Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыктары   жана 2020-жылга карата пландалып жаткан иштер боюнча маалыматы

                   Токтогул шаардык кеңеши – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы. Шаардык кеңештин ишин уюуштуруу, өз компетенциябыздын алкагында иштерди аткаруу үчүн кеңеште 5 аппарат кызматкери жана 21 депутат  бар. Шаардык кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо, даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашыруу, алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү үчүн   4 туруктуу комиссия  иш алып барып жатат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдеттери жана функциялары, ошондой эле анын финансы-экономикалык бөлүмүнүн укуктары жана милдеттери жергиликтүү кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.

Негизинен иш ыргагы каражатка байланыштуу болгондуктан 2019-жылдын башында бюджетти бекитүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн  шаардык кеңештин бюджет жана экономика, билим берүү, медициналык тейлөө иштери, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиялары аймактагы социалдык объекттерди кыдырып, көйгөйлүү маселелерин  аныктап, коомчулуктун ар кандай сунуш-пикирлерин эске алуу менен  шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун сунуштарын угуп, талкууга алганбыз.

Мындан сырткары,  депутаттардын,  шаар мэринин, ФЭБ башчысынын, башка тиешелүү адистеринин жана Токтогул райондук салык башкармалыгынын Токтогул шаары боюнча кураторунун   катышуусунда атайын талкуу  уюштурулду, салыктын бардык түрлөрү боюнча ар кандай пайдалуу сунуш-пикирлер айтылды.

Мыйзамда белгиленгендей жергиликтүү кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы сессияларды өткөрүп, чечимдерин токтом түрдө кабыл алуу болгондуктан, Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарынын демилгеси менен   шаарыбыздын ички жолдорун оңдоп түзөө, көчөлөрдүн чектеринен чыгып алган тургундар менен иш алып барып, муниципалдык менчиктеги жерлерди бошотуу, тротуарларды куруу, балдар ойноочу аянтчаларды куруу жана башка иштер  пландалып, талкууланып, аталган иштер боюнча атайын чечимдер кабыл алынып, аткарууга берилген.

2019-жылы жалпысынан 10 жолу сессия чакырылып, алардын ичинен 4 кезектеги, 6 кезексиз сессиясы болуп өттү. Күн тартибинде жалпысынан   54 маселе каралып,  аларды талкуулоонун  жыйынтыгы менен  шаардын турмушунда маанилүү деп эсептелген социалдык жана экономикалык түрдүү багыттагы  43  токтом кабыл алынып,  ага кошумча  34  протоколдук тапшырма аткарууга берилген.

Жогоруда аталган токтом, протоколдук тапшырмалардын  аткарылышы  Токтогул шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлери жана депутаттардын курамынан түзүлгөн туруктуу комиссиялар тарабынан көзөмөлгө алынып, тиешелүү иштер жүргүзүлүп турду. Айрым аткарыла элек  токтом, протоколдук тапшырмалар боюнча себептери такталып, кошумча иш аракеттер ушул жылы дагы улантылат.

Жалпысынан 2019-жыл ичинде Токтогул шаардык кеңешине аткаруу органынан, ар кандай мекеме-уюмдардан, жеке ишкерлерден 155 кайрылуу, өтүнүч каттар, ал эми жеке жарандардан  25 арыз, каттар катталган.  Алардын бардыгы каралып, туруктуу комисияларга, аткаруу органына жиберилген. 

  2019-жыл ичинде жалпысынан 172 чыгыш кат жогорудагы аталган арыз, кайрылуу, өтүнүч каттарга жооп  жана депутаттык суроо-талап катары тиешелүү даректерге жөнөтүлгөн.

Токтогул шаардык кеңешинин депутаттары,  өз каражаттарынын эсебинен шаарыбыздагы жалпы 15 окуучу балдарга жаңы окуу жылына карата 30 миң сомго кийим кече алып беришти.  Мындан сырткары “АДРА” кайрымдуулук фондунун эсебинен  Бөкөнбаев, Турдумамбетов, Токтогул жана Ормонбеков атындагы мектептерде окуган аз камсыз болгон 110 окуучу балага бут кийим алып берүүгө жетиштик. “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишкансындагы жумушчуларга, башка муктаж үй-бүлөнүн балдарына 21 даана бут кийим алып бердик.  Карыялар үйүнө 20 миң сомго тамак –аш түрүндө көмөк көргөздүк.

