• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги

XXXX сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2021-жылдын  25-октябры  № 23                                          Токтогул  шаары

Токтогул шаарында 2021-жылдын 9 (тогуз) ай ичинде аткарылган

 иштер жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2021-жылдын 9 (тогуз) айына жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү боюнча  такталган план 31 742,8 миң сом болуп, аткарылганы 34 635,9 миң сомду түзгөндүгү, тактап айтканда жалпысынан 109% аткарылгандыгы  белгиленсин.
  1. Транспорт каражаттарына салык чогултуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иштер жүргүзүлсүн, жылдын жыйынтыгы менен берилген пландын аткарылышы боюнча маалымкат-негиздеме  берилсин.
  1. Токтогул  шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарылган иштер жөнүндө Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун маалыматы эске алынсын.
  1. 2018-жылдан баштап аткарууга берилген  токтомдор, протоколдук тапшырмалар инвентаризацияланып, тиешелүү иштер жүргүзүлсүн, ушул жылдын жыйынтыгы менен такталган маалымат берилсин.
  1. Бул токтомду  аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков)  милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (А.Дербишев, М.Калмурзаев, Д.Караева, У.Тойчубеков) тапшырылсын.   

   

  1. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 Төрага:                                             М.Н.Жусупахунов   

            Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги       XXXX сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2021-жылдын  25-октябры  № 24                                          Токтогул  шаары

  04.02.2021-жылдагы   №  05, 06 токтомдоруна өзгөртүү

жана толуктоо киргизүү жөнүндө 

 

 Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына ылайык,  Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 15.10.2021-жылдагы чыгыш № 01-34/510-а сунушу боюнча “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги XXXX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2021-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен  конкурс өткөрүүдөн үнөмдөлгөн жана кошумча түшкөн  акча каражаттарын (1-таблицадагы) бөлүштүрүү жөнүндө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу  айрым толуктоолор менен жактырылгандыгы белгиленсин.
  1. Корутундуга ылайык, үнөмдөлгөн жана кошумча түшкөн акча каражаттарын чыгымдоо багыттары ушул токтомдун тиркемесинин 2-таблицасына ылайык жүргүзүлсүн. 
  2.  Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү  Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомдун  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков)  жүктөлсүн.                                                              
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  тиешелүү туруктуу комиссияга (К.Дербишев) тапшырылсын.
  2. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                            М.Н.Жусупахунов                 

                                                         

                                        Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 

25.10.2021-жылдагы кезектеги  XXXX сессиясынын № 24 токтомуна Тиркеме

2021-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана кошумча түшкөн акча каржаттарынын ачыктамасы

                                                                                                    Таблица 1

Мазмуну

Сумма (миң сом)

1

Келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн каражат

20,1

2

Алкоголдук азыктарды сатуу үчүн лицензия алууга

50,0

3

 Автомашиналарды сатуудан

245,0

4

Токтогул, Бөкөнбаев атындагы мектептердин чарбалык товарларынан

20,5

5

Коопсуз шаар үчун 4 даана видео камера орнотуудан

13,9

6

31-август эгемендүүлүк күнүнөн

46,7

7

Карыялар күнүнөн

1,7

8

Мечитке алынган кондиционерден

6,8

9

“Ыңгайлуу шарт” МИ административдик имарат куруудан

344,5

Каралган акча каражаттары  проект боюнча жетишпей,

аткарылбаган иштерден

10

БЧУ имаратынын чатырчасын алмаштырууга

196,0

11

Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин курөш залынын ички потологун оңдоого

150,0

12

А.Суеркулов көчосүндөгү № 32 үйгө тосмо орнотууга

350,0

13

Кайрымдуулук үчүн салынып жаткан үйгө салым үчүн

100,0

 

Жалпы:

1545,2

2021-жылдын 9 (тогуз)  айынын жыйынтыгы менен 1531,6 миң сом акча каражатын чыгымдоо багыттары

                                                                                                               Таблица 2

Мазмуну

статьясы

Бөлүнгөн сумма

1

Токтогул атындагы орто мектебинин электро счетчигин алмаштырууга

3112

21,0

2

“Достук” б/бакчасына (насос, электро тэн )

2222

14,4

3

Д.Турдумамбетов атындагы мектебинин кароолканасын курууга

2221

9,1

4

Д.Турдумамбетов атындагы мектебинин көрнөк-жарнагына

2215

2,8

5

Компьютерлердин запастык бөлүктөрүнө (мэриянын аппараты)

3112

35,7

6

ОсОО “Альбинау” кредитордук карыз үчүн

3111

59,3

7

Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин курөш залынын ички потологун оңдоого

3111

252,9

8

2022-жылга долбоорлорду даярдоого жана топосүрөт

2215

400,0

9

Муниципалдык кызматкерлерге 2021-жылдын октябрь айынан баштап кызматтык окладга 20% үстөк төлөп берүүгө (мэрия, кеңештин профсоюз уюмунун чогулушунун протоколу жана башка тиешелүү мыйзам актыларынын негизинде)

Мэрия

2111

2121

Кеңеш

2111

2121

 

108,0

18,6

 

30,6

5,1

 

 

 

 

10

Мэриянын имаратындагы өрт коопсуздугу боюнча щить алмаштырууга

3112

20,0

11

“Күн Нуру”б/б электр жабдууларын жана чубалгыларын алмаштырууга

2215

87,9

12

“Күн Нуру”б/б көмүр алууга, 5 т х 6,0 с

2224

30,0

13

Токтогул шаарынын тургуну М.Турдахуновага акчалай жардам  (арызынын негизинде)

2721

10,0

14

“Ыңгайлуу шарт” МИ (труба, көчөттөрдү алууга, ж.б)

2215

356,2

15

Токтогул шаарынын тургуну М.Айтмурзаевге материалдык жардам (арызынын негизинде)

2721

10,0

16

Токтогул шаарынын тургуну Т.Шаршеналиевге материалдык жардам (арызынын негизинде

2721

10,0

17

Токтогул шаарында эркин күрөш боюнча кубок өткөрүүгө

 

50,0

 

 

 

 

 

Жалпы:

 

1531,6

 

 

 

 

 

Төрага:                                             М.Н.Жусупахунов

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги

XXXX сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2021-жылдын  25-октябры  № 25                                          Токтогул  шаары

31.05.2018-жылдагы № 03 токтомго өзгөртүү жана толуктоо

 киргизүү жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, 31.05.2018-жылдагы № 03 токтомго өзгөртүү жана толуктоо  киргизүү боюнча депутаттардын  сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги XXXX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 31.05.2018-жылдагы № 03 токтомдун 2,3 пункттарына  төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо  киргизилгендиги эске алынсын.
  1. СДПК фракциясынын депутаты  Тууганбаев Байызбек Болотбекович Токтогул шаардык кенешинин “Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалы, даректүү жардам, коомдук уюмдар,  жумушсуздук, санитардык абал боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына кошулсун.
  1. “Энергетиктер” фракциясынын депутаты Ташболотов Улан Коргонбекович  “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция, этикасы, спорт, жаштар саясаты,  арыздар, каттар, экология, мамлекеттик стандарт, мыйзамдуулукту чындоо, боюнча” туруктуу комиссиянын курамына кошулсун.
  1. Тиешелүү туруктуу комиссиянын иш планына ылайык иш алып баруу жагы жогоруда аталган депутаттарга (Б.Б.Тууганбаев, У.К.Ташболотов)) милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.  
  1. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 Төрага:                                             М.Н.Жусупахунов   

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги

XXXX сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2021-жылдын  25-октябры  № 26                                          Токтогул  шаары

“Токтогул шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жобосунун талаптарына ылайык,   Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 20.10.2021-жылдагы № 01-34/516 сунушу (талапкерлердин документтери менен) “Өз алдынча башкаруу, депутаттын  компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиянын жыйналышында каралып, корутундусу сессияга сунушталган.

