Warning: session_start(): Cannot send session cookie - headers already sent by (output started at /var/www/vhosts/toktogul.kg/httpdocs/index.php:5) in /var/www/vhosts/toktogul.kg/httpdocs/libraries/joomla/session/session.php on line 665

Warning: session_start(): Cannot send session cache limiter - headers already sent (output started at /var/www/vhosts/toktogul.kg/httpdocs/index.php:5) in /var/www/vhosts/toktogul.kg/httpdocs/libraries/joomla/session/session.php on line 665
ТОКТОМУ № 43 10-апрель 2015-жылы расмий түрдө жарыяланды

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз VIII  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 43

 2015-жылдын 03-апрели                                                               Токтогул шаары      

 

Токтогул шаарындагы №1 “Достук” мектепке чейинки билим берүү уюмунун сырткы тосмосун капиталдык оңдоо үчүн  түзүлгөн долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым катары  акча каражатын бөлүп берүү боюнча 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык,    Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  VIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жогорудагылардын негизинде Токтогул шаарындагы №1 “Достук” мектепке чейинки билим берүү уюмунун сырткы тосмосун капиталдык оңдоо үчүн түзүлгөн долбоорду  түрткү берүүчү гранттын эсебинен жүргүзүү толугу менен колдоого алынгандыгы белгиленсин.

 

  1. Проекттин жалпы баасы  1654 545 (бир миллион алты жүз элүү төрт миң беш жүз кырк беш) сом болгондуктан, бул сумманын 20%, так айтканда  330 909  (үч жүз отуз миң тогуз жүз тогуз) сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

  1. Бул токтомду аткаруу жагы  Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча”туруктуу комиссиянын төрайымы М.Солтоевага тапшырылсын.
  2. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

      Токтогул шаардык

    кеңешинин төрагасы:                                              К.Дербишев

 

 

 

Даярдаган:  С.К.Наралиева             

0 37 47 5 01 54, 0 773 80 29 46