ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-апрели № 155 Токтогул шаары
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын
19.01.2018-жылдагы кезектеги XXXII сессиясынын № 142 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Н.Көчөрканованын сунушу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, шаардык кеңештин 19.01.2018-жылдагы № 142 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу жалпысынан жактырылсын.
- Корутундуга ылайык аталган токтомдун 6 пунктунда көрсөтүлгөн 6 344,9 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
- “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасына шаар аймагынан таштанды калдыктарын ташып чыгаруу үчүн жашоочулардан алынуучу төлөмгө компенсация үчүн
Статья 2511 - 1447,9 миң сом;
- Мэрия тарабынан берилген муниципалдык тапшырыктарга төлөө үчүн
Статья 2215 - 3712,0 миң сом;
- Шаардын ички көчөлөрүнө шагыл төгүү жана тегиздөө үчүн
Статья 2221– 600,0 миң сом;
- Көчөлөрдү жарыктандырууга сарпталган электроэнергияга төлөө үчүн
Статья 2231 – 585,0 миң сом;
Жалпы: 6 344,9 миң сом.
- Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Н.Көчөркановага жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Джумабаев) тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төраганын орун басары: А.Өзүбеков