• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезексиз  XXIII сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2020-жылдын  24- апрели     № 20                                   Токтогул  шаары

 Ыктыярдуу элдик кошуун  жөнүндө Жобону,  элдик кошуундун  курамын  бекитүү  жөнүндө 

  Кыргыз Республикасынын 15.07.2011-жылдагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18, 55-беренелерине, 24.05.2018-жылдагы №54 “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамынын 12-беренесине  ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбеков шаардын аймагында Ыктыярдуу элдик кошуундар (ЫЭК) жөнүндө Жобону бекитип берүү боюнча 23.04.2020-жылы 01-34/241 сунушун берген.

Аталган Жобону бекитүү боюнча “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, спорт, жаштар саясаты,  арыздар, каттар, экология, мамлекеттик стандарт, мыйзамдуулукту чындоо, боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, Токтогул шаарынын аймагында ыктыярдуу элдик кошуундар жөнүндө Жобо бекитилсин (1-Тиркеме).
  1. Шаардык кеңеште катталган элдик кошуундун (ыктыярчылардын) курамы бекитилсин (2-Тиркеме).
  1. Ыктыярдуу элдик кошуундун ишин бекитилген Жобого ылайык  жетектөөнү жана көзөмөлдөөнү Токтогул шаардык мэриясы жүзөгө ашырсын.
  1.   Бул токтомду жалпысынан  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).                                                              
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, спорт, жаштар саясаты,  арыздар, каттар, экология, мамлекеттик стандарт, мыйзамдуулукту чындоо, боюнча” туруктуу комиссиясына (У.Тойчубеков) тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төраганын орун басары:                            Т.А.Раманкулов

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 

24.04.2020-жылдагы кезексиз  XXIII сессиясынын № 20 токтому менен бекитилди

1-Тиркеме

 

­­­­­­­­­­­Токтогул  шаарынын аймагында ыктыярдуу элдик кошуундар жөнүндө

ЖОБО

            COVID-19 пандемиясынын шартында калк тарабынан санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин, карантин режимин катуу сактоо олуттуу мааниге ээ болуп жатат, аларды бузуу Токтогул шаарынын аймагынын калкынын ден-соолугу жана жашоосу үчүн өтө жагымсыз таасир алып келиши мүмкүн. Карантин мезгилинде кыйла маанилүү тапшырма болуп коомдук тартипти сактоо, ошондой эле калк тарабынан кылмыш-аракеттерди жана коомго каршы келген көрүнүштөрдү жасоону болтурбоо саналат.

            Ушул маселелерди чечүүдө мамлекеттик органдар менен катар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коопсуздукту жана укуктук тартибин камсыз кылуусунда маанилүү роль Токтогул шаарынын аймагынын жарандарына, алар тарабынан түзүлүп жаткан ыктыярдуу элдик кошуундарга туура келет. Элдик кошуундар коомдук тартипти сактоого жана кылмыштар менен административдик укук бузууларды болтурбоого, алдын алууга көмөк көрсөтүү үчүн түзүлдү. Элдик кошуундар тургундардын  COVID-19 инфекциясын жуктуруп алуусунун алдын алуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик иш-чараларды өткөрүүгө катышууга тартылышы мүмкүн. “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын калкы ыктыярдуу (коомдук) куткаруучу түзүлүштөрүнүн курамына кирүү жана Жарандык коргонуу иш-чараларына катышуу (коргоого жана даярдоо жана өзгөчө кырдаалдарда калкты коргоо) укуктарына ээ.

