ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2020-жылдын 17-августу № 27 Токтогул шаары
Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 2020-жылдын 6 (алты) ай ичинде аткарган иштери боюнча отчетун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, сырттан инвестиция тартуу боюнча аткарган иштери жөнүндөгү отчету “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча”, “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиялардын биргелешкен жыйналышында каралган.
Сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, сырттан инвестиция тартуу иштери төмөндөп, токтом, протоколдук тапшырмалар тиешелүү деңгээлде аткарылбагандыгы үчүн шаар мэри Б.Т.Болгонбековдун 2020-жылдын 6 ай ичиндеги отчету жалпысынан канааттандырарлык эмес деп табылсын.
- Сессиянын жүрүшүндө айтылган кемчиликтерди жоюу боюнча ыкчам иш-аракеттер көрүлсүн, 1 (бир) айдын жыйынтыгында толук маалымат берилсин.
- Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков) жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (А.Дербишев, М.Калмурзаев, А.Джаныбаева, У.Тойчубеков) тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: М.Н.Жусупахунов
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2020-жылдын 17-августу № 28 Токтогул шаары
2020-жылдын 6 (алты) ай ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 07.02.2020-жылдагы № 06 токтомдун 5-Тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 12.08.2020-жылдагы №01-34/388 сунушу боюнча “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча”туруктуу комиссиянын корутундусун, депутаттардын башка сунуш пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2020-жылдын 6 ай ичинде бюджеттин киреше бөлүгү 21334,3 миң сомго, анын ичинен атайын каражат 2297,3 мин сом, жалпысынан 96,8% аткарылгандыгы, чыгаша бөлүгү 18619,1 миң сомго, анын ичинен атайын каражат 2187,2 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
- Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, шаардык кеңештин 07.02.2020-жылдагы № 06 токтомунун 5-тиркемесине өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу айрым өзгөртүүлөр менен жактырылгандыгы белгиленсин.
- Корутундуга ылайык 6 айдын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана айрым жумуштарды кыскартуудан алынган 5839,7 миң сом ушул токтомдун 1-тиркемесинде ачыкталып берилгендиги эске алынсын.
- 5839,7 миң сомду чыгымдоо ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык жүргүзүлсүн.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык, КОВИД-19 пандемиясы учурунда дем алыш жана майрам күндөрү иштешкендигине байланыштуу, 502,3 миң сом акча каражаты ( анын ичинде 73,9 соцфондго төлөм) шаардык мэриянын жана шаардык кенештин аппарат кызматкерлерине компенсация катары төлөнүп берилгендиги белгиленсин.
- Эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуудагы эмгеги жана үй-бүлөлүк шартына байланыштуу М.Айтмурзаевге 1% резервдик фонддон 16,5 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлсүн.
- Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков) жүктөлсүн.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (А.Дербишев) тапшырылсын.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: М.Н.Жусупахунов
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын
17.08.2020-жылдагы кезектеги XXVIII сессиясынын № 28 токтомуна 1-Тиркеме
6 айдын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана кыскартуудан алынган акча каражаттарынын ачыктамасы
Таблица 1
|
№ |
Мазмуну |
Сумма (миң сом) |
|
|
1 |
Конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы менен |
556, 5 |
|
|
2 |
Мемориалдык доска куруудан (НДСтен) |
113,9 |
|
|
|
Жалпы: |
670,4 |
|
|
|
|
|
|
Таблица 2 |
||||
№ |
Кыскартылган жумуштардын мазмуну |
Статья |
Сумма (миң сом) |
4 |
31-март Нооруз майрамы |
2215 |
40,0 |
5 |
Улуу Ата Мекендик согуштун 75-жылдыгына карата |
2215 |