Туруктуу комиссиянын чечимин, башка депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап,   Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги XXXX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жогорудагылардын негизинде, “Токтогул шаарынын Ардактуу атуулу” наамын  төмөндөгү 6 (алты)  талапкерге ыйгаруу боюнча макулдашылгандыгы белгиленсин.
  2. Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошкон жана кайрымдуулук иштерди жасагандыгы үчүн  төмөндөгү тургундарга “Токтогул шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
  1. Бактыяров Эркинбек – шаардын жашоочусу, жеке  УЗИ дарыгери;
  1. Ожураев Абдилмолдокан  Зарылканович- шаардын  жашоочусу, Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Токтогул району боюнча региондор аралык башкармалыгынын өрт коопсуздугу боюнча инспектору;
  1. Касымов Дүйшөналы Элгазиевич –шаардын жашоочусу, Токтогул райондук мамлекеттик архивинин башкы казына сактоочусу;
  1. Болжурова Джаныл Садыковна- шаардын  жашоочусу, билим берүүнүн отличниги, учурда ардактуу эс алууда;
  1. Көчөрканова Нурайым-шаардын жашоочусу, Токтогул шаарынын вице-мэри
  1. Каландаров Ахматжан Инамжанович- шаардын жашоочусу, “АС-САФА Борбору” кайрымдуулук фондунун жетекчиси;
  1. “Токтогул шаарынын Ардактуу атуулу” наамына тиешелүү төш белгилерди жана күбөлүктөрдү даярдоо, аларды салтанаттуу тапшыруу аземин  уюштуруу Токтогул шаарынын мэрине  милдеттендирилсин (Б.Т.Болгонбеков).
  2. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (У.Тойчубеков) тапшырылсын.
  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

Төрага:                                              М.Н.Жусупахунов

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги

XXXX сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2021-жылдын  25-октябры  № 27                                          Токтогул  шаары

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  2018-жылдын  03-августундагы   № 10 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарттары жөнүндө” (03.09.2012-жылдагы № 603),   “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” (03.07.2014-жылдагы № 302) токтомдоруна ылайык  кайрадан иштелип чыккан  муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин карап, шаардык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  XXXX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  2018-жылдын  03-августундагы кезектеги V сессиясынын  № 10 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизилсин.
  1. Жогоруда аталган токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасы менен бекитилген Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеси төмөндөгү  8-пункт менен толукталсын, стандарттары ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

8) "Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган жарандарга" муниципалдык кызмат көрсөтүү;

  1. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго  милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобуна (А.Джаныбаева) тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                              М.Н.Жусупахунов

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 

25.10.2021-жылдагы кезектеги  XXXX сессиясынын № 27 токтому менен бекитилди

Тиркеме

8. "Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган жарандарга" муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты.

  1. Муниципалдык кызматтардын паспорту

1.

Кызматтардын аталышы

  1. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабыл жарандарга материалдык колдоо көрсөтүү:
  • дене-бойлук зомбулука
  • психологиялык зомбулука
  • экономикалык зомбулуктарга  кабылган жарандарга реабилитациялоочу борборлоруна баруу үчүн тамак-аш жол чыгымдарына  акчалай материалдык жардам берүү;

2.

Кызмат көрсөтүп жаткан  жергиилктүү өз алдынча башкаруу органдын аталышы

Токтогул шаардык мэриясы

 

3.

Муниципалдык кызматтын пайдалануучулары

 Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган жарандар.

4.

Муниципалдык кызматты алууга укуктук негиздери

 Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30.08. №201 Уй-бүлө кодексинин 1,2 беренесинен, КР. 2017-жылдын 27.04 №63 " Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо" Мыйзамынын 1-беренесине ылайык.

5.

Көрсөтүлүп жаткан муниципалдык кызматтын аяккы натыйжасы

Шаардык мэриянын буйругунун негизинде акча каражатын бөлүп берүү;

6.

Муниципалдык  кызматты көрсөтүү шарттары

Кызмат көрсөтүүлөрдүн ишке ашырылышы:

- шаардык мэриясынан кызмат алуучуларга санитардык гигиеналык талаптарга жооп берген, шарт түзүлгөн жайларды камсыз кылуу;

- имараттын ичинде санитардык гигиеналык шарт түзүү

(ажааткана,  кол жуучу жай ) ж.б у.с;

  Кезексиз тейленет:

7.

Муниципалдык кызматты көрсөтүү мөөнөтү

Тийиштүү документтерди кабыл алуу мөөнөтү – 10-20 минута

Кызмат көрсөтүү мөөнөтү  -  15 күнгө чейин

Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө  - 10 минута

  1. Муниципалдык кызматты алуучуларды маалымдоо

8.

Пайдалануучу көрсөтүлүп жактан муниципалдык кызмат тууралуу маалымдоо

Муниципалдык кызматты алуунун маалыматын алууга:

-  Шаардык мэрияга оозеки жана жазуу түрүндө кайрылуу

   менен;

- Шаардык мэриясынын электрондук сайтынан же болбосо, телефон  байланыштары аркылуу;

 - Шаардык мэриясынын маалымат тактасынан, буклет, брошюралардан;

- Шаардык мэриясынын иштөө мөөнөтү атайын бекитилген графиктин   негизинде мекемеде жана электрондук сайтта

  жайгыштырылган;

Маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде билдирилет

ик жана расмий тилдерде билдирилет.

9.

Муниципалдык кызматты таратуу жолдору

Көрсөтүлгөн МК жөнүндө  маалыматтар төмөндүгүдөй жайылтылат

- Шаардык мэрияга оозеки жана жазуу түрүндө кайрылуу

   менен;

- Шаардык мэриясынын электрондук сайтынан же болбосо, телефон  байланыштары аркылуу;

 - Шаардык мэриясынын маалымат тактасынан, буклет, брошюралардан;

 - Шаардык мэриясынын иштөө мөөнөтү атайын бекитилген графиктин   негизинде мекемеде жана электрондук сайтта

жайгыштырылган;

Маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде

  1. Муниципалдык кызматты тейлөө жана көрсөтүү

10

Кардарлар менен мамиле кылуу

Токтогул шаардык мэриясынын аппарат кызматкерлеринин кызматтык функционалдык милдеттери бекитилип өз компетенциясынын алкагында иш алып баруу;

Ар бир кызматкердин отурган кабинетинин сыртына аты-жөнү, кызмат жөнүндө маалымат тактасын илүү;

Жарандарды кабыл алууда проффесионалдык, этикалык номаларды сактоо, өз ара кызыкчылык кагылышуусун алдын алуу;

11.

Купуялуулукту (конфеденциялдуулук) камсыздоо

Керектөөчүлөргө көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде каралган.

12.

Кызмат пайдалануучу тарабынан керектелген документтердин жана иш аракеттердин тизмеси

МКК гө керектөөлүүчү документтер төмөндөгүчө:

- Кайрылган жарандын тастыктоочу документтери; (паспорт, мед.корутунду, жашагандыгы жана үй бүлө тууралуу тактама.

13.

Акы төлөнүүчү кызматтын баасы

Кызмат көрсөтүүлөр акысыз;

14.

Кызмат сапатынын мүнөздөгүчтөрдү (параметрлери)

МК көрсөтүү төмөнкү критерийлердин негизинде көрсөтүлөт:

 - көрсөтүлгөн стандартын негизинде туура жана өз убагында

берилген шарттардын негизинде кызматтар көрсөтүлөт;

- жашына, улутуна, жынысына, тилине, майыптуулугуна, дин өзгөчөлүгүнө карабастан кызмат көрсөтүлөт;

- кызмат алуу үчүн төмөнкү стандартта көрсөтүлгөн гана документтердин негизинде жарандардан талап кылуу;;

-МК көрсөтүү учурунда кызматкерлердин ар дайым кичи пейилдиги, корректүүлүгү, түшүндүрмө багыт берүү;

- кызмат алуучунун күтүүсү менен акыркы жыйынтыктын дал келиши;

 - жарандардын арыз даттануусу жана сунуштары боюнча китепченин болуусу; 

15.

Кызмат көрсөтүү жолдору, электрондук форматта кызматты көрсөтүү өзгөчөлүктөрү

 Тез жана ыңгайлуу

  1. Муниципалдык кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануунун жол жобосу

16.

Муниципалдык кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу

МК көрсотүүнү төмөнкү учурларда баш тартуу болот:

- төмөнкү стандарттагы 3,6 пункттарына туура келбеген шартта

- төмөнкү стандарттагы 12 пуктундагы көрсөтүлгөн документтери жок болгон шартта;

17.

Даттануунун жол - жобосу

Жаран кызмат көрсөтүүдө нааразы болгон учурда Токтогул шаарынын мэрине  оозеки жана жазуу түрүндө кайрылууга укуктуу.

Жазуу түрүндөгү даттанууда  аты-жөнү, дареги, телефон номери, колу, жылы, айы, күнү  даттануунун мазмуну көрсөтүлөт;

Ыйгарым укуктуу кызматкер арызды бир күндүн ичинде каттоого алат, тийиштүү кызматкерге аткаруу үчүн жолдойт.

Арыз даттанууну кароо үчүн Токтогул шаардык мэриясынын жетекчилиги астында бекитилген тартипте аткарылат.

Жазуу түрүндөгү арыз даттануу катталган күндөн тартып 14 календарлык күндөн ашпоо керек.

Жаран жооп алууда талаш тартыш маселеси туулганда бекитилген тартипте жетекчиликке  кайрылууга укуктуу же болбосо, кабыл алынган чечимге нааразы болгон шартта башка инстанцияларга кайрылууга укуктуу.

18.

Кызмат стандартын кайра карап чыгуу мезгилдүүлүгү

Муниципалдык кызматттардын стандарттарын иштеп чыгуу 3 жылда бир жолу кайра каралууга тийиш.

Төрага:                                                         М.Н.Жусупахунов

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги

XXXX сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2021-жылдын  25-октябры  № 28                                          Токтогул  шаары

Токтогул шаарында  суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация) кызматтарына акы төлөөдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө

даректүү колдоо көрсөтүү жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө” мыйзамдарын аткарууга алуу, “Кедейликти кыскартуунун Улуттук Стратегиясын” жүзөгө ашыруу максатында, Токтогул шаарында  ичүүчү сууга жана саркынды сууларды агызып чыгаруу (канализация) кызматы үчүн бекитилген төлөмгө жеңилдиктерди берүү, жергиликтүү бюджеттен субсидия кароо, калктын орто жана өтө жакыр катмарынын кирешелеренин аныктоо тартибин  иштеп чыгуу үчүн  атайын комиссия түзүлүп, тиешелүү иштер жүргүзүлдү. 

Жогорудагы комиссиянын протоколун карап,  депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  XXXX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация)  кызматтары үчүн акы төлөөгө  шаардагы  орто жана өтө жакыр үй-бүлөлөргө берилүүчү субсидиянын көлөмү жыл сайын Токтогул шаарынын бюджетин кароодо белгиленсин.

2. Субсидияланууга тийиш болгон аз камсыз болгон  үй-бүлөлөргө же жарандарга суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация) кызматтары үчүн керектөөнүн минималдуу социалдык ченеми бюджеттин эсебинен, төмөнкү көлөмдө бекитилсин:

       а)    суу менен камсыздоого – бир суткага 25 литр же айына 0,8 м3;

3.  Суу менен камсыздоо  жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация) кызматтарына акы төлөө үчүн Токтогул шаар аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга субсидия берүүнүн жол-жоболору жана критерийлери жөнүндөгү Жобо”  бекитилсин. (№1 Тиркеме).

4. "Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация) кызматтарына акы төлөөдө субсидия дайындоо  үчүн үй-бүлөнүн (жарандын) орточо жыйынды кирешесин эсептөөнүн тартиби жөнүндө Жобо" бекитилсин (№ 2-Тиркеме).

6. Токтогул шаарынын мэриясы:

-  жыл сайын, белгиленген тартипте,  суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация)   кызматтарына акы төлөө үчүн шаар аймагындагы колдоого муктаж, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын  тизмесин түзсүн;

- Токтогул шаарынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө жана жарандарына Токтогул шаарынын бюджетинин эсебинен суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация) кызматтарына акы төлөөгө социалдык жардам көрсөтсүн;

-  аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация) кызматтары үчүн акы төлөөгө  колдоо көрсөтүүгө багытталган каражаттар, Токтогул шаарынын мэриясынын алдындагы  Токтогул өндүрүштүк –эксплуатациялык “Суу канал” ишканасынын  эсебине  ай сайын  которуп берсин;

 7.  Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесин квартал сайын Комиссияга берип туруу жагы Токтогул райондук  Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынан суралсын.

8. Токтогул өндүрүштүк –эксплуатациялык  "Суу-Канал" ишканасы, берилген  тизменин негизинде,    аз камсыз  үй-бүлөлөргө жана жарандарга суу менен камсыз кылуу  жана саркынды сууларды  чыгаруу (канализация)  кызматтарына акы төлөөдө Токтогул шаарынын бюджетинен берилүүчү  субсидия боюнча  өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзсүн.

  1.  Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Токтогул шаарынын вице-мэрине (Н.Көчөрканова) тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык  кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (У.Тойчубеков) жүктөлсүн.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                              М.Н.Жусупахунов

 

Токтогул шаардык кенешинин 25.10.2021-жылдагы

кезектеги  XXXX  сессиясынын   

№ 28 токтому менен бекитилди

                                                                      Тиркеме 1

“Суу менен камсыздоо  жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация) кызматтарына акы төлөөдө Токтогул шаар аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга субсидия берүүнүн жол-жоболору жана критерийлери жөнүндөгү Жобо”

I.Негизги жобо

Бул Жобо суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды  чыгаруу (канализация)  кызматтарына акы төлөөдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга социалдык  колдоо  көрсөтүү тартибин жөнгө салат.

1. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат::

- жарды үй-бүлө-үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси кепилденген эң төмөнкү кирешеден төмөн болгон үй-бүлө;

- муктаждыкты аныктоо - муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын берилүүчү жөлөкпул дайындоо үчүн зарыл болгон үй-бүлөнүн кирешесинин бардык булактарын изилдөө;

- үй-бүлөнүн жалпы кирешеси - отчеттук мезгил ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн өндүрүштүк иштен алган кирешелери, менчигинен жана күндөлүк трансферттерден (стипендиялар, материалдык жардам жана башка компенсациялык төлөмдөр) алган кирешелер түрүндөгү каражаттарынын суммасы;

- жыйынды кирешени аныктоодо эске алынуучу үй-бүлөнүн курамы, - никеден, туугандыктан же бала асырап алуудан улам келип чыга турган мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга жана милдеттерге байланышкан, чогуу чарба жүргүзүшкөн жана жалпы бюджетке ээ болгон чогуу жашаган адамдар;,

муктаждыкты аныктоо-даректүү социалдык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон үй-бүлөнүн кирешесинин бардык булактарын изилдөө;

- аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту - аз камсыз болгон үй-бүлөнүн курамы, жашоо деңгээли, үй-бүлөнүн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануусу жөнүндөгү анкета, анын негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөгө социалдык жактан колдоо көрсөтүүнүн чаралары иштелип чыгат;

– социалдык маселелер боюнча комиссия-жарандардын социалдык маселелерге тиешелүү арыздарын кароо үчүн Токтогул шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн орган.