  1. Жалпы жоболор
  1. Ушул Жобо ыктыярдуу элдик кошуундарды түзүүнүн жана иш тартибинин эрежелерин аныктайт.
  2. Жобо Токтогул шаарынын  аймагынын жергиликтүү органы тарабынан коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүүгө жана өзгөчө кырдаалдардын тасиринин алдын алууга жана жоюуга көмөк көрсөтүүнү аткаруу боюнча иштелип чыкты.
  3. Ыктыярдуу элдик кошуундардын бардык иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды сыйлоо, адамдын анын жарандык укуктарын жана эркиндиктерин сактоо принциптерине негизделет. Өзүнүн ишинде ыктыярдуу элдик кошуундар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын Токтогул шаарынын аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коргонуу комиссияларынын, штабынын чечимдерин жана буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
  1. Ыктыярдуу элдик кошуундардын негизги милдеттери жана функциялары
  1. Токтогул шаарынын  аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына коомдук тартипти камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү;
  2. Калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана жаратылыш кырсыктары, кыйроолор, эпидемиялар жана башка өзгөчө кырдаалдарда коомдук тартипти сактоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларга катышуу;
  3. Укуктук билимдерди жайылтуу, калкка коомдук жайларда өзүн алып жүрүүнү түшүндүрүү;
  4. Ыктыярдуу элдик кошуундар өзүлөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу менен катар көчөлөрдө, парктарда, аянттарда жана башка коомдук жайларда, ошондой эле массалык иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук тартипти сактоого катышат;
  5. Жаратылыш кырсыктары, эпидемиялар, кырсыктар, техногендик кыйроолор жана башка өзгөчө кырдаалдарда калктын коопсуздугун камсыз кылууда жана коомдук тартипти сактоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик жана укук коргоо органдарына жардам көрсөтүшөт;
  6. Укук коргоо органдарына коомдук тартипти бекемдөө жана укук бузуулар менен күрөшүү боюнча ишине көмөк көрсөтүшөт;
  7. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштерге катышат;
  8. Күтүлбөгөн кырсыктан же укук бузуулардан жабыркаган, ошондой эле коомдук жайларда начар абалда калган адамдарга кечиктирилгис жардам көрсөтүү боюнча чараларды кабыл алышат;
  9. Өзгөчө кырдаалдар учурунда кырсыктан сактоо, карантинди жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өткөрүүгө катышат;
  10. Балдардын кароосуздугунун жана жашы жете электердин укук бузууларынын алдын алуу боюнча ишке катышат;
  11. Өрт коопсуздугунун алдын алууда көмөк көрсөтөт;
  12. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жана жол-транспорттук кырсыгынын алдын алууга көмөк көрсөтөт;
  13. Жаратылыш ресурстарын жана курчап турган чөйрөнү коргоого катышат;
  14. Укук тартибинин абалы жөнүндө алынган маалыматты жалпылайт жана талдайт. Аны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик жана укук коргоо органдарына жеткирет, укук тартибин бекемдөө, укук бузууларды жасоого түрткү берген себептерди жана шарттарды жоюу боюнча сунуштарды киргизет.
  1. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишмердүүлүгүнүн формалары жана ыкмалары
    1. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишмердүүлүгүнүн негизги формалары болуп төмөндөгүлөр саналат:
  • ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте кайгуулга чыгуу жана көчөлөргө, аянттарга, сейил бактарга, аймактагы карантиндик постторго жана башка коомдук жайларга күзөттөрдү коюу;
  • ички иштер органдарына массалык, коомдук-саясий, спорттук жана маданий оюн-зоок иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жардам берүү үчүн элдик кошуундардын нөөмөткө туруусу;
  • укуктук билимдерди, укук бузуулардын алдын алуу, калктын мыйзамга карата сый мамилесин калыптандырууну жайылтуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет булактарын пайдалануу;
  • кырсыктан сактоо, карантиндик жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өткөрүүдө өзгөчө кырдаалдар шарттарында ыктыярдуу элдик кошуундар Токтогул шаарынын  аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, КР ӨКМнин, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактык органдары жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте ишке ашырат.
  1. Элдик кошуунчунун милдеттери жана укуктары

Элдик кошуунчу милдеттүү:

