• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 

I уюштуруу  сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

“31” май  2018-жыл  № 01

 

Токтогул шаардык кеңешинин  Регламентин

 бекитүү боюнча

Токтогул шаардык кеңешинин Регламенти боюнча депутаттардын сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  I  уюштуруу сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаардык кеңешинин Регламенти сунуш, пикирлерди эске алуу менен кабыл алынсын (тиркелет).
  1. Регламентке ылайык иш жүргүзүү Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарына милдеттендирилсин. 
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына  жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага милдеттендирилсин.
  1. Бул токтом www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирет.
  1. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышын  02.05.2014-жылдагы I уюштуруу сессиясынын № 01 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Төрага:                                  М.Н.Жусупахунов      

                                                                Токтогул шаардык кеңешинин
                                                                    I-уюштуруу сессиясынын

№  01 токтому менен бекитилди

                                                                                  31- май  2018-жыл

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ

I БӨЛҮК.    ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-Бап.   Шаардык кеңеш жана анын иш аракеттеринин негиздери.

2-Бап.   Шаардык кеңештин компетенциясы.

                                            II БӨЛҮК. 

 ШААРДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАЛАРЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ

3-Бап.         Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары

4-Бап.         Шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери.

5-Бап.         Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары.

6-Бап.         Депутаттык фракция.

III  БӨЛҮК.

  ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЖАЛПЫ ИШ ТАРТИБИ

7-Бап.         Шаардык кеңештин биринчи сессиясы.

8-Бап.          Шаардык кеңештин ишин пландоо.

9-Бап.         Сессиядагы маселелерди даярдоонун жана кароонун тартиби.

10-Бап.       Шаардык кеңештин сессиясын өткөрүүнүн тартиби.

11-Бап.       Добуш берүү жана чечимдерди кабыл алуунун тартиби.

12-Бап.       Шаардык кеңештин отурумдарынын токтомдору жана стенограммасы.

13-Бап.       Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары.

                                            IV БӨЛҮК.

  КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРДЫН КАГЫЛЫШУУСУ ЖАНА ДЕПУТАТТЫК ЭТИКА

14-Бап.       Кызыкчылыктардын кагылышуусу.

15-Бап.       Шаардык кеңештин имаратында тартипти жана депутаттык этиканы сактоо.

16-Бап.       Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар.

V  БӨЛҮК.

 ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК, МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР ЖАНА ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕ

17-Бап.       Эл аралык кызматташтык, жергиликтүү кеңештер аралык кызматташтык. 

18-Бап.       Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиптери жана ыкмалары.

19-Бап.       Шаардык кеңештин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коомдук  уюмдары   менен өз ара аракети жана кызматташтыгы.

    VI  БӨЛҮК.

 ШААРДЫК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ.

20-Бап.  Шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүүнүн тартиби.

  1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-бап.   Шаардык кеңеш жана анын иш аракеттеринин негиздери.

  1. Токтогул шаардык кеңешинин Регламенти (мындан ары - Регламент)  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамдарынын жана башка  мыйзамдардын негизинде Токтогул шаардык кеңешинин иш аракетин, иш кагаздарын жүргүзүүнү мыйзам чегинде уюштуруу максатында иштелип чыкты жана мындан ары шаардык кеңештин жана анын аппаратынын ишмердүүлүк тартиби ушул Регламент менен аныкталат.
  2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык шаардык кеңеш  жергиликтүү өз алдынча  башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп эсептелет. Шаардык кеңеш шаардын аймагында жашаган жашоочуларынын тике, тең  укуктуу катышуусунун жана жашыруун добуш берүүсүнүн негизинде 4 жылга шайланган 21 депутаттан турат.
  3. Шаардык кеңеш өзүнчө юридикалык  жак статусуна ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде өз компетенциясына  тиешелүү  маселелерди өз алдынча чечет, кабыл алган чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат, ошол чечимдердин иш жүзүнө ашырылышын көзөмөлдөйт.
  4. Шаардык кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегиндеги чечимдери шаардын аймагындагы бардык ишканалар, мекемелер, уюмдарга жана алардын бирикмелери, менчигинин формасына карабастан   жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери,   шаарда жашаган атуулдар, атуулдугу жок адамдар тарабынан аткарылууга  милдетүү.
  5. Шаардык кеңештин негизги уюштуруучулук-укуктук формадагы иши сессия болуп эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү ушул регламент менен аныкталат.
  6. Шаардык кеңештин ишмердүүлүгү мыйзамдуулук, ачык айкындык, өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында аткаруу, шайлоочулардын алдында жоопкерчиликтүүлүк, коллегиалдуулук, саясий көп түрдүүлүк, объективдүүлүк, депутаттардын өз ыйгарым укуктарынын чегинде чечимдерди эркин кабыл алуу жана талкуулоо принциптерине  негизделет. Маселелерди талкуулоодо чакырылган тараптар катыша алат. Шаардык кеңештин сессиялары ачык өткөрүлөт.
  7. Шаардык кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» Мыйзамында жана башка нормативдик укуктук актыларында жана ушул Регламент менен бекитилген тартиптин негизинде  өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин тоскоолдуксуз ишке ашырууга укуктуу.

2-Бап.   Шаардык кеңештин компетенциясы

 2.1.  Шаардык кеңештин компетенциясы  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештин  депутаттарынын статусу жөнүндөгү”мыйзамында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде төмөндөгүдөй аныкталат жана чечилет:  

1)   жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;

2)  жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө  бир жылда эки жолу  мэрдин отчетун угуу, бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана

     бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы, сырттан инвестициянын тартылышы, сатып алуулардын жүрүшү  жөнүндө ар бир кварталда маалымат угуп туруу;

3) жергиликтүү кеңешке отчеттуу органдын кызмат адамынын отчетун же маалыматын угуу жөнүндө сунуш киргизүү;

4) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;

5)  жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;

6) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;

7) фракциядан чыккан учурду кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

8)   жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;

9)  тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

10) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;

11) кеңештин регламентин кабыл алуу;

12) аткарылган жумуштардын сапатына көнүл бөлүү менен өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу,

13) Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;

14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;

15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;

16) ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;

17) жарандардын укуктарынын бузулушу же башка мыйзам бузуулардын бети ачылганда, укук бузууну токтотууну талап кылуу;

18) жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.

