• Печать

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

РЕГЛАМЕНТИ

I БӨЛҮК.    ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1.   Шаардык кеңеш жана анын иш аракеттеринин негиздери.

2.   Шаардык кеңештин компетенциясы.

II БӨЛҮК. 

 ШААРДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАЛАРЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ

3.                Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары

4.                Шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери.

5.                Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары.

6.                Депутаттык фракция.

III  БӨЛҮК.

  ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЖАЛПЫ ИШ ТАРТИБИ

7.                Шаардык кеңештин биринчи сессиясы.

8.                 Шаардык кеңештин ишин пландоо.

9.                Сессиядагы маселелерди даярдоонун жана кароонун тартиби.

10.              Шаардык кеңештин сессиясын өткөрүүнүн тартиби.

11.              Добуш берүү жана чечимдерди кабыл алуунун тартиби.

12.              Шаардык кеңештин отурумдарынын токтомдору жана стенограммасы.

13.              Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары.

IV БӨЛҮК.

  КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРДЫН КАГЫЛЫШУУСУ ЖАНА ДЕПУТАТТЫК ЭТИКА

14.              Кызыкчылыктардын кагылышуусу.

15.              Шаардык кеңештин имаратында тартипти жана депутаттык этиканы сактоо.

16.              Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар.

V  БӨЛҮК.

 ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК, МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР ЖАНА ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕ

17.              Эл аралык кызматташтык, жергиликтүү кеңештер аралык кызматташтык. 

18.              Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиптери жана ыкмалары.

19.       Шаардык кеңештин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коомдук  уюмдары   менен өз ара аракети жана кызматташтыгы.

VI  БӨЛҮК.

 ШААРДЫК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ.

20.  Шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүүнүн тартиби.

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1.   Шаардык кеңеш жана анын иш аракеттеринин негиздери.

  1. Токтогул шаардык кеңешинин Регламенти (мындан ары - Регламент)  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамдарынын жана башка  мыйзамдардын негизинде Токтогул шаардык кеңешинин иш аракетин, иш кагаздарын жүргүзүүнү мыйзам чегинде уюштуруу максатында иштелип чыкты жана мындан ары шаардык кеңештин жана анын аппаратынын ишмердүүлүк тартиби ушул Регламент менен аныкталат.
  2. Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына ылайык шаардык кеңеш  жергиликтүү өз алдынча  башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп эсептелет. Шаардык кеңеш шаардын аймагында жашаган жашоочуларынын тике, тең  укуктуу катышуусунун жана жашыруун добуш берүүсүнүн негизинде 4 жылга шайланган 31 депутаттан турат.
  3. Шаардык кеңеш өзүнчө юридикалык  жак статусуна ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде өз компетенциясына  тиешелүү  маселелерди өз алдынча чечет, кабыл алган чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат, ошол чечимдердин иш жүзүнө ашырылышын көзөмөлдөйт.
  4. Шаардык кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, ченемдик укуктук акылары токтом түрүндө, башка актылары –буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчко ээ. 
  5. Шаардык кеңештин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы --сессия болуп эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү ушул регламент менен аныкталат.
  6. Шаардык кеңештин ишмердүүлүгү мыйзамдуулук, ачык айкындык, өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында аткаруу, шайлоочулардын алдында жоопкерчиликтүүлүк, коллегиалдуулук, саясий көп түрдүүлүк, объективдүүлүк, депутаттардын өз ыйгарым укуктарынын чегинде чечимдерди эркин кабыл алуу жана талкуулоо принциптерине  негизделет. Маселелерди талкуулоодо чакырылган тараптар катыша алат. Шаардык кеңештин сессиялары ачык өткөрүлөт.
  7. Шаардык кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү»,  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарынын жана башка нормативдик укуктук актыларында жана ушул Регламент менен бекитилген тартиптин негизинде  өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин тоскоолдуксуз ишке ашырууга укуктуу.

2.   Шаардык кеңештин компетенциясы

 2.1.  Шаардык кеңештин компетенциясы  Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», “Жергиликтүү кеңештин  депутаттарынын статусу жөнүндөгү””Муниципалдык мүлктү башкаруу жөнүндө”мыйзамдарына ылайык аныкталат жана чечилет:  

1)   жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;

2)  жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө  ар бир жарым жылдыкта  мэрдин отчетун угуу, бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана

     бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы, сырттан инвестициянын тартылышы, сатып алуулардын жүрүшү  жөнүндө ар бир кварталда маалымат угуп туруу;

3) мэриянын алдындагы муниципалдык ишканалардын (“Ыңгайлуу шарт” МИ, Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык  “Суу канал ” ишканасы) жетекчилеринин кварталдык маалыматтарын  угуу,  алардын иштерин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;

4) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышы жана жалпы аткаруу органынын иши  жөнүндө мэрдин отчетун угуу;

5)  жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча  жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;

6) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;

7)   жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;

8)  тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

9) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;

10) кеңештин регламентин кабыл алуу;

11) аткарылган жумуштардын сапатына көнүл бөлүү менен өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу,

12) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;

13) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;

14) расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;

15) ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;

16) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү;

17)  бюджетти, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам жергиликтүү өз алдыча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;

18) мониторинг жана баалоо тобун тузүү, топтун иш планына ылайык иш алып баруу;

19) жарандардын укуктарынын бузулушу же башка мыйзам бузуулардын бети ачылганда, укук бузууну токтотууну талап кылуу;

20) жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.

II. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАЛАРЫ  ЖАНА ОРГАНДАРЫ

3.  Шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басары, аларды шайлоо тартиби,  

иш милдеттери жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуу шарттары

  1. 1. Шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүнүн, добуш берүүнүн тартиби жана шайлоонун дагы башка жол-жоболук маселелери  Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык иштелип чыккан кеңештин ушул регламенти менен  аныкталат.
  2. 2.Шаардык кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында көпчүлүк  фракциялардын депутаттарынын ичинен же көпчүлүк фракциялардын коалициясы аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Төраганы шайлоо боюнча жабык добуш берүү тартиби ушул регламентте 11-бапта аныкталган негиздерде жүргүзүлөт.

 

3.3   Шаардык кеңештин төрагасынын иш милдеттери:

- шаардык кеңештин сессияларын, кеңешмелерин чакырат жана алардын жүрүшүн алып барат;

- шаардык кеңештин сессиясында кароого маселелерди даярдоону жалпы жетектөөнү жүргүзөт;

- шаардык кеңештин токтомдоруна жана шаардык кеңештин буйруктарына кол коёт жана шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдорунун жана буйруктарынын аткарылышына көзөмөлдүк кылат;

- шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын иш-аракеттерин координациялоо ишин жүргүзөт, мында ачык айкындуулукту, коомдук пикирди эске алууну камсыз кылууну уюштурат;

- шаардык кеңештин аппаратынын иш-аракеттерин мыйзам талаптарына ылайык жалпы жетектейт, зарылчылыкка байланыштуу аппарат кызматкерлерине тишелүү   буйруктарга кол коет;

- Кыргыз Республикасында жана андан сырткаркы чектерде шаардык кеңеш менен бийликтин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер жана уюмдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен өз ара аракеттерди камсыз кылат;

 - шаардык кеңешке бөлүнгөн каражаттарды максатуу пайдаланышын камсыздайт;

- шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин депутаттарынын алдында отчеттуу.  Жыл сайын шаардык кеңештин сессиясында өзүнүн ишмердүүлүгү, шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишин уюштуруусу тууралуу отчет берет;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.

  3.4. Шаардык кеңештин төрагасы ыйгарым укуктарын төмөнкү учурларда токтотот:

-депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшырган учурда;

-өз арызынын негизинде кеңештин төрагалык кызматын аткаруудан баш тартканда;

-кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин же жергиликтүү кеңештин фракциясынын демилгеси боюнча, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен;

 

3.5.   Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары:

         Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары сессияда депутаттардын ичинен көпчүлүк жана азчылык коалициядан бирден, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү менен шайланышат.

3.6.   Орун басар кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт,    кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу орун басар кызмат ордунан  бошотулушу мүмкүн.

3.7. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары жүктөлгөн иш милдеттерди  коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.

 

4.   Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

4.1. Туруктуу  комиссиялардын ыйгарым укуктары жана жыйналыштарын өткөрүү тартиби  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 36-37-беренелери менен аныкталат. 

4.2.Туруктуу комиссиялардын сандык курамы,  алардын төрагалары, орун басарлары кеңеш тарабынан сессияда аныкталат.  Туруктуу комиссиялардын катчылары алардын ички жыйналышында аныкталат.

4.3. Өз ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде кеңеш  жаңы туруктуу комиссияларды түзүүгө, мурда түзүлгөндөрүн жоюуга же өзгөртүп түзүүгө, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.

4.4. Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарынын протоколдору тиешелүү материалдары менен жалпы депутаттардын кароосуна сунуштоо үчүн шаардык кеңештин аппаратына берилет.

4.5. Иштин жагдайына, зарылчылыгына жараша шаардык кенеш убактылуу комиссияларды түзө алат.

   Убактылуу комиссия   түзүү  жөнүндө токтом төмөнкүлөрдү     камтыйт:
-  комиссиянын аталышын;
-  комиссияны түзүүнүн  максатын;
-  сандык       курамын, төрагасын, катчысын дайындоону;
-  анын   иштөө   мөөнөтүн;
-  тапшырылган маселелерди кароонун  натыйжалары жөнүндө   баяндама  берүүнүн  мөөнөтүн;
- комиссиянын иштөө мөөнөтү ал түзүлгөн күндөн тартып 10 күндөн  ашышы мүмкүн эмес.

 - комиссиянын  иштөө  мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынат. 

5. Шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери

5.1. Шаардык кеңештин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын, Эмгек  Кодексинин талаптарына ылайык өз иш милдеттерин улантышат.

