• Печать

Токтогул шаардык кеңеши

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XXIX  сессиясы   

ТОКТОМ

2017-жылдын 15-сентябры       № 130                                          Токтогул шаары

Токтогул шаарынын Башкы планын  бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер  Кодексине жана Шаар куруу жана архитектура жөнүндөгү мыйзамына ылайык,  27.08.2015-жылдагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаев жана Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институтунун директору Т.С.Кеңешов менен түзүлгөн № 7-2/2015 келишимдин негизинде Токтогул шаарынын Башкы планынын долбоору иштелип чыккан.

Шаардын Башкы планы боюнча  “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XXIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарынын Башкы планы жалпысынын жактырылып  бекитилсин.
  1.  Башкы план мэриянын кызматтык имаратындагы жалпыга жеткиликтүү жерде схема түрүндө жайгаштырылсын.
  1. Шаар аймагында ар кандай имараттарды жана курулуштарды долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону жүзөгө ашыруучу  бардык юридикалык жактардын (менчигинин түрүнө карабастан) жана жеке адамдардын шаардын башкы планында көрсөтүлгөн чектерин сактоосу катуу көзөмөлгө алынсын.
  1. Бекитилген пландын негизинде шаар аймагындагы кварталдарды деталдык пландаштырууну пландоо  боюнча ыкчам иштер жүргүзүлсүн. Калктын пикирлерин эске алуу максатында алар боюнча коомдук угуулар өткөрүлсүн, жыйынтыгы кийинки сессияга сунушталсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Бул токтомду жалпысынан аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына (Н.Молдоказиев) тапшырылсын.
  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

Төрага:                                   К.Дербишев

                                        ТОКТОГУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XXIX  сессиясы   

ТОКТОМ

2017-жылдын 15-сентябры       № 131                                         Токтогул шаары

Токтогул шаарынын  “Ардактуу атуулу”  наамын ыйгаруу боюнча

Токтогул шаардык кеңешинин 19.06.2015-жылдагы кезексиз X сессиясынын № 48 токтому менен бекитилген  Токтогул шаарынын тургундарына“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу боюнча жобонун талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин  сунушун карап,  “Өз алдынча башкаруу, депутаттын  компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам, жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун    угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XXIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
  1. Токтогул шаарынын төмөндөгү тургундарына Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
  1. Абышов Сулайман – шаар тургуну, ардактуу эс алууда;
  2. Абдырасулова Күмүшкан – шаар тургуну, ардактуу эс алууда;
  3. Жанышбаев Бердимат Абдыраимович- шаар тургуну, ДЭП-23 мекемесинин жетекчиси;
  4. Текебаев Кеңеш – шаар тургуну, Аксакалдар сотунун төрагасы, ардактуу эс алууда;
  5. Курамаева Кадичакан Жеенбаевна- шаар тургуну, ардактуу эс алууда;
  6. Жапаров Болотбек Ыдынович – шаар тургуну, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик экотехинспекциясында экологиялык коопсуздук боюнча бөлүм башчысы
  7. Чойбеков Алтымыш - жеке ишкер, “Айтлан” соода борборунун директору
  8. Исаков Муктарбек – шаар тургуну, Токтогул районунун соттук-медициналык эксперти
  1. Төш белгилерди жана күбөлүктөрдү даярдоо, аларды тапшыруу аземин  Токтогул шаарынын 5 жылдык күнүнө карата уюштуруу Токтогул шаарынын мэриясына тапшырылсын.
  2. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Бул токтомду жалпысынан аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чындоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясына (М.Исаков) тапшырылсын.
  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

Төрага:                                                   К.Дербишев                                

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XXIX  сессиясы   

ТОКТОМ

2017-жылдын 15-сентябры       № 132                                                 Токтогул шаары

Токтогул шаарында ичүүчү сууну жана саркынды суу кетүүчү түтүктөрдү пайдалангандык үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө

Токтогул шаарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу багытында  Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу Канал” ишканасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы  (ЕБРР) 2017-жылдын 11-майында келишим түзүшкөн. Аталган келишимдин талаптарына ылайык, “Таза Суу” долбоорунун алкаганда  ичүүчү таза сууну, саркынды сууларды кетирүүчү түтүктөрдү (канализация) пайдалангандык үчүн тарифтерди жогорулатуу зарылчылыгы келип чыгууда. 

Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 14 пунктун жетекчиликке алуу менен,  Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевдин сунушу боюнча “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышынын корутундусун угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XXIX  сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Шаар аймаганда ичүүчү таза сууну жана саркынды суу кетүүчү түтүктөрдү пайдалангандыгы үчүн  тарифтер   тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
  1. Бул токтом  2018-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.
  1. Бекитилген жаңы тарифтер боюнча жашоочулар арасында, мекеме, ишканалардын жетечилерине, коммерциялык уюмдардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду аткаруу “Суу канал” ишканасынын жалпы эмгек жамаатына, жетекчисине (Ч.Анарбаев),  Токтогул шаарын мэрине (М.Калмурзаев) милдеттендирилсин.
  1. “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясы (Э.Джумабаев) бул токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлгө алсын.
  1. Ушул токтом колдонууга киргизилген күндөн  баштап Токтогул шаардык кеңешинин кезектеги XII сессиясында кабыл алынган  28.10.2015-жылдагы № 59  токтому күчүн  жоготту деп табылсын.
  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана  www.toktogul.kg  веб-сайтына   жайгаштырылсын (С.Наралиева).

Төрага:                                                   К.Дербишев                                

 

                                                   Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын                                                          15.09.2017-жылдагы кезексиз  XXIX  сессиясынын                                                     № 132 токтомуна Тиркеме

Токтогул шаарында 2018-жылдын 1- январынан баштап ичүүчү сууну жана саркынды сууларды кетирүүнү (канализация) пайдалангандык үчүн тарифтер

Ачыктама

Өлчөө бирдиги

Баасы (сом)

1

Токтогул шаарынын жашоочуларына

1 м3

10,08

2

Бюджеттик мекемелерге

1 м3

14,72

3

Коммерциялык ишканаларга

1 м3

14,72

4

Саркынды сууну кетирүүгө

1 м3

13,12

Төрага:                                   К.Дербишев