  • жарандарга карата сылык жана сыпайы болууга, өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чабууга жол бербөөгө;
  • ыктыярдуу элдик кошуунда белгиленген тартипти сактоого, ыктыярдуу элдик кошуундун командиринин буйрутмаларын жана көрсөтмөлөрүн аткарууга;
  • коомдук тартипти сактоого, укук бузуулардын алдын алуу иштерине активдүү катышууга, укук коргоо органдарынын укук бузууларга каршы күрөшүү ишмердүүлүгүнө жардам берүүгө;
  • тапшырмаларды аткарууда Штабдын башчысынын, ошондой эле укук тартибин коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүдө укук коргоо органдарынын көрсөтмөлөрүн, талаптарын так жана туура аткарууга;
  • жарандардын жеке коопсуздугуна жана коомдук коопсуздукка коркунуч туудурган бөөдө кырсыктар же башка өзгөчө жагдайлардын жаралышы же даярдалган фактылар, жасалган кылмыштар тууралуу билгенде Штабга жана укук коргоо органдарына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга өз убагында кабарлоого, ошондой эле аларга бөгөт коюу чараларын көрүүгө;
  • адамдын жана жарандын ар-намысын жана кадыр-баркын басынтуу максатындагы аракеттерди жасоого жол бербөөгө;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бекем сактоого, укук бузуулар менен күрөшүү формаларын жана ыкмаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында колдонууга;
  • кылмыштардын, административдик укук бузуулардан же бөөдө кырсыктардан, өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткан, ошондой эле айласыз же өзүлөрүнүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу башка абалдагы жарандарга жардам көрсөтүү боюнча чара көрүүгө;
  • белгиленген үлгүдөгү күбөлүгүн алып жүрүүгө. Жарандарга же кызматтык адамдарга кайрылууда элдик кошуунчу өзүн тааныштырууга жана элдик кошуунчунун күбөлүгүн көрсөтүүгө.

Элдик кошуунчу укуктуу: 