Жооптуу катчы:

  1. 2.  Жооптуу катчы өзүнүң функционалдык милдеттерине ылайык төмөндөгүлөргө милдеттүү:
  • депутаттарды өз ыйгарым укуктарын аткарууда керектүү маалыматтар менен камсыз кылат, тренингдерди, бюджеттин эсебинен окутууларды  уюштурат;
  • шаардык кеңештин иш  планынын аткарылышы боюнча иш алып барат.
  • шаардын туруктуу жана убактылуу комиссиясынын ишинде өз ара кызматташат.
  • шаардык кеңешке келип түшкөн документтердин катталышын жана аткарылышын көзөмөлдөйт;
  • шаардык кеңештин сессияларынын материалдарын даярдайт жана аларды шаардык кеңештин депутаттарына өз убагында жеткирилүүсүн көзөмөлдөйт;
  • сессиянын жүрүшүнүн протолколун жазат;   
  • сессиянын ишине депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын, өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилерин жана башка тараптарды чакырууну уюштурат;
  • шаардык кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомдорду каттоого алат; мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн облустук юстиция менен иш алып барат;
  • квартал сайын кабыл алынган токтомдорду, протоколдук тапшырмаларды инвентаризациялайт, алардын аткарылышы боюнча маалымат даярдайт;
  • шаардык кеңештин ишмердүүлүгүнө байланышкан сунуштарды, буйруктарды даярдайт;
  • протоколдук тапшырмалардын, токтомдордун өз убагында аткарылышына жетишүү үчүн үчүн төрага жана туруктуу комиссиялар менен иш алып барат; 
  • шаардык кеңештин аппарат кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөйт, алардын башка функционалдык милдеттерине ылайык иш алып барат;

 

Башкы адис жана жетектөөчү адис:

  1. 3.Шаардык кенештин төрагасы тарабынан бекитилген функционалдык милдеттерине ылайык иш алып барышат жана жумуштун зарылчылыгына байланыштуу төраганын жана жооптуу катчы тарабынан берилген кошумча милдеттерди аткарышат.

6.  Депутаттык фракциялар жана коалициялар

  1. 1.Депутаттык фракция – бир партиядан шайланган депутаттардын тобу.
  2. 2.Жаңыдан шайланып келген депутаттар депутаттык фракциянын атын, курамын, жетекчинин аты-жөнүн көрсөтүү менен фракция түзүлгөндүгү тууралуу чечимин шаардык кеңештин аппаратына берет.
  3. 3.Фракциянын иш тартибин жана фракциядан депутаттын чыгып кетүү шарттарын фракция өзү аныктайт.
  4. 4.Депутаттык фракциялар тең укуктарга ээ.
  5. 5 Фракцияны ал шайлаган лидер жетектейт жана анын ыйгарым укуктары:                           1) шаардык кеңеште жана анын чегинен тышкары фракциянын атынан  чыгат;                       2) фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;                                                            3) фракциянын чечимдерине кол коёт;                                                                                         4) ички фракциялык тартипти контролдоону жүзөгө ашырат;                                                        5) фракциянын чечими боюнча шаардык кеңештин түзүмдөрүнө                        (коммиссияга) талапкерлерди сунуш кылат;                                                                                    6) фракциянын чечимдеринин аткарылышын контролдойт;                                                         7) фракциянын чечими боюнча жыйналышта талкууланып жаткан маселе боюнча анын саясий көз карашын жарыялайт;
  6. фракциянын чечими боюнча жыйналышта фракциянын коалицияга киргени жөнүндө жарыялайт; 
  7. шаардык кеңештин жетекчилиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү администрациялар менен фракциянын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат; 
  8. эсептөө комиссиясынын курамына өкүлдөрдү сунуш кылат;
  9. шаардык кеңештин, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарына, ошондой эле шаардык кеңештин иш-чараларына фракциянын мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылат; 
  10. фракция өзүнүн ишмердүүлүгүн негиздеген жобо кабыл алат. Жобонун мазмуну ушул Регламентке карама-каршы келбөөгө тийиш.
    1. Фракциялардын коалициясы - депутаттардын фракцияларынын ыктыярдуу биригүүсүн билдирген макулдашуунун же болбосо жобонун негизинде түзүлгөн депутаттардын көпчүлүгү.
    2. Коалицияны фракциялардын лидерлери тарабынан биргелешип шайлаган төрагасы жетектейт.
    3. Коалицияга кирген фракциялардын ортосунда макулдашуу түзүлөт, макулдашуу түзүлгөн жери, күнү, айы, жазылат жана макулдашууга коалицияга кирүүгө макул болгон фракциялардын лидерлери кол коюушат, мөөр менен күбөлөндүрүшөт. Бир нускасы шаардык кеңеште сакталат.  

