Warning: session_start(): Cannot send session cookie - headers already sent by (output started at /var/www/vhosts/toktogul.kg/httpdocs/index.php:6) in /var/www/vhosts/toktogul.kg/httpdocs/libraries/joomla/session/session.php on line 665

Warning: session_start(): Cannot send session cache limiter - headers already sent (output started at /var/www/vhosts/toktogul.kg/httpdocs/index.php:6) in /var/www/vhosts/toktogul.kg/httpdocs/libraries/joomla/session/session.php on line 665
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын 05.07.2018-жылдагы № 04-05 токтомдору 09.07.2018-жылы расмий түрдө жарыяланды.
  • Печать

        

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги III сессиясы

ТОКТОМ  

2018-жылдын 05-июлу  № 04                                             Токтогул  шаары

           Токтогул шаарынын мэрин шайлоо  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 43-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө жобого” ылайык, Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы З.Абдыкадыровдун Токтогул шаарынын мэри кызмат ордуна шайлоо өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча (05.07.2018-жылдагы № 01 Протокол) маалыматын угуп,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  “Энергетиктер” саясий партиясынын депутаты Болгонбеков Болот Турдуевич Токтогул шаарынын мэри кызматына шайлангандыгы белгиленсин.
  1. Шайланган шаардын мэри өзүнүн кызмат ордуна Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жогоруда аталган шайлоонун натыйжасы бекитилип жана расмий жарыялангандан кийин  кирише тургандыгы эске алынсын.

 

  1. Мыйзам талаптарына ылайык, жергиликтүү кеңештин бош калган мандатынын ордун ээлөөнү шайлоодогу “Энергетиктер” саясий партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкерге ыйгаруу жагы Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага:                                             М.Н.Жусупахунов

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги III сессиясы

ТОКТОМ  

2018-жылдын 05-июлу  № 05                             Токтогул  шаары

           Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын

19.01.2018-жылдагы  кезектеги XXXII сессиясынын  № 142 токтомунун 5-тиркемесине  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

               Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик  Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Н.Көчөрканованын 03.07.2018-жылдагы № 314 сунушу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, шаардык кеңештин 19.01.2018-жылдагы № 142 токтомунун 5-тикемесине өзгөртүү киргизүү боюнча бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу жалпысынан жактырылсын.
  1. Корутундуга ылайык:
  •  5-тиркеменин 51, 34-пункттарынан төмөндөгүлөр кыскартылсын:

Статья 2213 – 1000,0 миң сом   ;

Статья 3111 – 1000,0 миң сом;

                   Жалпы:  2000,0 мин сом;

  • Бул акча каражаты А.Бердалиев атындагы № 39 кесиптик-лицейдин  бөлмөлөрүн убактылуу пайдалануу үчүн оңдоп-түзөө иштерине  2221 статьясы боюнча жумшалсын.
  1. Тендер өткөрүүнүн жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн акча каражатынан  65,0 миң сом акча каражаты 2221 статьясы боюнча кошумча чыгымдалсын (5-тиркеме, 53-пункт).
  1. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү  Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомдун  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Н.Көчөркановага  жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Касымов) тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                 М.Н.Жусупахунов