65,5 |
6 |
19-май Энелер күнүнө карата |
2215 |
36,0 |
7 |
2020-жыл Балдарды колдоо күнүнө карата |
2215 |
31,0 |
8 |
Кесиптик майрамдарга (мугалимдер, медиктер, ж.б) |
2215 |
30,0 |
9 |
Балдарды Чычкан лагерине эс алдыруу |
2215 |
60,0 |
10 |
31-август Эгемендүүлүк күнү |
2215 |
28,5 |
11 |
Коомдук уюмдар (аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши) |
2215 |
40,0 |
12 |
Жаштар комитетинин ар кандай иш чараларынан |
2215 |
100,0 |
13 |
Экрандын үнүн чыгарууга |
2215 |
80,0 |
14 |
Мэриянын имаратынын 3-кабатын курууга |
3111 |
3000,0 |
15 |
Парктагы аллея куруу долбоорун ишке ашырууга өздүк салым үчүн |
3111 |
200,0 |
16 |
Жашылдандыруу көрктөндүрүү Бөкөнбаев көчөсү |
|
400,0 |
17 |
ДЮСШ сапар чыгымдарынан |
2211 |
200,0 |
18 |
Токтогул футбол клубунун сапар чыгымдарынан |
2211 |
250,0 |
19 |
Хорсбол оюнуна катышуучуларды колдоо |
2721 |
50,0 |
20 |
Эпидемиологиялык кырдаалды (КОВИД-19 пандемиясы) жөнгө салууга каралган каражаттан |
|
558 ,3 |
|
Жалпы: |
|
5169,3 |
Төрага: М.Н.Жусупахунов
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 17.08.20-жылдагы кезектеги XXVIII сессиясынын № 28 токтомуна 2-Тиркеме
6 айдын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана кыскартуудан алынган акча каражаттарын чыгымдоо багыттары
№ |
Мазмуну |
Статья |
Сумма (миң сом) |
1 |
Токтогул райондук балдар музыкалык мектебине (атын жаздыруу, печать, штамп, устав жаңыртуу, стенд жасатуу 3 даана |
2215 |
27,9 |
2 |
Э.Иманалиев атындагы Токтогул райондук балдар музыкалык мектебине жабдууларды сатып алууга |
3112 |
58,1 |
3 |
Э.Иманалиевдин ысымы жазылган тактайчаларды даярдоого (30 үйгө, көчөнүн эки башталышына) |
2222 |
15,0 |
4 |
“Күн Нуру” б/б көмүр алууга |
2224 |
25,0 |
5 |
“Наристе” б/б жылытуу системасына керектүу жабдууларга |
2222 |
20,8 |
6 |
“Байчечекей б/б ашканасына керектелүүчү жабдууларга (комфорка, тачка) |
3112 |
27,5 |
7 |
“Байчечекей б/б жылытуу системасына керектелүүчү жабдууларга |
2222 |
36,7 |
8 |
Турдумамбетов атындагы мектепке жылытуу системасына керектелүүчу жабдуулар |
2222 |
6,8 |
9 |
Турдумамбетов атындагы мектепке суу, саркынды суу кетүүчү түтүк орнотууга |
3111 |
100,0 |
10 |
Бөкөнбаев атындагы мектепке суу, саркынды суу кетүүчү түтүк орнотууга |
3111 |
100,0 |
11 |
Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебине жылытуу системасына керектелүүчү жабдууларга |
2222 |
5,2 |
12 |
Мэриянын кызматкерине (соц.адис) процессор алууга |
3112 |
20,0 |
13 |
Суеркулов көчөсүндөгү тренажерду тосмолоо, 1 балдар ойноочу аянтчасын курууга |
3111 |
197,5 |
14 |
Бөкөнбаев көчөсүндөгү тротуардагы люктарды жабууга |
3111 |
60,0 |
15 |
Таласбай кичирайонундагы ФАПтын жылытуу системасын ондоого |
3111 |
85,0 |
16 |
Гүл өстүрүүчү идиш алууга |
3112 |
200,0 |
17 |
Мэриянын имаратына жалюзи алууга |
3112 |
10,8 |
18 |
Мэриянын имаратын оңдоп-түзөөгө |
2221 |
33,2 |
19 |
Асфальтка жол сызыктарын чийүүгө (термопласт) |
2221 |
500,0 |
20 |
Токтогул жазуунун күн батыш тарабына оймо-чийме орнотууга |
3111 |
134,2 |
21 |
Жол томпокторун (лежачий полицейский) орнотууга |
2221 |
200,0 |
22 |
Суу башатын куралдуу кайтарууга (субсидия) |
2511 |
175,0 |
23 |
“Ыңгайлуу шарт” МИ субсидия (жумушчуларына сый акыга) |
2511 |
222,0 |
24 |
Муниципалдык менчиктеги имаратты кароо үчүн айлык акы (келишимдин негизинде 5 айга) |
2111 |
20,0 |
25 |
Архивдик документтерди тигүүгө (таңгактоо) (мэрия, кеңеш) |
2215 |
35,0 |
26 |
Шаардык кеңешке микротик, блок питание (эски ноутбук үчүн) алууга, |
3112 |
11,0 |
27 |
Кичи футбол аянтчасын реконструкциялоого |
3111 |
3000,0 |
28 |
7-кичи районго кайрымдуулук үчүн курулуп жаткан үйлөргө салым кошуу |
2721 |
100,0 |
29 |
“Ыңгайлуу шарт” МИ (2019-жылдагы кредитордук карызы үчүн) |
2215 |
308,0 |
30 |
“Арча Бешик” балдар бакчасы турган үйдүн ижара акысына |
2213 |
105,0 |
|
Жалпы: |
|
5839,7 |
Төрага: М.Н.Жусупахунов