• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз

VII сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2022-жылдын  23-ноябры  № 16                                           Токтогул  шаары

Токтогул шаардык кеңешинин 2022-жылдын  08-февралындагы   № 04 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө        

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде,  2021-2025-жылдарга  Токтогул шаарын  социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү  программасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө  Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун 19.11.2022-жылдагы № 01-11-216 сандуу  сунушун карап жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезектеги VII сессиясы

                ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2021-2025-жылдарга  Токтогул шаарын  социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү  программасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун сунушу жактырылгандыгы белгиленсин.
  1. Жогоруда аталган программанын 7-бөлүгүнө  өзгөртүү, толуктоолор киргизилсин:

1)  2-пункту Курулуш тармагы, Токтогул шаарында жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу багыты,  

-    А.Козубеков атындагы эс алуу багына конок үйүн (конференция зал) уюштуруу;

-    Эс алуу багынын кире  беришиндеги “А.Козубеков атындагы Эс алуу багы”  жазууну реконстукциялоо;

-   Борбордук аянттагы аллеяны реконструкциялоо;

-    Суеркулов-Шакир көчөсүнөн Бишкек-Ош автожолуна чейин сквер (коомдук кичине бак) жасоо;

- Таласбай, Акжон конуштарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жашоочулардын эс алуусу үчүн шарттарды түзүү;

   2) 4-пункту Транспорт жана коммуникация, шаардын инфратструктурасын жакшыртуу багыты төмөндөгү пунктчалар менен толукталсын:

-    Токтогул шаарынын Бөкөнбаев көчөсүн Шарипов көчөсүнөн баштап Азаке көчөсүнө чейин тротуар куруу;

-    Момункулов жана Кенжетаев көчөлөрүнө Ашыров көчөсүнө чейин тротуар куруу;

-    Ботбаев көчөсүнөн баштап Сүйналиев көчөсүн Муктарбек көчөсүнө чейин асфальттоо;

-    А.Бекташов көчөсүн (уландысы Шарипов, К.Мадьяров бөлүктөрүн кошуп) Нур мечитинен баштап аягына чейин  асфальттоо ;

-    Эс алуу багындагы жайкы кинотеатрдын жанындагы тротуарды асфальттоо;

-    Атайын техникаларды алуу ( таштанды ташып чыгаруучу техника (Хово), грейдер, көп функционалдуу Бобкэт)

3.   Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн жогорудагы программада камтылган иштер боюнча атайын иш-чаралардын планы  иштелип чыксын.

4. Сырттан инвестиция тартуу, бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу боюнча  үзгүлтүксүз иш-аракеттер көрүлсүн.

5. Бул токтомду  аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов)  милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (Д.Бакиева, Б.Дүйшөналиев, Н.Оркулова А.Джаныбаева) тапшырылсын.   

       7.   Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.

8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө   жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

             Төраганын орун басары:                                   М.К.Курбанов         

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз

VII сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2022-жылдын  23-ноябры  № 17                                                        Токтогул  шаары

Токтогул шаарында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана  башка кызмат көрсөтүүлөр  үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө 

 

КР  “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү 10.12.1997-жылдагы №90 мыйзамына, КР Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндөгү” 14.01.2015-жылдагы № 06 токтомуна, КР Өкмөтүнүн 26-октябрь 2000-жылдагы № 637 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо жөнүндөгү” тартибине, КР Өкмөтүнүн  24.06.2013-жылдагы № 372 токтому менен бекитилген  КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турк-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобого ылайык иштелип чыккан методиканын негизинде Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” МИ шаар аймагында катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу жана башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди иштеп чыгып, сунушташкан. Сунуш Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиянын жыйналышында талкууланды.

Тарифтер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин, башка сунуштарды угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз  VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарынын аймагында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн жаңыланып иштелип чыккан тарифтер боюнча туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
  1. Ушул токтомдун тиркемесинде  көрсөтүлгөн эсептөөлөр бекитилсин:
  •  шаар аймагында 1м3 катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн тарифтик төлөм,  1(бир) адамга/ай сайын   төлөнүүчү тарифтик төлөм   (1-таблица);
  • ажатканаларды тазалоо үчүн  кызмат көрсөтүүгө төлөм (2- таблица); 
  • септиктерди тазалоо үчүн  кызмат көрсөтүүгө төлөм (3-таблица);
  • жеңил, орто жана өтө булганган жерлерди шыпырып тазалоонун баасы (4-таблица);
  • ар кандай иштер үчүн жумушчунун 1 (бир) сааттык жумуш үчүн төлөм (5-таблица);
  • ВИПО-18-01-1 автовышкасынын 1(бир) саат иштөө учурундагы чыгым (6-таблица)
  1. Бекитилген тарифтик төлөмдөр 2023-жылдын 01-январынан баштап колдонууга киргизилсин.

4. Шаар аймагындагы ар бир кожолук ( мындагы жашоочулардын санын көрсөтүү менен), юридикалык (мекеме, ишканалар) жактар, соода-сатык жүргүзүүчүлөр, тамак –аш сатуучулар, кызмат көрсөтүүчү жайлар мененэки тараптуу келишимдерди түзүү, тарифтерди төлөө боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, план-тапшырмаларды аткарууга жетишүү,жаңыча төлөм ыкмаларын киргизүү (мобилдик тиркемелер аркылуу) “Ыңгайлуу шарт”муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.

  1. Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгару үчүн төлөөдө жашоочулардын айрым категорияларына 50% жеңилдик берилсин.

6. Жеңилдиктен пайдалануучулардын категорияларына жараша стандарттарын туура, так иштеп чыгуумэриянын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссиясына тапшырылсын. Мөөнөт:  20.12.2022-жылга чейин.

7.  Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановго, “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директору А.Маранбаевге милдеттендирилсин.

8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга (Д.Бакиева, А.Джаныбаева) жүктөлсүн

    9.  Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

10. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

 11. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

12. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын2018-жылдын 19-январындагы кезектегиXXXII сессиясынын № 145 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Төраганын орун басары:М.К.Курбанов

                                                            Токтогул шаардык кеңешинин                                                                 XXIXчакырылышынын                                                                                  23.11.2022- жылдагы кезексиз                                                                  VII  сессиясынын

№ 17 токтому менен бекитилди

 Тиркеме

 

Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы  “Ынгайлуу шарт” МИ тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар боюнча  тарифтер

 1-Таблица

1м3 катуу тиричилик калдыгын ташып чыгаруу үчүн (жашоочуларга, юридикалык жактарга) тарифтин өлчөмү

          

Статьялардын аталышы

Ченем бирдиги

Сумма, сом

1м3 катуу тиричилик калдыгын  чыгаруу боюнча эсептөөлөр

1

Материалдар

сом

102560,0

2

Техниканын күйүүчү майлары

сом

37274,54

3

Жумушчулардын эмгек акысы

сом

2394163,2

4

Соц.камсыздандыруу төлөмү

сом

412993,15

5

Бөлүмдүк чыгымдар

сом

823785,6

6

Жалпы чарбалык чыгымдар

сом

1491242,0

7

Техникаларды ондоого кеткен чыгымдар, запастык бөлүк

сом

306307,43

8

Амортизациялык чыгым

сом

1275770,42

9

Жалпы чыгым

сом

6844096,34

10

Чогулган пайда

сом

176000,0

11

Жалпы  1 м3/ катуу тиричилик калдыгын ташып чыгарууга  эсептелинген баа

сом

7020096,34

12

Чыгарылуучу катуу тиричилик калдыгынын  жалпы көлөмү

м3

11000

 

7020096,34 т/15000 (калктын саны)/ 12 ай/39 сом х 4% (салык) = 40 сом 1 адамга  таштанды ташып чыгаруу үчүн төлөм

   
 

7020096,34 т/11000 м3=638 сом  х 1,04% - 663 сом

   
       

1м3 катуу тиричилик калдыгын ташып кетүүгө бекитилген 663 сомго негизделип эсептелинген төлөмдөр

Мазмуну

Өлчөө бирдиги

Сумма  / ай сайын

1

Шаар аймагындагы ар бир физикалык жак (жашоочу) үчүн

 

40  сом

2

Юридикалык жактар үчүн  (мекеме, ишканаларга) 

1м3

663 сом

                                                                                              2-Таблица

                                                                                                                     

