• Печать

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз XXXI  сессиясы

ТОКТОМ  

2017-жылдын  25-декабры  № 136                                                                                                                                                         Токтогул  шаары

           Токтогул шаардык кеңешинин 25.07.2017-жылдагы № 126 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик  Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу,  Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XXXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 25.07.2017-жылдагы №126 токтомго өзгөртүү киргизүү боюнча бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
  1. Анын негизинде 25.07.2017-жылдагы № 126 токтомунун  2 пункту менен каралган акча каражаттарынан төмөндөгүлөр кыскартылсын:
  • 2221 статья  - Кыргызстан, Бекташов көчөлөрүнүн чуңкурчаларын жамоого каралган 458,8 миң сом;
  • 3111 статья - кичи футбол аянтчасын оңдоого  каралган каражатынан – 233,2 мин сом;

Жалпы: 692,0 миң сом

  1. Бул акча каражаты төмөндөгү статьялар боюнча чыгымдалсын:

2231 статьясы боюнча:

- балдар бакчаларына -89,6 мин сом;

- мектептерге – 241,5 мин сом;

- БЧУга- 14,3 мин сом;

     Жалпы 345,4 миң сом;

  1. статьясы боюнча:
  • Көчө жарыктандырууга колдонулган электроэнергия үчүн -65,2 миң сом;

Мэриянын аппаратына:

2215 статьясы боюнча

  • Жаңы жылдык иш чараларды уюштурууга- 48,2 миң сом;

2222 статьясы боюнча – вымпел даярдоого 5,0 миң сом;

3111 статьясы боюнча:

  • Медеров, Суйналиев көчөлөрүнө тротуар куруу иштерине кошумча -198,2 миң сом
  1. статьясы боюнча:
  • Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Калбаев Азиске (материалдык жардам) -30,0 миң сом; 

Жалпы: 692,0 сом

  1.  Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү  Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомду  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Джумабаев) тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                          К.Дербишев

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXI  сессиясы

                                                 ТОКТОМ 

2017-жылдын 25-декабры   №137                             Токтогул шаары

Токтогул шаарында түрткү берүүчү гранттын эсебинен аткарылуучу долбоорго жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик  Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарында Д.Турдумамбетов атындагы орто мектебине ашкана куруу боюнча долбоорду  түрткү берүүчү гранттын  эсебинен ишке ашыруу аракеттери  боюнча шаар мэри М.Калмурзаевдин сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.

Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу боюнча бюджет боюнча туруктуу комиссиянын   чечими жалпысынан жактырылсын.

2.    Д.Турдумамбетов атындагы орто мектебине ашкана куруу боюнча долбоордун жалпы сметалык баасы 2 162,026 миң сомду түзгөндүгү белгиленсин.

3.     Долбоордун баасынын 25 %, тактап айтканда 540,507 миң сомду өздүк салым катары  бөлүп берүүгө макулдук берилгендиги эске алынсын, 2018-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүүдө жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүү жагы каралсын.

  1. Токтомду  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана  ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Джумабаев) тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                   К.Дербишев

 

 

           

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

​ ​​