Ошондой эле депутаттын өз каражатынын эсебинен Топбаза жана Таласбай кичи-райондорунун бир бөлүгүндөгү жашоочуларга ичүүчү суу жеткирүү үчүн 500 м суу түтүгү сатылып берилип, алар ичүүчү суу менен камсыз болушту. Мындай иштерди улантуу үчүн башка мүмкүнчүлүктөр дагы каралууда.

 Шаарыбызда балдар бакчасынын жетишсиздиги эң орчундуу болуп турганда, Өкмөткө, жогорку органдарга кайрылып, сүйлөшүүлөрдүн негизинде 1-кичи районуна балдар бакчасын куруу үчүн мамлекеттик менчиктеги,  бирок бош турган  0,32 га жерди муниципалдык менчикке алууга жетиштик. Учурда балдар бакчасын куруу үчүн  долбоорун, сметалык бааларын эсептеп, даярдоо боюнча мэрияга тапшырма берилди, каржылоо булактарын дагы карап жатабыз.

       Азыркы күндө биз 2020- жылга карата даярдык көрүп жаткан учурубуз. Эң көйгөйлүү маселелерди  2020-2022-жылга карата Токтогул шаарын социалдык –экономикалык өнүкттүрүү программасына киригизип, аларды ишке ашыруу үчун ички жана сырткы мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, анын негизинде иш жүргүзүүгө багыт алабыз.  

          Токтогул шаарын өнүктүрүү  бардыгыбыздын колубузда, ар кимибиз өз салымыбызды кошолу. Шаарыбыздагы кандай  жетишкендик, ийгилик болсо, ал ар бирибиздин салымыбыз деп билели. Айрыкча азыр шаарыбызда тазалык маселеси өтө курч бойдон калууда, бул маселеге дагы олуттуу көңүл буруп, таза шаарда, таза жашоого бардыгыбыз биригип иш алып баралы.         

        Шаарыбыздын ар тараптан өсүп өнүгүүсү, калктын бакубат жашоосу боюнча өз сунуштарыңыздар болсо Токтогул шаардык кеңешине, Токтогул шаардык мэриясына кайрылсаңыздар,  алдыдагы иштерибизди пландоодо сиздердин кеп-кеңешиңиздерди дагы эске алууга аракет кылабыз.  

Токтогул шаардык кеңешинин 2018-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыктары  боюнча жана 2019-жылга карата пландалып жаткан иштери боюнча маалыматы

 

         Урматтуу Токтогул шаарынын тургундары, бүгүнкү жыйналыштын катышуучулары!

          Токтогул шаардык кеңеши – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы. Шаардык кеңештин ишин уюуштуруу,  пландалган иштерди аткаруу үчүн кеңеште 5 аппарат кызматкери жана 21 депутат  бар. Шаардык кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо, даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашыруу, алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү үчүн   4 туруктуу комиссия  иш алып барып жатат.

2018-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Жээнбеков  Сороонбай  Шариповичтин  Жарлыгына ылайык “Аймактарды өнүктүүрү жылы” деп жарыяланган. Бул багытты камтып, 2018-жыл ичинде Токтогул шаардык кеңешинин жана аталган туруктуу комиссиялардын иш пландары иштелип чыгып,  сессияда бекитилип, тийиштүү иштер жүргүзүлүп турду.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдеттери жана функциялары, ошондой эле анын финансы-экономикалык бөлүмүнүн укуктары жана милдеттери жергиликтүү кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.

Ошондуктан жылдын башында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн  шаардык кеңештин бюджет жана экономика, билим берүү, медициналык тейлөө иштери, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиялары аймактагы социалдык объекттерди кыдырып, алардын кандай маселелери бар, аларды аныктап, коомчулуктун ар кандай сунуш-пикирлерин эске алып,  жыйынтыгында  шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун сунуштарын угуп, талкууга алышкан. Анын негизинде кирешелердин  болжолдуу  прогноздору тыкыр иликтенип,  жыйынтыгы 2018-жылдын 19- январында терең талкууга алынып, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн  болжолу Токтогул шаардык кеңешинин кезектеги 32 - сессиясынын  № 142 токтому менен бекитилип берилген.