2. Токтогул шаарынын аймагында, менчигинин түрүнө карабастан, турак жай фондун үйлөрүнүн бардык түрлөрүндө,  анын ичинде жатаканаларда катталган, жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга минималдуу көлөмдө  суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарына акы төлөөгө  субсидиялар берилет.

3. Токтогул шаардык кенешинин чечиминин мыйзамдуулугун сактоо - субсидияларды алууга укуктуу болгон аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга  бирден бир негизги шарт болуп саналат.  Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу Канал” ишканасынын жана керектөөчүлөрдүн (жашоочулардын) ортосундагы финансылык өз ара мамилелеринин жөнгө салынбагандыгы, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарына акы төлөөдө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга субсидия берүүдөн  баш тартууга же аны кечиктирип берүүгө негиз болушу мүмкүн эмес.

4. Турак жай-коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө мурда жеңилдиктин ордуна акчалай компенсация алган үй-бүлөлөргө жана жарандарга субсидия берилбейт. Турак-жайды жалдоого же ижарага берсе, менчигинде бирден ашык турак-жайы болсо, убактылуу каттоодо турса, ал  жарандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө субсидиялар дайындалбайт.

5.   Субсидия дайындоодо төмөнкүлөр эске алынат:

5.1. Токтогул шаардык кеңешинин токтомунун 2-тиркемесинин негизинде  аныкталуучу   аз камсыз үй-бүлөнүн(жарандын) жыйынды кирешеси;

6. Эгерде, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарына төлөөгө кетүүчү  өзүнүн чыгашалары үй булөнүн же жашоочунун жыйынды кирешесинин  бир айда 3,5 пайызынан ашса, бул үй -бүлө же жаран субсидия алууга муктаж деп таанылат.

II. Субсидияларды берүүнүн тартиби жана шарттары

7. Субсидиялар – арыз берүү принциби менен, турак-жай, тиричилик шарттарын, социалдык паспортун жана арыз ээсинин статусун аныктоочу документтерин текшерүү актысынын негизинде  берилет,  ошондой эле милдеттүү түрдө  шаардагы социалдык өнүгүү башкармалыгында кайрадан катталып туруусу шарт.

         Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандар (мындан ары - жаран) субсидия алуу үчүн Токтогул шаарынын мэриясынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссияга (мындан ары-комиссия) кайрылышат.

8. Субсидия алуу үчүн кайрылган жаран арыз толтурат (ушул Жобого тиркелет), арызга бардык жашы жеткендер, ошондой эле жеке кирешелери бар жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрү дагы кол коюшу керек.

9. Уй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо  эсепке алынчу адамдарга төмөнкүлөр кирет:  атасы, энеси, өгөй ата, өгөй эне, алардын туугандары, асырап алынгандар жана камкордукка алынган  балдар, чогуу жашаган ата-энелери (чоң апалар  жана чоң аталар), жалпы чарба жүргүзгөндөр. Өгөй балдар жана өгөй кыздар чогуу жашаган шартта өз балдары менен бирдей эсептелишет.

10. Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарына акы төлөөгө субсидия үчүн кайрылган  арыз берүүчүнүн  үй-бүлө курамы, ошол кайрылган учурдагы абалы  менен  аныкталат.

12. Жалпы кирешени аныктоодо эсепке алынбай турган  үй-бүлө курамына төмөндөгүлөр кирет:

а) эмгекке жарамдуу курактагы (16 жаштан жогору) иштебеген, окубаган жана калкты иш менен камсыз кылуучу мамлекеттик органдарында белгиленген тартипте катталбаган үй-бүлө мүчөлөрү (ата-энесинен тышкары);

 б) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында  аскердик кызмат өтөп  жаткан үй-бүлө мүчөлөрү;

    в) соттолгон, жаза өтөөчү жайлардагы үй-бүлө мүчөлөрү;

    г) балдар үйлөрүндөгү, интернат үйлөрдөгү жана карылар үйлөрүндөгү мамлекеттин толук  камкордугунда турган үй-бүлө мүчөлөрү;

    д) социалдык тейлөөнүн жеке менчик формасындагы мекемелеринде туруктуу жашаган үй - бүлө мүчөлөрү;

     е) ата-энелик укуктарынан ажыратылган ата-энелер;

    ж) арыз берүүчү адам менен такай чогуу жашаган жана жалпы чарба жүргүзгөн адамдардан башка, арыз берүүчү адам менен туугандык байланышы жок адамдар;

     з) катталган, бирок азыркы учурда өлкөнүн чегинен сыртта иштеп жүргөн адамдар (эмгек мигранттары);

13. Арызга төмөндө көрсөтүлгөн документтер тиркелет:

13.1. Жарандын (анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн), субсидия берүү үчүн кайрылган учурдан    мурдагы үч календардык ай ичиндеги кирешелери жөнүндө документтери, атап айтканда:

-иштеген жеринен эмгек акы жана башка төлөмдөр жөнүндө маалымкат (иштегендер үчүн););

- окуган жеринен стипендия алгандыгы же албагандыгы жөнүндө маалымкат (күндүз  окугандар үчүн);

- калкты социалдык коргоо органынан маалымкат (калкты социалдык коргоо органдарында пенсия жана жөлөкпул алган адамдар үчүн);

- калкты иш менен камсыз кылуу борборунан маалымкат (жумушсуздар үчүн);

- кызмат өтөгөн жеринен маалымкат (аскер кызматчылары үчүн);

- салык кызматынан маалымкат (дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөлөрү, жеке ишкерлер үчүн);

- алынган алименттер жөнүндө маалымкат;

- кирешелердин башка түрлөрүнүн (акциялардан, банктык аманаттардан ж.б.) бар экени жөнүндө маалымкат же алардын жоктугу тууралуу арызда көрсөтүү;

13.2. Аз камсыз болгон үй бүлөгө суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарга акы төлөөгө субсидия дайындоо боюнча  Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун (ТОС өтүнүч каты;

13.3. Ушул Жобонун 12-пунктун эске алуу менен кварталдык/үй комитеттер,  тарабынан берилген үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат.

13.4. Тактама берүү учуруна карата, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматы үчүн тарифтик төлөмдөр боюнча  жарандын (абоненттин) мөөнөтү өтүп кеткен (же жок болгон) карыздарынын бар экендиги, анын өздүк эсебинин бар экендиги  жөнүндөгү Токтогул өндүруштүк-эксплуатациялык “Суу канал” ишканасынан  тактама;

Жогоруда көрсөтүлгөн маалымкаттар бардык мекемелер тарабынан жарандарга акысыз негизде берилет.

13.5. Жарандын жеке документтери:

- жашаган жери боюнча катталган бардык адамдардын паспорттору же болбосо аларды алмаштыруучу (өздүгүн тастыктоочу ) башка документтер;

- суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматы үчүн акы төлөө боюнча  акыркы жылдын квитанциясы;

- пенсиялык күбөлүк ( пенсионерлер үчүн);

- эмгек китепчелери (иштебеген жарандар үчүн , пенсионерлерди кошкондо);

14.   Комиссия жогоруда көрсөтүлгөн тизмеге киргизилбеген башка документтерди жарандан талап кылууга укуксуз.

Комиссия документти кабыл алган датасы, документтери кабыл алынган жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты; документтерди кабыл алган адамдын кызмат орду, фамилиясы көрсөтүлгөн тил катты жаранга берет.

15.  Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматына акы төлөөгө субсидия  берүү боюнча кайрылган жаран   бардык маалыматтарды туура жана тиешелүү түрдө таризделген тартипте берүүгө милдеттүү.