2.2. Шаарлардын кеңештеринин сессияларында төмөндөгүдөй маселелер кошумча чечилет:

1) шаардын мэрин шайлоо;

2) Мыйзамда белгиленген тартипте шаардын мэрине ишенбестик билдирүү;

3) мыйзамдарда бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкалардын чегинде шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларды белгилөө;

4) мэриянын аппаратын кошпогондо, шаардын вице-мэрлерин, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү;

5) шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерине ишенбестик көрсөтүү жөнүндө депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиси менен чечимдерди кабыл алуу, бул аларды ээлеген кызмат орундарынан четтетүүгө алып келет.

II. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАЛАРЫ  ЖАНА ОРГАНДАРЫ

3-Бап.  Шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басары, аларды шайлоо тартиби,  

иш милдеттери жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуу шарттары

  1. Шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүнүн, добуш берүүнүн тартиби жана шайлоонун дагы башка жол-жоболук маселелери  Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык иштелип чыккан кеңештин ушул регламенти менен  аныкталат.
  2. Шаардык кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында көпчүлүк  фракциялардын депутаттарынын ичинен же көпчүлүк фракциялардын коалициясы аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Төраганы шайлоо боюнча жабык добуш берүү тартиби ушул регламентте 11-бапта аныкталган негиздерде жүргүзүлөт.

3.3   Шаардык кеңештин төрагасынын иш милдеттери:

- шаардык кеңештин сессияларын чакырат жана алардын кеңешмелерин алып барат;

- шаардык кеңештин сессиясында кароого маселелерди даярдоону жалпы жетектөөнү жүргүзөт;

- шаардык кеңештин токтомдоруна жана шаардык кеңештин буйруктарына кол коёт жана шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдорунун жана буйруктарынын аткарылышына көзөмөлдүк кылат;

- шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын иш-аракеттерин координациялоо ишин жүргүзөт, мында ачык айкындуулукту, коомдук пикирди эске алууну камсыз кылууну уюштурат;

- шаардык кеңештин аппаратынын иш-аракеттерин мыйзам талаптарына ылайык жалпы жетектейт, зарылчылыкка байланыштуу аппарат кызматкерлерине тишелүү   буйруктарга кол коет;

- Кыргыз Республикасында жана андан сырткаркы чектерде шаардык кеңеш менен бийликтин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер жана уюмдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен өз ара аракеттерди камсыз кылат;

- шаардык кеңештин бекитилген бюджетине жана чыгымдар сметасына ылайык шаардык кеңешке бөлүнгөн каражаттарды максатуу пайдаланышын камсыздайт;

- шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин сессиясынын алдында отчеттуу.  Жыл сайын шаардык кеңештин сессиясында өзүнүн ишмердүүлүгү, шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишин уюштуруусу тууралуу отчет берет;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.

  3.4. Шаардык кеңештин төрагасы ыйгарым укуктарын төмөнкү учурларда токтотот:

-депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшырган учурда;

-өз арызынын негизинде кеңештин төрагалык кызматын аткаруудан баш тартканда;

-кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин же жергиликтүү кеңештин фракциясынын демилгеси боюнча, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен;

-депутаттык мандатынан ажыратылган учурда (“Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” № 101  2011-жылдын 15-июлунда кабыл алынган  мыйзамынын 24- беренеси);

 

3.5.   Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары:

         Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары сессияда депутаттардын ичинен көпчүлүк жана азчылык коалициядан бирден, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү менен шайланышат.

3.6.   Орун басар кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт,    кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу орун басар кызмат ордунан  бошотулушу мүмкүн.

3.7. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары жүктөлгөн иш милдеттерди  коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.

4-Бап.   Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

4.1. Шаардык кеңештин  туруктуу  комиссияларынын түзүлүшү, ыйгарым укуктары жана жыйналыштарын өткөрүү тартиби  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 32,33,34-беренелери менен аныкталат. 

4.2. Комиссиялардын тизмеси, алардын сандык курамын жана шайлоо тартибин жергиликтүү кеңеш аныктайт. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде кеңеш, зарылчылык учурда, жаңы туруктуу комиссияларды түзүүгө, мурда түзүлгөндөрүн жоюуга же өзгөртүп түзүүгө, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө акылуу.

4.3. Иштин жагдайына, зарылчылыгына жараша шаардык кенеш убактылуу комиссияларды түзө алат.

   Убактылуу комиссия   түзүү  жөнүндө токтом төмөнкүлөрдү     камтыйт:
-  комиссиянын аталышын;
-  комиссияны түзүүнүн  максатын;
- жеке       курамын;
-  анын   иштөө   мөөнөтүн;
-  тапшырылган маселелерди кароонун  натыйжалары жөнүндө   баяндама  берүүнүн  мөөнөтүн;
- комиссиянын иштөө мөөнөтү ал түзүлгөн күндөн тартып 10 күндөн  ашышы мүмкүн эмес.

 - комиссиянын  иштөө  мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынат. 

5-Бап. Шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери

5.1. Шаардык кеңештин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын, Эмгек  Кодексинин талаптарына ылайык өз иш милдеттерин улантышат.

 

Жооптуу катчы:

  1.   Жооптуу катчы өзүнүң функционалдык милдеттерине ылайык төмөндөгүлөргө милдеттүү:
  • депутаттарды өз ыйгарым укуктарын аткарууда керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.
  • шаардык кеңештин иш  планынын аткарылышы боюнча иш алып барат.
  • шаардын туруктуу жана убактылуу комиссиясынын ишинде өз ара кызматташат.
  • шаардык кеңешке келип түшкөн документтердин катталышын жана аткарылышын көзөмөлдөйт.
  • шаардык кеңештин сессияларынын материалдарын даярдайт жана аларды шаардык кеңештин депутаттарына жеткирүүнү көзөмөлдөйт.
  • сессиянын ишине депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын, өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилерин жана башка тараптарды чакырууну уюштурат.
  • шаардык кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомдорду каттоого алат, мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн облустук юстиция менен иш алып барат;
  • квартал сайын кабыл алынган токтомдорду инвентаризациялайт, алардын аткарылышы боюнча маалымат берет;
  • шаардык кеңештин ишмердүүлүгүнө байланышкан сунуштарды, буйруктарды даярдайт;
  • протоколдук тапшырмалардын, токтомдордун өз убагында аткарылышына жетишүү үчүн үчүн төрага жана туруктуу комиссиялар менен иш алып барат; 
  • шаардык кеңештин аппарат кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөйт, алардын ишине кварталдык баалоо жүргүзөт жана башка функционалдык милдеттерине ылайык иш жүргүзөт;

Башкы адис жана жетектөөчү адис:

  1. Шаардык кенештин төрагасы тарабынан бекитилген функционалдык милдеттерине ылайык иш алып барышат жана жумуштун зарылчылыгына байланыштуу төраганын жана жооптуу катчы тарабынан берилген кошумча милдеттерди аткарышат.

6-Бап.  Депутаттык фракциялар жана коалициялар

  1. Депутаттык фракция – бир партиядан шайланган депутаттардын тобу.
  2. Жаңыдан шайланып келген депутаттар депутаттык фракциянын атын, курамын, жетекчинин аты-жөнүн көрсөтүү менен фракция түзүлгөндүгү тууралуу чечимин шаардык кеңештин аппаратына берет.
  3. Фракциянын иш тартибин жана фракциядан депутаттын чыгып кетүү шарттарын фракция өзү аныктайт.
  4. Депутаттык фракциялар тең укуктарга ээ.
  5. Фракцияны ал шайлаган лидер жетектейт жана анын ыйгарым укуктары:
  1. шаардык кеңеште жана анын чегинен тышкары фракциянын атынан  чыгат; 
  2. фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт; 
  3. фракциянын чечимдерине кол коёт; 
  4. ички фракциялык тартипти контролдоону жүзөгө ашырат; 
  5. фракциянын чечими боюнча шаардык кеңештин түзүмдөрүнө                        (коммиссияга) талапкерлерди сунуш кылат;
  6. фракциянын чечимдеринин аткарылышын контролдойт; 
  7. фракциянын чечими боюнча жыйналышта талкууланып жаткан маселе боюнча анын саясий көз карашын жарыялайт;
  8. фракциянын чечими боюнча жыйналышта фракциянын коалицияга киргени жөнүндө жарыялайт; 
  9. шаардык кеңештин жетекчилиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү администрациялар менен фракциянын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат; 
  10. эсептөө комиссиясынын курамына өкүлдөрдү сунуш кылат;
  11. шаардык кеңештин, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарына, ошондой эле шаардык кеңештин иш-чараларына фракциянын мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылат; 
  12. фракция өзүнүн ишмердүүлүгүн негиздеген жобо кабыл алат. Жобонун мазмуну ушул Регламентке карама-каршы келбөөгө тийиш.
    1. Фракциялардын коалициясы - депутаттардын фракцияларынын ыктыярдуу биригүүсүн билдирген макулдашуунун же болбосо жобонун негизинде түзүлгөн депутаттардын көпчүлүгү.
    2. Коалицияны фракциялардын лидерлери тарабынан биргелешип шайлаган төрагасы жетектейт.
    3. Коалицияга кирген фракциялардын ортосунда макулдашуу түзүлөт, макулдашуу түзүлгөн жери, күнү, айы, жазылат жана макулдашууга коалицияга кирүүгө макул болгон фракциялардын лидерлери кол коюушат, мөөр менен күбөлөндүрүшөт. Бир нускасы шаардык кеңеште сакталат.  

Коалициянын макулдашуусу төмөндөгүлөрдү камтыйт:

-фракциялардын позицияларынын макулдашылгандыгын;

-коалициянын ишмердүүлүгүнүн принциптерин;

-коалициянын чечимдерин кабыл алуунун тартибин;

-коалициянын ишин токтотуу шарттары;  

Коалиция төмөндөгү учурларда ишин токтотот:

-фракция же болбосо фракциялар коалициядан чыгуусун жарыялаганынын  негизинде;

-эгерде коалициянын жетекчилиги коалицияны таратуу жөнүндө чечим кабыл алса;

  1. Фракциялардын көпчүлүк коалициялсына кирбеген фракция жана  фракциялар азчылык деп эсептелинет. Азчылыктын фракциясы же фракциялары өздөрүн оппозиция катары  жарыялагандан кийин статуска ээ болот.
  2. Оппозицияга кирген фракциялардын мыйзамда көрсөтүлгөндөн башка кепилдиктери:

1) төраганын орун басарынын кызмат ордуна; 
2) мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына тең жеткиликтүүлүккө;
3) эсептөө комиссиясынын курамына талапкерин сунуштоо; 

  1. Фракция, фракциялар же алардын коалициясы шаардык кеңештин жыйналышында оппозиция статусунан баш тартканы тууралуу же көпчүлүктүн коалициясынын курамына киргени жөнүндө расмий жарыялаган учурдан тартып, оппозиция статусун жоготот.

III. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЖАЛПЫ ИШ ТАРТИБИ.