Коалициянын макулдашуусу төмөндөгүлөрдү камтыйт:

-фракциялардын позицияларынын макулдашылгандыгын;

-коалициянын ишмердүүлүгүнүн принциптерин;

-коалициянын чечимдерин кабыл алуунун тартибин;

-коалициянын ишин токтотуу шарттары;  

Коалиция төмөндөгү учурларда ишин токтотот:

-фракция же болбосо фракциялар коалициядан чыгуусун жарыялаганынын  негизинде;

-эгерде коалициянын жетекчилиги коалицияны таратуу жөнүндө чечим кабыл алса;

  1. Фракциялардын көпчүлүк коалициялсына кирбеген фракция жана  фракциялар азчылык деп эсептелинет. Азчылыктын фракциясы же фракциялары өздөрүн оппозиция катары  жарыялагандан кийин статуска ээ болот.
  2. Оппозицияга кирген фракциялардын мыйзамда көрсөтүлгөндөн башка кепилдиктери:

1) төраганын орун басарынын кызмат ордуна; 
2) мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына тең жеткиликтүүлүккө;
3) эсептөө комиссиясынын курамына талапкерин сунуштоо; 

  1. Фракция, фракциялар же алардын коалициясы шаардык кеңештин жыйналышында оппозиция статусунан баш тартканы тууралуу же көпчүлүктүн коалициясынын курамына киргени жөнүндө расмий жарыялаган учурдан тартып, оппозиция статусун жоготот.

III. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЖАЛПЫ ИШ ТАРТИБИ.

 

7. Шаардык кеңештин биринчи сессиясы

 

  1. Шаардык кеңештин уюштуруучулук-укуктук ишмердүүлүгүнүн формасы сессия болуп эсептелет. Шаардык кеңештин сессиясын өткөрүү, күн тартибиндеги маселелерди кароо тартибин шаардык кеңештин ушул Регламенти аныктайт.
  2. Жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи уюштуруу сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү жергиликтүү кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.
  3. Шаардык кеңештин биринчи сессиянын күн тартибине кеңештин Регламентин бекитүү маселеси, кеңештин төрагасын жана орун басарын шайлоо, структуранын түзүлүшү, туруктуу комиссиялардын түзүлүшү, алардын төрагаларын, орун басарларын шайлоо жана шаардык кеңештин иштерине байланыштуу башка маанилүү маселелер коюлат.  

 

8. Шаардык кеңештин ишин пландоо

 

  1. Шаардык кеңештин иш планы бир жылга түзүлөт. Иш план жылдык жана кварталдык планга бөлүнөт.  Шаардык кеңештин иш планынын доолбооруна даярдыкты шаардык кеңештин аппараты ишке ашырат.
  2. Шаардык кеңештин иш планынына маселелерди киргизүүгө шаардык кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, депутаттык фракциялар, төрага укуктуу.
  3. Шаардык кеңештин бекитилген иш планына жаңы маселелерди киргизүү же алып салуу, өзгөртүүлөр шаардык кеңештин токтомдору менен жол жоболоштурулат.

 

9. Сессиянын күн тартибине маселелерди сунуштоо жана аларды кароо тартиби

 

  1. Бул Регламент менен белгиленген тартипте шаардык кеңештин кароосуна мэрия тарабынан киргизиле турган иш кагаздар пакети төмөнкүлөрдү камтуусу керек:
  • сессиянын күн тартибине сунушталуучу маселенин тизмеги, сессияда сүйлөй турган баяндамачылардын аты-жөнүн көрсөтүү менен  шаар мэринин  кол койгон коштоочу каты;
  • маселе материалдык / финансылык ресурстардын түшүүсүнө же чыгымдалышына байланышкан  болгон учурда, анда иштеп чыккандар тарабынан тийиштүү эсеп-кысабын көрсөтүү менен экономикалык негиздеме;
    1. Шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибине сунушталуучу маселелердин пакети 2 (эки) жума  мурда, кезексиз сессияга сунушталуучу документтер 1 (бир) жума мурда кеңештин кароосуна берилет.
    2. Жергиликтүү бюджеттин жана социалдык-экономикалык программанын аткарылышы боюнча шаар мэринин 6 (алты) айлык, 1 (бир) жылдык отчетторуна, жыл башында бюджетти бекитүүгө  тиешелүү материалдар ар бир депутаттын кароосу үчүн өзүнчө,  атайын делолорго тиркелип берилет.
    3. Шаардык кеңештин депутаттары сессиянын кароосуна киргизилген маселелер  боюнча жогоруда белгиленген мөөнөттө алдын ала кабардар болууга тийиш.
    4. Сунушталган маселелердин бардыгы тиешелүүлүгүнө жараша алдын ала туруктуу комиссиялардын кароосуна берилүүсү зарыл. Каралуучу маселелер  шаардык кеңештин аппараты тарабынан шаардык кеңештин төрагасынын визасы менен  тиешелүү туруктуу комиссияларына жөнөтүлөт. Бир нече туруктуу комиссиянын кароосуна тиешелүү маселелер, туруктуу комиссиялардын биргелешкен жыйналышында каралат.
    5. Шаардык кеңештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралып, чечим кабыл алынгандан кийин гана жалпы депутаттардын кароосу үчүн сессияга сунушталат.
    6. Сессиянын күн тартибине маселелерди шаардык кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялар, депутаттардын тобу, шаардын мэри киргизе алат.

