• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезексиз  XVIII сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын  13-ноябры  № 58                                               Токтогул  шаары

Түрткү берүүчү гранттын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорлорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик  Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарында 2020-жылга  түрткү берүүчү гранттын  эсебинен долбоорлорду ишке ашыруу аракеттери  боюнча шаар мэри Б.Болгонбековдун 12.11.2019-жылдагы № 01-34/602 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.

Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      Бюджет боюнча туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылып, долбоорлордун өздүк салымына керектелүүчү төмөндөгү акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилгендиги белгиленсин:

1)      А.Суеркулов көчөсүнө жөө адамдар басуучу асфальт жол (тротуар) куруу боюнча долбоордун жалпы сметалык баасы    1 079 656 сом, өздүк салым (25 %) 269 914 сом;

2)      Ботбаев көчөсүнө түнкү жарыктандыруусу менен жөө адамдар басуучу асфальт жол (тротуар) куруу  боюнча долбоордун жалпы сметалык баасы  1 525 433 сом, өздүк салым (25 %) 381 358 сом;

                         Өздүк салымдын жалпы суммасы:  651 272  сом;

2.    Бул каражат жыл башында 2020-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүүдө жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп бериле тургандыгы эске алынсын.

  1. Токтомду  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековго жана  ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
  1. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (А.Касымов).
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

Төрага:                                     М.Н.Жусупахунов

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз

XVIII сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын  13-ноябры  № 59                              Токтогул  шаары

 08.02.2019-жылдагы  № 34, 18.10.2019-жылдагы № 52 токтомдорго

өзгөртүү жана толуктоо  киргизүү жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына ылайык,  Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 06.11.2019-жылдагы чыгыш № 01-34/591-а сунушу боюнча “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз XVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, жогорудагы токтомдорго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу айрым өзгөртүүлөр менен  жактырылгандыгы белгиленсин.
  1. Корутундуга ылайык:
  •  Токтогул шаардык кеңешинин 08.02.2019-жылдагы № 34 токтомунун 6-тиркеме, 22-пункт, статья 3111 эсебинен 158 630 сом кыскартылсын, чыгымдоо багыттары ушул токтомдун тиркемесиндеги 1-Таблицага ылайык жүргүзүлсүн;
  •  жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу долбоорунан атайын каражат эсебине  которулган 34 895 сом акча каражаты (статья 14411100) жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын, чыгымдоо багыттары ушул токтомдун тиркемесиндеги 2-Таблицага ылайык жүргүзүлсүн;
  • 18.10.2019-жылдагы № 52 токтомдун тиркемесиндеги 2-Таблицанын 4-пунктундагы  “2215” статьясы  “2221” статьясына которулсун;
  1. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү  Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына милдеттендирилсин (Н.Кулузакова).
  1. Бул токтомду жалпысынан  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).                                                              
  1. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (А.Касымов).
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

Төрага:                                     М.Н.Жусупахунов                        

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII  чакырылышынын  13.11.2019-жылдагы кезектеги  XVIII сессиясынын № 59 токтомуна  Тиркеме

1 - Таблица

Үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен  158 630 сомду чыгымдоо боюнча

Статьясы

Каражаттарды чыгымдоо багыты

Сумма  (сом)

1

2211

Мэриянын аппаратынын сапар чыгымдарына

30 000

2

2215

 Борбордук аянттага мониторго үн чыгаруу, онлайн режимине туташтыруу үчүн  

80 000

3

2215

Ак Жон, Топбаза, Таласбай, 7-кичирай. электр энергиясына  техникалык шарттарын алуу  

15 000

5

3112

Токтогул шаардык кеңешине вешалка алууга

3 500

6

3112

Мэриянын имаратына оптикалык байланыш линиясын тартууга ( ВОЛС)

30 130

 

 

Жалпы:

158 630

2-Таблица

Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүү долбоорунан атайын каражат

эсебине которулган  34 895 сомду чыгымдоо боюнча    

Статьясы

Каражаттарды чыгымдоо багыты

Сумма  (сом)

1

22111100

Семинарга катышуучулардын транспорттук чыгымдарына

5 300

2

22154900

Жергиликтүү координатордун байланыш чыгымдарына

4 000

3

22181100

Семинарга катышуучуларга кофе-брейк, түшкү тамак үчүн

22 750

4

22221200

Кеңсе товарларын сатып алууга

2 845

 

 

Жалпы:

34 895

 

Төрага:                                              М.Н.Жусупахунов

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз

XVIII сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын  13-ноябры  № 60                                   Токтогул  шаары

