Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын
кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2022-жылдын 06-сентябры № 09 Токтогул шаары
“Токтогул шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ““Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жобосунун талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэриясы тарабынан берилген сунуштар “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиянын 2022-жылдын 06-сентябрындагы жыйналышында каралып, жыйынтыгы сессияга сунушталган.
Туруктуу комиссиянын чечимин, башка депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Токтогул шаарынын ар тараптан өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана кесиптик чөйрөдөгү талыкпаган эмгеги менен мыкты ийгиликтерге жетишип, элине ак ниет кызмат көрсөткөндүгү үчүн төмөндөгү тургундарга “Токтогул шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
- Анарбаев Чыныбек –Бала-Чычкан айылынын жашоочусу, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы” наамынын ээси, Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу канал” ишканасынын директору;
- Султанова Алия –шаардын жашоочусу, “Эл агартуунун мыктысы”, “Муниципалдык кызматтын мыктысы” наамдарынын ээси, учурда ардактуу эс алууда;
- Эсенгулова Барчакан - шаардын жашоочусу, “Эл агартуунун мыктысы” наамынын ээси, ардактуу эс алууда, Токтогул атындагы мектебинде башталгыч класстардын мугалими;
- Асанов Касен - шаардын жашоочусу, Токтогул райондук маданият үйүнүн кароолчусу;
- Жогоруда аты аталган тургундарга “Токтогул шаарынын Ардактуу атуулу” наамына тиешелүү лента жана төш белгилерди даярап, аларды Токтогул шаарынын 10 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан иш чарада салтанаттуу тапшыруу Токтогул шаарынын мэрине милдеттендирилсин (С.Т.Кылданов).
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (А.Джаныбаевага) тапшырылсын.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Б.С.Белеков
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын
кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2022-жылдын 06-сентябры № 10 Токтогул шаары
Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана “Бюджеттик Кодекске” ылайык, Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун 05.09.2022-жылдагы 01-34/сунушун кароонун жыйынтыгы жөнүндө “Бюджет, экономика, финансыкаражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынынкезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.
- 2022-жылдын 8 айынын жыйынтыгы менен пландан ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен 1051,7 миң сомду чыгымдоо боюнча туруктуу комиссиянын чечими ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданого) жүктөлсүн.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (Д.Бакиева) тапшырылсын.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Б.С.Белеков
БЕКИТИЛДИ
Токтогул шаардык кеңешинин
XXIX чакырылышынын
06.09.2022-жылдагы кезексиз IV сессиясынын № 10 токтомуна Тиркеме
2022-жылдын 8 (сегиз) айынын жыйынтыгы пландан ашыкча түшкө акча каражатынын эсебинен 1051,7 миң сомду чыгымдоонун ачыктамасы
№
|
Мазмуну
|
статьясы
|
Сумма миң сом)
|
1.
|
Шаардын 10 жылдык маарекесин өткөрүүгө карата иш чарага кошумча
|
2215
|
300,0
|
2.
|
Мэриянын имаратына ички ажаткана орнотуу жана борбордук канализацияга туташтырууга
|
2221
|
250,0
|
3.
|
“Ынгайлуу шарт” МИ кошумча курулш курууга ( жуунуучу, атайын кийимдерин которууга бөлмө, чай ичүүчу бөлмөгө)
|
3111
|
400,0
|
4.
|
“Ынгайлуу шарт” МИ жумушчуларына материалдык колдоо көрсөтүүгө, жалпы 20 жумушчуга (анын ичинен: жумушчулар -10, айдоочулар-4, кароолчулар-2, суугатчылар-2, электриктер-2)
|
2721
|
60,0
|
5.
|
Союз МСУга мүчөлүк акыга (2 сом (ар бир жашоочуга) х 20863 адам) которууга
|
2611
|
41,7
|
|
Жалпы:
|
|
1051,7
|
Төрага: Б.С.Белеков
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын
кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2022-жылдын 06-сентябры № 11 Токтогул шаары
26.04.2022-жылдагы № 03 токтомго өзгөртүү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, шаардык кеңештин Регламентине ылайык, 26.04.2022-жылдагы № 03 токтомго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча жооптуу катчы С.К.Наралиеванын сунушун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 26.04.2022-жылдагы № 03 токтомдун 1,3 пункттарына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендиги эске алынсын.
- “Тынчтык” фракциясынын депутаты Тойчубеков Урмат Кадырбекович, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Шайлообеков Шахмурат Сыргакович “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын курамына кошулушсун.
3. “Тынчтык” фракциясынын депутаты Калмурзаев Нурсултан Маратович “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, мамлекеттик стандарт, мыйзамдуулукту чындоо боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына кошулсун.
