• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезектеги

VI сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2022-жылдын  27-октябры  № 13                                          Токтогул  шаары

Токтогул шаарында 2022-жылдын 9 (тогуз) ай ичинде аткарылган

 иштер жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык,  2022-жылдын 9 айына жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, токтомдор, протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө шаардын мэри С.Т.Кылдановдун маалыматын, “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезектеги VI сессиясы

                                                ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2022-жылдын 9 (тогуз) айына жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү боюнча  такталган план 51 228,4 миң сом болуп, аткарылганы 52 979,5 миң сомду түзгөндүгү, тактап айтканда жалпысынан 103,4% аткарылгандыгы  белгиленсин.
  1. Транспорт каражаттарына салык чогултуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иштер жүргүзүлсүн, ушул жылдын жыйынтыгы менен берилген планды аткаруу үчүн иш аракеттер көрүлсүн.
  1. Жалпысынан Токтогул  шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарылган иштер жөнүндө Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун маалыматы эске алынсын.
  1. Ушул сессиянын жыйынтыгы менен төмөндөгүлөр аткарууга алынсын:
  • 2023-жылга карата пландалып жаткан курулуш иштерине ушул жылдын ноябрь, декабрь айлары аралыгында долбоордук-сметалык документтери даярдалып, бүткөрүлсүн;
  • мамлекеттик сатып алууну жарыялоодон мурда,  баардык курулуш, оңдоп түзөө  иштерине байланышкан долбоорлордун эсептөөлөрү, эскизи тиешелүү кызматкерлер  тарабынан тыкыр иликтенсин, кемчиликтерге жол берилбесин;
  •  курулуш иштерин өз убагында, сапаттуу бүтүрүү үчүн техникалык көзөмөлдөөчүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча келишимдин шарттары кайрадан каралып, кийинки жылга  толуктоолор  киргизилсин;
  •  ар бир пландалган иштин аткарылышы  көзөмөлгө алынсын;
  • муниципалдык ишкана жетекчилеринин жана башка кызматкерлердин иш ордуларына кадрлар резервин түзүү боюнча иштер жүргүзүлсүн;
  • токтомдор, протоколдук тапшырмалар аткарууга алынсын;
  1. Бул токтомду  аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов)  милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (Д.Бакиева, Б.Дүйшөналиев, Н.Оркулова А.Джаныбаева) тапшырылсын.           
  2. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.
  3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
  4. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 Төрага:                                             Б.С.Белеков  

   Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезектеги

VI сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2022-жылдын  27-октябры  № 14                                          Токтогул  шаары

Токтогул шаардык кеңешинин 08.02.2022-жылдагы № 05, 06 токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына,  жана Бюджеттик Кодексине ылайык,  2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен  Токтогул шаардык кеңешинин 08.02.2022-жылдагы № 06 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө шаар мэри С.Т.Кылдановдун 20.10.2022-жылдагы сунушу боюнча “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезектеги VI сессиясы

                                ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаардык кеңешинин 08.02.2022-жылдагы № 05, 06 токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу айрым өзгөртүүлөр менен жактырылгандыгы белгиленсин.
  1. 2022-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү ( пландан ашык түшкөн каражат, сатып алуудан үнөмдөлгөн, айрым пландалган иштерге каралган каражатты кыскартуудан алынган, аткарылбай калган  иштердин эсебинен) ушул токтомдун тиркемесиндеги 1-таблицага ылайык, ал эми чыгаша бөлүгү 2-таблицага ылайык бекитилсин.
  1. Планга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
  1. Бул  токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановго жүктөлсүн.
  1.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (Д.Бакиева, Б.Дүйшөналиев, А.Джаныбаева, Н.Оркулова) тапшырылсын.   

         

  1. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 Төрага:                                             Б.С.Белеков

                                                                                 

                                                                                Токтогул шаардык кеңешинин

                                                                                        XXIX чакырылышынын

27.10.2022-жылдагы кезектеги  VI сессиясынын № 14 токтомуна Тиркеме

2021-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн, пландан ашыкча  түшкөн, айрым кыскартуулардан алынган акча каржаттарынын ачыктамасы

                                                                                                    Таблица 1

Мазмуну

Сумма (миң сом)

1

9 айдын жыйынтыгы менен пландан ашыкча түшкөн салык жыйымдардын эсебинен

5885,1

2

Мэриянын жана шаардык кенештин аппаратына каралган 15% үстөк акыдан 5 айга үнөмдөлгөн сумма

196,2

3

 Бош турган жетектөөчү адистин (мал чарбачылыгы боюнча) айлык акысынан  

152,1

4

Светофор орнотуудан

27,5

5

Күн Нуру б/бакчасынын от жагуучу мешин өзүнчө бөлмө куруп чыгаруудан

99.2

6

Т.Ормонбеков атындагы № 28 мектеп-лицейинин 2 класстык бөлмөсүнүн полун оңдоодон

30,5

7

Шаар аймагындагы 4 (төрт) жерге аялдама куруудан

74,3

8

“Күн Нуру” б/бакчасына 4 очко ажаткана куруудан

43,8

9

Бөкөнбаев көчОсүнө жөө адамдар басуучу жол (тротуар) куруудан

149,7

10

Тарыхий эстеликтерди оңдоодон

9,5

11

Оргтехникаларды сатып алуудан

0,7

12

Бирдиктүү терезе бөлмөсүн ондоп-түзөөдөн

25,0

13

Эс алуу багына скамейкаларды орнотуудан

86,8

14

Жүк ташуучу унаа сатуудан

97,5

 

Жалпы:

6877,9

 

Пайдаланылбай калган каражаттар

 

1

Дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашуучу долбоорго өздүк  салым

786,9

2

Көчө жарыктандырууга жана мэриянын эл.энергия чыгымына каралган каражаттын эсебинен

713,5

3

Көчөлөрдүн аттары жазылган  табличкаларды жасоо

248,0

4

Кичи футбол аянтчасын капиталдык оңдоо (кредитордук карыз)

989,2

5

Токтогул жазуунун алдыңкы бөлүгүн жакшыртуу

61,6

6

“Нур” мечитине кондиционер алуу

200,0

7

Шаардын 10 жылдыгын белгилөөгө каралган акча каражаты

500,0

8

Токтогул шаардык кеңеши - toktom.kg сайтына катталууга

20,0

9

Токтогул шаардык кеңеши –toktogul.kg сайтын оңдотууга

10,0

10

Достук б/бакчасынын эшик алдын брусчаткалоо/бетондоо/асфальттоо

300,0

 

Жалпы:

3829,2

 

Бардыгы:

10707,1

 

2022-жылдын 9 (тогуз)  айынын жыйынтыгы менен 10707,1 миң сом акча каражатын чыгымдоо багыттары

                                                                                                               Таблица 2

Мазмуну

статьясы

Бөлүнгөн сумма

1

“Арча Бешик” б/бакчасына  кровать жана жаздык алууга

3112

119,2

2

“Достук” б/бакчасынын терезелерин алмаштырууга

3111

300,0

3

“Достук” б/бакчасына (кеңсе эмеректерин алууга)

3112

64,0

4

“Байчечекей” б/бакчасына эки кабат кровать алууга

3112

420,0

5

“Күн Нуру” балдар бакчасына (2 даана конфорка алуу жана  орнотуу)

3112

25,0

6

Токтогул атындагы орто мектебинин сырткы ажатканасын оңдоп-түзөөгө

2221

41,0

7

“Ыңгайлуу шарт” МИ жалпы кызматкерлердин айлык акыларына  кошумча төлөмгө (октябрь, ноябрь, декабрь айларына)

2111

243,0

8

“Ыңгайлуу  шарт” МИ – айлык акыга кошумча төлөмдөн соц.фондго чегерүүгө

2121

41,9

9

“Ыңгайлуу шарт” МИ  күйүүчү майга

2215

245,0

10

Токтогул шаардык мэриясына 2 даана компьютер алууга

3112

110,0

11

Токтогул шаардык мэриясына 3 даана принтер  алууга

3112

60,0

12

Мэрдин кеңсесине стулдарды алууга

3112

96,0

13

Мэриянын кызматтык автоунаасына күйүүчү майга  28,0 миң сом, 22,0 миң сом запастык бөлүктөрүнө

2214

50,0

14

Токтогул шаарынын мэриясынын балансындагы социалдык обьекттерди камсыздандырууга

2215

200,0

15

Көрүстөн казуучуларга (инструмент алууга)

3112

60,0

16

Аксакалдар кеңешине

2721

15,0

17

Шаардык кеңешке жыл башында ноутбук үчүн бөлүгөн каражатка кошумчалап компьютер алууга

3112

15,0

18

Шаардык кеңешке 1 даана принтер алууга

3112

20,0

19

Шаардык кеңештин кызматтык  автоунаасынын запастык бөлүктөрүнө

2214

22,0

20

7-кичирайонунда Кайназарова көчөсүндөгү 10 квт жогорку чыңалуудагы электр мамыларын жылдыруу үчүн

2215

350,0

21

 

Токтогул шаарынын жаңы конуштарына жетпей калган электр мамыларын орнотуу, чубалгыларын туташтырууга - Ак-Жон көчөсүнө 7(жети), Топбаза кичирайонуна 4 (төрт), 7-кичирайонунун жаңы конушуна 2 (эки), жалпы 13 (он үч) электр мамысы, 1300 м электр чубалгысы, 12 даана кранштейн

2215

310,0

22

Токтогул шаарынын ар бир жеке турак жай, коммерциялык багыттагы  жана башка мекемелердин чек араларын ( муниципалдык менчикти инвентаризациялоо) дрон менен тактоо картасына

2215

1500,0

23

Бобкэт атайын техникасын алууга (лизинг аркылуу)

3112

1000,0

24

Бобкэт техникасын каттоодон өткөрүүгө (оформление)

2215

100,0

25

Катуу тиричилик таштанды ташуучу Хово (HOWO) техникасын алууга (20 тонна)

3112

3700,0

26

Грейдердин кызмат көрсөтүүсү жана анын тишин сатып алууга

2215

100,0

27

Атайын эсеп мамлекеттик ишканасынан алынуучу Хово (HOWO) техникасынын запастык бөлүктөрүнө

2214

100,0

28

Хово (HOWO)  техникасын каттоодон өткөрүүгө (оформление)

2215

50,0

29

Бөкөнбаев мектебине караштуу фин тибиндеги имараттагы 3 класстык бөлмөнү оңдоого    (ДМЧ, гендердик сезимталдык  боюнча)

3111

500,0

30

Шакир көчөсү менен Суеркулов көчөсүнүн кесилишинен РЭСке чейинки аралыкты жашылдандыруу боюнча  даярдык иштерине

2215

300,0

31

БЧУ имаратынын чатырын жабууга

3111

500,0

32

Токтогул шаарынын Чеңкил №24 үйүнүн тургуну Нуров Максатка - үйү өрттөнгөндүгүнө байланыштуу материалдык жардам

2721

50,0

 

Жалпы:

 

10707,1

 

Төрага:                                                   Б.С.Белеков

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезектеги

VI сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2022-жылдын  27-октябры       № 15                                Токтогул  шаары

26.04.2022-жылдагы № 03 токтомго өзгөртүү жана толуктоолорду

 киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, шаардык кеңештин Регламентине ылайык, 26.04.2022-жылдагы № 03 токтомго өзгөртүү жана толуктоо  киргизүү боюнча жооптуу катчы С.К.Наралиеванын  сунушун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезектеги VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 26.04.2022-жылдагы № 03 токтомдун 1 пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоолор  киргизилгендиги эске алынсын.

2. “Эл Үмүтү” фракциясынын депутаты  Эгембердиев Эрлан Карыпбаевич   “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын курамына кошулсун.

3.  Тиешелүү  туруктуу комиссиянын иш пландарына ылайык иш жүргүзүү Эгембердиев Эрлан Карыпбаевичке  милдеттендирилсин 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.  

5.   Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.

  6.    Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

7.  Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына    жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                             Б.С.Белеков