          Эгерде жаран арыз берүү фомасын сактабаса, ушул Жобонун 13 пунктунда көрсөтүлгөн документтер тиешелүү түрдө таризделбеген же өз учурунда берилбеген болсо,  комиссия  субсидия сурап кайрылган жарандын арызын кабыл алуудан баш тартууга  укуктуу.

16.     Жарандын субсидияларды дайындоо үчүн берген документтеринин тууралыгына контролдук кылуу, тиешелүү уюмдарга суроо-талаптарды жөнөтүү укугу  комиссияга жүктөлөт. Комиссиянын кайрылуулары менчигинин түрүнө карабастан мекеме-уюмдар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.

17.   Жаран берген документтердин негизинде, комиссия субсидияларды дайындоо жөнүндө же болбосо зарыл негиздемелер менен баш тартуу тууралу чечим кабыл алат. Арыз берген күндөн баштап бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен комиссиянын чечиминин көчүрмөсү арыз ээсине берилет. Субсидияларды дайындоо жөнүндө комиссиянын чечими кабыл алынган күндөн тартып, жаран жөнүндө маалыматтар шаардын бюджетинин каражаттарынан субсидия берилүүчү жарандардын тизмесине киргизилет, субсидиянын өлчөмүн көрсөтүү менен ага маалымкат берилет.

18.   Субсидиялар жаранга акчасыз/накталай эмес түрдө гана берилет, бул каражат суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарына акы төлөө үчүн гана пайдаланылат.

          Субсидиялардын көлөмүнө барабар суммадагы акча каражаттар Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу Канал” ишканасынын эсептешүү эсебине белгиленген тартипте шаардык бюджеттен келип түшүшүнө жараша которулат.

19.   Жарандын бардык зарыл документтери берилген  айдын 1-күнүнөн тартып 6 айга, ал эми пенсионерлерге 1 жылдык мөөнөткө субсидия дайындалат. Көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин, комиссия, эң башында белгиленген тартипте субсидия алуучу жарандарды кайра каттоодон өткөрөт.

         Эгерде берилген документтерде кирешелер же үй-бүлөнүн курамы жөнүндө  маалымат  белгилүү мөөнөткө жарактуу болсо (айкаштырып иштөө, окуу жайын бүтсө, убактылуу эмгекке жарамсыздык, жумушка орношуу божомолу, иштен чыгуу ж.б.у.с) анда бул жаранга субсидия, кийин кайра каттоодон өтүү шарты менен, бир айдан беш айга чейинки мөөнөткө дайындалышы мүмкүн.

20.  Эгерде жарандын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматына акы төлөөгө карызы болсо, комиссия менен макулдашуу аркылуу, Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу Канал” ишканасы  белгилүү мөөнөттө карызды жоюу боюнча жазуу жүзүндө  макулдук берсе, ал жаран субсидия алууга укуктуу болот. 

21.   Жаран, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматы үчүн, жалпы эсептелген тарифтик төлөм менен чегерилген субсидиясынын ортосундагы айырмага барабар сумманы ай сайын төлөйт.  

          Мында суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн белгиленген социалдык ченемдин  көлөмүнөн ашыкчасы жарандар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен толук көлөмдө төлөнөт.

22.  Жарандын, үй-бүлө курамынын жыйынды кирешеси өзгөргөн   учурларда, эгерде турак жай менчиктештирилген, сатылган, белекке берилсе, кошумча жалдоого, ижарага берилсе, жашаган жери өзгөрсө, ошондой эле субсидия алуу укугуна же анын көлөмүнө  таасир этүүчү башка жагдайлар жаралса, жаран субсидия чегерүүчү комиссияга бир айдын ичинде  милдеттүү  түрдө маалымдашы керек.

          Эгерде жарандын укукка жат иш-аракеттеринен же комиссияга өз убагында билдирбегендигинен,  туура эмес берилген субсидиянын көлөмү, мэриянын чечими менен, субсидия алуучунун өз каражатынын эсебинен ыктыярдуу турдө ордуна коюлат же сот аркылуу өндүрүлөт.

23.  Токтогул өндүруштүк-эксплуатациялык  "Суу-Канал" ишканасы, субсидия берүү жана аны дайындоо менен байланышкан укуктарды жана  милдеттерди ишке ашыруу боюнча мэрияга жана  жарандарга көмөк көрсөтүүсү зарыл.

24.   Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарына субсидияларды берүү маселелери боюнча талаш маселелер, кызматтарга акы төлөөгө субсидияларды берүү маселелерин кароо боюнча шаардын мэри тарабынан түзүлгөн  комиссия аркылуу каралат.

          Комиссиянын чечими аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.

 

III. Субсидиянын көлөмүн аныктоо тартиби

 

25.  Субсидиянын көлөмү,  үй-бүлөнүн жалпы кирешесинин пайыздык бөлүгү катары суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын керектөөнүн бекитилген социалдык ченемдери менен белгилүү бир мезгилге суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарына акы төлөө үчүн бекитилген төлөмдүн суммасынын ортосундагы айырма катары аныкталат.

         Субсидиянын көлөмү (суммасы)  төмөнкү формула боюнча аныкталат:

26.     Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүнү керектөөнүн социалдык ченемдеринин чегинде, субсидиянын көлөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:

        С = ((Sч x СНв/с)хТв/с) + (Sч x СНв/о)хТв/о))

мында, С - Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматына   социалдык ченемдердин минималдык чегинде белгиленген бир айлык  субсидиянын көлөмү;

 Sч -суу менен камсыздоо кызматын колдонгон үй – бүлө мүчөлөрүнүн саны;

СНв/с -  суу пайдалануунун белгиленген социалдык нормасы, бир айда 1 адамга,1м3:

Тв/с-  суу менен камсыздоо кызматы үчүн учурда колдонуудагы тариф,1м3 ;

Sч - саркынды сууну чыгаруу кызматын колдонгон үй–бүлө мүчөлөрүнүн саны;

СНв /о -саркынды сууну чыгаруу боюнча белгиленген социалдык ченем,  ай сайын 1 адамга, 1м3;

Тв /о- 1м3 саркынды сууну чыгаруу кызматы үчүн учурда  колдонуудагы тарифи;

27.  Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын керектөөнүн  социалдык ченеминин чегиндеги субсидия, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматы үчүн иш жүзүндө эсептелген төлөмдүн 50% ашпашы керек, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат:

        а) сууну эсепке алуучу прибордун  (пайдаланылган сууну эсептөөчү прибор) көрсөткүчтөрү   боюнча:

            Пс= С/ ((Р Тв/с) + (Р х Тв /о))

         мында, Пс -кызмат көрсөтүүнүн жалпы көлөмүндөгү субсидиянын үлүшү, пайыз менен;

         С- суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматы үчүн үй-бүлөгө же жаранга  керектөөнүн чегинде белгиленген бир айлык субсидиянын көлөмү, сом менен;

          Р- сууну эсепке алуу приборунун  көрсөткүчтөрү боюнча керектелген суунун көлөмү, 1 ай ичинде/ 1м3;

         Тв / с- 1м3 суу менен камсыздоо кызматы үчүн  колдонуудагы тариф, сом менен;

         Р-сууну эсепке алуу приборунун  көрсөткүчү боюнча саркынды сууну кетирүүгө керектелген суунун көлөмү, бир ай ичинде/1м3;

         Тв /с – 1м3 саркынды сууларды чыгаруу  кызматы  үчүн колдонуудагы тариф, сом менен;

    б) сууну керектөө  жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча  белгиленген ченемдерге ылайык

          Пс= С / ((Nв/с*Sч) +Nпзн) х Тв/с) + (Nосв х Тв/о))

