• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезексиз  XXI сессиясы   

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2020-жылдын  13- марты     № 11                             Токтогул  шаары

Кызматтык үй куруу  үчүн жер тилкесин берүүгө макулдук берүү жөнүндө 

 

  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө  муниципалдык менчик жөнүндө” “Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө”мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары  жөнүндө типтүү жобону” бекитүү жөнүндөгү 2011-жылдын 23-сентябры № 571 токтомуна ылайык, Токтогул райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Н.Жумабаевдин  14.10.2019-жылдагы кайрылуу каты шаардык кеңештин  муниципалдык менчик жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын  мүчөлөрүнүн жана башка депутаттардын катышууусунда 10.03.2020-жылдагы  кеңешмеде каралып, талкууга алынды.

Жыйынтыгында, кенешменин корутундусун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Шаар аймагында жергиликтүү калкка саламаттык сактоо багытында кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик стандартка ылайык жүргүзүүнү камсыздоо боюнча  иш-аракеттер жогоруда аталган кеңешменин чечими менен  колдоого алынгандыгы белгиленсин.
  1. Ага ылайык Токтогул шаарынын Таласбай кичи районундагы  муниципалдык менчиктеги жер аянтынан оперативдүү башкаруу укугу менен 0,20 га жер тилкесин медицина кызматкерлерине мамлекеттик турак үй куруу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
  1.  5 (беш) жыл ичинде  бөлүнүп берилген жер участогу  аталган максаттуу багытында пайдаланылбаса, жерди кайрадан муниципалдык менчикке алына турган шарт менен берүү жагы каралсын.
  1. Жер участокко укук берүүгө байланышкан иштерди тиешелүү нормативдик укуктук актыларда каралган тартипте жүргүзүү  Токтогул шаардык мэриясындагы муниципалдык менчиктеги жерге укук берүүчү атайын комиссияга милдеттендирилсин (К.Жумалиев).
  1. Бул токтомду жалпысынан  аткаруу Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).                                                               
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө муниципалдык менчик жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссияга (М.Калмурзаев) тапшырылсын.
  1.  Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                          М.Н.Жусупахунов

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезексиз  XXI сессиясы   

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2020-жылдын  13- марты     № 12                             Токтогул  шаары

Токтогул шаарынын Таласбай кичи районундагы 1,0 га жер аянты жөнүндө

 

  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө  муниципалдык менчик жөнүндө”мыйзамдарына, “Жер Кодексинин” талаптарына,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары  жөнүндө типтүү жобону” бекитүү жөнүндөгү 2011-жылдын 23-сентябры № 571 токтомуна ылайык, Токтогул шаарынын Таласбай кичи районундагы 1,0 га жер аянты боюнча депутаттардын ар кандай сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарынын Таласбай, Ак Жон кичи райондорунда жылдан жылга жашоочуларынын саны өсүп жаткандыгы эске алынсын.
  1. Аталган кичи райондордо жашоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү, инфраструктурасын жакшыртуу, жергиликтүү маанидеги маселелерин өз деңгээлинде чечүү аткаруу органынын приоритеттүү багыты жана учурдун талабы  экендиги баса белгиленсин.
  1. Агы ылайык, Таласбай кичирайонундагы 1,0 га жер аянты социалдык  объекттер үчүн гана калтырылсын, жеке жана юридикалык жактарга башка максат, багыттарга бөлүнүп берилбесин.
  1. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков), муниципалдык менчиктеги  жерге менчик жана ижара укугун берүүчү комиссияга (К.Жумалиев) милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө муниципалдык менчик жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссияга (М.Калмурзаев) тапшырылсын.
  1.  Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                          М.Н.Жусупахунов

                       

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезексиз  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2020-жылдын  13-марты     № 13                              Токтогул  шаары