Муниципалдык менчиктеги үйдү убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”  мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарындагы муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү, куруу, турак жай маселелери, пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча комиссиянын жана калктын социалдык абалы, даректүү жардам боюнча туруктуу комиссиянын 06.11.2019-жылдагы   биргелешкен жыйналышынын  чечимин  угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XVIII сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарынын Кушубаков көчөсүндөгү №4/5 муниципалдык менчиктеги үйдү убактылуу пайдаланууга берүү боюнча жогорудагы комиссиянын чечими жактырылсын.
  1. Аталган үй Токтогул шаарынын тургуну, багар-көрөрү жок катары каттоодо турган, II  топтогу майып,  пенсионер Мырзакулова Кулупага убактылуу жашап туруу үчүн берилсин.
  1. Эки тараптын, үйдү убактылуу пайдалануучунун жана пайданууга берүүчүнүн милдеттери, мөөнөтү, мэриянын кызыкчылыгы  үчүн зарыл болгондо үйдү тоскоолдуксуз кайра кайтарып алуу жана башка шарттары келишимде так жана жеткиликтүү көрсөтүү жагы каралсын.
  2. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине милдеттендирилсин (Б.Болгонбеков).
  1.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (З.Бекматова).
  1. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.
  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

                                                                                                                                                                                                                                  

Төрага:                                   М.Н.Жусупахунов

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз

XVIII сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын  13-ноябры  № 61                          Токтогул  шаары

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга өздүк салым үчүн

акча каржатын бөлүп берүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик  Кодексинин” негизинде, Токтогул шаарында “Коопсуз шаар” долбоорун Жалал-Абад областынын өнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашыруу максатында,  жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Токтогул шаарынын вице-мэри Н.Көчөрканованын 13.11.2019-жылдагы № 01-34/605 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.

Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Токтогул шаарында “Коопсуз шаар” долбоорун Жалал-Абад областтык фонду аркылуу ишке ашыруу  боюнча туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин

2.      Долбоордун жалпы наркы  1 558 137 сомду түзгөндүгү эске алынсын.

3.       Токтогул шаардык кеңешинин 08.02.2019-жылдагы № 34 токтомунун 6-тиркеме, 22-пункт, статья 3111 эсебинен 155 813 сом кыскартылсын.

4.      Кыскартуудан алынган 155 813 сом  акча каражаты (добоордун наркынын 10%) долбоорду ишке ашыруу үчүн  өздүк салым катары  бөлүнүп берилсин.

  1. Токтомду  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жана  ФЭБ башчысына милдеттендирилсин (Б.Болгонбеков, Н.Кулузакова).
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (А.Касымов).
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга тапшырылсын (С.Наралиевага).
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                              М.Н.Жусупахунов

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз

XVIII сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2019-жылдын  13-ноябры  № 62                     Токтогул  шаары

Токтогул шаарындагы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жаткан мектептердин жана балдар бакчасынын жылытуу системасы  жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”  мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарындагы Т.Сатылганов, Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептерде  жана “Арча Бешик” мектепке чейинки билим берүү уюмунда сейсмикалык туруктуулукту жана энергоэффективдүүлүктү жогорулатуу жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүндө жылытуу системасын орнотууда анын түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун аткаруучу директорунун орун басары А.Ж.Мамбеткулованын 31.10.2019-жылдагы № 08-1353 сунушун, Токтогул шаарынын вице-мэри Н.Көчөрканованын 12.11.2019-жылдагы № 01-34/602 сунушун   карап, шаардагы курулуш иштерин техникалык жактан көзөмөлдөөчү Э.Жолдошевдин видео маалыматын, башка сунуштарды угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XVIII сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун директорунун орун басары А.Ж.Мамбеткулованын 31.10.2019-жылдагы № 08-1353, Токтогул шаарынын вице-мэри Н.Көчөрканованын 12.11.2019-жылдагы № 01-34/602 сунуштары эске алынсын.
  1. Токтогул шаарындагы Т.Сатылганов, Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептерди, “Арча Бешик” мектепке чейинки билим берүү уюмун жылуулук менен камсыздоо үчүн индивидуалдык керамикалык жылыткычтарды орнотууга макулдук берилгендиги белгиленсин.
  1. Аталган жылыткычтардын сапатына жана кийинки тейлөө иштерине байланышкан маселелерге  катуу талаптар коюлсун.
  1.  Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Болгонбеков).
  1.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга тапшырылсын (М.Калмурзаев, А.Касымов, З.Бематова).
  1. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.
  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

           Төрага:                                   М.Н.Жусупахунов