              Ажаткананы  тазалоо үчүн тарифтик төлөмдөрдүн эсептөөсү (ГАЗ-53 автоунаасы менен) 1 каттам үчүн

           

№ п/п

Аткарылуучу жумуштар

Өлчөө бирди

ги

Саны

Баасы, сом

Сумма, сом

1

Күйүүчү май(дизтопливо), 2,2м/час * 6л = 13,32л

л

13,32

78,9

1050,95

2

Майлоочу май( насос, автоунаа),(дизмасло)

л

0,41

300

123

3

Эмгек акы, техниканы оңдоо, жууп тазалоо, негизги жумушту аткаруу, ажаткананы даярдоо, суюлтуу ж.б. 219,99*4=879,96

саат

4

219,99

879,96

5

Запастык бөлүк

сом

 

 

1065,07

6

Автоунаанын амортизациялык чыгымы. 208618*0,833/360/8*3= 181,02

сом

3

60,34

181,02

 

Жалпы

 

 

 

3300,00

           

                          

 

 

 

                                                                                                                        3-Таблица

  Септикти  тазалоо үчүн тарифтик төлөмдүн эсептөөсү (ГАЗ-53 автоунаасы менен)

 1 каттам үчүн

           

№ п/п

Аткарылуучу жумуштар

Өлчөө бирди

ги

Саны

Баасы, сом

Сумма, сом

1

Күйүүчү май(дизтопливо), 2,2м/час * 6л = 13,32л

л

13,32

78,9

1050,95

2

Майлоочу май( насос, автоунаа),(дизмасло)

л

0,41

300

123

3

Эмгек акы, техниканы оңдоо, жууп тазалоо, негизги жумушту аткаруу  ж.б. 219,99*4=879,96

саат

2

219,99

439,98

5

Запастык бөлүк

сом

 

 

765,39

6

Автоунаанын амортизациялык чыгымы. 208618*0,833/360/8*3= 181,02

сом

2

60,34

120,68

 

Жалпы

 

 

 

2500,00

                                                                                                                                

 

                                                                                                                      4-Таблица

КАЛЬКУЛЯЦИЯ

1. Жеңил булганыч жерди шыпырып тазалоо кызматынын баасы боюнча р

Аталышы

Ченем бирдиги

Саны

Баасы

Ченем убактысы

Баарды

гы

бирдиги

баары

1

Борбордук аянт, жөө жүрүүчү жолдор, А. Суеркулов, Кыргызстан, Черноткач жана Бөкөнбаев көчөлөрү жана эс алуу паркы, стадион. Акт 11.12.2018-жыл. 18621(тарификация)/22күн/8 саат /12 = 8,82

100м2

1

8,82

1

5

8,82

2

Катуу тиричилик таштандыларды шыпырып, тазалап автомашинага кол менен жүктөгөнгө 165,16/10=16,52

минута

6

 

 

6

16,52

 

Коштомо чыгым 33,2% 8,82+5,29 = 14,11*0,332= 4,68

сом

 

 

 

 

4,68

 

Жалпы

 

 

 

 

 

30,02

 

Баардык материалдар менен

сом

 

 

 

 

17,25

 

Жалпы

 

 

 

 

 

47,27

               
 

Шыпыргы 1 даана 150сом *3% = 4,5 сом

   
 

Кол кап 1 даана 15сом *  5% = 0,75 сом

     
 

Таштанды чыгарууга шалча 1 метр 450 сом * 2% = 9 сом

     
 

Күрөк 1 даана 150 сом * 2 = 3 сом

     
 

Баарык материалдар менен: 17,25 сом

     
 

Жалпы: 47 сом 27 тыйын.