А.Козубеков атындагы Эс алуу багындагы аттракционду  

 сатууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын А.Козубеков атындагы Эс алуу багындагы аттракцион   көп жылдардан бери колдонулбай,   айрым  бөлүктөрү сынып, учурда оңдоп-түзөөгө болбой турган абалда тургандыктан, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбеков аны сатуу боюнча 10.03.2020-жылы № 01-34/178 сунуш берген.  Ага ылайык 2020-жылдын 10-мартында Токтогул шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияларынын мүчөлөрү жана башка депутаттар маселени жеринде барып көрүп келип, учурда бул аттракциондун эскилиги жетип, эс алуучулар, жаш балдар үчүн   кулап кетүү коркунуч  жаратып жаткандыгын эске алып, аны сатууга макулдук берүү боюнча чечим кабыл алышкан.

Жыйынтыгында биргелешкен туруктуу комиссиялардын чечимин жана башка сунуштарды угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      А.Козубеков атындагы  Эс алуу багынын ичиндеги аттракционду  сатуу боюнча туруктуу комиссиялардын чечими колдоого алынгандыгы белгиленсин.

2.      Аттракционду сатуу боюнча жарыялар берилсин, сатуу баасы алдын ала шаардык кеңеш менен макулдашылсын. 

3.      Сатуудан түшкөн каражат жергиликтүү бюджеттин атайын каражат эсебине кириштелсин.

4.     Токтомду  аткаруу Токтогул шаарынын мэрине милдеттендирилсин (Б.Болгонбеков).

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (К.Дербишев).
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга тапшырылсын (С.Наралиевага).
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                              М.Н.Жусупахунов

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезексиз  XXI сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2020-жылдын  13- марты     № 14                             Токтогул  шаары

  07.02.2020-жылдагы кезектеги XX сессиянын  № 10 токтомуна өзгөртүү

жана толуктоо киргизүү жөнүндө 

 

  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө  муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына жана Бюджеттик Кодекстин талаптарына  ылайык,  бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2020-жыдын 07-февралындагы кезектеги  XX сессиясынын № 10 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык төмөндөгү өзгөртүүлөр эске алынсын:
  • жогоруда аталган токтомдун 2-пунктунун 2-абзацы төмөндөгү редакцияда кабыл алынгандыгы белгиленсин:

     “Токтогул шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы  500 000 (беш жүз миң) сом акча каражатын мэриянын атайын каражат эсебине  накталай которуу жолу менен төлөөгө милдеттенет”;

  • 3-пунктундагы 250 000  (эки жүз элүү миң) сом “500 000 (беш жүз миң ) сом” деген сөз менен алмаштырылсын.

 

  1. Бул токтомду жалпысынан  аткаруу Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).                                                               
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага:                                              М.Н.Жусупахунов

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезексиз  XXI сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2020-жылдын  13- марты     № 15                             Токтогул  шаары

  07.02.2020-жылдагы кезектеги XX сессиянын  № 06 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө 

 

  Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына ылайык,  Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 10.03.2020-жылдагы чыгыш № 01-34/177 сунушу “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” корутундусун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, шаардык кеңештин 07.02.2020-жылдагы № 06 токтомуна өзгөртүү киргизүү жана тендер өткөрүүдөн үнөмдөлгөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу айрым өзгөртүүлөр менен  жактырылгандыгы белгиленсин.
  1. Корутундуга ылайык, мемориалдык доска куруу боюнча тендер өткөрүүнүн жыйынтыгы  менен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 297,0 миң сом акча каражаты төмөндөгү багытта чыгымдалсын:
  • Статья 2215 -  200,0 миң сом – өзгөчө кырдаал үчүн (короновирустун алдын алууга);
  • Статья 2215 -50,0 миң сом – өзгөчө кырдаалдар үчүн (табигый кырсык, өрт коопсуздугу  ж.б.);
  • Статья 2215 – 27,0 миң сом – эл каттоого, баннерлерди жасатууга (санариптештирүү ж.б);
  • Статья 3112- 20,0 миң сом – Т.Ормонбеков атындагы мектеп-лицейинин ашканасына керектүү идиш-аяк алууга;
  1. Жогорудагы токтомдун 5-тиркемесине төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • 1-пунктундагы 2213 статья “2215 статьясы” менен  алмаштырылсын;
  •  38-пункту “Мэрияга жаңы имарат курууга (Бөкөнбаев көчөсүндө)” деген сөз менен алмаштырылсын;
  • 54-пунктундагы “Жашылдандыруу көрктөндүрүү иштерине (Бөкөнбаев көчөсү)”  каралган 400,0 миң сом акча каражаты 3113 статьясынан кыскартылып, бул каражат 29-пунктундагы муниципалдык тапшырык иштери боюнча кошумча  чыгымдалсын.
  1.  Токтогул райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан которулган 500,0 сом акча каражаты “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын гаражын курууга жумшалсын.
  1.   Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү  Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомдун  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков)  жүктөлсүн.                                                               
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (К.Дербишев) тапшырылсын.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага:                                            М.Н.Жусупахунов                 