7-Бап. Шаардык кеңештин биринчи сессиясы

  1. Шаардык кеңештин уюштуруучулук-укуктук ишмердүүлүгүнүн формасы сессия болуп эсептелет. Шаардык кеңештин сессиясын өткөрүү, күн тартибиндеги маселелерди кароо тартибин шаардык кеңештин ушул Регламенти аныктайт.
  2. Жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи уюштуруу сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү жергиликтүү кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.
  3. Шаардык кеңештин биринчи сессиянын күн тартибине кеңештин Регламентин бекитүү маселеси, кеңештин төрагасын жана орун басарын шайлоо, структуранын түзүлүшү, туруктуу комиссиялардын түзүлүшү  жана шаардык кеңештин иштерине байланыштуу башка маанилүү маселелер коюлат. 

 

8-Бап. Шаардык кеңештин ишин пландоо

 

8.1.Иш план кварталдык жана жылдык планга бөлнөт.  Шаардык еңештин иш планынын доолбооруна даярдыкты шаардык еңештин аппараты ишке ашырат.

  1. Шаардык кеңештин иш планынына маселелерди киргизүүгө шаардык кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, депутаттык фракциялар, шаардын мэри укуктуу.
  2. Шаардык кеңештин бекитилген иш планына жаңы маселелерди киргизүү же алып салуу, өзгөртүүлөр шаардык кеңештин токтомдору менен жол жоболоштурулат.

9-Бап. Сессиянын күн тартибине маселелерди сунуштоо жана аларды кароо тартиби

  1. Бул Регламент менен белгиленген тартипте шаардык кеңештин кароосуна мэрия тарабынан киргизиле турган иш кагаздар пакети төмөнкүлөрдү камтуусу керек:
  2. сессиянын күн тартибине сунушталуучу маселенин тизмеги, сессияда сүйлөй турган баяндамачылардын аты-жөнүн көрсөтүү менен  шаар мэринин  кол койгон коштоочу каты;
  3. маселе материалдык / финансылык ресурстардын түшүүсүнө же чыгымдалышына байланышкан  болгон учурда, анда иштеп чыккандар тарабынан тийиштүү эсеп-кысабын көрсөтүү менен экономикалык негиздеме;
  4. Шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибине сунушталуучу маселелердин пакети 2 (эки) жума  мурда, кезексиз сессияга сунушталуучу документтер 1 (бир) жума мурда кеңештин кароосуна берилет.
  5. Жергиликтүү бюджеттин жана социалдык-экономикалык программанын аткарылышы боюнча шаар мэринин 6 (алты) айлык, 1 (бир) жылдык отчетторуна, жыл башында бюджетти бекитүүгө  тиешелүү материалдар ар бир депутаттын кароосу үчүн өзүнчө,  атайын делолорго тиркелип берилет.
    1. Шаардык кеңештин депутаттары сессиянын кароосуна киргизилген маселелер  боюнча жогоруда белгиленген мөөнөттө алдын ала кабардар болууга тийиш.
  6. Сунушталган маселелердин бардыгы тиешелүүлүгүнө жараша алдын ала туруктуу комиссиялардын кароосуна берилүүсү зарыл. Каралуучу маселелер  шаардык кеңештин аппараты тарабынан шаардык кеңештин төрагасынын визасы менен  тиешелүү туруктуу комиссияларына жөнөтүлөт. Бир нече туруктуу комиссиянын кароосуна тиешелүү маселелр
    1. Сессиянын күн тартибине маселелерди шаардык кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялар, депутаттардын тобу, шаардын мэри киргизе алат.

10-Бап. Шаардык кеңештин сессияларын өткөрүү тартиби

  1. Шаардык кеңештин сессиясы  квартал сайын бир жолудан кем эмес иш планга ылайык/жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча шаардык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат.
  2. Шаардык кеңештин кезектеги сессиясын чакыруу жөнүндөгү маалымат депутаттарга жана калкка сессия башталарына 4 (төрт) күн калганда ал эми кезексиз сессияга 2 (эки) күн калганда жеткирилет. Чакыруу барагында сессияны өткөрүү мөөнөтү (күнү, жылы, сааты), орду жана күн тартибине киргизилген маселелердин аталыштары көрсөтүлүп,  күн тартибиндеги маселелерге тиешелүү тиркемелери менен жөнөтүлөт.
  3. Жергиликтүү кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын  жарымынан көбү катышса укук ченемдүү болот. Жергиликтүү кеңеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
  4. Шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери шаардык кеңештин сессиясынын уюштуруу-техникалык камсыздоосун ишке ашырат жана:
  • депутатттарды долбоорлор, кезектеги сессиянын күн тартибиндеги маселелер боюнча документтер, башка керектүү маалыматтар менен камсыз кылат;
  • шаардык кеңештин депутаттарынын көрсөтмөлөрү менен, сессиянын кароосуна киргизилген маселелерди талкуулоодо катышуусу зарыл тараптарды сессияга чакырат;
  • депутаттарды каттоодон өткөрөт;
  • сессиянын протокол, стенограммаларын даярдашат;
  • шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган документтерди тартипке келтирип, аларды чыгарууну ишке ашырат.
    1. Шаардык кеңештин сессиялары айрым бир маселелерди кароодо жабык өткөрүлүшү мүмкүн.
    2. Шаардык кеңештин депутаттарынын сессияга катышуучуларынын саны каттоонун жыйынтыгы боюнча гана аныкталат. Депутаттарды каттоо ар бир сессиянын алдында башталып, каттоонун башталыш жана аяктоо убактысын көрсөтүү менен жүргүзүлөт. Каттоо барагы кеңештин аппаратында сакталат.
    3. Бир квартал ичинде белгисиз себептер менен сессияга, кеңешмелерге, жыйналыштарга келбеген депутаттар шаардык кеңештин чечими менен фракциялардын лидерлерине билдирилет жана жергиликтүү массалык-маалымат каражаттарына жарыяланат.
    4. Системалуу түрдө белгисиз себептер менен шаардык кеңештин сессияларына катышпаган жана шаардык кеңештин тапшырмаларын, чечимдерин аткарбаган депутаттар көпчүлүк добуш менен тиешелүү кеңештин депутатын кайра чакырып алуу маселесин козгоого укугу бар. Шаардык кеңештин сессиясына катышпаган депутаттын белгилүү бир себептери – ооруп калуу, иш сапары  жана уруксат алуу эсептелет.
    5. Шаардык кеңештин сессиясын төрага алып барат. Ал жок болгон учурда анын орун басары же шаардык кеңештин протоколдук чечими менен кайсы бир депутат алып барат.
    6. Шаардык кеңештин төрагасы, орун басары, шаардын мэри алдын-ала жазылуусуз эле кезексиз сөз алып сүйлөөгө укугу бар.
    7. Сессияны алып баруучу төрага күн тартибине ылайык маселелер боюнча чыгып сүйлөгөндөрдүн докладдарынын маанисине, мазмунуна, сүйлөө убактысына жана зарыл болгон учурда булар тууралуу чыгып сүйлөгөндөргө эскертип, көз салып турат.
    8. Сессияга төрагалык кылуучу катышкан депутаттардын санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен сессиянын күн тартибине киргизилген маселени талкуулоонун, суроолорго жана жоопторго берилген убакыттын жалпы узактыгын белгилешип, чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын узартуусу мүмкүн.
    9. Негизинен баяндамалардын, кошумча баяндамалардын, корутунду сөздөрдүн жана башка чыгып сүйлөөлөрдүн узактыгы төмөндөгүчө белгиленсин;
  1. баяндама үчүн - 10 мүнөткө чейин;
  2. кошумча баяндама үчүн - 5 мүнөткө чейин;
  3. жарыш сөздө сүйлөө үчүн - 5 мүнөткө чейин;
  4. ар кыл маселелерде чыгып сүйлөөлөр үчүн - 3 мүнөткө чейин;
    билдирүүлөр үчүн, суроолор жана аларга жооптор үчүн, сунуштар, кабарлоолор, маалымдамалар үчүн - 2 мүнөткө чейин.
  5. корутунду сөз үчүн - 5 мүнөткө чейин.
  6. шаардык Кеңештин чечими боюнча чыгып сүйлөө үчүн фракцияларга 10 мүнөткө чейин;.
    1. Белгиленген убакыт аяктагандан кийин төрагалык кылуучу бул тууралуу чыгып сүйлөөчүгө  эскертет, андан кийин анын сөзүн токтотууга укуктуу, өтө зарыл болгон учурда, баяндамачы оюн жыйынтыктап берүүсү үчун, төрага 2 мүнөткө чейин гана убакытты узартып бере алат.
    2. Шаардык кеңештин сессиясында төраганын укуктары:
  • эгерде чыгып сүйлөгөндөр Регламентти бузса, күн тартибинен тышкары сүйлөсө, жүрүш-туруш этикасынын эрежелерин сактабаса, аларды ошол сессиянын аягына чейин сөз сүйлөө укугунан ажыратат;
  • маалымдамалар боюнча депутаттарга кайрылат;
  • пландалбаган дебаттарды токтотот;
  • ушул Регламентке ылайык шаардык кеңешке депутатка эскертүү берүүнү сунуштайт, депутатты тартипке чакырат.
  • сессия өтүп жаткан кеңешме залында чукул жагдайлар болуп кетсе, ошондой эле коомдук тартип кескин бузулуп баратса, сессияны токтотот.
    1. Сессия убагында сессиянын катышуучуларынын бири да төраганын макулдугу жок сүйлөбөйт. Төраганын уруксаты жок сүйлөгөндөр протоколго киргизилбейт.
    2. Шаардык кеңештин төрагасынын сессия учурундагы милдеттери:
  • Регламентти жана сессиянын күн тартибин сактайт;
  • сессияда депутаттардын укуктарынын сакталышына көз салат;
  • сессиянын кеңешме залындагы тартипти сактайт;
  • чыгып сүйлөгөндөрдүн регламентти сактоолоруна көз салып, өз убагында белгиленген убакыттын бүткөндүгүн эскертип турат;
  • түшкөн сунуштарды белгилеп, аларды добушка коюп, добуш берүүнүн  жыйынтыгын кабарлап турат;
  • сүйлөө кезегин тартипке салат;
  • депутаттар тарабынан кезексиз берилген сунуштарды ирети менен сессиянын ишине, угулушуна кам көрүп, өзүнүн да жеке альтернативдик сунуштарын коет;
  • сессиянын катышуучуларына урмат менен мамиле жасап, чыгып сүйлөгөндөргө сын-пикир, эскертүүлөрдү бергенден оолак болуп, комментарийлер болсо, чыгып сүйлөөлөр бүткөндөн кийин айтат;
  • комиссия өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү жана түшүндүрмөлөрү эреже жана процедура боюнча болушуна көңүл бурат;
  • аттары жазылган бланкалардын толтурулушуна, добуш берүүлөргө көз салып, тартипке келтирет.