 

 

10.  Шаардык кеңештин сессияларын өткөрүү тартиби

 

  1. Шаардык кеңештин сессиясы  квартал сайын бир жолудан кем эмес иш планга ылайык/жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча шаардык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат.
  2. Шаардык кеңештин кезектеги сессиясын чакыруу жөнүндөгү маалымат депутаттарга жана калкка сессия башталарына 4 (төрт) күн калганда ал эми кезексиз сессияга 2 (эки) күн калганда жеткирилет. Чакыруу барагында сессияны өткөрүү мөөнөтү (күнү, жылы, сааты), орду жана күн тартибине киргизилген маселелердин аталыштары көрсөтүлүп,  күн тартибиндеги маселелерге тиешелүү материалдар тиркеме түрүндө жөнөтүлөт.
  3. Жергиликтүү кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын  жарымынан көбү катышса укук ченемдүү болот. Жергиликтүү кеңеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
  4. Шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери шаардык кеңештин сессиясынын уюштуруу-техникалык камсыздоосун ишке ашырат жана:
  • депутатттарды долбоорлор, кезектеги сессиянын күн тартибиндеги маселелер боюнча документтер, башка керектүү маалыматтар менен камсыз кылат;
  • шаардык кеңештин депутаттарынын көрсөтмөлөрү менен, сессиянын кароосуна киргизилген маселелерди талкуулоодо катышуусу зарыл тараптарды сессияга чакырат;
  • депутаттарды каттоодон өткөрөт;
  • сессиянын протокол, стенограммаларын даярдашат;
  • шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган документтерди тартипке келтирип, аларды чыгарууну ишке ашырат.
    1. Шаардык кеңештин сессиялары айрым бир маселелерди кароодо жабык өткөрүлүшү мүмкүн.
    2. Шаардык кеңештин сессияга катышкан депутаттарынын саны каттоонун жыйынтыгы боюнча гана аныкталат. Депутаттарды каттоо ар бир сессиянын алдында башталып, каттоонун башталыш жана аяктоо убактысын көрсөтүү менен жүргүзүлөт. Каттоо барагы кеңештин аппаратында сакталат.
    3. Системалуу түрдө белгисиз себептер менен сессияга, кеңешмелерге, жыйналыштарга келбеген депутаттар боюнча, тиешелүү туруктуу комиссияда шаардык кеңештин чечими менен, фракциялардын лидерлерине билдирилет жана депутаттардын шаардык кенештин ишине катышуусу интернет булактары аркылуу   жарыяланып турат.
    4.  Шаардык кеңештин сессиясына катышпаган депутаттын белгилүү бир себептери – ооруп калуу, иш сапары  жана уруксат алуу болуп эсептелет.
    5. Шаардык кеңештин сессиясын төрага алып барат. Ал жок болгон учурда анын орун басары же шаардык кеңештин протоколдук чечими менен кайсы бир депутат алып барат.
    6. Шаардык кеңештин төрагасы, орун басары, шаардын мэри алдын-ала жазылуусуз эле кезексиз сөз алып сүйлөөгө укугу бар.
    7. Сессияны алып баруучу төрага күн тартибине ылайык маселелер боюнча чыгып сүйлөгөндөрдүн докладдарынын маанисине, мазмунуна, сүйлөө убактысына жана зарыл болгон учурда булар тууралуу чыгып сүйлөгөндөргө эскертип, көз салып турат.
    8. Сессияга төрагалык кылуучу катышкан депутаттардын санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен сессиянын күн тартибине киргизилген маселени талкуулоонун, суроолорго жана жоопторго берилген убакыттын жалпы узактыгын белгилешип, чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын узартуусу мүмкүн.
    9. Негизинен баяндамалардын, кошумча баяндамалардын, корутунду сөздөрдүн жана башка чыгып сүйлөөлөрдүн узактыгы төмөндөгүчө белгиленсин;
  1. баяндама үчүн - 10 мүнөткө чейин;
  2. кошумча баяндама үчүн - 5 мүнөткө чейин;
  3. жарыш сөздө сүйлөө үчүн - 3 мүнөткө чейин;
  4. ар кыл маселелерде чыгып сүйлөөлөр үчүн - 2 мүнөткө чейин;
    билдирүүлөр үчүн, суроолор жана аларга жооптор үчүн, сунуштар, кабарлоолор, маалымдамалар үчүн - 2 мүнөткө чейин.
  5. корутунду сөз үчүн - 5 мүнөткө чейин.
  6. шаардык кеңештин чечими боюнча чыгып сүйлөө үчүн фракцияларга 5 мүнөткө чейин;.
    1. Белгиленген убакыт аяктагандан кийин төрагалык кылуучу бул тууралуу чыгып сүйлөөчүгө  эскертет, андан кийин анын сөзүн токтотууга укуктуу, өтө зарыл болгон учурда, баяндамачы оюн жыйынтыктап берүүсү үчун, төрага 2 мүнөткө чейин гана убакытты узартып бере алат.
    2. Шаардык кеңештин сессиясында төраганын укуктары:
  • эгерде чыгып сүйлөгөндөр Регламентти бузса, күн тартибинен тышкары сүйлөсө, жүрүш-туруш этикасынын эрежелерин сактабаса, аларды ошол сессиянын аягына чейин сөз сүйлөө укугунан ажыратат;
  • маалымдамалар боюнча депутаттарга кайрылат;
  • пландалбаган дебаттарды токтотот;
  • ушул Регламентке ылайык шаардык кеңешке депутатка эскертүү берүүнү сунуштайт, депутатты тартипке чакырат.
  • сессия өтүп жаткан кеңешме залында чукул жагдайлар болуп кетсе, ошондой эле коомдук тартип кескин бузулуп баратса, сессияны токтотот.
    1. Сессия убагында сессиянын катышуучулары   төраганын  уруксаты менен гана сүйлөйт. Төраганын уруксаты жок сүйлөгөндөр протоколго киргизилбейт.
    2. Шаардык кеңештин төрагасынын сессия учурундагы милдеттери:
  • Регламентти жана сессиянын күн тартибин сактайт;
  • сессияда депутаттардын укуктарынын сакталышына көз салат;
  • сессиянын кеңешме залындагы тартипти сактайт;
  • чыгып сүйлөгөндөрдүн регламентти сактоолоруна көз салып, өз убагында белгиленген убакыттын бүткөндүгүн эскертип турат;
  • түшкөн сунуштарды белгилеп, аларды добушка коюп, добуш берүүнүн  жыйынтыгын кабарлап турат;
  • сүйлөө кезегин тартипке салат;
  • депутаттар тарабынан кезексиз берилген сунуштарды ирети менен сессиянын ишине, угулушуна кам көрүп, өзүнүн да жеке альтернативдик сунуштарын коет;
  • сессиянын катышуучуларына урмат менен мамиле жасап, чыгып сүйлөгөндөргө сын-пикир, эскертүүлөрдү бергенден оолак болуп, комментарийлер болсо, чыгып сүйлөөлөр бүткөндөн кийин айтат;
  • комиссия өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү жана түшүндүрмөлөрү эреже жана процедура боюнча болушуна көңүл бурат;
  • аттары жазылган бланкалардын толтурулушуна, добуш берүүлөргө көз салып, тартипке келтирет.

