Warning: session_start(): Cannot send session cookie - headers already sent by (output started at /var/www/vhosts/toktogul.kg/httpdocs/index.php:6) in /var/www/vhosts/toktogul.kg/httpdocs/libraries/joomla/session/session.php on line 665

Warning: session_start(): Cannot send session cache limiter - headers already sent (output started at /var/www/vhosts/toktogul.kg/httpdocs/index.php:6) in /var/www/vhosts/toktogul.kg/httpdocs/libraries/joomla/session/session.php on line 665
Токтом №141

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXXII – сессиясынын

ТОКТОМУ № 141

Токтогул шаары                                                                                25-октябрь 2013-жыл

 

Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXV сессиясында 15.03.2013 жылы кабыл алынган № 1(111) Токтомдун  № 4,5 Тиркемелерине  өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө

Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин жана Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузакованын 9 (тогуз) ай ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышынын  жыйынтыгы боюнча берген маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”  15.07.2011 жылдагы   № 101 мыйзамынын негизинде, Токтогул  шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги  XXXII – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жогоруда айтылгандардын  негизинде, Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXV-сессиясында 15.03.2013 жылы кабыл алынган № 111 Токтомунун № 4, 5 Тиркемелерине өзгөртүү,  толуктоолор киргизилсин.
  2. «Байчечекей» балдар бакчасынын кезектеги оңдоп-түзөө иштерине 22152100-статьясы боюнча  каралган акча каражатынын эсебинен Т.Ормонбеков атындагы мектеп-лицейинин жаңы имаратына трансформатор алуу жана аны тосмолоо үчүн 31122290 статьясына  276,167 (эки жүз жетимиш алты миң бир жүз алтымыш жети) сом жылдырылсын.
  3. “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатынын атайын эсеп каражатынан 24,0 (жыйырма төрт миң) сом акча каражаты көчөлөргө шагыл төктүрүү үчүн жана 20,0 (жыйырма миң) сом жаңы жылдык балаты алуу, кооздоо үчүн жумшалсын.
  4. Балдар чыгармачылык үйүнүн  22156900 статьясынан 16,4 (он алты миң төрт жүз) сом 22111100 статьясына жылдырылсын.
  5. Токтогул шаардык Кеңешинин  22141100 статьясынан  19,0 (он тогуз миң) сом 22155300 статьясына жылдырылып,  чыгымдалсын.
  6. Балдар бакчаларына ата-энелерден түшкөн төлөм каражаттарынан  22181100  статьясынын эсебинен 391,5 (үч жүз токсон бир миң беш жуз) сом кошумча чыгымдалсын (атайын эсеп).
  7. Ошондой эле төмөндөгү аталган өзгөртүү, толуктоолор ушул таблицага ылайык жумшалсын.

 

Аталышы

Статья

2013-жылдын IV-кварталынан кыскартылсын  (миң сом)

1

“Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинаты

(Футболдук аянтча )

3111

250,0

2

“Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинаты

(Кадырбек көчөсү)

3111

100,0

3

“Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинаты

(Кыргызстан көчөсү)

3111

100,0

4

“Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинаты

(Жол белгилери)

22156900

75,0

5

“Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинаты

(Жол оңдоо)

22156900

100,0

6

“Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинаты

(7 кичирайонуна суу чыгаруу)

31121230

210,0

7

“Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинаты

(Жол оңдоо)

22156900

100,0

8

“Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинаты (Грейдер)

22156900

30,0

9

Аппарат (Аялдар кеңеши)

22156900

30,0

 

Жалпы сумма:

995,0

 

 

Аталышы

Статья

2013-жылдын IV-кварталына кошулсун  (миң сом)

1

“Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинаты

(Тротуар Кыргызстан көчөсү)

3111

95,0

2

 “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинаты

(Жаштар аллеясы)

3111

291,0

3

Мектеп-лицейинин курулушу

3111

234,0

4

“Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинаты (ГСМ)

22141100

75,0

5

“Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинаты (Электрик үчүн велосипед)

22155300

6,0

6

“Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинаты

(Каратаев К, Абдраимов А)

21111200

21211200

20,4

3,6

7

“Суу канал” ишканасына (Эксковатор)

31113290

210,0

8

№ 28 Т.Ормонбеков атындагы  мектеп-лицейи

21152100

60,0

 

Жалпы сумма:

 

995,0

 

8. Жергиликтүү бюджеттин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен Токтогул шаардык мэриясынын жана Токтогул шаардык Кеңештин аппарат кызматкерлерине жылдын жыйынтыгы боюнча акчалай сыйлыктар менен сыйлоо жагы каралсын.

9.Жалпысынан бюджеттин планына  өзгөртүү киргизүү боюнча билдирме (уведомление) берип, тактоо жана бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

10. Токтомдун жалпы аткарылышын контролдоо жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Исраиловго тапшырылсын.

11.Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык

Кенешинин төрагасы:                                           К.Дербишев