11-Бап. Добуш берүү тартиби жана чечимдерди кабыл алуу

  1. Учурдагы Регламентте добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо үчүн төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:
  • шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны;
  • сессия учурундагы  катталган шаардык кеңештин депутаттарынын саны.
    1. Шаар мэрин жана шаардык кеңештин төрагасын  шайлоодон башка учурларда, шаардык кеңеш сессияларда ачык же жабык добуш берүү жолдорун кабыл алгандыгы боюнча чечим кылат.
    2. Шаардык кеңештин учурдагы Регламенттеги добуш берүү жөнүндөгү бекитилген чечимин өзгөртүүгө шаардык кеңештин жалпы депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык маселелер шаардык кеңештин  протоколуна киргизилет.
    3. Добуш берүүдө бир маселе боюнча шаардык кеңештин депутаты бир добушка ээ, «ооба» же «каршы» деген чечимди кабыл алуу керек же кабыл алууда «калыс” болуу керек. Добуш берүү жарыя кылынгандан кийин аны эч ким үзгүлтүккө учуратууга укугу жок.
    4. Добуштарды санагандан кийин төрага чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт. Добуштун тиешелүү саны  болбой калган учурда төрага добуш берүүнү шаардык кеңештин кеңешмесине которот.
    5. Жабык добуш берүү Кыргыз Республикасынын Мыйзамы бекиткен тартипте өткөрүлөт. Жашыруун добуш берүү бюллетендерди колдонуу менен өтөт.
    6. Шаардык кеңеш жабык добуш берүүнү жана анын жыйынтыктарын аныктоо үчүн кеңештин депутаттарынын ичинен эсептөө комиссиясынын курамын аныктайт.     Эсептөө комиссиясы өз курамынан төрага жана катчыны шайлайт.
    7. Жашыруун добуштун бюллетендери эсептөө комиссиясынын көзөмөлү астында шаардык кеңештин бекиткен чечими менен кеңештин депутаттарынын санына ылайык даярдалат.
    8. Бюллетенде добуш берүү үчүн чечимдин долбоору боюнча «ооба», «каршы», «бардыгына каршы» деген варианттар каралат. Добуш берүүнүн орду жана убактысы, өткөрүү тартиби учурдагы Регламентке ылайык эсептөө комиссиясы тарабынан аныкталып, анын төрагасы тарабынан жарыяланат.
    9. Жашыруун добуш берүү үчүн шаардык кеңештин ар бир депутатына бирден бюллетень берилет жана депутат тизмедеги өзүнүн аты-жөнүнүн каршысындагы орунга кол коет.
    10. Жашыруун добуш берүү бюллетени атайын эсептөө комиссиясы бекиткен урнага салынат. Эсептөө комиссиясы депутаттарга жашыруун добуш берүүгө шарт түзүүгө милдеттүү.
    11. Депутаттардын добушун эсептөөдө туура эмес формадагы же депутаттын добушун аныктоо мүмкүн эмес болгон бюллетендер жараксыз деп табылат. Бюллетендердеги добуштарды саноо учурундагы толуктоолор эсепке алынбайт.
    12. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу эсептөө комиссиясы протокол түзөт жана ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.
    13. Эсептөө комиссиясынын төрагасынын докладынын негизинде сессияда төрагалык кылган адам чечим кабыл алынгандыгын же алынбагандыгын жарыялап билдирет. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы шаардык кеңештин токтомуна жазылат.
    14. Өткөрүлгөн добуш берүүдө кемчиликтер кетирилгени байкалса, ал боюнча сунуштар, оңдоолор добуш берүүгө коюлат жана шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен добуш берүү кайрадан өткөрүлөт.
    15. Добуш берүү боюнча каралган маселелер, чечимдер, негизинен, депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат, учурдагы Регламентте башкача тартип каралган эмес.

12-Бап. Шаардык кеңештин сессияларынын/кеңешмелеринин протокол жана стенограммалары

  1. Шаардык кеңештин сессияларында/кеңешмелеринде протоколдор жазылат жана аны шаардык кеңештин аппараты жүргүзөт. Шаардык кеңештин сессияларынын/ кеңешмелеринин протоколдорунда төмөнкүлөр чагылдырылат: сессияны/кеңешмени өткөрүү орду, өткөрүү убагы, күнү; сессияга/кеңешмеге катышкан депутаттардын саны; сессиянын күн тартибиндеги маселелер; документтердин аттарын жана редакциясын; сесиянын төрагасынын жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн аты-жөнү; добуш берүүгө киргизилген маселелер жана сунуштар, аларды чечүү жолдору; добуш берүүнүн жыйынтыгы жана чечим кабыл алуу.

Протоколго сессияны  алып барган төрага жана жооптуу катчы кол коет.

  1. Шаардык кеңештин сессия/кеңешмелеринде дагы стенограмма үчүн жазуу жүргүзүлөт. Стенограмманы жазууну шаардык кеңештин аппараты ишке ашырат.
  2. Кеңешменин стенограммасы чечимди кабыл алуу жана талкуулоолорду толугу менен чагылдырышы керек ошондой эле  кеңешменин өткөн орду, убагы, күнү, күн тартиби, төраганын аты-жөнү көрсөтүлүшү керек.   
  3. Эгерде стенограмма жазылбаган учурда, тиешелүү сессиянын/кеңешменин кеңейтилген протоколун жазууга жол берилет, мында сессиянын жүрушү толугу менен чагылдырылып жазылат.

13-Бап. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары, протоколдук тапшырмалар жана аларды аткаруу

  1. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө кабыл алынат.
  2. Күн тартибине киргизилген маселелерди кароонун жыйынтыктары  айрым учурда протоколдук тапшырма катары жыйынтыкталат, ал боюнча өзүнчө добуш берилет.
  3. Шаардык кеңештин токтому шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санын көпчүлүк добушу менен сессияда кабыл алынат, анда аткаруучу, контролдоочу тараптар, аткаруу  мөөнөттөрү белгиленет.
  4. Шаардык кеңештин токтомуна шаардык кеңештин төрагасы кол коет. Төрага жок болгон учурларда шаардык кеңештин кайрылууларына, арыздарына, токтомдоруна төраганын орун басары кол коет.
  5. Жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирүү мөөнөтүн аныктоо менен мамлекеттик каттоого киргизилет.
  6. Токтом, протоколдук тапшырмалар кеңештин аппараты/ жооптуу катчысы тарабынан инвентаризацияланып, аткарылышы  боюнча кезектеги сессияларда маалымат берилип турат.
  7. Шаардык кеңеш токтомдордун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты уккандан кийин төмөндөгүлөргө укуктуу:

- аткарылган катары токтомду контролдон алып салууга;

- аткарылган катары токтомдун кээ бир пункттарын контролдон алып салууга;

- контролдук ыйгарым укуктарды узартууга;

- контролдук ыйгарым укуктарды башка жакка же органга жүктөөгө;

- өз убагында аткарууга алынбаган токтомдор боюнча жооптуу тарапка эскертүү берүүгө;

- токтомду жокко чыгарууга;

- токтомду өзгөртүүгө же аны толуктоого;

- кошумча токтом кабыл алууга.

