ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  XXVIII сессиясы 

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2020-жылдын  17-августу  № 27                                       Токтогул  шаары

Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 2020-жылдын 6 (алты) ай ичинде  аткарган иштери боюнча отчетун угуу жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык,  Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун   аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, сырттан инвестиция тартуу   боюнча аткарган иштери жөнүндөгү отчету “Экономика, бюджет,  финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча”, “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиялардын биргелешкен жыйналышында каралган.

 Сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги XXVIII сессиясы

                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.       Токтогул  шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, сырттан инвестиция тартуу иштери төмөндөп, токтом, протоколдук тапшырмалар  тиешелүү деңгээлде аткарылбагандыгы үчүн шаар мэри Б.Т.Болгонбековдун  2020-жылдын 6  ай ичиндеги отчету  жалпысынан канааттандырарлык эмес деп табылсын.        
  2. Сессиянын жүрүшүндө айтылган кемчиликтерди жоюу боюнча ыкчам иш-аракеттер көрүлсүн, 1 (бир) айдын жыйынтыгында толук маалымат берилсин.
  1. Бул токтомду  аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков)  жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (А.Дербишев, М.Калмурзаев, А.Джаныбаева, У.Тойчубеков)                          тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

              Төрага:            М.Н.Жусупахунов 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  XXVIII сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2020-жылдын  17-августу  № 28                                Токтогул  шаары

2020-жылдын 6 (алты) ай ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 07.02.2020-жылдагы  № 06  токтомдун  5-Тиркемесине  өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун   12.08.2020-жылдагы №01-34/388 сунушу боюнча “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча”туруктуу комиссиянын корутундусун, депутаттардын башка сунуш пикирлерин  угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги XXVIII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2020-жылдын 6 ай ичинде бюджеттин киреше бөлүгү 21334,3 миң сомго, анын ичинен атайын каражат 2297,3 мин сом, жалпысынан  96,8% аткарылгандыгы, чыгаша бөлүгү 18619,1 миң сомго, анын ичинен атайын каражат 2187,2 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
  1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, шаардык кеңештин 07.02.2020-жылдагы № 06 токтомунун 5-тиркемесине өзгөртүү, толуктоо  киргизүү боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу айрым өзгөртүүлөр менен  жактырылгандыгы белгиленсин.
  1. Корутундуга ылайык 6 айдын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана  айрым жумуштарды кыскартуудан алынган  5839,7 миң сом ушул токтомдун 1-тиркемесинде ачыкталып берилгендиги эске алынсын.
  1. 5839,7 миң сомду чыгымдоо ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык жүргүзүлсүн.
  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык, КОВИД-19 пандемиясы учурунда дем алыш жана майрам күндөрү иштешкендигине байланыштуу, 502,3 миң сом акча каражаты ( анын ичинде 73,9 соцфондго  төлөм)  шаардык мэриянын жана шаардык кенештин аппарат кызматкерлерине   компенсация катары төлөнүп берилгендиги белгиленсин.
  1. Эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуудагы эмгеги жана үй-бүлөлүк шартына байланыштуу М.Айтмурзаевге 1% резервдик фонддон 16,5 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлсүн.
  1.  Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү  Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомдун  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков)  жүктөлсүн.                                                              
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (А.Дербишев) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

                                                                                                 

Төрага:                                   М.Н.Жусупахунов

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 

17.08.2020-жылдагы кезектеги  XXVIII сессиясынын № 28 токтомуна 1-Тиркеме

 

6 айдын жыйынтыгы менен  үнөмдөлгөн жана кыскартуудан алынган  акча каражаттарынын ачыктамасы

                                                                                       Таблица 1                

 

Мазмуну

Сумма (миң сом)

 

 

1

Конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы менен

556, 5

 

 

2

Мемориалдык доска куруудан (НДСтен)

113,9

 

 

 

Жалпы:

670,4

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                          Таблица 2

         

Кыскартылган жумуштардын мазмуну

Статья

Сумма (миң сом)

4

31-март Нооруз майрамы

2215

40,0

5

Улуу Ата Мекендик согуштун 75-жылдыгына карата

2215

65,5

6

19-май Энелер күнүнө карата

2215

36,0

7

2020-жыл Балдарды колдоо күнүнө карата

2215

31,0

8

Кесиптик майрамдарга (мугалимдер, медиктер, ж.б)

2215

30,0

9

Балдарды Чычкан лагерине эс алдыруу

2215

60,0

10

31-август Эгемендүүлүк күнү

2215

28,5

11

Коомдук уюмдар (аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши)