мында, Пс -кызмат көрсөтүүнүн жалпы көлөмүндөгү субсидиянын үлүшү, пайыз менен;

С-суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматы үчүн үй-бүлөгө же жаранга  керектөөнүн чегинде белгиленген бир айлык субсидиянын көлөмү, сом менен;

Nв / с – калктын 1м3 сууну керектөө ченеми, бир айда 1 адамга;

Sч- суу менен камсыздоо кызматын колдонгон үй – бүлө мүчөлөрүнүн саны;

Nпзн– жашыл өсүмдүктөрдү сугарууга, машина жууганга, үй жаныбарлары жана башкалар үчүн  сууну  керектөө көлөмү,бир айда 1 адамга ;

Тв /с- 1метр куб суу менен камсыздоо кызматы үчүн колдонуудагы тариф, сом менен;

Nосв- калк үчүн саркынды сууну агызып чыгаруу  ченеми, 1м3, 1 адамга/ бир айда;

Тв/с-  1 м3  саркынды сууну  агызып чыгаруу кызматы  үчүн колдонуудагы тариф, сом менен ;

28.   Жарандын (үй-бүлөнүн) кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөсү төмөнкүдөй аныкталат:

ПС = П-С,

мында ПС - кызмат көрсөтүү үчүн үй-бүлө каражаттарынын эсебинен акы төлөө;

П-кызмат көрсөтүү үчүн эсептелген төлөм;

         С- субсидиянын эсептелген көлөмү.

29.  Мамлекеттик, коомдук турак жай фондунун үйлөрүндө жана мекеме-уюмдардын менчигиндеги турак-жайларда жашагандыгы боюнча катталган жарандарга субсидияларды төлөө үчүн багытталуучу  каражаттардын булактары  тиешелүү турак жай ээлеринин каражаттары  болуп саналат.  

IV. Субсидияларды берүүнү токтото туруу жана токтотуу

30.   Субсидияларды берүү төмөнкү учурларда токтотулат, эгерде жаран:

          - кайрадан каттоо үчүн маалыматтарды бербесе;

          - жүйөлүү себептерсиз 3 ай мөөнөттүн ичинде суу менен камсыз кылуу жана саркынды  сууларды чыгаруу кызматы үчүн акы төлөбөсө;

       Мындай жүйөлүү себептерге төмөнкүлөр кирет:

          - иштеген мекеме-уюм тарабынан 3 айдан ашык убакытка   эмгек акысын төлөө кечиктирилсе,  2 айдан ашык убакытка пенсия жөлөк-пулдарды төлөө кечиктирилсе, эгерде  эмгек акы, песия, жөлөкпул бул жарандын же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жашоо-тиричилигинин жалгыз каржы булагы болсо;

       -  3 ай ичинде жарандын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн таптакыр кирешеси  жок болсо;

          Комиссия башка жагдайларды дагы  жүйөлүү себептер катары эске алат.

          Кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө субсидияларды берүү аны токтото туруунун себептери четтетилгенден кийин кайра жаңыртылат.

31.    Субсидия берүү төмөнкү учурларда токтотулат, эгерде:

- жаран субсидияларды берүүдөн жазуу жүзүндө баш тартканда;

- жарандын жашаган жери өзгөргөндө;

- жарандын же үй-бүлө курамынын жыйынды кирешеси өзгөргөндө;

- жаран же анын үй-бүлө мүчөсү тарабынан субсидия берүү үчүн так эмес маалыматтар берилсе.

32.  Мэриянын мызмат адамдары ишканалардын, мекемелердин жана менчиктин бардык түрлөрүндөгү башка уюмдардын жетекчилери ушул Жободо айтылган талаптарды кынтыксыз сакташат.

V. Үй-бүлөнүн кирешесин түзүүчү булактарды документ түрүндө тастыктоонун тартиби

34. Субсидияларды берүү үчун арыз менен кайрылган жаран өзүнүн кирешелерин тастыктаган/ырастаган документтерди Комиссияга  берет:

а) негизги иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары), окуган жери боюнча;

б) негизги эмес иштеген ишинен, кызматынан (аскер кызматынан), окуусунан;

в) экономикалык иш (ишкердик) жүргүзүүдөн;

г) айыл чарба иштеринен.

          Кирешелер тууралуу маалымкаттар  берилген күндөн тартып эки айдан ашпаган  мөөнөттө кабыл алынат.

35.     Жарандардын негизги иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары), окуган жерлеринен эмгек акы, стипендия түрүндөгү кирешелери жөнүндө тастыктоочу документ  болуп - алардын  иштеген, окуган, Социалдык фонддун, салык органдарынын жетекчилери, башкы бухгалтери кол коюп, гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн маалымкаттары эсептелет.

       Кирешелер жөнүндө маалымкаттын формасын социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыгат жана бекитет.

36.  Жарандардын негизги эмес  иштеген жери боюнча  алган кирешелери жөнүндө тастыктоочу документ   кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары), окуган жеринен, экономикалык  ишкер (ишкердик жүргүзүүчү) катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн жана  жарандардын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча салык органдары тарабынан берилген,  белгиленген формадагы маалымкат болуп саналат.

37.   Ишканалар, мекемелер, уюмдар жана чарбалар кайрылган учурда, алимент жөнүндө ырастоочу документтерди,  сот органдары аткаруу барагы бар болгон учурда гана беришет.

38.   Жер үлүшүн, короо-жай участогун пайдалануудан, мал чарбачылыгынан  түшкөн кирешени аныктоодо,  айыл чарба жаныбарларынын/мал-жандыктын  санын,  жердин аянтын жана категориясын көрсөтүү менен айыл өкмөтү тарабынан берилген  маалымкат талап кылынат.  

39.   Менчигинин түрүнө карабастан чарба субъекттеринде иштеген жарандар иштеген жериндеги эмгек акысы жөнүндө маалыматтарды аймактык бөлүмгө беришет.

40.    Субсидия берүүдө жарандын орточо жыйынды кирешесин эсептөө тартиби "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29.06.2018-жылдагы №  307 токтому менен бекитилген.

VI. Субсидияларды берүү менен байланышкан чыгымдарды каржылоо

41.  Субсидияларды берүүгө байланыштуу чыгымдарды каржылоо Токтогул  шаардык кеңешинин кезектеги финансылык жылга карата бюджет боюнча чечими менен белгиленген көлөмдөрдө, шаардын бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

                                                                                                                                                         Токтогул шаарынын  жарандарына суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарына акы төлөөдө субсидияларды берүү тартиби  жөнүндө Жобого

Тиркеме

 

Токтогул шаарынын мэриясынын алдындагы Социалдык коргоо комиссиясына

_____________________________________________________________

 

АРЫЗ

 

Мен, ___________________________________________________________

(Аты-Жөнү)

дареги боюнча жашаган: _______________________________________

_____________________________________________________________

Менин  үй-бүлөмө (_______________адамдан турган ) суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматына акы төлөө үчүн субсидия берүүңүздү өтүнөм.

Субсидия алуу укугумду тастыктоо үчүн төмөнкү маалыматтарды билдирем:

1. Бул турак жай мен жана башка үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан кошумча жалдоого жана ижарага берилбейт.

2. Эсептик мезгилдин ичинде,  менде жана үй бүлө мүчөлөрүбүздө ушул арыздын тиркемесинде көрсөтүлгөндөрдөн башка кирешелер болгон эмес.

Мен берген маалыматтар чындыкка туура келе тургандыгын тастыктайм, субсидия  берүү шарттары менен тааныштым жана мага жасалма документтерди, жалган  маалыматтарды бергендигим үчүн колдонуудагы мыйзам талаптарына  ылайык жоопкерчиликтер каралгандыгы жөнүндө эскертилди.

