2016-жылы 26-январда Токтогул шаарында элдик жыйын болуп өттү
2016-жылдын 26-январында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Токтогул шаардык мэриясы тарабынын уюштурулган элдик жыйын болуп өттү. Элдик жыйында Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаев, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы К.Дербишев 2015-жылда аткарылган жумуштар боюнча маалымат отчет беришти. Жыйынга Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Сатымкулов, аппарат жетекчиси Т.Эсенгулов, Карыялар кеңешинин төрагасы С.Исмаилов, мекеме, уюмдардын жетекчилери жана Токтогул шаарынын жашоочулары катышты.