Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXII-сессиясынын

ТОКТОМУ № 94

Токтогул шаарчасы 14.11.2012 – жыл

Токтогул шаардык Кеңешине
кызматтык женил авто унаа
алуу жөнүндө

Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXII-сессиясы угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул шаардык Кеңешине кызматтык женил авто унаа алынсын.

2. Жергиликтүү бюджеттен женил авто унаа үчүн 300000 сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнсүн.

3. Женил авто унааны сатып алуу үчүн төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:
К.Дербишев – Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы.
А.Исраилов – Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты,
бюджет боюнча туруктуу комиссиянын
төрагасы.
А.Абдылдабеков – Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты.

4. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

5. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев