• Печать

ТОКТОГУЛ  ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын   кезексиз  XV сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын  02-июлу  № 44                                         Токтогул  шаары

Токтогул шаарында муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июлундагы №302 токтому менен бекитилген “Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө
Жобого” ылайык, Токтогул шаарында муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү, муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин иштеп чыгуу боюнча  Жумушчу комиссия түзүү жөнүндө Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 02.07.2019-жылдын 01-34/360 сунушун  угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз XV сессиясы  ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жумушчу комиссия (мындан ары комиссия) төмөндөгү курамда бекитилсин:
  1. Комиссиянын төрайымы:  Н.Көчөрканова –Токтогул шаарынын вице-мэри
  2. Катчысы:  Т.Бекташова- Токтогул шаардык мэриясынын башкы адиси

           Мүчөлөрү:

  1. Т.Дарманова  – Токтогул шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси, шаардык кеңешинин депутаты
  2. Н.Кулузакова – Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы
  3. А.Джаныбаева- Токтогул шаарынын жашоочусу, шаардык кеңештин депутаты
  4. К.Каратаев- Токтогул шаарынын жашоочусу
  5. Б.Чакиев – Токтогул шаарынын жашоочусу
  1. Комиссия өз ишин “Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун” талаптарына ылайык жүргүзсүн.
  1. Комиссиянын жалпы иши боюнча жоопкерчилик Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго  жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, спорт, жаштар саясаты,  арыздар, каттар, экология, мамлекеттик стандарт, мыйзамдуулукту чындоо, боюнча” туруктуу комиссиясына (М.Исаков) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

                   Төраганын орун басары:                  Т.А.Раманкулов                                        

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XV сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын  02-июлу  № 45                          Токтогул  шаары

Токтогул шаарындагы А.Козубеков атындагы эс алуу багында  ажаткана курууга макулдук берүү боюнча

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбеков А.Козубеков атындагы эс алуу багына заманбап ажаткана куруу зарылчылыгы жөнүндө ооз эки түрүндө айтып, 02.07.2019-жылы чыгыш № 01-34/357 жазуу жүзүндө өз сунушун берген.

Себеби, эс алуу багындагы 1972-жылы салынган ажаткана, учурда санитардык-гигиеналык жана архитектуралык  талаптарга жооп бербей, кулап калуу коркунчта тургандыктан, 2018-жылы Токтогул райондук ОААжМСЭК аны жабуу боюнча талап койгон.

Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз XV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. А.Козубеков атындагы эс алуу багынын чыгыш тарабына (А.Суеркулов көчөсү тарабы), суу жана саркынды суу кетүүчү түтүктөргө  жакын жерге  муниципалдык, коомдук ажаткана салууга макулдук берилгендиги эске алынсын.
  1. Аталган ажаткана учурдун талабына ылайыкталып,  бардык керектүү шарттары менен курулсун.
  1. Кирүү акысы Антимонополиялык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылып,  шаардык кеңештин бекитүүсүнө  сунушталсын.
  1.  Бул токтомду  аткаруу  Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго  милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына (М.Калмурзаев) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төраганын орун басары:                    Т.А.Раманкулов   

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XV сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын  02-июлу  № 46                                 Токтогул  шаары

Токтогул шаарындагы Кушубаков көчөсүндөгү №4-үйдүн 5-батирин муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 02,07,2019-жылдагы 01-34/359 сунушу боюнча  Токтогул шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз XV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарындагы Кушубаков көчөсүндөгү №4-үйдүн 5-батири боюнча Токтогул райондук сотунун 17.05.2019-жылдагы чечими эске алынсын  (тиркелет).
  1. Токтогул райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан батирдин муниципалдык менчикке таандыгы боюнча тиешелүү документтери алынсын.
  1. Аталган батирдин баланстык баасы аныкталып, Токтогул шаардык мэриясынын муниципалдык менчиктеги объекттеринин реестрине киргизилсин.
  1.  Бул токтомду  аткаруу  Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго  милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына (М.Калмурзаев) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төраганын орун басары:                    Т.А.Раманкулов   

 

Иш № ГД-362/19Д11

ЧЕЧИМ

Кыргыз Республикасынын атынан 17-май 2019-жыл          Токтогул шаары

Жалал-Абад областынык Токтогул райондук соту курамында төрагалык кылуучу: Бегимбаева А.А., сот отурумунун катчысы: Болгонбекова С.,

тараптар: Токтогул шаардык мэриясынын өкулу МА.Айтмурзаев жана кызыккан таран Токтогул райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкке укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын екулу М.К.Рахановдун катышуулары менен соттук отурумунда арыз беруучу Токтогул шаардык мэриясынын кызыккан тараптар Токтогул райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгына жана Токтогул райондук мамлекетгик нотариусуна карата мурастык мулкту ээсиз-ээликсиз деп таап, муниципалдык менчик укугун таануу жөнундөгу арызы боюнча жарандык ишти карал чыгып, сот