4. “Ынтымак” саясий партиясынын депутаты Джаныбаева Айнура Омушевна “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, мамлекеттик стандарт, мыйзамдуулукту чындоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы болуп шайлангандыгы белгиленсин.
5. Тиешелүү туруктуу комиссиялардын иш пландарына ылайык иш жүргүзүү жагы жогоруда аты аталган депутаттарга милдеттендирилсин
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Б.С.Белеков
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын
кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2022-жылдын 22-июлу № 06 Токтогул шаары
Токтогул шаарынын 2022-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы
менен аткарылган иштер жөнүндө отчетту угуу
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык, Токтогул шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучусу Т.Ш.Дарманованын отчету боюнча туруктуу комиссиялардын төрагаларынын (Д.Бакиева, Б.Дүйшөналиев, У.Тойчубеков, Н.Оркулова) корутундуларын, депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 6 (алты) айына жергиликтүү бюджеттин пландалган бөлүктөрү жалпысынан аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Аймакты социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарылган иштер жөнүндө Токтогул шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучусу Т.Ш.Дарманованын отчету эске алынсын, төмөндөгү кемчиликтерди жоюу үчүн атайын иш –чара иштелип чыксын, аны аткаруу жооптуу кызматкерлерге милдеттендирилсин.
3. Төмөндөгүлөр аткарууга алынсын:
- инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө багытында иштерди жакшыртуу боюнча конкреттүү иш-аракеттер көрүлсүн.
- курулуш иштеринде одоно кемчиликтердин орун алып жаткандыгы белгиленсин (аткарылган иштердин сапаты начар, келишимдердин шарттары аткарылбайт, мөөнөтүнөн кеч калып жатышат, келишимде каралган туумдар өндүрүлгөн эмес ж.б.)
- шаар аймагында тазалыкты сактоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштеринде, ирригация маселелеринде көптөгөн кемчиликтердин бар экендиги белгиленсин, аталган иштерди жакшыртуу багытында тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.
- балдарды колдоо, зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча жетишээрлик иштер жүргүзүлгөн эмес. Мектептерде, элдик жыйналыштарда аймактык инспекторлор менен бирге калкка түшүндүрүү, ар кандай профилактикалык иштер жүргүзүлсүн (жолугушууларды, тегерек столдорду, конкурстарды ж.б. иш чараларды уюштуруу өткөрүү).
- 2018-жылдан-2022-жыл аралыгында берилген протоколдук тапшырмаларды шаардык кеңеш менен бирге инвентаризациялап, аткарылбагандары боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн. Жыйынтыгы боюнча жазуу жүзүндө шаардык кеңешке маалымат берилсин.
4. “Суу канал” жана “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканаларынын берген маалыматы боюнча жыл башынан бери ичүүчү суу, саркынды сууларды кетирүү, катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн бекитилген пландын аткарылышынын пайыздык көрсөткүчтөрү төмөн экендиги белгиленсин.
5. Бекитилген пландарды аткаруу максатында аталган ишканалар физикалык жана юридикалык тараптардан, жеке ишкерлерден алынуучу абоненттик төлөмдөрдү чогултуунун эффективдүү механизмдерин иштеп чыгышсын, жүзөгө ашырышсын (билинг системасы, банк картасы аркылуу төлөө ж.б).
6. Аймакты ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган иштерди аткаруу боюнча мындан нары жооптуу кызматкерлерге катуу талаптар коюлсун.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга (Д.Бакиева, Б.Дүйшөналиев, У.Тойчубеков, Н.Оркулова) ) тапшырылсын.
9. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
10. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Б.С.Белеков
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын
кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2022-жылдын 22-июлу № 07 Токтогул шаары
2022-жылдын 6 (алты) айына жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана Токтогул шаардык кеңешинин 08.02.2022-жылдагы № 05, 06 токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык,2022-жылдын 6 айына жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын отчету, ФЭБ башчысы Н.Кулузакованын маалыматы боюнча“Бюджет, экономика, финансыкаражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынынкезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2022-жылдын 6 (алты) айына жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү жөнүндө “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусу эске алынсын.
- Ушул жылдын 6 (алты) айына план 23519,0 миң сом, аткарылганы 27692,8 миң сом, жалпысынан бюджеттин киреше бөлүгү 117,7% аткарылгандыгы белгиленсин.
- Транспорт каражаттарына бекитилген планды аткарууга жетишүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иштер жүргүзүлсүн.
- Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө бюджет боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу айрым өзгөртүүлөр менен ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
- Токтогул шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучусу Т.Ш.Дарманованын 18.02.2022-жылдагы 01-34/322-а сунушунун негизинде, Коргол көчөсүндөгү балдар бакчасынын курулушу үчүн керектелүүчү бетон плитага тапшырык берүү үчүн, бакчанын курулуша каралган каражаттын эсебинен 950,0 миң сом акча каражатын “КубАй” ЖЧКнын эсебине которулуп берилсин (макулддашуунун негизинде).
- Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэринин милдетин аткаруучусуна (Т.Ш.Дарманова) милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Д.Бакиева) тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
9. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
10. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Б.С.Белеков
БЕКИТИЛДИ
Токтогул шаардык кеңешинин
XXIX чакырылышынын
22.07.2022-жылдагы кезектеги III сессиясынын № 07 токтомуна Тиркеме
2022-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана кошумча түшкөн акча каржаттарынын ачыктамасы
Таблица 1
№
|
Мазмуну
|
статьясы
|
Сумма миң сом)
|
Тендердин жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн каражаттар
|
1.
|
Тех.көзөмөлдөөчүнүн кызмат көрсөтүүсүнөн
|
2215
|
5,0
|
2.
|
Шаардык мэрияга веб сайт ачуудан
|
2215
|
10,0
|
3.
|
2 даана желек сатып алуудан
|
2222
|
18,0
|
4.
|
Шаардын көчөлөрүн шагылдоо,түздөө
|
2221
|
28,0
|
5.
|
Суеркулов көчөсү №32 үйдүн күн батыш тарабын темир тосмо менен короолодон
|
3111
|
113,2
|
6.
|
Шаардык кеңештин кеңсесин кеңейтүү, реконструкциялоо үчүн бөлүнгөн акча каражатынан
|
3111
|
1172
|
7.
|
Жер сатуудан түшкөн каражат
|
|
77,6
|
8.
|
Эл жана турак жайды каттоодон үнөмдөлгөн
|
|
85,9
|
9.
|
Арча Бешик б/б жабдууларды алуудан
|
|
2,0
|
|
Баардыгы:
|
|
1511,7
|
|
Кыскартылган акча каражаттары:
|
|
|
10.
|
Азимкан көчөсүн асфальттоого
|
3111
|
3949,2
|
11.
|
Жаштар аллеясын курууга
|
3111
|
3238,3
|
|
Жалпы сумма:
|
|
8699,2
|
Таблица 2
2022-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө бекитилген каралажаттардын ачыктамасы
|
Мазмуну
|
Статья
|
Бөлүнгөн сумма
|
1
|
Турдахунова Мухадас (гемодиализ алуу үчүн) материалдык жардам
|
2721
|
10,0
|
2
|
БЧУ өрт коопсуздугу үчун электр зымдарын алмаштыруу, тешилген жылытуу батареяларын алмаштырууга
|
2221
|
54,8
|
3
|
БЧУ видео көзөмол орнотууга
|
3112
|
50,0
|
4
|
Токтогул мектептин ашканасына кастрюля алууга
|
3112
|
51,0
|
5
|
Токтогул мектебине музыкалык аппаратура алууга
|
3112
|
150,0
|
6
|
Токтогул мектебине видео көзөмөл орнотууга
|
3112
|
215,0
|
7
|
Д.Турдумамбетов мектебине краска алууга
|
2221
|
7,2
|
8
|
Д.Турдумамбетов мектебине видео көзөмөл орнотууга
|
3112
|
100,0
|
9
|
Бөкөнбаев мектебине видео көзөмөл орнотууга
|
3112
|
215,0
|
10
|
Т.Ормонбеков мектебине видео көзөмөл орнотууга
|
3112
|
65,0
|
11
|
Т.Ормонбеков атындагы мектеп лицейинин полдорунун оңдоп түзөөгө (2 класс кабинет, ашкана)
|
3111
|
300,0
|
12
|
“Достук”б/б пластик терезе алууга (8 м2)
|
3112
|
50,0
|
13
|
“Достук” б/б өрт коопсуздугу үчүн керектүү шаймандарга
|
2222
|
19,8
|
14
|
“Достук” б/б видео көзөмөл орнотууга
|
3112
|
130,5
|
15
|
“Арча-бешик” бала бакчага видео көзөмөл орнотууга
|
3112
|
130,5
|
16
|
“Наристе” б/б ички жылытуу системасына керектелүүчү тетиктер
|
2221
|
12,5
|
17
|
“Наристе” б/б өрт коопсуздугу үчүн керектелүүчү шаймандарга
|
2222
|
19,8
|
18
|
Наристе б/б видео көзөмөл орнотууга
|
3112
|
60,0
|
19
|
“Наристе” б/б ашканасына жылытуу системасын орнотууга
|
3111
|
203,5
|
20
|
“Күн нуру” б/б көмүр менен камсыз кылууга
|
2224
|
30,0
|
21
|
“Күн нуру” б/б электр зымдарын алмаштырууга
|
2222
|
7,9
|
22
|
“Күн Нуру” видео көзөмөл орнотууга
|
3112
|
60,0
|
23
|
“Байчечекей” б/б өрт коопсуздук үчүн керектелүүчү шаймандарга
|
2222
|
19,8
|
24
|
“Байчечекей” б/б килем, дорожкаларды алууга
|
3112
|
55,0
|
