• Печать

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз IV сессиясы

ТОКТОМ  

2018-жылдын  20-июлу  № 06                    Токтогул  шаары

           Токтогул шаарында калкты ичүүчү таза суу менен

камсыз кылуу боюнча

Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-октябрындагы № 187 мыйзамы менен ратификацияланган, 2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы  “Токтогул шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууга жана бул долбоордун алкагында Европа бирлигинен берилүүчү инвестициялык грантка карата Гранттык макулдашуу жөнүндө  Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 19.07.2018-жылдагы № 01-34/410 сунушу бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралган.

Туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарында калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу жөнүндө туруктуу комиссиянын корутундусу жактырылгандыгы белгиленсин.
  1. “Токтогул шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо” долбоорунун алкагында Токтогул өндүрүтүк-эксплуатациялык “Суу канал” ишканасына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан  3,2 млн (үч миллион эки жүз миң) евро өлчөмүндө берилүүчү грант  колдоого алынсын.
  1. Бул  долбоорду ишке ашыруу максатында:
  • 1,21 млн. (бир миллион эки жүз он миң) АКШ доллар өлчөмүндө бюджеттик кредит алууга;
  • бюджеттик кредитти алууга  Токтогул шаарынын мэриясынын кепил болуусуна;
  • Токтогул шаарынын мэриясынын атынан кепилдик боюнча келишимге кол коюуга шаардын мэри Б.Т.Болгонбековго ыйгарым укук берүүгө;
  • бюджеттик кредиттин каражаттарынын эсебинен сатылып алынган мүлктү күрөөгө коюуга Токтогул шаардык кеңешинин макулдугу берилсин.
  1. Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевге  Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Суб-кредиттик   жана мүлктү күрөөгө коюу боюнча келишимдерге кол коюуга макулдук берилсин.
  2. 5.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап Токтогул шаардык кеңешинин 15.02.2017-жылдагы № 118 токтомунун 2,3 пункттары күчүн жоготту деп табылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

               Төрага:             М.Н.Жусупахунов                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                          

                            ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз IV сессиясы

ТОКТОМ  

2018-жылдын  20-июлу  № 07               Токтогул  шаары

           Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына, Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүү  киргизүү жөнүндө сунуштарын угуп жана талкуулап, депутаттардын өз ара макулдашуусун эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаардык кеңешинин 2 (эки) туруктуу комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
  • Калмурзаев Марат Сагынбекович  - “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына;
  • Осмонов Талантбек Маматазизович -“Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, спорт, жаштар саясаты,  арыздар, каттар, экология, мамлекеттик стандарт, мыйзамдуулукту чындоо, боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына кошулсун.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                             М.Н.Жусупахунов