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезексиз  XXI сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2020-жылдын  13- марты     № 16                             Токтогул  шаары

  Токтогул шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн  2020-жылга түзүлүшүнүн долбооруна өзгөртүү, толуктоо  киргизүү  жөнүндө 

 

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына ылайык,  Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгынын башчысы С.Темирбаевдин 11.03.2020-жылдагы 04-62/321 катынын негизинде  Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 11.03.2020-жылдагы № 01-34/189 сунушу, “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссияда каралып, талкууланды.

Жыйынтыгында, 2020-жылдын жергиликтүү  бюджетинин киреше бөлүгүнө өзгөртүү  киргизүү боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун жана башка депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана  талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жогорудагылардын негизинде,  07.02.2020-жылдагы кезектеги  XX сессиянын № 06 токтомунун 3-тиркемесин өзгөртүп кабыл алуу  боюнча  туруктуу комиссиянын корутундусу жактырылсын.
  1. Ага ылайык Токтогул шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2020-жылга түзүлүшү ушул токтомдун Тиркемесине ылайык бекитилсин.
  1.   Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү  Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомдун  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков)  жүктөлсүн.                                                               
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (К.Дербишев) тапшырылсын.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                            М.Н.Жусупахунов  

 

Токтогул шаардык кеңешинин  13.03.2020-жылдагы  кезексиз XXI сессиясынын  № 16 токтому менен бекитилди   

Токтогул шаардык мэриясынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн        2020-жылга түзүлүшүнүн долбоору

 
 

Тиркеме  (миң сом)

 

 

         

Кирешелердин аталышы

Киреше

лердин беренеси

2020-жылга долбоор КМ контрол

дук цифра

2020-жылга  шаардык мэриянын болжолу менен

Айрымасы (+,-)

 

Салык агенти төлөөчү киреше салыгы

11111100

26183,0

25483,0

-700,0

 

Чакан ишкердик субьектери үчүн бирдиктүү салык

11121100

85,5

85,5

0

 

Милдеттүү патенттин негизинде салык

11122100

508,7

508,7

0

 

Ыктыярдуу патенттин негизинде салык

11122200

6792,0

6992,0

200,0

 

Кыймылсыз мулкко салык

11311200

129,0

129,0

0

 

 Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык

11132110

100,0

100,0

0

 

Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык

11322120

1876,0

1876,0

0

 

Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы

11321100

850,0

850,0

0

 

Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы

11321300

1550,0

1550,0

0

 

Сатуудан салык

11412100

7164,0

3664,0

-3500,0

 

Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы

14152100

400

400

0

 

Атайын каражаттар аппарат,детсад

1423

9237,8

9237,8

0

 

Баардыгы:

 

54876,0

50876,0

   

Атайын каражаттарды кошпогондо

 

45638,2

41638,2

-4000,0

 

Төрага:                                                          М.Н.Жусупахунов