• Печать

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  VII сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2018-жылдын  29-октябры  № 18                                              Токтогул  шаары

2018-жылдын 9 (тогуз) ай ичинде бюджеттин киреше жана чыгашаларынын аткарылышы,  Токтогул шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшү боюнча шаар мэри Б.Т.Болгонбековдун отчету  жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Депутаттын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык,  Токтогул шаарынын социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча 2018-жылдын 9 (тогуз) ай ичинде аткарылган иштер, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча шаар мэри Б.Т.Болгонбековдун отчетун, туруктуу комиссиялардын корутундуларын угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги VII сессиясы

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2018-жылдын 9 ай ичинде бюджеттин киреше бөлүгүн (атайын каражаттарды кошпогондо) 24 633,5 миң сомго аткаруу пландалса, иш жүзүндө 24 284,1 миң сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 23 268,3 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
  1. Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча  Токтогул  шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун аткарган иштери жалпысынан канааттандыраарлык деп табылсын.
  1. Төмөндө аталган иштерди 1 (бир) айлык мөөнөттүн ичинде  аткарууга алсын:
  • базардын айланасын ирээтке келтирүү, унаа жүрүүчү жолдордун жээгинде, мыйзамсыз жерлерде соода кылууга тыюу салуу (Токтом № 125 );
  • жеке ишкерлер Г.Сонунбаева, Т.Ташболотов менен аларга тиешелүү жерди сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • Токтогул райондук элге билим берүү бөлүмүнүн имаратынын артында  муниципалдык менчиктеги жерге салынып жаткан имараттын курулуш иштерин, Кенжетаев көчөсүндөгү кызыл линияга жакын курулуп жаткан турак жайдын курулуш иштерин токтотуу үчүн тиешелүү мамлекеттик жана укук коргоо органдары менен бирге кечиктирилгис иш-аркеттерди көрүү менен жыйынтыккка жетишүү;
  • А.Сүйөркулов көчөсүндөгү (32 үйдүн тушундагы) контейнерлерди тез арада алдыруу, муниципалдык менчиктеги жерди бошотуп алуу;  
  • “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн тез арада карап, тиешелүү чара көрүү;  
  1. Бул токтомду  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго  жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү  өзүмө калтырамын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

                Төрага:           М.Н.Жусупахунов                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                             

                           ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  VII сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2018-жылдын  29-октябрь  № 19                                          Токтогул  шаары

2018-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына ылайык,  Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 26.10.2018-жылдагы чыгыш № 01-34/592 сунушу боюнча бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, 2018-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү  боюнча бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу  жактырылсын.
  1. Корутундуга ылайык 359, 6  миң сом үнөмдөлгөндүгү белгиленсин.
  1. Бюджеттин чыгаша бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
  1. Өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү  Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомду  аткаруу  Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго  милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Касымов) тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                  М.Н.Жусупахунов                          

                                                                     

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  29.10.2018-жылдагы кезектеги  VII  сессиясынын №  19 токтомуна     Тиркеме

 

 

2018-жылдын 9 (тогуз) айында тендер өткөрүүнүн  жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн 359, 6  миң сомду чыгымдоо, бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү

 боюнча ачыктама

Статьясы

 Каражатты чыгымдоо багыттары

Сумма (миң сом)

1

2214

Токтогул шаардык кеңешинин кызматтык автоунаасын оңдоо үчүн

12,0

2

2215

Афган согушунун ардагерлеринин үйлөрүнө, көчөнүн аттары жазылган тактайчаларды жасатууга

72,6

3

Топосъемкага (  Ботбаев, Токтогул, Сүйөркулов (№ 32 үйдөн Каралаев көчөсүнө чейин) көчөлөрүнө тротуар курууга)

50,0

4

Проекттерди чийдирүүгө (2019-жылга пландалган курулуш иштерине)

100,0

5

Наристе балдар бакчасынын ашканасынын проектин даярдоого

50,0

6

3112

“Достук” балдар бакчасына кир жуугуч машина сатып алууга

65,0

7

Мэрияга кызматтык велосипед сатып алууга

10,0

 

 

Жалпы:

359,6

Төрага:                                             М.Н.Жусупахунов

 

                       ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  VII сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2018-жылдын  29-октябрь  № 20                                        Токтогул  шаары

 

Муниципалдык менчиктеги жерлерди инвентаризациялоо,  убактылуу пайдалануу үчүн  ижарага берүү, ижара акысын бекитүү жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Мүлккө муниципалдык менчик” жөнүндөгү мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте тургун жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү Жобонун” талаптарына ылайык,  муниципалдык менчиктеги жерлерди убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берүү жана ижара акысын бекитүү  боюнча шаардык кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  VII сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарынын аймагындагы муниципалдык менчикке тиешелүү пайдаланылбай бош турган жана   жеке ишкерлер, жашоочулар тарабынан убактылуу пайдаланылып жаткан жер аянттары инвентаризациялансын, кеңештин бекитүүсүнө сунушталсын.
  1. Муниципалдык менчикте турган жер участокторун  ижарага берүүдө КР Өкмөтү тарабынын 23.09.2011-жылдагы № 571 токтому менен бекитилген  жобонун талаптары жерге укук берүү боюнча комиссия тарабынан жетекчиликке алынсын.
  1. Муниципалдык менчикеги жерлерди убактылуу пайдалануу үчүн ижарага акысы тиркемеге  ылайык бекитилсин, 2019-жылдын 1-январынан баштап колдонулсун.
  1. Жерлерди ижарага берүү боюнча мэрия менен жеке жана юридикалык жактардын ортосунда 2016-жылга чейин түзүлгөн  бардык келишимдер  2019-жылдын 1-январынан баштап кайрадан жаңыланып түзүлсүн, бардык келишимдердин ижара акылары ушул токтом менен бекитилген ижара акыларына ылайык келтирилсин.
  1. Ижара акыларын өз убагында чогултуу менен бюджеттин киреше бөлүгүн  көбөйтүү боюнча кечиктирилгис иш аракеттер жүргүзүлсүн.
  1.  Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго  милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларга  (А.Касымов, М.Калмурзаев) тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
  1. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап Токтогул шаардык кеңешинин 06.06.2013-жылдагы № 123,  04.06.2014-жылдагы токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.

Төрага:                                       М.Н.Жусупахунов

 

            Токтогул шаардык кенешинин XXVIII чакырылышынын

                                                                                                                                      кезектеги VII сессиясынын   29.10.2018-жылдагы

 

                                                                                                                                 № 20   токтому менен бекитилген               Тиркеме

                                                                                                                      

Муниципалдык менчиктеги жерлерди убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берүүнүн ижара акысы,  Токтогул шаары

I- Борбордук базар: чыгышынан Боконбаев, батышынан А.Суеркулов, түштүгүнөн Черноткач, түндүгүнөн Шарипов көчөлөрүн камтыйт, II-А.Сүйөркулов көчөсүнүн чыгыш, батыш тарабы, III- Автобекеттин айлана-тегерегиндеги жерлер,  IV- 1,2,3,4,5-кичирайондор, Борбордук оорукананын айлана-тегерегиндеги жерлер, V-Б.Осмонов көчөсүнүн түндүк, түштүк тарабы, Бишкек-Ош авто унаа жолунун түндүк, түштүк тарабы, Топбаза, Таласбай, Акжон  участоктору,  VI- Мал базардын айлана-тегереги,  VII- А.Бекташев, Шарипов, Момункулов, Кенжетаев, Токтогул, Бөкөнбаев, Ашыров, Черноткач, 7-кичирайон ж.б. VIII-А.Козубеков атындагы эс алуу багы

Жерлердин максатка ылайык пайдаланылышы

Шаардын ичиндеги айрым аймактар боюнча муниципалдык менчиктеги жерди ижарага берүүнүн тарифтик баасы, сом/м2 бир айга

 

Аянты

I

II

III

IV

V

VI

VII

VIII

1

Дүкөндөр, киоскалар, ларектер жана башка соода-сатык түйүндөрү, банктар, ломбард, акча алмаштыруучу жайлар, кичи базарлар, базарлар, соода комплекстери, жалпы аянты 10 м2 чейинки жерлер, ошондой эле аянты 20 м2 чейинки жерлер, 20м2 жогорку жерлер

10м2 чей.