Токтогул шаардык кеңеши жыйналган кирешени сарамжалдуу, максаттуу пайдалануу максатында көзөмөлдү күчөтүп, жоопкерчиликти жогорулатып иш  алып барууну көздөп, өз компетенциябыздын чегинде иш алып барып турабыз.  

       Негизинен иш ыргагы каражатка байланыштуу болгондуктан, Токтогул шаардык кеңеши  ар дайым бюджеттик саясаттын  туура жүргүзүлүшүнө  көңүл бөлүп келебиз. Себеби бюджеттик процесс - бул бюджеттин долбоорун түзүү, кароо, бекитүү, аткаруу, көзөмөлдөө  экендиги баарыбызга маалым.

Ошондуктан бул маселеге терең маани берип, 2018-жылда боюжетти бекитүү алдында Токтогул шаардык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясы, депутаттардын,  шаар мэринин, ФЭБ башчысынын жана мэриянын салык жыйноочулардын катышуусунда талкуу жүргузгөн. Анын жүрүшүндө  салыктын бардык түрлөрү боюнча кеңири талкууланып, ар кандай пайдалуу сунуш-пикирлер айтылып, жыйынтыгы 2018-жылга  өз жемишин берди деп айта алабыз.  Себеби аткаруу органы тарабынан көптөн бери салыктары төлөнбөгөн объекттер, жерлер  такталып, бул багытта алгылыктуу иштер алынып барылууда.   

Эң оболу шаарыбызда элдин жашоо турмушун жакшыртуу боюнча көйгөйлүү маселелери аныкталып, калкты социалдык жактан коргоонун программалары бекитилип, алардын ырааттуу аткарылышы  боюнча алгылыктуу иштердин  жүрүп жаткандыгы боюнча Сиздер жогоруда Токтогул шаарынын мэринин маалыматынан угуп, тааныша алдыңыздар.

Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарынын жана шаар мэринин  демилгеси менен шаарыбыздын ички жолдорун оңдоп түзөө, көчөлөрдүн чектеринен чыгып алган тургундар менен иш алып барып, муниципалдык менчиктеги жерлерди бошотуу, тротуарларды куруу, балдар ойноочу аянтчаларды куруу жана башка иштер  пландалып, талууланып, аталган иштердин аткарылуусу боюнча атайын чечимдер кабыл алынып, аткарууга берилген. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү тиешелүүлүгүнө жараша алардын аткарылышын өз көзөмөлдөрүнө алып турушту.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  - шаардык кеңештин жана шаардык мэриянын  максаты дагы, багыты дагы шаар туругундарынын  татыктуу жашоосу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү. Жогоруда айтылгындардан өзүңүздөр угуп, баамдагандай ички, тышкы инвестициялардын басымдуу бөлүгү калкка кызмат көрсөтүүчү объекттерди курууга, оңдоого, түнкү жарыктандырууга багытталып жатат. Андыктан иш аркетерибиздин акыбети кайтып, акырындап алга жылуунун, өсүүнүн жышааны байкала баштады деп айтсак дагы болот.

Мыйзамда белгиленгендей жергиликтүү кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы сессияларды өткөрүп, чечимдерин токтом түрдө кабыл алуу болгондуктан, 2018-жылы жалпысынан 13 жолу сессия чакырылып, алардын ичинен 6 кезектеги, 7 кезексиз сессиясы болуп өттү. Күн тартибинде жалпысынан   маселе каралып, аларды талкуулоонун  жыйынтыгы менен  44  токтом кабыл алынып, ошондой эле 15 протоколдук тапшырма аткарууга берилген.

Жылдан жылга информатика жана технология өсүп,  мыйзам тарабынан дагы жаңы  талаптар коюла бшатагандыгына байланыштуу,  201-жыл ичинде өткөрүлгөн 13 сессиянын жыйынтыгында Токтогул шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынган   баардык токтомдору   toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылып, облустук юстиция башкармалыгы аркылуу  ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине  киригизилип,  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылар жарыялануучу сайтында жарыяланып жатат. Мындай иш-аракеттерибиз менен, биз,    жашоочуларыбыз үчүн ачык бюджет  саясатын  ишке ашыруу, калктын толук, так маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн  арттыруу, социалдык адилеттүүлүк, коллегиалдуулук, мыйзамдуулук сыяктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын принциптерин жүзөгө ашырып келе жатабыз.