25
|
“Байчечекей” бала бакчасынын терезелерин алмаштырууга (3даана, 10,69 м2)
|
3112
|
49,0
|
26
|
“Байчечекей” бала бакча видео көзөмөл орнотууга
|
3112
|
130,5
|
27
|
Токтогул шаардык мэриясына элге жеңилдиктерге каражат бөлүү боюнча
|
2721
|
200,0
|
28
|
“Ынгайлуу шарт” МИ бөлүнгөн сумманын ачыктамасы 1) Кун нуру менен иштеген чырактарга - 144,0; 2) Чырактарга (50, 100 ватт) - 100,0 ; 3) НТУ 02-60-254 диам.250-85,0; 4) Азбестоцемент суу түтүктөрү Калыңдыгы 37,5 мм, узуну 5 м-125,0; 5) Фотореле-30,0; 6) Провод 2 жильный -15,3; 7)Темир түтүктөр, жол белгилери- 225,0; 8) Краска-50,0;
|
2215
|
774,3
|
29
|
“Ыңгайлуу шарт” МИ субсидияга кошумча
|
2511
|
200,0
|
30
|
Жыл башында эки даана аялдама курууга каралган суммага кошумча каражат
|
3111
|
200,0
|
31
|
А.Бекташов көчөсүнө (жашылча саткан күркөлөрдүн алдына) аялдама курууга
|
3111
|
350,0
|
32
|
К.Момункулов көчөсүнө ("Кутман" магазинин жанына) аялдама курууга
|
3111
|
350,0
|
33
|
Токтогул шаарынын көчөлөрүнө шагыл төшөө
|
2221
|
500,0
|
34
|
Бөкөнбаев мектеби, Арча-бешик б/б жайгашкан көчөлөрдө унаа ылдамдыктарын азайтуу үчүн “лежачий полицейский” орнотууга
|
2221
|
100,0
|
35
|
Күн –Нуру балдар бакчасына от жаккан мешин өзүнчө бөлмө куруп, чыгарууга
|
3111
|
643,5
|
36
|
Күн –Нуру балдар бакчасынын ашканасынын потологун оңдоого
|
2221
|
10,0
|
37
|
Күн –Нуру балдар бакчасына ажаткана курууга (4 очко)
|
3111
|
716,7
|
38
|
Бишкек-Достук көчөсу аркылуу 3 жерге кран, Ак-Жонго 1 кран, Сейилбу көчосүнө 3 жерге кран орнотуу менен Бишкек-Боркеев көчосу аркылуу Таласбайдагы бала-бакча курулуучу жерге чейин (диам.50) суу түтүгүн орнотуп, суу менен камсыз кылуу үчун “Токтогул Суу канал ишканасына субсидия катары каражат бөлүү
|
2511
|
800,0
|
39
|
Долбоор иштеп чыгууга
|
2215
|
600,0
|
40
|
Жыл башында балдар ойноочу аянтчаны оңдоп түзөөгө каралган акча каражатына кошумча
|
3111
|
200,0
|
41
|
Казакбаев көчөсүн жарыктандырууга электр чубалгыларын тартууга
|
2215
|
20,0
|
42
|
Эс алуу багына жаңы скамейкаларды орнотууга
|
3111
|
700,0
|
43
|
Эс алуу багына кире бериштеги жазууну ("А.Козубеков атындагы эс алуу багы") кайрадан жасатуу
|
2215
|
56,0
|
44
|
Эс алуу багындагы көчө тренажерлорун оңдоп-түзөөгө
|
3111
|
81,9
|
|
|
|
8699,2
|
Төрага: Б.С.Белеков
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын
кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2022-жылдын 22-июлу № 08 Токтогул шаары
26.04.2022-жылдагы № 03 токтомго өзгөртүү жана толуктоо
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, 26.04.2022-жылдагы № 03 токтомго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча депутат К.К.Коконбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 31.05.2018-жылдагы № 03 токтомдун 1 пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилгендиги эске алынсын.
- “Бирге-Вместе” фракциясынын депутаты Өмуржан уулу Мирбек өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу эске алынсын.
- Бош калган орунду ээлеген, жогоруда аталган фракциянын депутаты Коконбаев Кенжебек Коконбаевич “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын курамына кошулсун.
- Тиешелүү туруктуу комиссиянын иш планына ылайык иш алып баруу жагы Коконбаев Кенжебек Коконбаевичке тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын төрайымына (Д.Бакиева) жүктөлсүн.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: Б.С.Белеков