  • жарандардан белгиленген коомдук тартипти сактоого жана укук бузууларды токтотууну талап кылууга;
  • укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирдикте жарандардын документтерин текшерүүгө, ошондой эле транспорт каражаттарын кароого катышууга;
  • укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин укук бузууларды жасаганга шектүү адамдарды кармоого жардам берүүгө жана кармалгандан кийин ким экендигин, жагдайларын аныктоо үчүн укук коргоо органдарына жеткирүүгө;
  • укук коргоо органдарынын кызматкерлери укук бузууларга бөгөт койгондо, окуя болгон жерди коргоого жана буюм далилдеринин сакталышына жардамдашууга;
  • жерлердин аймактарын курчоого алууга (тосмо коюуга) өзгөчө кырдаалдар шарттарында коомдук тартипти сактоо боюнча аракеттерди текшерип өткөрүү режимин ишке ашырууда, жаратылыш кырсыктарынын, кырсыктардын жана кыйроолордун кесепеттерин жоюуда, карантиндик иш-чараларды, массалык иш-чараларды өткөрүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (кызматтык адамдардын) чечими боюнча катышууга;
  • жаратылыш кырсыктары, кыйроолор, эпидемия, эпизоотия жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда кечиктирилгис кырсыктан сактоо жана карантиндик иш-чараларды жүргүзүүдө мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге аракеттенүүгө;
  • өрттүн алдын алууда жана өчүрүүдө өрт коопсуздугу боюнча кызмат органдарына жардам көрсөтүүгө;
  • укук коргоо жана жаратылышты коргоо органдарына, жаныбарлар дүйнөсүнүн мыйзамсыз олжолонгон объектилерин жана алардан алынган азыктарды жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин олжолоонун башка куралдарын, анын ичинде транспорт каражаттарын, ошондой эле тиешелүү документтерин алып коюуга жардам берүүгө;
  • мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо жардам берүүгө;
  • укук коргоо органдары менен укук тартибин камсыз кылуунун ачык-айкын милдеттерин чечүү үчүн кечиктирилгис учурларда менчик формасына карабастан мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын, коомдук бирикмелердин телефондорун жана башка байланыш каражаттарын акысыз пайдаланууга;
  • эгер өмүрү жана ден соолугу коркунучка дуушар болот деп эсептесе, коомдук милдеттерди аткаруудан баш тартууга.
  1. Ыктыярдуу элдик кошуунду түзүү жана анын ишин уюштуруу
  1. Ыктыярдуу элдик кошуундар Токтогул шаарынын  аймагында жашаган, иштеген, окуган жери, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу боюнча жарандардын демилгеси менен түзүлө алат.
  2. Ыктыярдуу элдик кошуунга бир кыйла активдүү жарандардын арасынан он сегиз жашка толгон, кошуундун алдына коюлган милдеттерди өзүнүн ишмердүүлүк жана жеке сапаты жактан ийгиликтүү аткарууга жөндөмдүү жарандар кабыл алынат.
  3. Токтогул шаарынын аймагынын ыктыярдуу элдик кошуун штабынын сунуштамасы боюнча ыктыярдуу элдик кошуундар Токтогул шаардык  кеңеши тарабынан катталышат. Өзүнчө кошуундарды жоюу же кайра түзүү Токтогул шаарынын  аймагынын ыктыярдуу элдик кошуун штабынын чечими боюнча Токтогул шаардык  кеңешинин кабыл алынган чечим тууралуу кабарлоо менен жүргүзүлөт.
  4. Ыктыярдуу элдик кошуунга кабыл алуу сөзсүз түрдө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.
  1. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишин жетектөө
  1. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишин жалпы жетектөөнү Токтогул шаардык мэриясы ишке ашырат.
  2. Токтогул шаарынын аймагынын ыктыярдуу элдик кошуундар штабы (мындан кийин штаб) элдик кошуундун ишин жетектөөнү жана көзөмөлдөөнү ишке ашырат. Штабды түзүү жана анын курамы жөнүндө чечим Токтогул шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
  1. Штабдын түзүлүшү
    1. Штабдын жетекчиси Токтогул шаардык мэриясынын   башчысынын орун басары же кызматкери) болот;
    2. Штабдын жетекчисинин орун басары Токтогул шаарынын  аймагы боюнча милициянын улук аймактык инспектору;
    3. Штабдын мүчөлөрү: Токтогул шаардык  кеңешинин депутаттары, Токтогул шаардык мэриясынын  муниципалдык ишканалардын жана мекемелерин жетекчилери, ыктыярдуу элдик кошундардын командирлери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү;
    4. Штабдын сандык курамы түзүлгөн ыктыярдуу элдик кошуундардын санын эске алуу менен белгиленет.
    5. Штабдын ишинин уюштуруучулук формасы болуп Штабдын отуруму саналат, Штабдын отуруму эгерде мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса укук ченемдүү болуп саналат. Штабдын чечими протокол менен таризделет. Чечим Штабдын мүчөлөрүнүн отурумунун теңинен көбү добуш берсе, кабыл алынган болуп эсептелет.
    6. Штаб төмөнкүдөй кызматтарды аткарат:
  • ыктыярдуу элдик кошуундарды жетектөөнү ишке ашырат, алардын ишин уюштурат жана пландаштырат;
  • ыктыярдуу элдик кошуундардын реестрин жүргүзөт;
  • ыктыярдуу элдик кошуундардын ишин чыңдоо жана элдик кошуундардын катарын калктын мыкты өкүлдөрүн тартуу чараларын көрөт;
  • элдик кошуундарды окутуу боюнча иш чараларды иштеп чыгат;
  • ыктыярдуу элдик кошуундардын ишин текшерет, ачыкталган кемчиликтерди жоюу чараларын көрөт, иштин оң тажрыйбаларын жалпылайт жана жайылтат;
  • айырмаланган алдыңкы элдик кошуундун мүчөлөрүн сыйлоо тууралуу ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине ошондой эле Токтогул шаарынын мэрине сунуштайт.
  1. Ыктыярдуу элдик кошундар менен укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүлөрү
    1. Укук коргоо органдары ыктыярдуу элдик кошуундарга жүктөлгөн тапшырмаларды аткарууга ар тараптуу көмөк жана колдоо көрсөтөт, элдик кошуундардын жетекчисине кошуундардын ишмердүүлүгүнө зарыл болгон укук бузуулар тууралуу маалыматтарды беришет.
    2. Ички иштер органдары ыктыярдуу элдик кошуундар менен күнүмдүк өз ара кызматташууну камсыз кылышат, зарыл болгон учурларда кошуунчуларга нускама өтөт, аларды укук бузуулар менен күрөшүүнүн формалары жана ыкмалары менен камсыз кылышат. Штаб менен макулдашуу боюнча коомдук тартипти коргоо жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен иш чараларды өткөрүшөт. Мындай иш-чараларды өткөрүү маалында кошуунчулардын ишин ыкчам жетектөөнү ички иштер органдарынын тиешелүү кызмат адамдары ишке ашырат.
  1. Элдик кошуундарды каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу.
    1. Ыктыярдуу элдик кошуундарды каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн:
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген юридикалык жана жеке жактар тарабынан кайтарымсыз, ыктыярдуу негизде берилген жана башка келип түшкөн каражаттардын эсебинен;
  • Токтогул шаарынын  аймагынын бюджеттик каражаттарынын эсебинен.
    1. Токтогул шаарынын аймагынын бюджеттик каражаттарынан каржыланышы мүмкүн;
  • кошуунчуларды укуктук жана атайын окутууну уюштуруу;
  • символдорду, атрибуттарды жана документацияларды даярдоо жана сатып алуу;
  • жеке коргонуу каражаттарын жана башка зарыл эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу;
  • элдик кошуундардын курамынын жардамы керек болгон иш-чараларды өткөрүүдө тамак-аш, транспорттук чыгымдар жана кошуунчулардын байланыш чыгымдары:
  • өзгөчө кырдаалдар шарттарында – кошуунчуларга акчалай камсыздандыруу төлөп берүү, азык-түлүк, транспорттук чыгымдар, байланыш чыгымдары.
    1. Токтогул шаарынын  аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ыктыярдуу элдик кошуундарга, Штабга кызматтык колдонууга имарат, транспорт каражаттарын, байланыш каражаттарын жана башка алардын ишмердүүлүгүн ишке ашырууга зарыл болгон мүлктөрдү бериши мүмкүн.
  1. Жыйынтыктоочу бөлүк
    1. Элдик кошуунчулардын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө каршы аракеттер, ыктыярдуу элдик кошуунчулардын коомдук тартипти коргоо боюнча ишмердүүлүгүнө байланышкан аларга зомбулук көрсөтүү, өмүрүнө, ден соолугуна кол салуу, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
    2. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишмердүүлүгүн контролдоону жана колдоо көрсөтүүнү Штаб, Токтогул шаарынын  аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, укук коргоо органдары ишке ашырышат.

Токтогул шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы:                                                 С.К.Наралиева

 

                                                                Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII                                                                              чакырылышынын  24.04.2020-жылдагы

кезексиз  XXIII сессиясынын № 20

токтому менен бекитилди

                                                                                                 2-Тиркеме

Токтогул шаардык кеңешинде каттоого алынган ыктыярчылардын  тизмеси

Аты- жөнү

Кызматы

Туулган жылы

Байланыш телефону

Дареги

Балдар спорт мектебинин тренерлери

1

Майназаров Эсенжан

Директор тренер

1965

0773 34 42 31

0705 11 02 65

Азимкан №19

2

Доронбеков Абдыман

Завуч тренер по в.борьбе

1971

0770 25 68 25

0700 52 23 00

Тынчтык №4

3

Чакиев Бакыт

Тренер по футболу

1977

0777 53 31 62

Шопоков №

4

Кылычов Бекен

Тренер по самбо

1957

0773 75 70 25

Жумаке №

5

Камчыбеков Болот

Тренер по футболу

1980

0777 48 62 99

Кыргызстан

6

Токтогулов Жалын

Тренер по в.борьбе

1986

0773 76 66 76

Шарипова

7

Капаев Руслан

Тренер по т.атлетике

1983

0772 28 28 91

Жакыпов №4

8

Иманалиев Байназар

Зав хоз

1962

0772 27 05 21

Дадиева

9

Асанов Мирбек

Бокс

1971

0702 18 17 41

Болсунбек

10

Ясынахунов Орифжан

Тяж.атлетика

1987

0706 59 50 34

Аралбаев

11

Кенжекулов Адилет

Воль.борьба

1971

0704 38 14 46

Топ База

Токтогул мектебинин мугалимдери

12

Тургунбаев Мамыр

Физрук

1986

0777 50 07 00

Чолпонбай №42

13

Кийизбаев  Миша

Физрук

1953

0778 36 53 73

Аралбаев№9

14

Дүйшөнбеков Кутберген

Физрук

1996

0774 27 64 66

Камбар Ата№114

15

Кийизбаев  Жоомарт

Физрук

1990

0772 44 45 25

Аралбаев №9

16

Тыныбеков  Мирлан

Музыкант

1991

0509 25 29 99

Насыров №22

17

Аскарбеков  Самарбек

Музыкант

1990

0702 03 14 90

Достук №40

Бөкөнбаев мектебинин мугалимдери

18

Тойгонбаев  Максат

Физрук

1972

0500 39 73 39

Бердалиев №39

19

Ажибаев  Абдыкадыр

Физрук

1963

0404 41 05 75

Бердалиев№66

20

Забиров  Евгений Римович

Физрук

1952

0773 73 76 06

Суеркулов №21-1

21

Карымшаков  Жоомарт

Технолог

1967

0778 36 32 10

Кайназарова№4

22

Назаралиев  Анарбек

 

1959

0771 27 37 71

Ботбаев№11

Т.Ормонбеков атындагы лицей мектебинин мугалимдери

23

Чоңгылов  Алманбет

 

1989

0502 89 69 89

Жантөшов№17

24

Карыпбаев  Алтынбек

 

1979

0708 11 30 22

Азимкан №21

            Токтогул шаардык кеңешинин

            жооптуу катчысы:                                                            С.К.Наралиева

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезексиз  XXIII сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2020-жылдын  24- апрели     № 21                            Токтогул  шаары

Муниципалдык менчиктеги кызматтык автоунааны сатууга

макулдук берүү жөнүндө 

  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 23.04.2020-жылдагы 01-34/241 сунушу боюнча. “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча”,  “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр  жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу  комиссияларынын биргелешкен жыйналышынын корутундусун угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жогорудагы туруктуу комиссиялардын корутундусуна ылайык, муниципалдык менчиктеги “ТОЙОТА-КАМРИ” маркасындагы, мамлекеттик номери 0688 DU кызматтык автоунаасын (“Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасына оперативдүү чарбалык башкаруу укугу менен берилген) сатууга макулдук берилсин.
  1. Автоунааны сатуу  иштерине байланышкан төмөндөгү иштер аткарылсын:
  •  атайын комиссия түзүлсүн;
  •  сатуу  баасы комиссия тарабынан аныкталсын;
  • сатуунун жыйынтыгы боюнча кийинки сессияда маалымат берилсин;
  1. Токтогул шаардык кеңешинин төмөндөгү депутаттары комиссия курамына кошулсун:
  1. Момунов Тимурлан Алымович;
  2. Бадыров Мелис Болотбекович;
  1.    Бул токтомду жалпысынан  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).                                                               
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  тиешелүү туруктуу комиссияларга (М.Калмурзаев, К.Дербишев) тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төраганын орун басары:                                Т.А.Раманкулов