       Жогоруда аталган токтом, протоколдук тапшырмалардын  аткарылышы боюнча Токтогул шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлери жана депутаттардын курамынан түзүлгөн туруктуу комиссиялар тарабынан көзөмөлгө алынып, тиешелүү иштер жүргүзүлүп турду.

Жалпысынан 2018-жыл ичинде Токтогул шаардык кеңешине аткаруу органынан, ар кандай мекеме-уюмдардан, жеке ишкерлерден 110 кайрылуу, өтүнүч каттар, ал эми жеке жарандардан  21 арыз, каттар катталган.  Алардын бардыгы каралып, тиешелүүлүгүнө жараша туруктуу комисияларга, аткаруу органына жиберилген.  Аткарыла элек токтом, протоколдук тапшырмалар боюнча иштер улантылып жатат.

  2018-жыл ичинде жалпысынан 130 чыгыш кат жогорудагы аталган арыз, кайрылуу, өтүнүч каттарга жооп  жана депутаттык суроо-талап катары тиешелүү даректерге жөнөтүлгөн.

       Натыйжада, Токтогул шаарынын мэри Болот Турдуевич Болгонбеков баштаган  шаардык мэриянын кызматкерлери кабыл алынган токтомдорду өз убагында аткарууга алып, өздөрүнүн ишке болгон жогорку жоопкерчилигинин негизинде, мыкты ийгиликтерге жетише алдык десек болот.

Бирок айрым учурларда биз канчалык аракет кылганыбыз менен калктын суроо талаптарына ылайык жергиликтүү маанидеги жана мамлекет тарабынан ыйгарылган кызматтарды жеткиликтүү жана сапаттуу көрсөтүү жергиликтүү бюджетибиздин мүмкүнчүлүгүнө негизделип калып жатат. Ошондуктан жогоруда айтылгандарга таянып, шаарыбызда бардык маселелер чечилип калды дегенден алыспыз, ийгилик болгон жерде кемчиликтер дагы болбой койбойт экен. Биз  мындан нары дагы чечилбей келе жаткан  маселелерибиздин алкагында иш алып баруу үчүн колдо болгон мүмкүнчүлүктү ырааттуу пайдалануу,  сырттан инвестиция тартуу аркылуу чечүүгө талыкпастан аракет жасайбыз. 

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жакшыртуу, шаардык кеңештин депутаттарынын,  аппарат кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерибиз дагы улантылып келе жатат.

Ошондой эле  Токтогул шаардык кеңешинин депутаттары,  өз каражаттарынын эсебинен шаарыбыздагы жалпы 15 тоголок жетим балдарга жаңы окуу жылына карата 30 миң сомго кийим чече алып беришти жана карыялар үйүнө 10 миң сомго тамак –аш түрүндө көмөк көргөзүштү. Мындан сырткары “АДРА” кайрымдуулук фондунун эсебинен шаарыбыздагы аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн мектеп жашындагы балдарына 100 пар бут кийим алып берүүгө жетиштик. Учурда мындай иштерибиз дагы улантылып, ар кандай фонддор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.  

       Азыркы күндө биз 2019- жылга карата даярдык көрүп жаткан учурубуз. Жогоруда аталган иштер бизге чек эмес,  алдыда жашоочуларыбыздын бакубат жашоосу, жаштарыбыздын жаркын келечеги үчүн аткарыла турган дагы  иштерибиз арбын.  Негизинен орчундуу маселелер болгон: шаарыбыздын алыскы кичи райондорунда  балдар бакчаларын, мектептерди куруу, ички жолдорду асфальттоо, тротуарларды, аллеяларды куруу,  спорт комплексин куруу ж.б. пландалып жаткан иштер жөнүндө жогоруда кеңири айтылып өттү. Биз дагы бул жылы 2019-2021жылга карата Токтогул шаарынын социалдык –экономикалык өнүгүү программасынын негизинде иш жүргүзүүгө багыт алабыз.  

        Урматтуу бүгүнкү элдик жыйындын катышуучулары!

        Токтогул шаарын өнүктүрүү  бардыгыбыздын колубузда, ар кимибиз өз салымыбызды кошолу. Шаарыбыздагы кандай  жетишкендик, ийгилик болсо, ал ар бирибиздин салымыбыз деп билели. Айрыкча азыр шаарыбызда тазалык маселеси өтө курч бойдон калууда, бул маселеге дагы көңүл буруп, таза шаарда, таза жашоого бардыгыбыз бирге иштейли.              

        Жогоруда айтылгандай, шаарыбыздын өсүп өнүгүүсү, калктын бакубат жашоосу боюнча өз сунуштарыңыздар болсо Токтогул шаардык кеңешине, Токтогул шаардык мэриясына кайрылсаңыздар,  сиздердин кеп-кеңешиңиздерди дагы эске алууга аракет кылабыз. 

       Ошондуктан урматтуу шаар тургундары, шаардык кеңештин депутаттары, шаардык мэрия баарыбыз бирге ынтымакта, жыйнактуу иш алып барсак, 2019-жыл үчүн алдыда пландалып жаткан иштерибизде дагы  көп ийгиликтерге жетишебиз деп ойлойм.

     Баарыңыздарга бекем ден соолук, иштериңиздерге ийгилик каалайм.

     

    Даярдаган: 

 

Токтогул шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы:                      С.Наралиева

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги XXXII   сессиясы,  жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн

2018-жылга карата болжолун бекитүү жөнүндө 

2018-жылдын 19-январында  Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги XXXII сессиясы болуп өттү. Сессияны Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы К.Дербишев алып барды.

Жалпы 15 депутат катышты.

Күн тартибине төмөндөгү маселелер киргизилди:  

  1. Токтогул шаарында 2017-жыл ичинде аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо жана башка жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча аткарылган иштер, жергиликтүү бюджеттин киреше жана  чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча Токтогул шаарынын мэринин отчетун угуу.
  1.    Мэриянын алдындагы “Ыңгайлуу шарт”, “Суу канал” ишканаларынын 2017-жыл ичиндеги аткарган иштери, бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча кеңири маалыматтарын угуу.
  1.  “Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемеси аркылуу атайын эсептин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы  боюнча Байкоочу кеңештин  өкүлү М.Исаковдун маалыматын угуу.
  1.    Токтогул шаардык мэриясынын 2018-2020-жылдар үчүн жаныланган социалдык-экономикалык өнүгүү программасын талкуулоо, бекитүү.
  1. 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолун кароо, бекитүү, бюджетке байланышкан кайрылууларды кароо. 
  1.  Шаардык кеңештин, шаардык мэриянын жана анын структуралык бөлүмдөрүнүн штат бирдиктерин кароо жана бекитүү;    
  1. Токтогул шаардык кеңешинин 2018-жылга иш планын бекитүү.
  1. Ар кандай маселелер

Жогорудагы маселелердин бардыгы алдын ала тиешелүү туруктуу комиссиялардын жыйналыштарында каралып, корутундулары сессияга сунушталды.  Күн тартибине киргизилген маселелер боюнча маалыматтар толугу менен угулду, депутаттар тарабынан сунуш, пикирлер айтылды.

 Жыйынтыгында Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин 2017-жыл ичинде аткарган иштери “канааттандырарлык” деп бааланды.

Мындан сырткары “Таза коом-Жаңы доор” өнүгүү программасынын алкагында иштелип чыккан  Токтогул шаарын 2018-2020-жылдарга социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүү программасы, шаардык кеңештин 2018-жылга карата иш планы талкууланып, сессиянын жүрүшүндөгү  сунуштарды эске алуу менен  бекитилип берилди..  

Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2018-жылга карата болжолу кызуу талкууга алынып, айрым өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү менен бекитилип берилди.  Мэриянын жана кеңештин  штаттык бирдиктери каралып, бекитилди.

            Күн тартиби боюнча каралган маселелер боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынып,  мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлдү, www.toktogul.kg веб-сайтына жарыяланды. Аталган токтомдор жана башка протоколдук тапшырмалар Токтогул шаардык мэриясына аткарууга берилди.

Токтогул шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы:                                     С.Наралиева

 

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги XXIV  сессиясы,  жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн

2017-жылга карата болжолу жөнүндө 

2017-жылдын 15-февралында Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги XXIV  сессиясы болуп өттү. Сессияны Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы К.Дербишев алып барды. 21 депутат толугу менен катышты.

