Токтогул шаардык кеңешинин  XXVIII   чакырылышынын  кезексиз

XXXXI  сессиясы

 

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2021-жылдын  08 -декабры           № 31              Токтогул  шаары

Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин   киреше бөлүгүнүн

 2022-2023-2024-жылдарга  карата  божомолу жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын  статусу жөнүндө”, жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине ылайык, Токтогул шаарынын   жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2022-2023-2024-жылдарга карата божомолу жөнүндө шаар мэри Б.Т.Болгонбековдун  06.12.2021-жылдагы № 614  сунушун угуп жана талкуулап, Токтогул  шаардык кеңешинин XXVIII  чакырылышынын  кезексиз  XXXXI сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул   шаарынын  жергиликтүү  бюджетинин киреше бөлүгүнүн        2022- жылга  карата  болжолдуу  суммасы   53  494,5 миң    сом,   анын ичинен атайын  каражаттар  9  237,8   миң сомго бекитилсин.
  2. Токтогул  шаарынын   жергиликтүү  бюджетинин  киреше  бөлүгүнүн        2023-жылга   болжолдуу  суммасы  54  893,5   сом,  анын ичинен атайын  каражаттар  9  237,8   миң сомго бекитилсин.
  3. Токтогул шаарынын  жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн             2024-жылга   болжолдуу  суммасы   55  911,5     миң сом,  анын ичинен атайын  каражаттар       9  237,8   миң сомго бекитилсин
  4.  Корголгон беренелердин ( эмгек акы, социалдык фондко  чегерүүлөр,    коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр  – электр энергия, суу,   көмүр, отун, тамак аш азыктарын сатып алуу ) чыгашаларын    биринчи кезекте каржылоо жүргүзүлсүн.
  1. Бул токтомдун  аткаруу жагы  Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго жана ФЭБ нүн башчысы  Н.Кулузаковага жүктөлсүн.

      6.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин  бюджет    жана экономика  боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

      7.   Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.

  8.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына    жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага:                                              М.Н.Жусупахунов