           
               

                                                                                                                      

2. Орто булганыч жерди шыпырып тазалоо кызматынын баасы

Аталышы

Ченем бирдиги

Саны

Баасы

Ченем убактысы

Баардыгы

бирдиги

баары

1

Борбордук аянт, жөө жүрүүчү жолдор, А. Суеркулов, Кыргызстан, Черноткач жана Бөкөнбаев көчөлөрү жана эс алуу паркы, стадион. Акт 11.12.2018-жыл. 18621(тарификация)/22күң/8 саат /7,5 = 14,11

100м2

1

14,11

1

8

14,11

2

Катуу тиричилик таштандыларды шыпырып, тазалап автомашинага кол менен жүктөгөнгө 165,16/10=16,52

мин

6

 

 

6

16,52

 

Коштомо чыгым 33,2% 14,11+16,52 = 30,63*0,332= 10,17

сом

 

 

 

 

10,17

 

Жалпы

 

 

 

 

 

40,8

 

Баардык материалдар менен

сом

 

 

 

 

17,25

 

Жалпы

 

 

 

 

 

58,05

               
 

Шыпыргы 1 даана 150сом *3% = 4,5 сом

 
 

Кол кап 1 даана 15сом *  5% = 0,75 сом

 
 

Таштанды чыгарууга шалча 1 метр 450 сом * 2% = 9 сом

 

Күрөк 1 даана 150 сом * 2 = 3 сом

     
 

Баарык материалдар менен: 17,25 сом

 
 

Жалпы: 58 сом 05 тыйын.

           
               

3. Өтө булганыч жерди шыпырып тазалоо кызматынын баасы

Аталышы

Ченем бирдиги

Саны

Баасы

Ченем убактысы

Баар

дыгы

бирдиги

баары

1

Борбордук аянт, жөө жүрүүчү жолдор, А. Суеркулов, Кыргызстан, Черноткач жана Бөкөнбаев көчөлөрү жана эс алуу паркы, стадион. Акт 11.12.2018-жыл. 18621(тарификация)/22күң/8 саат /5 = 21,16

100м2

1

21,16

1

12

21,16

2

Катуу тиричилик таштандыларды шыпырып, тазалап автомашинага кол менен жүктөгөнгө 165,16/10=16,52

мин

6

 

 

6

16,52

 

Коштомо чыгым 33,2% 21,16+16,52 = 37,68*0,332= 12,51

сом

 

 

 

 

12,51

 

Жалпы

 

 

 

 

 

50,19

 

Баардык материалдар менен

сом

 

 

 

 

17,25

 

Жалпы

 

 

 

 

 

67,44

 

 

Шыпыргы 1 даана 150сом *3% = 4,5 сом

 
 

Кол кап 1 даана 15сом *  5% = 0,75 сом

 
 

Таштанды чыгарууга шалча 1 метр 450 сом * 2% = 9 сом

   
 

Күрөк 1 даана 150 сом * 2 = 3 сом

     
 

Баарык материалдар менен: 17,25 сом

 
 

Жалпы: 67 сом 44 тыйын.

           
                           

 

 

                                                                                                         

 

 

5-Таблица

КАЛЬКУЛЯЦИЯ

1 сааттык аткарылган жумуш үчүн

Аталышы

Өлчөө бирдиги

Сумма, сом

1

Эмгек акы-суугатчыга, баннер илуу, ар кандай жумуштарга 33031сом(жумушчунун бир айлык акысы) 33031 / 25кун/8саат =165,16сом

сом

165,16

2

Коштомо чыгым 33,2%

сом

54,83

 

Баардыгы

сом

219,99

 

 

 

6-Таблица

 

КАЛЬКУЛЯЦИЯ

ВИПО-18-01-1 автовышкасы 1 саат иштөөсү үчүн төлөмдүн эсептөөлөрү

Аталышы

Единица измерения

Сумма, сом

1

Эмгек акы, 33031сом(айдоочунун бир айлык акысы) 33031 / 22кун/8саат =165,16сом

сом

187,68

 

Эмгек акы, 33031сом(жумушчунун бир айлык акысы) 18621 х 2 / 22кун/8саат =165,16сом

сом

211,6

2

Дизтопливо 1м/ч*2л + 4км*0,18 = 2,72л*78,9=214,61сом

сом

214,61

3

Автол МГ-10   0,2ч * 350 = 70 сом

сом

70

4

Гидравликалык май  0,5л * 250 = 125сом

сом

125

5

Амортизациялык чегерүүлөр  5900000 * 0,0833 /360 / 8 =170,65сом

сом

170,65

6

Запастык бөлүктөр

сом

387,9

7

Коштомо чыгым 33,2%

сом

132,56

 

Баардыгы

сом

1500

       

 

