• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз

IX сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2022-жылдын  30-декабры  № 23                                          Токтогул  шаары

Электр энергиясы үчүн берилүүчү компенсацияны жыл сайын республикалык бюджеттин эсебинен төлөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 15.08.2022-жылдагы  “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” № 284 Жарлыгынын негизинде болуп өткөн биринчи Элдик курултайдын жүрүшүндө Токтогул районунун атынан чыгып сүйлөгөн делегаттардын сунуштарын эске алып,  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 02.04.2010-жылдагы "Бийик тоолуу жана алыскы, барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жана чек ара райондорунда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндөгү " № 206 токтомунун  негизинде  электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсацияны системалуу түрдө жыл сайын республикалык бюджеттин эсебинен төлөөнү камсыздоо менен барууга кыйын райондордун бири  Токтогул району, Токтогул   шаарында жашап, иштеген адамдарга, кошумча мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү, калкка даректүү колдоо көрсөтүүнү жана социалдык кепилдиктердин системасын мындан ары өркүндөтүү  боюнча сунуш, өтүнүчтөр талкууланды.

Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз IX сессиясы, токтом кылат:

1. "Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жана чек ара райондорунда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндөгү " № 206 токтомунун негизинде, Токтогулшаарында жашап, иштеген адамдарга электр энергиясы үчүн берилүүчү компенсацияны системалуу түрдө жыл сайын республикалык бюджеттин эсебинен төлөп туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго өтүнүч келтирилсин.

2. Токтомду аткаруу боюнча жогорку органдарга кайрылуу, тиешелеүү иштерди жүргүзүү Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов)  милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам. 

      4. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.

5.  Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, бир нускасын Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына жөнөтүү  жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

6.  Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага:                                                          Б.С.Белеков