IV. КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРДЫН КАГЫЛЫШУУСУ ЖАНА ДЕПУТАТТЫК ЭТИКА

14-берене. Кызыкчылыктардын кагылышуусу

  1. Шаардык кеңештин ар бир депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган учурда жеке жана коомдук кызыкчылыктардын  кагылышуусунан (мындан ары – кызыкчылыктардын   кагылышуусу) оолак болууга   милдеттүү.
  2. Шаардык кеңештин, туруктуу жана убактылуу комиссиянын жыйналыштарында кандай гана маселени караганга чейин же аны карап жаткан учурда депутат ошол маселеге жеке же жакын туугандарынын кызыкчылыгы бар болсо, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө жыйналышка төрагалык кылуучунун эсине салууга милдеттүү жана ал маселени андан аркы талкуулоодон   жана  добуш   берүүдөн  өз  эрки менен четтөөгө тийиш.
  3. Мындай жоболор депутат тарабынан бузулган учурда туруктуу комиссия тиешелүү корутундуну шаардык кеңештин  кароосуна  сунуш   кылууга   милдеттүү.

15-Бап. Шаардык  кеңештин депутаттарынын тартипти жана этиканын

ченемдерин сактоосу

  1. Шаардык кеңештин депутаттарынын этика ченемдерин сактоосу “Депутаттын этика Кодексине ылайык аныкталат.

  16-Бап. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар

  1. Эгерде депутат жыйналыштарда өзүнүн жүрүм-туруму менен шаардык кеңештин жыйналышын өткөрүүгө жолтоо  кылса, башка депутаттар же жыйналыштын катышуучулары менен  кайым  айтышса, талкууланган темадан башкага өтүп кетсе, ушул Регламенттин жоболорун бузса ага карата  төрага тарабынан төмөнкүдөй    чаралар колдонулушу    мүмкүн:
  1. эскертүү;
  2. Сессиянын/жыйналыштын   аягына   чейинки    мөөнөткө сөз    бербөө.
    1. Ушул  бөлүктүн  жоболорун  биринчи  жолу  бузганда, төрагалык  кылуучу  эскертүү берет жана ушул Регламент менен белгиленген тартипти сактоо талабы  менен  кайрылат. Кайрадан жана андан кийин да тартип  бузуулар  болсо, жыйналыштын аягына чейинки мөөнөткө сөз берилбейт.
    2. Эгерде  депутат башка  адамдарга карата кемсинткен сөздөрдү айткан жана кесөө көрсөткөн, күч колдонгон учурда ал залдан чыгарылат, мындай аракеттери боюнча  материалдар  тиешелүү органдарга   берилет.
    3. Депутатка жана шаардык кеңештин жыйналыштарына катышкандарга карата колдонулуучу   чаралар    жыйналыштын     протоколунда    белгиленет.
    4. Жылына эки жолу аппараттын тиешелүү кызматкерлери шаардык кеңештин депутаттарынын сессияларга, жыйналыштарга катышуусу, кириштелген документтердин каралышы, шайлоочулар менен иштөөсү боюнча талдоо  жүргүзөт. Жыйынтыгы тиешелүү туруктуу комиссияга билдирилет,  андан кийин  шаардык кеңештин жыйналыштарында депутаттар тарабынан каралып, төмөндөгүдөй чечим кабыл алынат:
  • депутаттын тиешелүүлүгүнө жараша фракция/партия лидерине билдирүү;
  • массалык маалымат каржаттары аркылуу шайлоочуларга маалымдоо; 

V БӨЛҮК.

ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК, МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР ЖАНА ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕ

17-Бап.

  1. Шаардык кеңеш шаардын өкүлчүлүктүү бийлик органдары жана көз карандысыз мамлекеттер жана чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрө  алат.
  2. Шаардык кеңеш шаардын өкүлчүлүктүү бийлик органы катары башка региондордун жергиликтүү кеңештери менен кызматташуу жөнүндө келишим түзө алат жана жеринде депуттаттык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу иштерин жүргүзүүгө укуктуу.

18-Бап. Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиптери жана ыкмалары

18.1. Шаардык кеңеш, анын аппараты, сессиялардын ортосундагы мезгилде шайлоочулар менен ишти төмөнкүдөй уюштурат:

  1. шайлоочуларды кабыл алуу;
  2. сунуштарды, арыздарды, сунуштамаларды кароо;
  3. чогулуштарды, конференцияларды, жолугушууларды, тегерек үстөлдөрдү, семинарларды, кеңешмелерди, жыйналыштарды, ачык эшиктер күндөрүн жана башка иш-чараларды өткөрүү;
  4. шайлоочулардын арыздары боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына депутаттык суроо-талаптарды жиберүү.
    1.    Фракциялардын, шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жергиликтүү мекеме, ишканалар жолугушууларды өткөрүү  үчүн атайын жайларды бөлүп берет.

  19-Бап. Шаардык кеңештин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коомдук  уюмдары   менен өз ара аракети жана кызматташтыгы

  1. Шаардык кеңеш, анын органдары өз ара кызматташтыкты ушул Регламентке ылайык төмөнкүлөр менен жүзөгө ашырат:
  1. мамлекеттик органдар менен;
  2. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары анын ичинде шаардык, мекеме ишканаларда түзүлгөн коомдук байкоочу кеңештери менен;
  3. улуттук, этностук, диний, коомдук жана башка өкмөттүк эмес уюмдар менен;
  4. эл аралык уюмдар жана фонддор менен;
  5. саясий партиялар менен.

VI. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ

20-Бап. Шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби

  1. Шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен же туруктуу комиссиялар тарабынан киргизилген сунуштар сессиянын күн тартибине коюлат жана биринчи кезекте каралат, ал боюнча токтом кабыл алынат..
  2. Шаардык кеңештин Регламентинде кемчиликтер менен кабыл алынган чечимдер шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган учурдан тартып жараксыз деп табылат, ал боюнча тиешелүү токтом кабыл алынат.

Токтогул шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы:                                       С.Наралиева

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 

I уюштуруу сессиясы

       ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

“31” май  2018-жыл  № 02

Токтогул шаардык кеңешинин төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 37-беренесине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын төрагасы А.Б.Өзүбековдун  билдирүүсүн, төраганын орун басарлыгына талапкерлерди сунуштоо  боюнча депутаттардын  пикирлерин угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  I  уюштуруу сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 2018-жыл 31-майындагы № 1 протоколу бекитилсин.
  1. Бекитилген протоколдун негизинде Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы кызматына  Жусупахунов Мирбек Нышанович шайлангандыгы белгиленсин.
  1. Төраганын орун басарлары кызматына:
  • депутат Өзүбеков Аманбек  Бүркүткалиевич (көпчүлүк коалициядан);
  • депутат Раманкулов Тынчтыкбек Аскарович (азчылык коалициядан) шайлангандыгы белгиленсин.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага милдеттендирилсин.
  1. Бул токтом www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирет.

Төрага:                                   М.Н.Жусупахунов     

 

 

 

 

Токтогул шаардык кеңешинин

31.05.2018-жылдагы  I уюштуруу сессиясынын № 02  токтому менен бекитилди

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2011-жылдын 15- июлдагы № 101 мыйзамынын 37-беренесине ылайык Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы кызматына шайлоодо жабык добуш берүү үчүн түзүлгөн эсептөө комиссиясынын 

 ПРОТОКОЛУ

Токтогул шаары                                                                            31.05.2018-жыл

Эсептөө комиссиясынын төрагасы:                  А.Б.Өзүбеков  

Катчысы:                                                                 Жамгырбек Кызы Кундуз

Мүчөлөрү:                                                              А.Р. Касымов

                                           

     Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2011-жылдын 15- июлдагы № 101 мыйзамынын 37-беренесине ылайык Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы кызматына шайлоо  үчүн фракциялардын “Биримдик” коалициясы тарабынан  сунуш кылынган

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Жусупахунов Мирбек Нышановичтин талапкерлиги жашыруун добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенине киргизилди.

Шайлоо өткөрүлүп, урнаны ачканда төмөндөгүдөй жыйынтыктар аныкталды.

1.      19 добуш  -  “ макул”,   каршы - 2

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен эсептөө комиссиясы токтом кылат:

  1. Көпчүлүк депутаттардын добушуна ээ болгон    “Өнүгүү –Прогресс” фракциясынын депутаты Жусупахунов Мирбек Нышанович   Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы кызматына шайлансын.
  1. Бул токтомду бекитип берүү жагы Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын I уюштуруу сессиясынан суралсын.

Эсептөө комиссиясынын төрагасы:      ______________    А.Б.Өзүбеков

Эсептөө комиссиясынын катчысы:       ______________  Жамгырбек кызы Кундуз

Мүчөсү:                                                       ______________  А.Р. Касымов

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 

I уюштуруу сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

“31” май  2018-жыл  № 03

Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын   аныктоо,  алардын төрагаларын, орун басарларын шайлоо

жана бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 33-беренесине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жөнүндө депутатттык фракциялардын сунуштарын угуп жана талкуулап, XXVIII чакырылышынын  I  уюштуруу сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаардык кеңешинин кароосуна таандык маселелерди алдын ала кароо, даярдоо, кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууга катышуу максатында 4 (төрт) туруктуу комиссия төмөндөгү депутаттардын курамында  түзүлүп, бекитилсин:
  1.  “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясы:

Төрагасы:                 Касымов Алмаз Рахматтиллаевич       

Орун басары:          Дөөлөтбеков Максатбек Кошукеевич

Мүчөлөрү:               Дербишев Кубанычбек

                                    Болгонбеков Болот Турдуевич

                                    Ашыралиев Эмил Рысбекович

  1. “Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалы, даректүү жардам, коомдук уюмдар,  жумушсуздук, санитардык абал боюнча” туруктуу комиссиясы:

Төрайымы:               Бекматова Зина Абылгазиевна

Орун басары:          Жамгырбек кызы Кундуз

Мүчөлөрү:               Чалбаева нурия Сарматовна

                                   Бактияров Элмурод Эркинбекович

                                   Чоюбекова Анархан Сарыпбековна

  1. “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция, этикасы, спорт, жаштар саясаты,  арыздар, каттар, экология, мамлекеттик стандарт, мыйзамдуулукту чындоо, боюнча” туруктуу комиссиясы:  
  2. Төрагасы:                 Исаков Максат Муктарбекович

Орун басары:          Умарова Курманжан Эрнистовна

Мүчөлөрү:               Джаныбаева Айнура Омушевна

                                               Калмурзаев Марат Сагынбекович

                                                                        

  1. “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясы:

Төрагасы:                 Осмонов Талант Маматазизович

Орун басары:          Мейманжанов Султангазы Мамбетказиевич

Мүчөлөрү:               Бадыров Мелис Болотбекович

                                               Момунов Тимурлан Алымович

                                                       

  1. Шаардык кеңештин компетенциясына тиешелүү маселелерди чечүүдө мыйзам талаптарына ылайык  иш  алып баруу жогоруда аталган туруктуу комиссиялардын депутаттарына милдеттендирилсин.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына  жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага милдеттендирилсин.
  1. Бул токтом www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

Төрага:                                             М.Н.Жусупахунов