ТАПТЫ:

Арыз беруучу Токтогул шаардык мэриясы сотко кызыккан тараптар Токтогул райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкке укуктарды каттоо башкармалыгына жана Токтогул райондук мамлекеттик нотариусуна карата кыймылсыз мулкту ээсиз-ээлексиз деп таап, муниципалдык менчик укугун таануу жөнундөгу арыз менен кайрылып, анда Токтогул шаарынын Кушубаков көчөсунун №4/5 уйунун тургуну, бала-чакасы, бир туугандары, багар-кереру жок пенсионер Кабанова Ирита Андреевна 2018-жылдын 23-март куну каза болгонун. Бул тууралуу Токтогул райондук ЖААК белуму тарабынан 28.03.2018-жылы №57 саны менен катталып берилген, KGZ 07 0014258 сандуу елгендугу тууралуу куболугун тастыктаганын. Азыркы кундө маркум И.А.Кабанованын аркасында калган Токтогул шаарынын Кушубаков кечөсунун №4/5 турак жайына, анын бир туугандары, бала-чакасы жок болгондугуна байланыштуу эч ким мураскер катары арыз менен нотариуска кайрылышпаганын. Кабанова Ирита Андреевна да эч кимге керээз катары калтырган эместигин. Бул тууралу Токтогул райондук мамлекетгик нотариусунун берген билдируусу бар экендигин.

Кыргыз Республикасынын ЖКнин 1166-беренесинин 1,2,3-болүктөрундө эгерде мыйзам боюнча да, керээз боюнча да мураскорлор жок болсо же алардын бардыгы мурастан баш тартса, мурастык мулк ээсиз-ээликсиз деп табылат. Мурастьпс мулк мурас ачылган кунден тартып бир жыл еткенден кийин жер-жерлердеги мамлекеттик бийлик органынын же мурас ачылган жер боюнча жергиликтуу ез алдынча башкаруу органын арызы боюнча соттун чечиминин негизинде ээсиз-ээликсиз деп табылат. Эгерде мурасты коргоого жана аларды башкарууга байланышкан чыгымдар анын наркынан ашып тушсө, мурастык мулк көрсөтулгөн мөөнөт буткөнчө ээсиз-ээлик деп табылышы мумкун. Эсиз- ээлик мулк тийиштуу мулк турган жер боюнча жергиликтуу өз алдынча башкаруу органын менчигине өтөт, ал эми ал мулктөн баш тарткант учурда, мамлекеттин менчигине өтөт деп көрсөтулгөнун.

Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 301-беренесинин 2-бөлугунө ылайык, ээсиз кыймылсыз мулккө карата муниципалдык менчик укугун  таануу жөнундө арыз анын жайгашкан .жери боюнча муниципалдык менчик укугун таануу жөнундө арыз анын жайгашкан жери боюнча муниципалдык мулкту башкарууга ыйгарым укук берилген орган тарабынан берилет деп көрсөтулгөнун көрсөтуп, Токтогул шаарынын Кушубаков көчөсунун №4/5 турак жайын ээсиз-ээликсиз деп таап, аталган турак жайын Токтогул шаардык мериясына муниципалдык менчик укугун таанып берууну сураган.

Сот отурумунда Токтогул шаардык мэриясынын өкулу М.Айтмурзаев арызды толугу менен колдоп канааттандырып берууну сурады.

Сот отурумунда Токтогул райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкке укуктарды катгоо боюнча башкармалыгынын екулу М.К.Раханов арызды кабыл алып, канааттандырып берууну сураАы.

Сот отурумунда кубө У.Бекмуратова маркум И А.Кабанова анын кошунасы болорун, ал 2018-жылдын 23-март куну каза болгонун, өлгөнгө чейин И.А.Кабанова Токтогул шаарынын Кушубаков көчөсунун №4 уйунун 5-батиринде жалгыз жашаганын, уй-булөөсу балдары жок болтонун, ал каза болгондо Токтогул шаардык мэриясынын адисинин, соцкызматкерлердин жана кошулардын катышуусунда акты тузулгөнун. Бугунку кундө аталган турак жай печатталып тургандыгын, уйдун документгери менен ачкычы анын колунда экендигин керсетту.

Кызыккан тарал Токтогул райондук мамлекеттик нотариалдык кенсесинин мамлекеттик нотариусу бир нече жолу сот тарабынан тиешелуу турдө чакыруу кагазы жиберилгендигине карабастан, сотко белгисиз себептер менен келбегендиктен жана келбегендигинин себебин оозеки же кат жузундө сотко билдирбегендиктен, сот кызыкккан тараптын келбей калышынын себебин жуйөөлуу эмес деп таап, ишти анын катышуусуз карай берууну туура деп табат.

Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 169-ст. 4-6. ылайык, сот ишке катышкан сот отурумунун убактысы жана орду жөнундө татаптагыдай кабардар болгон адамдардын кимдир бирөө келбей калган учурда, эгерде келбей калуунун себептери жөнундө маалымат жок болсо же сот алардын келбей калышынын себебин жуйөөлуу эмес деп тапса, ишти карай беруугө укуктуу.

Иштин материалдарын изилдеп, тараптардын тушундурмөлөрун  угуп, аларга ар тараптан обьективдуу укуктук баа берип, сот төмөндөгу жыйынтыккка келет.

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1166-беренесинин 1-белугуне ылайык, эгерде мыйзам боюнча да, керээз боюнча да мураскорлор жок болсо же мураскорлордун ичинен бирөө да мурастоо укугуна ээ болбосо, же алардын бардыгы мурастан баш тартса, мурастык мулк ээсиз-ээликсиз деп табылат.

Иштин материалдарына Караганда, Токтогул райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө  укуктарды катгоо боюнча башкармалыгынынын кыймылсыз мулккө укуктардын мамлекеттик реестринен көчурмөсунө ьшайык, Токтогул шаарынын Кушубаков (Максимовка) көчөсунун N"4 уйунун 5-батири 3-07-01-1001-1068-01-005 сандуу бирдейлештирилген коду менен Кабанова Ирита Андреевнанын наамына Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 06.04.1992-жылдагы №261 сандуу батирди приватташтыруу жөнундө буйругунун негизинде катталган.

Токтогул райондук ЖААК бөлуму тарабынан 28.03.2018-жылы №57 санда катталган өлгөндугу тууралуу кубөлуккө Караганда, Кабанова Ирита Андреевна 23.03.2018-жылы өлгөн.

Токтогул райондук социалдык өнугуу башкармалыгынын 18.03.2019-жылдагы №526 сандуу тактамасына Караганда, маркум Кабанова Ирита Андреевна аталган мекемеде багар көрөөру жоктордун учетунда 2014-жылдан 2018-жылдын март айына чейин турган.

Токтогул райондук мамлекеттик нотариалдык кенсесинин нотариусу Б.Долдоевдин 20.03.2019-жылдагы №189 сандуу маалыматына Караганда, Токтогул шаарынын Кушубаков көчөсунун №4-уйунун 5-батиринин ээси маркум Кабанова Ирита Андреевна эч кимге керээз калтырбаганы жана ушул убакытка чейин мураскерлери кайрылышпаганы көрунөт.

Токтогул шаардык мэриясынын 02.05.2019-жылдагы №2791 жана 17.05.2019- жылдагы №01-34/270 сандуу тактамасына ылайык, маркум Кабанова Ирита Андреевна Токтогул шаарынын Кушубаков көчөсунун №4уйунун 5-батиринде 1974-жылдан бери катталып өлгөнгө чейин жашап, бул уйдө башка адамдар катгалбаган жана 23.03.2018- жьшы өлгөндугунө байланыштуу аталган даректен каттоодон чыгарылган.

Андыктан сот арыз беруучу Токтогул шаардык мэриясынын доо талабы негиздуу деп табылууга жатат деп эсептейт.


Ал эми, ушул эле берененин З-бөлугунун негизинде ээсиз-ээликсиз мулк тийиштуу мулк турган жер боюнча жергиликтуу өз алдынча башкаруу органынын менчигине өтөт деп көрсөтулгөн.

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1166-беренесинин 2-бөлугунө ылайык, мурастык мулк мурас ачылган кундөн тартып бир жыл өткөндөн кийин жер- жерлердеги мамлекеттик бийлик органынын же мурас ачылган жер боюнча жергиликтуу өз алдынча башкаруу органынын арызы боюнча соттун чечиминйн негизинде ээсиз- ээликсиз деп табылат.

Мындай жагдайда сот арыз беруучу Токтогул шаардык мэриясынын арызы канаттандырылууга жатат деген жыйынтыкка келет.

Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 198-202, 208,211, 212, 324-беренелерин жетекчиликке алып, сот

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

Арыз беруучуТоктогул шаардык мэриясынын мурастык мулкту ээсиз-ээлексиз деп таап, муниципалдык менчик укугун Токтогул шаардык мэриясына таанып беруу жөнундөгу арызы канааттандырылсын.

Токтогул шаарынын Кушубаков кечесу №4-уй 5-батир дарегинде жайгашкан маркум Кабанова Ирита Андреевнанын мурастык мулку ээсиз-ээликсиз деп табылсын.

Токтогул шаарынын Кушубаков көчөсу №4 уй 5-батир дарегинде жайгашкан турак жайына болгон муниципалдык менчик укугу Токтогул шааддык мэриясына таанылсын. Чечимге наарыз тарап 30 кундун  ичинде  Токтогул райондук соту  аркылуу Жалал-

Абад областык сотуна апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу.

 

Төрагалык кылуучу:      Бегимбаева А.А.

Көчурмөсу туура: