• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезексиз  XXV сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2020-жылдын  09-июну     № 23                               Токтогул  шаары

Кыргыз Рсепубликасынын Эл артисти  маркум Э.К. Иманалиевдин  ысымын Токтогул райондук балдар музыкалык мектебине ыйгаруу боюнча

            Кыргыз  Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын жана  Токтогул шаарындагы көчөлөргө, парктарга, мекеме ишканаларга, окуу жайларга ысым ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык, Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т.Т.Жайыловдун 09.06.2020-жылдагы № 936, Токтогул райондук балдар музыкалык мектебинин 08.06.2020-жылдагы № 6 сунуштары  Токтогул шаардык кеңешинин “ Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, калктын  социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам жана жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, чечим кабыл алынган.

            Аталган туруктуу комиссиянын чечимин жана депутаттардын сунуш, пикирлерин  угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын, обончу, дастанчы Иманалиев Элмирбек Калиловичтин кыргыздын маданият жана искусство тармагынын өсүп, өнүгүшүнө  кошкон  зор салымы эске алынсын .
  1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын чечимине ылайык, мындан нары Токтогул райондук балдар музыкалык мектеби “Токтогул райондук Элмирбек Иманалиев атындагы балдар музыкалык мектеби” деп аталсын.
  1. Мектептин  атын өзгөртүүгө  байланышкан алгачкы чыгымдар (мөөр, штамп, уставын өзгөртүү)  жергиликтүү бюджеттен каржылана тургандыгы эске алынсын.
  1. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен макулдашуу жагы Токтогул райондук мамлекетттик администрациясынан суралсын.
  1.  Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков) тапшырылсын,  көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүү мекемелерге жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                         М.Н.Жусупахунов                    

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезексиз  XXV сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2020-жылдын  09-июну     № 24                               Токтогул  шаары

Токтогул шаарындагы А.Суеркулов көчөсүндөгү № 32 үйүнүн

жашоочуларынын арызын кароо боюнча  

            Кыргыз  Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Токтогул шаарынын А.Суеркулов көчөсүндөгү № 32 үйүнүн жашоочуларынын 29.05.2020-жылдагы арызы  Токтогул шаардык кеңешинин 01.06.2020-жылдагы кеңешмесинде КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик экологиялык инспекциясынын Кара-Көл региондор аралык башкармалыктын башкы инспектору Б.Жапаровдун, Токтогул районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын юристи Э.Умаровдун, айрым шаар куруу кеңешинин мүчөлөрү А.Жумабековдун, Т.Сураповдун  катышуусу менен каралып, талкууланды.

            Кеңешменин жыйынтыгын жана башка депутаттардын сунуш-пикирлерин  угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жогоруда аталган жашоочулардын арызында көрсөтүлгөн А.Суеркулов көчөсүнүн № 32 үйүнүн күн батыш тарабындагы жеке ишкерлер тарабынан курулган курулмалар  боюнча  ушул сессияга катышкан тиешелүү мамлекеттик мекемелердин  өкүлдөрүнүн (Б.Жапаров, Э.Умаров, Д.Болгонбеков, мэриянын юристи М.Айтмурзаев)  сунуштары жана пикирлери эске алынсын.
  1. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн даректеги курулмалар боюнча мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу жагы Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков)  милдеттендирилсин.
  1. Аткаруу мөөнөтү 2020-жылдын 15-июлуна чейин  белгиленсин.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга (М.Калмурзаев, У.Тойчубеков) милдеттендирилсин.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүү мекемелерге жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                         М.Н.Жусупахунов