Арызга тиешелүү документтер тиркелет ___________баракта

 1.___________________________________________________________

                                         (документтин аталышы)

_____________________________________________________________

_____________________________________________________________

_____________________________________________________________

_____________________________________________________________

_____________________ ____________ _______________________

арыз берүүчүнүн колу      күнү, айы, жылы              паспорт  сериясы

                                                                                                                                                   (өздүгүн тастыктоочу  күбөлүк),

                                                                                                                                                        катталган жери жана күнү

                                                                                                                                             арыз ээсинин жашаган (катталган) жери

_____________________ ____________ ________________________

_____________________ ____________ ________________________

  колу,                              Аты-жөнү, арыз            айы, кунү, жылы,

                                                                  берүүчү  менен  туугандык                                     паспорт сериясы, №                                                                                                    

                                                                  жайы бар, өз кирешелери бар                 үй булө мүчөлөрүнүн

                                                                   үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү,                              катталган жери жана күнү

                                                                   жашы жеткендер, жетпегендер

                                        

      _____________________ ________________  _____________                                             _____________________       ______________             _____________ 

        ___________________          ______________           ___________  

                    

Үй-бүлө курамы жөнүндө маалымат

 

Үй бүлө мүчөсүнүн аты, атасынын аты

Туулган күнү

Туугандык жайы

Эскертүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматтардын тууралыгын тастыктайм: __________

МП ________________________________________________

        (үй комитетинин, кварталдык комитеттин, турак жай уюмунун кызмат адамынын колу)

Арыз берген айдан мурдагы 6 календардык айдагы эмгек акынын (кирешенин) өлчөмү жөнүндө маалыматтар

 

Алынган кирешенин түрү

киреше суммасы сом менен

Мөөрдүн орду жана кызмат адамынын колу

эскертүү

 

 

Эмгек ишинен алынган кирешелер

 

 

 

 

Аскер кызматчыларынын акысы

 

 

 

 

Социалдык төлөмдөр (пенсиялар, жөлөкпулдар, компенсациялар, стипендиялар)

 

 

 

 

Ишкердик иштен алынган кирешелер

 

 

 

 

 

 

Алимент катары алынган каражат

 

 

 

 

Менчиктен алынган кирешелер (ижара, сатуу)

 

 

 

 

Башка алынган кирешелер

Жыйынтык

 

 

 

 

"___" __________ 200_ г. ___________________

                                           (арыз берүүчүнүн колу)

 

Үй-бүлөнүн орточо айлык жыйынды кирешеси _____________ миң сом

 

"___" __________ 200_ г. __________________________

                                              (комиссиядагы адистин колу)

 

Төрага:                                                           М.Н.Жусупахунов                                     

 

Токтогул шаардык кенешинин 25.10.2021-жылдагы

кезектеги  XXXX  сессиясынын  

№ 28 токтому менен бекитилди

                                                                      

Тиркеме 2

"Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация) кызматтарына акы төлөө үчүн субсидия дайындоо  үчүн үй-бүлөнүн (жарандын) орточо жыйынды кирешесин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобо"

Бул жобо  суу менен камсызоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматына акы төлөөдө жарандарга субсидия берүү үчүн  үй-бүлөнүн (жарандын) орточо жыйынды кирешесин эсептөө тартибин аныктайт.  

I. Жалпы кирешени аныктоодо эсепке алынуучу үй-бүлө курамы

1. Жалпы кирешени аныктоодо эсепке алынуучу үй-бүлө курамы-  никеден, туугандыктан же бала асырап алуудан улам келип чыга турган мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга жана милдеттерге байланышкан, чогуу чарба жүргүзүшкөн жана жалпы бюджетке ээ болгон чогуу жашаган адамдар

2.  Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесинин курамына кирешелердин төмөнкү түрлөрү кирет:

2.1. Негизги иши, кызматы (аскер кызматчылары), окуусу боюнча, эмгек акы, стипендия,   пенсия түрүндө алынган кирешелер;

2.2. Негизги эмес иши, кызматы (аскер кызматчылары) үчүн алынган кирешелер;

2.3. Экономикалык (ишкердик) ишти жүзөгө ашыруудан алынган кирешелер;

2.4. Фермердик, дыйкан чарбаларынын жана башка айыл чарба бирикмелеринин мүчөлөрүнүн жана уюмдарынын жер участокторун пайдалануудан жана айыл чарба жандыктарынан алган кирешелери;

2.5. Жеке көмөкчү чарбадан алынган кирешелер.

II. Негизги иши, кызматы (аскер кызматчылары), окуусу боюнча алынган кирешелер

3. Негизги иши, кызматы (аскер кызматчылары), окуусу боюнча алынган кирешелерге  төмөндөгүлөр кирет:

- кызматкерлердин эмгек акылары,  үстөктөрдү, сыйлыктарды, кызматты айкалыштырганы үчүн эмгек акы, иш стажы үчүн коэффициенттерди жана үстөктөрдү, бийик тоолуу жана алыскы райондордо жана климаттык шарты оор жерлерде иштегени кошулуп эсептелген эмгек акы жана иш орду боюнча башка төлөмдөр;

- акчалай үлүштөр, аскердик наамга жана иштеген жылдарга кошумчалар, ошондой эле аскер кызматчыларына жана аларга теңештирилген адамдарга натуралай үлүштөр же үлүштүн ордуна төлөнүүчү суммалар жана аларга тендештирилген жактарга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү пенсиялар;

- жогорку, орто жана баштапкы кесиптик окуу жайлардын студенттеринин, аспиранттарынын стипендиялары.

III. Негизги эмес  иши, кызматы (аскер кызматчылары), окуусу боюнча  алынган кирешелер

4. Негизги эмес иши, кызматы (аскер кызматчылары), окуусу боюнча алынган кирешелерге төмөнкү кирешелер таандык:

- автордук сый акыктар, ачылыш, ойлоп табуу, өнөр жай үлгүлөрү жана рационализатордук сунуштар, ошондой эле илимдин, адабияттын, искусство чыгармаларын жаратуу, жарыялоо, аткаруу же  башкача пайдалангандыгы үчүн кирешелер;

     - банкка салынган акчалардын проценттери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик  казынасынын милдеттенмелери боюнча утуштар;

- акчалай же натуралай түрүндө мураска калтыруу жана белекке алуу тартибинде алынган суммалар;

- өзүнө менчик укугунда таандык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган суммалар;

- юридикалык жактардын уставдык (уюштуруу) фондундагы үлүштөрүнө ылайык жарандарга акционердик коомдордун акцияларынан түшкөн кирешелерден төлөнө турган дивиденддер;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу алименттер.

IV. Экономикалык иш (ишкердик) жүргүзүүдөн алынган кирешелер

5. Экономикалык иш (ишкердик) жүргүзүүдөн алынган кирешелерге экономикалык ишти (ишкердикти) жүргүзүүнүн негизинде алынган кирешелер кирет, төмөндөгүлөрдүн негизинде:

- юридикалык жак катарында мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк;

- салык органдары тарабынан берилген патент.

6. Экономикалык иштин (ишкердиктин) башка түрлөрүнөн алынган кирешелерге төмөндөгүлөр кирет:

- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү жалдоого (ижарага, прокатка, пайдаланууга) берүүдөн алынган кирешелер;

- териси баалуу айбанаттарды багуудан жана сатуудан алынган кирешелер;

- үй жаныбарларын кайтарып багуу боюнча иштерди аткаруудан алынган кирешелер;

- жер үлүшүн ижарага берүүдөн же ижарага алуудан алынган кирешелер.

V. Фермердик, дыйкан чарбалардын мүчөлөрүнүн жана башка айыл чарба бирикмелеринин жана уюмдарынын жер участокторду жана айыл чарба жаныбарларын пайдалангандыгынан алынган кирешелер

7. Жер үлүшүн пайдалануудан алынган үй-бүлөнүн кирешелери жер үлүшүнөн алынган кирешелердин нормативдерин колдонуу менен эсептелет (1-тиркемеге ылайык).