 

11. Добуш берүү тартиби жана чечимдерди кабыл алуу

 

  1. Учурдагы Регламентте добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо үчүн төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:
  • шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны;
  • сессия учурундагы  катталган шаардык кеңештин депутаттарынын саны.
    1. Шаардык кеңештин төрагасын  шайлоодон башка учурларда, шаардык кеңеш сессияларда ачык же жабык добуш берүү жолдорун кабыл алгандыгы боюнча чечим кабыл алат.
    2. Шаардык кеңештин учурдагы Регламенттеги добуш берүү жөнүндөгү бекитилген чечимин өзгөртүүгө шаардык кеңештин жалпы депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык маселелер шаардык кеңештин  протоколуна киргизилет.
    3. Добуш берүүдө бир маселе боюнча шаардык кеңештин депутаты бир добушка ээ, «макул» же «каршы» деген чечимди кабыл алуу керек же кабыл алууда «калыс” болуу керек. Добуш берүү жарыя кылынгандан кийин аны эч ким үзгүлтүккө учуратууга укугу жок.
    4. Добуштарды санагандан кийин төрага чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт.
    5. Жабык добуш берүү Кыргыз Республикасынын Мыйзамы бекиткен тартипте өткөрүлөт. Жашыруун добуш берүү бюллетендерди колдонуу менен өтөт.
    6. Шаардык кеңеш жабык добуш берүүнү жана анын жыйынтыктарын аныктоо үчүн кеңештин депутаттарынын ичинен эсептөө комиссиясынын курамын аныктайт.     Эсептөө комиссиясы өз курамынан төрага жана катчыны шайлайт.
    7. Жашыруун добуштун бюллетендери эсептөө комиссиясынын көзөмөлү астында шаардык кеңештин бекиткен чечими менен кеңештин депутаттарынын санына ылайык даярдалат.
    8. Бюллетенде добуш берүү үчүн чечимдин долбоору боюнча «макул», «каршы», «бардыгына каршы» деген варианттар каралат. Добуш берүүнүн орду жана убактысы, өткөрүү тартиби учурдагы Регламентке ылайык эсептөө комиссиясы тарабынан аныкталып, анын төрагасы тарабынан жарыяланат.
    9. Жашыруун добуш берүү үчүн шаардык кеңештин ар бир депутатына бирден бюллетень берилет жана депутат тизмедеги өзүнүн аты-жөнүнүн каршысындагы орунга кол коет.
    10. Жашыруун добуш берүү бюллетени атайын эсептөө комиссиясы бекиткен урнага салынат. Эсептөө комиссиясы депутаттарга жашыруун добуш берүүгө шарт түзүүгө милдеттүү.
    11. Депутаттардын добушун эсептөөдө туура эмес формадагы же депутаттын добушун аныктоо мүмкүн эмес болгон бюллетендер жараксыз деп табылат. Бюллетендердеги добуштарды саноо учурундагы толуктоолор эсепке алынбайт.
    12. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу эсептөө комиссиясы протокол түзөт жана ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.
    13. Эсептөө комиссиясынын төрагасынын докладынын негизинде сессияда төрагалык кылган адам чечим кабыл алынгандыгын же алынбагандыгын жарыялап билдирет. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы шаардык кеңештин токтомуна жазылат.
    14. Добуш берүүдө кемчиликтер кетирилгени байкалып, талаш тартыш жаралса, ал боюнча сунуштар, оңдоолор добуш берүүгө коюлат жана шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен добуш берүү кайрадан өткөрүлөт.
    15. Добуш берүү боюнча каралган маселелер, чечимдер, мыйзамда каралган тартипте депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат, учурдагы Регламентте башкача тартип каралган эмес.