Төраганын орун басары:                                        М.К.Курбанов

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз

VII сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2022-жылдын  23-ноябры  № 18                                                        Токтогул  шаары

Муниципалдык менчиктеги жерлерди убактылуу пайдаланууга берүү,  ижара акыларын бекитүү жөнүндө

КР  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Мүлккө муниципалдык менчик” жөнүндөгү мыйзамдарынын, КР Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү Жобонун”, КР Өкмөтүнүн 29.03.2019-жылдагы “Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө Жобонун”  талаптарына ылайык,  муниципалдык менчиктеги жерлерди убактылуу пайдаланууга берүү, ижара акысын бекитүү  боюнча Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун  20.11.2022-жылдагы чыгыш № 01-17-665 сандуу сунушу Токтогул шаардык кенешинин шаардык “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралган.

Туруктуу комиссиянын корутундусу боюнча депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз  VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарынын аймагында муниципалдык менчиктеги жерлердин ижара акылары  ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
  1. Муниципалдык менчиктеги жерлерди убактылуу пайдалануу боюнча  түзүлгөн баардык келишимдер жаңы бекитилген ижара акыларына ылайыкталып кайрадан түзулсун (экинчи тарапка бир ай мурда билдирүү жөнөткөндөн кийин).  
  1. КР Өкмөтүнүн 29.03.2019-жылдагы “Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө Жобого” ылайык, 2023-жылдан баштап, муниципалдык менчикти ижарага берүүнү электрондук форматта жүргүзүү сунушталсын.
  1. КР”Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндү мыйзамына ылайык, Токтогул шаар аймагындагы муниципалдык менчик объекттерине укук берүү, тескөө, башкаруу, менчиктештирүү тартибин аныктоочу жобо иштелип чыксын жана кеңештин кароосуна бекитүү үчүн сунушталсын.
  1. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановго  милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына (Б.Дүйшоналиев) жүктөлсүн.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
  1. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  29.10.2018-жылдагы кезектеги VII сессиясынын № 20 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

Төраганын орун басары:                                        М.К.Курбанов

                                                                              Токтогул шаардык кенешинин

                                                                XXIX  чакырылышынын

                                                            кезексиз VII   сессиясынын                                                             23.11.2022-жылдагы № 18

                                                                                   токтому менен бекитилди

Тиркеме

  

Токтогул шаарынын аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди убактылуу пайдалануу үчүн  ижара акылары

Жерлердин максатка ылайык пайдаланылышы

 

Муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүүнүн тарифтик баасы, сом/м2  

бир айга

Аянты

сумма (сом)

1

Дүкөндөр, киоскалар, ларектер жана башка соода-сатык түйүндөрү, банктар, ломбард, акча алмаштыруучу жайлар, кичи базарлар, базарлар, соода комплекстери, жалпы аянты 20 м2 чейинки жерлер, ошондой эле аянты 200 м2 чейинки жерлер, 200м2 жогорку жерлер

Тамак-аш ичүүчү жайлар, ошондой эле башка кызмат көрсөтүүчү жайлар

20м2 чейин

200

200 м2 чейин

150

200 м2 жогору

 

80

2

Мейманканалар, оюн зоок жайлары

1000 м2 чейин

10

1000 м2 жогору

5

Ар бир велосипеддин жүрүүсүнө

1 даана

400

3

Офистер, бизнес борборлору

1 м2

100

4

Сауналар, банялар, тазалоочу (химиялык), краскалоочу  жайлар,  автоунаа ондоочу, май куйуучу жайлар (АЗС) , күйүүчү-майлоочу майларды сактоочу жайлар

1м2

100

5

Көрнөк, жарнактар  үчүн

1 м2

350

6

Административдик имараттар

1 м2

100

7

Кызматтык-техникалык аймактар

1 м2

100

8

Өнөржай ишканалары, коммерциялык илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт уюмдарынын мекемелери

1 м2

100

9

Айыл чарба, өнөр жай ишканалары

1 м2

100

10

Багбанчылык, жашылдандыруу, көрктөндүрүү  үчүн берилген жерлер

1 м2

10

11

Байланыш, теле-радио түйүндөрү үчүн (келишим баада)

1 м2

300

12

Айдоо аянттары

1 м2

10

 

Төраганын орун басары:                                        М.К.Курбанов