Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIX – сессиясынын

 ТОКТОМУ № 131

 Токтогул шаары                                                                               18-июль 2013-жыл

Кыргыз Республикасынын эл артисти, маркум Асанкалый Керимбаевдин ысымын Акжон участогунан бир көчөгө ыйгаруу  жөнүндө

Токтогул шаардык Кеңешинин “Оз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чындоо, даректуу жардам жана жумушсуздук” боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап, Токтогул  Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIX – сессиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын 2013-жылдын 10-июлундагы чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын эл артисти, маркум Асанкалый Керимбаевдин ысымы Токтогул шаарындагы Акжон участогунун бир көчөсүнө  ыйгарылсын.

Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге, ал эми аткарылышын көзөмөлдөө жагы Токтогул шаардык Кеңешинин  “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чындоо, даректуу жардам жана жумушсуздук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Азимовго милдеттендирилсин.

Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык

Кеңешинин төрагасы:                                           К.Дербишев