8. Эгерде жер үлүшү иштетилбей, ижарага берилсе, ал жер үлүшүн ижарага берүү фактысын тастыктаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын - айыл өкмөтүнүн (мындан ары - айыл өкмөтүнүн) маалымкатынын негизинде ижарага берүүнүн себеби жана ижара акысынын суммасынкөрсөтүлөт жана ижара акысынан алынган сумма кирешеге киргизилет.

9. Жер үлүшүн иштетүүгө жана/же аны ижарага берүүгө мүмкүндүк болбогон учурда жер үлүшүнүн иштетилбей жана ижарага берилбей калышынын себептерин көрсөтүү менен айыл өкмөтүнүн маалымкаты талап кылынат. Мындай үй-бүлөгө жөлөкпулду дайындоо тууралуу айыл өкмөтүнүн комиссиясынын сунушу болсо, анда жер үлүшүнөн алынган киреше эсепке алынбайт.

10. Короо жанындагы участоктон алынган кирешелер короо жанындагы участоктон алынчу кирешелердин нормативдерин пайдалануу менен (2-тиркемеге ылайык) эсептелет.

11. Жер үлүшүн пайдалануудан  жана үй жанындагы участкалардан алынуучу кирешелердин ченеми  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин эсептөөлөрүнүн негизинде, калктын айыл чарба иштеринен алынуучу шарттуу кирешелерин баалоо  менен жыл сайын каралат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

12. Эгерде үй булөнүн айыл чарба жаныбарлары бар болсо, аз камсыз болгон, балдары бар  үй-бүлөнүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулга муктаждыгы,  үй-бүлөнүн сандык курамына  жана колдо бар айыл чарба жаныбарларынын санына жараша аныкталат:

- эгерде үй-бүлөнүн сандык курамы 10 адамдан аз (1-9) болсо, 3 жана андан көп ую жана 25 жана андан көп кой жана эчки бар болсо, үй-бүлөнүн жөлөкпул алууга укугу жок ;

-эгерде үй-бүлөнүн сандык курамы 10 адамдан көп болсо, 4 жана андан көп ую жана 35 же андан көп кой жана эчкиси болсо, анда үй-бүлөнүн жөлөкпул алууга укугу жок.

VI. Жалпы кирешени аныктоодо эсепке алынбай турган кирешелердин түрлөрү

13. Үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо эсепке алынбай турган кирешелерге төмөнкүлөр кирет::

- мамлекеттик жөлөкпулдар;

- сөөк коюуга берилчү жөлөкпулдар;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компенсациялык төлөмдөр;

- камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн) кирешелери;

- социалдык коргоо органдары тарабынан бир жолку берилүүчү жөлөкпулдар жана жеңилдиктердин бардык түрлөрү;

- кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул;

- эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпул;

- сапар чыгымдары жана подъемный чыгымдар (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ченемдин чегинде);

- күндүзү окууучу орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттерине   акы төлөө,  башталгыч кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын,  жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын өндүрүштүк практика мезгилинде иштеген ишине, каникул учурунда студенттик отряддын курамында же айыл чарба жумушуна жөнөтүлгөн иш үчун төлөнүүчу акы;

- травма же майыптык алган учурдагы, камсыздандырылган адам каза болгондо, материалдык чыгым же мүлкүнөн айрылгандагы камсыздандыруу суммалар;

- табигый кырсыктарга кабылгандагы, ооруп калгандагы, ошондой эле кызматкер же анын жакын туугандары каза болгонго байланыштуу материалдык чыгымдарынын ордун толтуруу катары кызматкерге көрсөтүлчү материалдык жардамдын суммалары;

- жумушсуздук боюнча жөлөкпул.

 

Жер үлүштөрүн жана үй жанындагы участкалардан пайдалануудан алынуучу кирешелердин ченемдери

 

 

Облустардын, райондордун, шаарлардын, айыл аймактарынын аталышы

жер үлүшүнөн алынуучу ченемдер

Үй алдындагы участоктордон

(1 сотуктан айына/сом менен)

Сугат

(1 сотуктан айына/сом менен)

кайрак жерлер

(1 сотуктан айына/сом менен)

         

 

 

Төрага:                                             М.Н.Жусупахунов                                     

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги

XXXX сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2021-жылдын  25-октябры  № 29                                          Токтогул  шаары

Токтогул, Бөкөнбаев атындагы орто мектептеринен, “Арча Бешик” балдар бакчасынан колдонуудан  чыккан эски отургучтар жана парталар жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Токтогул, Бөкөнбаев атындагы орто мектептеринен, “Арча Бешик” балдар бакчасындагы колдонуудан чыккан эски отургучтар жана парталар жөнүндө  муниципалдык мүлк боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  XXXX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул, Бөкөнбаев атындагы орто мектептеринен, “Арча Бешик” балдар бакчасынан колдонуудан чыккан эски отургучтар жана парталардын саны тактоого алынсын.
  1. Атайын көз карандысыз баалоочунун кызматы аркылуу отургуч, парталардын  мурдагы баланстык баасын эске алуу менен баалансын, Токтогул шаарындагы мектептерге, балдар бакчаларга зарылчылыгына жараша бекер берилсин.
  1. Токтогул районунун башка айылдарынын кайрылууларынын негизинде бааланган баада сатылсын.  
  1. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго  милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга (К.Дербишев, М.Калмурзаев) тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                                    М.Н.Жусупахунов

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги

XXXX сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2021-жылдын  25-октябры  № 30                                          Токтогул  шаары

 

Токтогул шаарында  “Таза суу”  долбоорунун алкагында суу түтүктөрдү ар бир суу пайдалануучунун эшик алдына (дарбазасына) чейин жеткирип берүү боюнча 

Токтогул шаарында Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкы тарабынан каржыланып, ишке ашырылып жаткан “Таза Суу” долбоору боюнча  жаңы суу түтүктөрдү көчөлөргө чейин  гана жеткирүү каралып калгандыгы жашоочуларыбызга жана бузулган жолдорду калыбына келтирүүдө  ар кандый ыңгайсыздыктарды жаратып жаткандыгы жөнүндө  сунуш, өтүнүчтөр айтылып келе жатат.

Ошондуктан, Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга ылайык, шаарыбыздагы жашоочулардын суроо-талаптарын эске алып,  жаңы тартылып жаткан суу түтүктөрүн ар бир үйдүн эшик алдына (дарбазасына) чейин жеткирүү боюнча Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы М.Н.Жусупахуновдун сунушу сессиянын жүрүшүндө  жалпы депутаттар тарабынан ар тараптуу талкууланды.

Жогорудагы талкуунун жыйынтыгы менен, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  XXXX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.   “Таза Суу” долбоорунун алкагында жаңы  суу түтүктөрдү ар бир суу пайдалануучунун  эшик алдына (дарбазасына) чейин жеткирип берүү жөнүндө Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы М.Н.Жусупахуновдун сунушу жалпысынан  колдоого алынгандыгы белгиленсин.
  1. Жогоруда аталган иштерди “Таза Суу” долбоорунун жалпы наркынын 10% (күтүлбөгөн чыгымдар үчүн каралган)  көлөмдөгү  акча каражаттарынын эсебинен  аткарууну тиешелүү мамлекеттик мекеме, уюмдар менен макулдашуу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков), “Токтогул Суу-Канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканасынын жетекчисине (Ч.Анарбаевге) сунушталсын.
  1. Жалпысынан бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго  милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга (К.Дербишев, М.Калмурзаев) тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                       М.Н.Жусупахунов