 

12. Шаардык кеңештин сессияларынын/кеңешмелеринин протокол жана стенограммалары

 

  1. Шаардык кеңештин сессияларында/кеңешмелеринде протоколдор жазылат жана аны шаардык кеңештин аппараты жүргүзөт. Шаардык кеңештин сессияларынын/ кеңешмелеринин протоколдорунда төмөнкүлөр чагылдырылат: сессияны/кеңешмени өткөрүү орду, өткөрүү убагы, күнү; сессияга/кеңешмеге катышкан депутаттардын саны; сессиянын күн тартибиндеги маселелер; документтердин аттарын жана редакциясын; сесиянын төрагасынын жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн аты-жөнү; добуш берүүгө киргизилген маселелер жана сунуштар, аларды чечүү жолдору; добуш берүүнүн жыйынтыгы жана чечим кабыл алуу.

Протоколго сессияны  алып барган төрага жана жооптуу катчы кол коет.

  1. Шаардык кеңештин сессия/кеңешмелеринде дагы стенограмма үчүн жазуу жүргүзүлөт. Стенограмманы жазууну шаардык кеңештин аппараты ишке ашырат.
  2. Сессиянын /кеңешменин стенограммасы чечимди кабыл алуу жана талкуулоолорду толугу менен чагылдырышы керек ошондой эле  кеңешменин/сессиянын өткөн орду, убагы, күнү, күн тартиби, депутаттардын, катышуучулардын аты жөнү, төраганын аты-жөнү көрсөтүлүшү керек.   
  3. Стенограмма жазылбаган учурда, тиешелүү сессиянын/кеңешменин кеңейтилген протоколун жазууга жол берилет, мында сессиянын/кеңешменин жүрүшү толугу менен чагылдырылып жазылат.  

 

13. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары, протоколдук тапшырмалар жана аларды аткаруу

 

  1. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө кабыл алынат.
  2. Күн тартибине киргизилген маселелерди кароонун жыйынтыктары  айрым учурда протоколдук тапшырма катары жыйынтыкталат, ал боюнча өзүнчө добуш берилет.
  3. Шаардык кеңештин токтому шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санын көпчүлүк добушу менен сессияда кабыл алынат, анда аткаруучу, контролдоочу тараптар, аткаруу  мөөнөттөрү белгиленет.
  4. Шаардык кеңештин токтомуна шаардык кеңештин төрагасы кол коет. Төрага жок болгон учурларда шаардык кеңештин кайрылууларына, арыздарына, токтомдоруна төраганын орун басары кол коет.
  5. Жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирүү мөөнөтүн аныктоо менен мамлекеттик каттоого киргизилет.
  6. Токтом, протоколдук тапшырмалар кеңештин аппараты/ жооптуу катчысы тарабынан инвентаризацияланып, аткарылышы  боюнча кезектеги сессияларда маалымат берилип турат.
  7. Шаардык кеңеш токтомдордун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты уккандан кийин төмөндөгүлөргө укуктуу:

- аткарылган катары токтомду контролдон алып салууга;

- аткарылган катары токтомдун кээ бир пункттарын контролдон алып салууга;

- контролдук ыйгарым укуктарды узартууга;

- контролдук ыйгарым укуктарды башка жакка же органга жүктөөгө;

- өз убагында аткарууга алынбаган токтомдор боюнча жооптуу тарапка (мэрге) тиешелүү чара көрүүну сунуштоого;

-- токтомду өзгөртүүгө же аны толуктоого;

-токтомду күчүн жоготту деп табууга;

- кошумча токтом кабыл алууга.

 

IV. КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРДЫН КАГЫЛЫШУУСУ ЖАНА ДЕПУТАТТЫК ЭТИКА

 

14. Кызыкчылыктардын кагылышуусу

 

  1. Шаардык кеңештин ар бир депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган учурда жеке жана коомдук кызыкчылыктардын  кагылышуусунан (мындан ары – кызыкчылыктардын   кагылышуусу) оолак болууга   милдеттүү.
  2. Шаардык кеңештин, туруктуу жана убактылуу комиссиянын жыйналыштарында кандай гана маселени караганга чейин же аны карап жаткан учурда депутат ошол маселеге жеке же жакын туугандарынын кызыкчылыгы бар болсо, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө жыйналышка төрагалык кылуучунун эсине салууга милдеттүү жана ал маселени андан аркы талкуулоодон   жана  добуш   берүүдөн  өз  эрки менен четтөөгө тийиш.
  3. Мындай жол-жоболор депутат тарабынан бузулган учурда, туруктуу комиссия тиешелүү корутундуну шаардык кеңештин  кароосуна  сунуш   кылууга   милдеттүү.

