• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезектеги  XIII сессиясы

 

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2023-жылдын  02-майы    № 18                                 Токтогул  шаары

2023-жылдын I кварталында жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша

бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик  Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун, ФЭБ башчысы Н.Кулузакованын маалыматы Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын 28.04.2023-жылдагы жыйналышында каралды.

Жыйынтыгында, аталган туруктуу комиссиянын корутундусу боюнча башка депутатттардын сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылдын I кварталында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү (атайын каражатты кошпогондо) жалпысынан 17358,2 миң сомго, тактап айтканда 4276,1 миң сомго пландан ашык аткарылгандыгы эске алынсын.

2. Анын ичинен муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүү боюнча пландын аткарылышынын пайыздык (%) көрсөткүчү төмөн экендиги белгиленсин, бул багытта кечиктирилгис иштер жүргүзүлсүн .

3.  2023-жылдын 1-июнуна чейин ижара келишимдери  толугу менен түзүлүп бүткөрүлсүн, аталган ижара акы боюнча пландын аткарылышына жооптуу кызматкерлерге катуу талаптар коюлсун.

4.  Токтомду  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов)  милдеттендирилсин.

 

5. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Д.Бакиева) тапшырылсын .

 

6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

7. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү  жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

 

8.  Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төраганын орун басары:                                         М.К.Курбанов

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезектеги  XIII сессиясы

 

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2023-жылдын  02-майы    № 19                                 Токтогул  шаары

Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы  № 04, 05  токтомдоруна өзгөртүү  жана толуктоо киргизүү жөнүндө 

 

        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик  Кодексине” ылайык, Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун 29.03.2023-жылдагы № 01-17/250 сунушу, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 16.03.2023-жылдагы № 202 каты боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезектеги  XIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.

2. Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы  № 04 токтомуна  төмөндөгү  өзгөртүү, толуктоо киргизилсин:

     Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы  № 04 токтому менен Эс алуу багындагы футбол аянтчасын курууга (Статья 3111)  каралган  3511,6 миң сом акча каржатына 2023-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен пландан ашыкча түшкөн  акча каражатынын эсебинен Статья 3111 - 2176,8 миң сом  акча каражаты кошумча каралсын, чыгымдоо багыты жаңыдан түзүлгөн долбоордук-сметалык эсептөөлөрдүн негизинде “Эс алуу багына үстү жабык кичи футбол аянтчасын курууга” деп баяндалсын, долбоордун жалпы сметалык баасы 5 688,6 мин сомду түзгөндүгү эске алынсын; 

3. Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы  № 05  токтомуна  төмөндөгү  өзгөртүү, толуктоо киргизилсин, 2023-жылдын I кварталынын (январь, февраль, март) жыйынтыгы менен пландан ашыкча түшкөн  акча каражатынын эсебинен:

-   Статья 2215  - 120,0 миң сом акча каражаты,  Кыргыз Республикасынын Президентинин 17.31.2020-жылдагы №64 Жарлыгын ишке ашыруу үчүн, шаардык мэрияга жана кеңешке ведомстволук   веб-сайттарды ачууга  жумшалсын (ар бир сайтка  60,0 миң сомдон) ,  веб-сайт ачуу үчүн конкурс жарыялоодо  Министрлер Кабинетинин 13.02.2023-жылдагы №59-т тескемеси менен бектилген талаптар киргизилсин;

- Статья 2824  -  20,0 мин сом акча каражаты мэриянын резервдик  фондуна кошумча каралсын, бул каражат эркин күрөш боюнча тренерлердин элесине арналган мелдешти уюштурууга колдоо көрсөтүү үчүн чыгымдалсын;

4.  Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр, толуктоолор боюнча планга тактоо киргизүү  Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына  (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.

 

5.    Бул токтомду  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданого)  жүктөлсүн.                                                               

 

6.    Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  тиешелүү туруктуу комиссияга (Д.Бакиева) тапшырылсын.

 

8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

 

9.  Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына    жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

Төраганын орун басары:                                         М.К.Курбанов

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезектеги  XIII сессиясы

 

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2023-жылдын  02-майы    № 20                                 Токтогул  шаары

 

Токтогул шаарынын айрым  көчөлөрүнүн ысымдарын өзгөртүү,

ысым ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамдарына, “Токтогул шаарындагы көчөлөргө, парктарга, мекеме,ишканаларга, окуу жайларга ысым ыйгаруу тартиби жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык,  көчөлөргө ысым ыйгаруу боюнча   кайрылуулар 29.04.2023-жылы “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, мыйзамдуулукту чындоо спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар,  боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралды, талапкерлердин баардыгы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары болгондугу эске алынып, алардын ысымын көчөлөргө ыйгарууга макулдук берилди.

Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,   Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезектеги  XIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Аталган туруктуу комиссиянын корутундусу  жалпысынын колдоого алынгандыгы белгиленсин.
  1. Токтогул шаарындагы:

- Эс алуу багынын түштүк батыш тарабында жайгашкан көчөсүнө Кулиев Качкынбайдын ысымы ыйгарылсын;

- Өндүрүш (Производственная)көчөсү мындан кийин Кудукбаев Дуйшөналы атындагы көчө деп аталсын;

-Топбазадагы Алтын Казык көчөсү мындан кийин Калготонов Сатар атындагы көчө деп аталсын;

-Топбазадагы Долон көчөсу мындан кийин Бердигулов Кадырбай атындагы көчо деп аталсын;

 
  1. Көчөнүн атын которууга, атап айтканда:

•    көчөгө атайын формадагы тактайчага көчөнүн атын жасатып илдирүүгө,  ушул   көчөнүн туура көчөлөр менен кесилишкен жерлерине атайын формадагы тактаны көчөнүн башына жана аяк жагына орнотууга (сөзсүз түрдө мэрия менен макулдашуу аркылуу);

      •    көчөнүн жолун, арыктарын ирээтке келтирүү, жашылдандыруу, көрктөндүрүү  жана   жарык менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө;

     •     көчөдөгү  жашоочулардын үй документтерин, паспортторун кайрадан каттого    тургузууга, көчөнүн аты өзгөргөндүгү боюнча “Кадастр” мамлекеттик каттоо башкармалыгына, калкты тейлөө борборуна кеткен чыгымдарды төлөө  кайрылуу ээлерине, ысымы ыйгарылган адамдардын жакындарына, уул-кыздарына  милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун 3-пункту менен каралган милдеттенмелер, токтомго кол коюлгандан баштап, 3 (үч) айдын ичинде аткарылып бүткөрүлүшү  боюнча кайрылуу ээлерине билдирүүлөр берилсин,  көчөлөрдүн аттарынын өзгөрүшү менен жашоочуларга ыңгайсыздык жаралбасын.
  2. Токтомду аткаруу  Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов) милдеттендирилсин.

 

 6.   Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (А.Джаныбаевага) тапшырылсын.

 

 7.  Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

 8.   Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү  жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

 

 9.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төраганын орун басары:                                   М.К.Курбанов

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезектеги  XIII сессиясы

 

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2023-жылдын  02-майы    № 21                                 Токтогул  шаары

Европа инвестициялык банкынан насыя алууга макулдук берүу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 24.03.2023-жылдагы № 121-т тескемесинин негизинде,  Токтогул шаарында Европа инвестициялык банкынын   каржылоосунда ишке ашырылып жаткан “Токтогул шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системасын рабилитациялоо” долбоорун улантуу  боюнча Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун 28.04.2023-жылдагы № 01-17/378 сунушу  “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын  28.04.2023-жылдагы жыйналышында каралды.

Жыйынтыгында, аталган туруктуу комиссиянын корутундусу боюнча  депутатттардын сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезектеги  XIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, Токтогул шаарынын борбордук бөлүгүнөн алыс жайгашкан кичи райондордогу калкты  ичүүчү суу менен камсызддо боюнча кечиктирилгис иш аракеттерди жүргүзүү зарылчылыгы эске алынсын.

 

  1. “Токтогул шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системасын рабилитациялоо” долбоорун алкагында Европа инвестициялык банкынан 1 100 000 (бир миллион бир жүз миң) евро төмөн пайызда насыя алууга макулдук берилсин.

 

  1. Бул багытта тиешелүү иштерди  жүргүзүү   Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов) милдеттендирилсин.

 

 4.  Аткарылышын көзөмөлдөө  туруктуу комиссияга (Д.Бакиева) тапшырылсын.

 

 5.  Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

 6.  Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү  жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

 

 7.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төраганын орун басары:                                   М.К.Курбанов