1 даана  15 сом *5 %= 0,75 т

      Таштанды  чыгарууга шалча 1 метр  450 сом*2%=9 сом

      Күрөк 1 даана    150 сом*2%=3 сом

      Жалпы:  27 сом 98 т.

  1. Өтө  булганыч жерди шыпырып тазалоо:

Аталышы

Ченем бирдиги

саны

Баасы  (сом)

Ченем убактысы (минута)

Баардыгы сом менен

бирдиги

баары

1

Борбордук аянт, жөө адамдар жүрүүчү жолдор,  А.Суеркулов, Кыргызыстан, Черноткач жана Боконбаев көчөлөрү, эс алуу багы, стадион

100 м2

1,0

12,8

12

12

12,8

 

Коштомо чыгаша (накладные расходы)

 

 

34,08%

 

 

4,37

      Шыпыргы  1 даана   150 сом*3% =4 сом 50т

      Кол кап  1 даана  15 сом *5 %= 0,75 т

      Таштанды  чыгарууга шалча 1 метр  450 сом*2%=9 сом

      Күрөк 1 даана    150 сом*2%=3 сом

      Жалпы:  34 сом 42 т.

Түзгөн:                                  А.Маранбаев

    

     «Макулдашылды»                                                         «Бекитемин»

Токтогул шаардык кенешинин                                 Токтогул шаарынын мэри

төрагасы  К.Дербишев                                                    М.Калмурзаев

___________________                                                        ______________

«___» ___________2017 г.                                            «___» ___________2017 г.

                                                           Калькуляция

Аталышы

Бирдиги

Суммасы

1

Эмгек акы сугатчыга

Сом

71сом 39т (бир саатка)

 

Коштомо чыгаша (накладные расходы)

Сом

23сом 32т

 

Жалпы:

 

94 сом 71т

2

Ширетүүчүгө бензопила иштеткенге жана ондоочуга  0,5 ставка менен бир саатка  төлөө учун эмгек акы 

 

 

Сом

 

 

35сом 70т

Түзгөн:                                      А.Маранбаев

   

«Макулдашылды»                                                      «Бекитемин»

Токтогул шаардык кенешинин                           Токтогул шаарынын мэри

төрагасы  К.Дербишев                                                    М.Калмурзаев

___________________                                                        ______________

«___» ___________2017 г.                                            «___» ___________2017 г.

                                                              Калькуляция

Зил автовышка автомашинасы 1 саат иштөө учурундагы жумшалган чыгым

№ п/п

аталышы

бирдиги

Сумма (сом/саат)

1

Эмгек акы

сом

356

2

Бензин А 80

сом

469

3

Автол МГ-10

сом

20

4

Отработка

сом

25

5

Амортизациалык чегерүүлөр

сом

80

6

Запастык бөлүк

сом

60

7

Коштомо чыгаша (наклодные расходы)

сом

121

 

 

Баардыгы:

сом

1131

 

 

 

 

 

 

           

 

 

 

 

   
           

Түзгөн:

 

А.Маранбаев

     

                                    ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXVIII  сессиясы                                                       ТОКТОМ

2017-жылдын 25-июлу       № 129                                                        Токтогул шаары

“Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамынын ээси, маркум А.Керимбаевдин музейин ачуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндө” “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президенти  А.Ш.Атамбаевдин “2017-жылды - Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгына  ылайык, Токтогул райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Т.Исраиловдун 15.05.2017-жылдагы кайрылуусу “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чындоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралган

Жогорудагы туруктуу комиссиянын жыйналышынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги XXVIII сессиясы

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

  1. “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамынын ээси, белгилүү обончу жана аткаруучу, маркум Асанкалый Керимбаевдин музейин ачуу боюнча  Токтогул райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Т.Исраиловдун 15.05.2017-жылдагы кайрылуусу эске алынсын.
  2. Туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Токтогул райондук маданият бөлүмүнүн фойесинде Асанкалый Керимбаевдин музейин ачууга макулдук берилсин.
  3. Музей буюмдарынын сакталышын камсыз кылуу,  жаңы экспонаттар менен толуктап туруу жана музей көрүүчүлөргө жагымдуу шарттарды түзүү  сунушталсын.
  4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                                  К.Дербишев