• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезектеги  XXXV сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2021-жылдын  27-апрели      № 14                            Токтогул  шаары

Токтогул шаарынын аймагында үстү жабык кичи футбол аянтча курууга

макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун сунушу боюнча сессиянын жүрүшүндөгү  “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр  жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын жана башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын  сунушун  угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  XXXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги жердин 1500 м2 аянтына үстү жабык кичи футбол аянтчасын курууга макулдук берилгендиги белгиленсин.
  2. Жогоруда курулуш иштерине байланышкан бардык иштер (архитектуралык-пландоо шарттарын, инженердик-техникалык шарттарын алуу, долбоордун сметалык документтерин даярдоо, экспертизадан өткөрүү ж.б.) мыйзамда каралган тартипе тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылсын.
  1. Аталган курулушка керектүү каражат булактарын табуу боюнча иш алып баруу  Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков) милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (М.Калмурзаев)  тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага:                                    М.Жусупахунов

                     Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезектеги  XXXV сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2021-жылдын  27-апрели      № 15                            Токтогул  шаары

  04.02.2021-жылдагы кезектеги XXXII сессиянын 

№ 05, 06 токтомдоруна өзгөртүү  жана толуктоо киргизүү жөнүндө 

  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Бюджеттик Кодекстин талаптарына  ылайык,  жыл башында бөлүнгөн айрым акча каржаттарынын багытын өзгөртүү  зарылчылыгы “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссияларынын мүчөлөрү менен макулдашылды.

Жыйынтыгында, депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  XXXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Жогорудагылардын негизинде, аталган токтомдорго төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • 04.02.2021-жылдагы № 05  токтомдун 2-пунктундагы үстү жабык кичи футбол аянтчасын курууга бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен, долбоордун сметалык эсептөөлөрүнө ылайык,  2 559, 2 миң сом А.Козубеков атындагы Эс алуу багындагы кичи футбол аянтчасын  капиталдык ондоп түзөө иштери үчүн жумшалсын;
  •  04.02.2021-жылдагы № 06  токтомдун 5-тиркемесинин 41-пунктундагы “Бөкөнбаев көчөсүнө муниципалдык базар куруу”  деген сүйлөм “Токтогул шаарынын Коргол көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги 3100 м2 жер аянтына 75 орундуу балдар бакчасын курууга” деген сүйлөм менен алмаштырылсын;
  1. Токтомду  аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков), ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.
  1. Аткарылышын көзөмөлдөө  тиешелүү туруктуу комиссияга (К.Дербишев) милдеттендирилсин.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                         М.Н.Жусупахунов