 

 

15. Шаардык  кеңештин депутаттарынын тартипти жана этиканын

ченемдерин сактоосу

 

  1. Шаардык кеңештин депутаттарынын этика ченемдерин сактоосу “Депутаттын этика Кодексине ылайык аныкталат.

 

  16. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар

 

  1. Эгерде депутат жыйналыштарда өзүнүн жүрүм-туруму менен шаардык кеңештин жыйналышын өткөрүүгө жолтоо  кылса, башка депутаттар же жыйналыштын катышуучулары менен  кайым  айтышса, талкууланган темадан башкага өтүп кетсе, ушул Регламенттин жоболорун бузса ага карата  төрага тарабынан төмөнкүдөй    чаралар колдонулушу    мүмкүн:
  1. эскертүү;
  2. Сессиянын/жыйналыштын   аягына   чейинки    мөөнөткө сөз    бербөө.
    1. Ушул  бөлүктүн  жоболорун  биринчи  жолу  бузганда, төрагалык  кылуучу  эскертүү берет жана ушул Регламент менен белгиленген тартипти сактоо талабы  менен  кайрылат. Кайрадан жана андан кийин да тартип  бузуулар  болсо, жыйналыштын аягына чейинки мөөнөткө сөз берилбейт.
    2. Эгерде  депутат башка  адамдарга карата кемсинткен сөздөрдү айткан жана кесөө көрсөткөн, күч колдонгон учурда ал залдан чыгарылат, мындай аракеттери боюнча  материалдар  тиешелүү органдарга   берилет.
    3. Депутатка жана шаардык кеңештин жыйналыштарына катышкандарга карата колдонулуучу   чаралар    жыйналыштын     протоколунда    белгиленет.
    4. Жылына эки жолу аппараттын тиешелүү кызматкерлери шаардык кеңештин депутаттарынын сессияларга, жыйналыштарга катышуусу, кириштелген документтердин каралышы, шайлоочулар менен иштөөсү боюнча талдоо  жүргүзөт. Жыйынтыгы тиешелүү туруктуу комиссияга билдирилет,  андан кийин  шаардык кеңештин жыйналыштарында депутаттар тарабынан каралып, төмөндөгүдөй чечим кабыл алынат:
  • депутаттын тиешелүүлүгүнө жараша фракция/партия лидерине билдирүү;
  • массалык маалымат каржаттары аркылуу шайлоочуларга маалымдоо;  

 

V БӨЛҮК.

  МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР, БАШКА ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕР ЖАНА ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕ

 

17. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү кеңештер аралык кызматташтык. 

 

  1. Шаардык кеңеш шаардын өкүлчүлүктүү бийлик органы катары мамлекеттик органдар жана башка региондордун жергиликтүү кеңештери менен кызматташуу жөнүндө келишим түзө алат жана жеринде депуттаттык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу иштерин жүргүзүүгө укуктуу.

 

18. Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиптери жана ыкмалары

 

18.1. Шаардык кеңеш, анын аппараты, сессиялардын ортосундагы мезгилде шайлоочулар менен ишти төмөнкүдөй уюштурат:

  1. шайлоочуларды кабыл алуу;
  2. сунуштарды, арыздарды, сунуштамаларды кароо;
  3. чогулуштарды, конференцияларды, жолугушууларды, тегерек үстөлдөрдү, семинарларды, кеңешмелерди, жыйналыштарды, ачык эшиктер күндөрүн жана башка иш-чараларды өткөрүү;
  4. шайлоочулардын арыздары боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына депутаттык суроо-талаптарды жиберүү.
    1.    Фракциялардын, шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жергиликтүү мекеме, ишканалар жолугушууларды өткөрүү  үчүн атайын жайларды бөлүп берет.

  

19. Шаардык кеңештин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коомдук  уюмдары   менен өз ара аракети жана кызматташтыгы

 

  1. Шаардык кеңеш, анын органдары өз ара кызматташтыкты ушул Регламентке ылайык төмөнкүлөр менен жүзөгө ашырат:
  1. мамлекеттик органдар менен;
  2. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары анын ичинде шаардык, мекеме ишканаларда түзүлгөн коомдук байкоочу кеңештери менен;
  3. улуттук, этностук, диний, коомдук жана башка өкмөттүк эмес уюмдар менен;
  4. эл аралык уюмдар жана фонддор менен;
  5. саясий партиялар менен.

 

VI. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ

 

20. Шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби

 

  1. Шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен же туруктуу комиссиялар тарабынан киргизилген сунуштар сессиянын күн тартибине коюлат жана биринчи кезекте каралат, ал боюнча токтом кабыл алынат.

 

 

Токтогул шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы:                                       С.Наралиева