Күн тартибине төмөндөгү маселелер киргизилди:  

  1. Токтогул шаарында 2016-жыл ичинде жалпы аткарылган иштер боюнча Токтогул шаарынын мэринин отчетун угуу;
  2. 2017-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолун кароо, бекитүү, шаардык кеңештин, шаардык мэриянын жана анын структуралык бөлүмдөрүнүн штат бирдиктерин кароо жана бекитүү, бюджетке байланышкан кайрылууларды кароо;
  3. Токтогул шаардык мэриясынын 2017-2019-жылдар үчүн жаныланган социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү; 
  4. “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатын өзүнчө муниципалдык ишкана катары бөлүп түзүү боюнча шаардын мэри М.Калмурзаевдин сунушун кароо;
  5. Токтогул шаардык кеңешинин 2017-жылга иш планын бекитүү;
  6.  “Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемесинин Байкоочу кеңешине Токтогул шаарынын атынан өкүл шайлоо;

Жогорудагы маселелер алдын ала тиешелүү туруктуу комиссиялардын жыйналыштарында каралып, корутундулары сессияга сунушталды. Жыйынтыгында Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин 2016-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылды.

Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетининин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2017-жылга карата болжолу айрым өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү менен бекитилди. Мэриянын жана кеңештин  штаттык бирдиктери, Токтогул шаарын 2017-2019-жылдарга социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүү программасы, шаардык кеңештин 2017-жылга иш планы каралып, сессиянын жүрүшүндөгү айрым сунуштарды эске алуу менен  бекитилди.  

            Ошондой эле Токтогул шаардык мэриясынын алдында “Ыңгайлуу шарт” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасын түзүү боюнча Токтогул шаарын мэри М.Калмурзаевдин сунушу каралып, мыйзам талаптарын эске алып, шаардык кеңештин депутаттары аталган ишкананы бөлүп түзүүгө макулдук беришти.

            Мындан сырткары  “Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемесинин Байкоочу кеңешине Токтогул шаарынын атынан өкүл шайлоо маселеси дагы кызуу талкууга алынып, жыйынтыгында жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Токтогул шаардык кеңешинин депутаты  Исаков Максат Муктарбекович жогоруда аталган Байкоочу кеңешке Токтогул шаарынын атынан өкүл болуп шайланды.

            Күн тартибине киргизилип, каралган маселелер боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынынып,  Токтогул шаардык мэриясына аткарууга берилди.

 

Токтогул шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы:                                     С.Наралиева

 Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги  XIV сессиясы 2016-жылдын 01-мартында өткөрүлдү.

Сессияны Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы К.Дербишев алып барды.

Күн тартибине төмөндөгү маселелер киргизилип, чечимдер кабыл алынды:

  1. Токтогул шаардык кеңешинин иш планын бекитүү;
  2. Токтогул шаарын 2016-2018-жылдарга социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүү программасын бекитүү;
  3. Шаар мэри М.Калмурзаевдин 2015-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчетун угуу, 2016-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолун кароо жана бекитүү;
  4. Мэриянын,кеңештин аппаратынын штаттык бирдиктерин жана турмуш тиричилик камсыздоо бөлүмдөрүнүн штаттык сан эсебин  кароо бекитүү;
  5. Элдик жыйындагы жашоочулардын өтүнүчүнө ылайык, шаар аймагында маркумдарга мүрзө казуу кызмат көрсөтүүсү боюнча бааны чектөө, жана башка ар кандай маселелер;

 

2016-жылы 26-январда Токтогул шаарында элдик жыйын болуп өттү

             2016-жылдын 26-январында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Токтогул шаардык мэриясы тарабынын уюштурулган элдик жыйын болуп өттү.  Элдик жыйында  Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаев, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы К.Дербишев 2015-жылда аткарылган жумуштар боюнча маалымат отчет беришти. Жыйынга Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Сатымкулов, аппарат жетекчиси Т.Эсенгулов, Карыялар кеңешинин төрагасы С.Исмаилов, мекеме, уюмдардын жетекчилери жана Токтогул шаарынын жашоочулары  катышты.

Подробнее...