2215

40,0

12

Жаштар комитетинин ар кандай иш чараларынан

2215

100,0

13

Экрандын үнүн чыгарууга

2215

80,0

14

Мэриянын имаратынын 3-кабатын курууга

3111

3000,0

15

Парктагы аллея куруу долбоорун ишке ашырууга өздүк салым үчүн

3111

200,0

16

Жашылдандыруу көрктөндүрүү Бөкөнбаев көчөсү

 

400,0

17

ДЮСШ  сапар чыгымдарынан

2211

200,0

18

Токтогул футбол клубунун сапар чыгымдарынан

2211

250,0

19

Хорсбол оюнуна катышуучуларды колдоо

2721

50,0

20

Эпидемиологиялык кырдаалды (КОВИД-19  пандемиясы) жөнгө салууга каралган каражаттан

 

558 ,3

 

Жалпы:

 

5169,3

 

Төрага:                                             М.Н.Жусупахунов

                                                                    Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII                                                                         чакырылышынын 17.08.20-жылдагы                                                                         кезектеги  XXVIII сессиясынын № 28                                                                         токтомуна 2-Тиркеме        

 

6 айдын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана кыскартуудан алынган  акча каражаттарын чыгымдоо багыттары        

Мазмуну

Статья

Сумма (миң сом)

1

Токтогул райондук балдар музыкалык мектебине (атын жаздыруу, печать, штамп, устав жаңыртуу, стенд жасатуу 3 даана

2215

27,9

2

Э.Иманалиев атындагы Токтогул райондук балдар музыкалык мектебине жабдууларды сатып алууга

3112

58,1

3

Э.Иманалиевдин ысымы жазылган тактайчаларды даярдоого (30 үйгө, көчөнүн эки башталышына)

2222

15,0

4

“Күн Нуру” б/б көмүр алууга

2224

25,0

5

“Наристе” б/б жылытуу системасына керектүу жабдууларга

2222

20,8

6

“Байчечекей б/б ашканасына керектелүүчү жабдууларга (комфорка, тачка)

3112

27,5

7

“Байчечекей б/б жылытуу системасына керектелүүчү жабдууларга

2222

36,7

8

Турдумамбетов атындагы мектепке жылытуу системасына керектелүүчу жабдуулар

2222

6,8

9

Турдумамбетов атындагы мектепке суу, саркынды суу кетүүчү түтүк орнотууга

3111

100,0

10

Бөкөнбаев  атындагы мектепке суу, саркынды суу кетүүчү түтүк орнотууга

3111

100,0

11

Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебине жылытуу системасына керектелүүчү жабдууларга

2222

5,2

12

Мэриянын кызматкерине (соц.адис) процессор алууга

3112

20,0

13

Суеркулов көчөсүндөгү тренажерду тосмолоо, 1 балдар ойноочу аянтчасын курууга

3111

197,5

14

Бөкөнбаев көчөсүндөгү тротуардагы люктарды жабууга

3111

60,0

15

Таласбай кичирайонундагы ФАПтын жылытуу системасын ондоого

3111

85,0

16

Гүл өстүрүүчү идиш алууга

3112

200,0

17

Мэриянын имаратына жалюзи алууга

3112

10,8

18

Мэриянын имаратын оңдоп-түзөөгө 

2221

33,2

19

Асфальтка жол сызыктарын чийүүгө (термопласт)

2221

500,0

20

Токтогул жазуунун күн батыш тарабына оймо-чийме орнотууга

3111

134,2

21

Жол томпокторун (лежачий полицейский) орнотууга

2221

200,0

22

Суу башатын куралдуу кайтарууга (субсидия)

2511

175,0

23

“Ыңгайлуу шарт” МИ субсидия (жумушчуларына сый акыга)

2511

222,0

24

Муниципалдык менчиктеги имаратты кароо үчүн айлык акы  (келишимдин негизинде 5 айга)

2111

20,0

25

Архивдик документтерди тигүүгө (таңгактоо) (мэрия, кеңеш)

2215

35,0

26

Шаардык кеңешке микротик, блок питание (эски ноутбук үчүн) алууга,

3112

11,0

27

Кичи футбол аянтчасын реконструкциялоого

3111

3000,0

28

7-кичи районго кайрымдуулук үчүн курулуп жаткан үйлөргө салым кошуу

2721

100,0

29

“Ыңгайлуу шарт” МИ (2019-жылдагы кредитордук карызы үчүн)  

2215

308,0

30

“Арча Бешик” балдар бакчасы турган үйдүн ижара акысына

2213

105,0

 

Жалпы:

 

5839,7

 

Төрага:                                             М.Н.Жусупахунов