• Печать

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XIV сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын  04-июну  № 43                                                     Токтогул  шаары

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

08.02.2019-жылдагы  кезектеги X сессиясынын  № 34 токтомуна   өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик  Кодексине” ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 03.06.2019-жылдагы сунушу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз ХIVсессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, 08.02.2019-жылдагы № 34 токтомунун 6 Тиркемесине төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:  
  • 23 п. статья 3111 – Эс алуу багында ажаткана курууга жарыяланган тендердин жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн 222,1 миң сом акча каражаты, аталган ажаткананы куруу боюнча долбоорго камтылбай калган иштерди бүткөрүү   үчүн  кошумча түзүлгөн сметага ылайык чыгымдалсын;   
  • 33 п. статья 2221- Суу кампасын тазалоо боюнча жарыяланган тендердин жыйыныгы менен үнөмдөлгөн акча каражатынан  25,8 миң сом акча каражаты  кошумча 2 суу кампасын тазалоо үчүн жумшалсын;     
  1. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү  Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
  2. Бул токтомду  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго, ал эми аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага:                       М.Н.Жусупахунов