40

35

30

30

25

30

30

30

20м2 чей.

35

25

20

20

20

20

20

10

20м2 жог.

25

15

10

10

10

10

10

5

2

Тамак-аш ичүүчү жайлар, ошондой эле башка кызмат көрсөтүүчү жайлар

 

20

20

10

20

20

20

20

5

3

Мейманканалар, оюн зоок жайлары, жалпы аянты 50м2 чейинки, 50м2-200м2 чейинки, 200м2 жогорку жерлер

50м2 чей.

20

20

10

10

20

20

10

20

50м2 ден 200м2 чей

15

15

5

5

10

10

5

10

200м2 жог.

5

5

5

5

5

5

5

2

4

Офистер, бизнес борборлору

 

30

30

10

10

20

10

10

5

5

Сауналар, банялар, тазалоочу (химиялык), краскалоочу  жайлар,  автоунаа ондоочу, май куйуучу жайлар (АЗС) , күйүүчү-майлоочу майларды сактоочу жайлар

 

20

15

10

20

15

10

10

10

7

Көрнөк, жарнактар  үчүн

 м2

150

150

120

80

150

80

120

80

8

Административдик имараттар

 

5

10

5

5

10

10

5

5

9

Кызматтык-техникалык аймактар

20 м2 чей.

20

15

10

10

5

5

5

5

20м2 жог.

10

8

5

5

3

3

3

3

10

Өнөржай ишканалары, коммерциялык илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт уюмдарынын мекемелери

 

10

10

10

20

10

10

10

10

11

Айыл чарба, өнөр жай ишканалары

 

10

10

10

5

10

10

10

10

12

Багбанчылык, жашылдандыруу, көрктөндүрүү  үчүн берилген жерлер

50м2 чей.

20

5

5

5

5

5

5

5

50м2 жог

10

2

2

2

2

2

2

2

13

Байланыш, теле-радио түйүндөрү үчүн (келишим баада)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

14

Айдоо аянттары

100м2

100 сом/бир жылга

Жооптуу катчы:                          С.Наралиева

                                   ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  VII сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2018-жылдын  29-октябрь  № 21                               Токтогул  шаары

          Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жобонун талаптарына ылайык,   Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун сунуштары  “Өз алдынча башкаруу, депутаттын  компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиянын жыйналышында каралып, корутундусу сессияга сунушталган.

Туруктуу комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап,   Токтогул шаардык кеңешинин XXVIIIчакырылышынын  кезектеги VII сессиясы

                                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Туруктуу комиссиянын чечими жылпысынын колдоого алынгандыгы белгиленсин.
  2. Шаардын төмөндөгү тургундарына Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
  1. Ташкөкүлов Ормонкул – ардактуу эс алууда, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу;
  2. Иманбеков Майлыбек- ардактуу эс алууда, жеке ишкер;
  3.  Абдуллаев Нурмухамед Садыкович- ардактуу эс алууда, жеке ишкер;
  4. Турдугулова Рыскүл – ардактуу эс алууда, врач-гинеколог, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери
  1. “Ардактуу атуул” наамына тиешелүү төш белгилерди жана күбөлүктөрдү даярдоо, аларды тапшыруу аземин  уюштуруу Токтогул шаарынын мэри  Б.Т.Болгонбековго милдеттендирилсин.
  2. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чындоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясына (М.Исаков) тапшырылсын.
  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

 

Төрага:                                              М.Н.Жусупахунов