Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI -чакырылышынын кезектеги XXI –сессиясынын

ТОКТОМУ № 89-а
Токтогул шаарчасы 2012-жылдын 31-октябры

Токтогул поселкалык Кеңешинин төрагасы, депутат А.Асылбековдун арызын короо жөнүндө

КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 15.07.2011 жылдагы № 101 мыйзамынын негизинде Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXI –сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул поселкалык Кеңешинин төрагасы А.Асылбековдун арызы канаатандырылып, өз калоосу менен Токтогул поселкалык Кеңешинин төрагасынан бошотулсун.

2. Токтогул поселкалык Кеңешинин төрагалыгына, депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон, депутат Дербишев Кубанычбек шайлансын.

3. Токтогул поселкалык Кеңешинин төрагасынын орун басарына (ачык добуш менен) депутат Тойчубеков Урмат шайлансын.

4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык
Кеңешинин төрагасы: А. Асылбеков