Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги  XXXIV – сессиясынын

ТОКТОМУ № 149

Токтогул шаары                                          03-март  2014-жыл

 

Токтогул шаардык  мэриясынын

2014-2016-жылдарга социалдык-экономикалык  өнүгүүсүнүн план программасын бекитүү боюнча

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2011 жылы 15-июлдагы  № 101 Мыйзамына ылайык,  жогоруда аталган социалдык-экономикалык өнүгүүнүн план программасын  карап жана талкуулап Токтогул  шаардык Кеңешенин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXXIV -сессиясы

Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

  1. Токтогул шаардык мэриясынын 2014-2016-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн план программасы жалпысынан жактырылып, кабыл алынсын жана бекитилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча жылдын жыйынтыгы менен жалпы элдик жыйындарда билдирип туруу жагы Токтогул шаарынын мэри  М.Калмурзаевге тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
  4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети)  жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                                               К.Дербишев