Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги

XXXIV-сессиясынын

ТОКТОМУ № 145

Токтогул шаары                                                                                       03 – март 2014 жыл

Токтогул шаардык мэриясынын жана Токтогул шаардык Кенешинин  аппарат кызматкерлеринин типтүү тузүмүн жана штаттык бирдиктерин бекитүү жана айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамдын 20-беренесине, “Муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын 34-беренесине ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин, ФЭБнун башчысы Н.Кулузакованын сунуш, пикирлерин,  Токтогул шаардык Кеңешинин экономика бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Исраиловдун билдирүү, маалыматтарын угуп, талкуулап Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXXIV -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүүнү камсыз кылуу, өз аймагынын чегинде социалдык–экономикалык өнүгүүнү мындан ары дагы жакшыртуу, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу, акча каражаттарын үнөмдүү пайдалануу максатында жогоруда аталган  Токтогул шаардык мэриясынын сунушу жактырылып, төмөндөгү өзгөртүүлөр менен бекитилсин.

 

  • Токтогул шаардык мэриясы:

Жооптуу кызматкерлер – 18 штаттык бирдик;

Тейлөөчү персонал- 3 штат;

Бардыгы 21-штат бирдиги бекитилсин  (КР Өкмөтүнүн токтому 2011-жыл 05-август № 451)

  • Токтогул шаардык Кенеши:

Жооптуу кызматкерлер – 4 штаттык бирдиги;

Тейлөөчү персонал -1 штат;

Бардыгы 5 штаттык бирдиги бекитилсин (КР Өкмөтүнүн токтому 2011-жыл 05-август № 452)

  • 2014-жылдын 1-апрелинен баштап төмөндөгүлөр аткарылсын:

•   аскердик эсепке алуу столунун 2 (эки) инспекторлук штаты  кыскартылсын жана аларга КР Эмгек Кодексинин 85, 86 беренелерине, КР Муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдын 34-беренесине ылайык эки айлык өлчөмүндө компенсация  төлөнүп берилсин.

•   Токтогул шаардык Кеңешинин башкы адиси А.Койчубаев Токтогул шаардык мэриясына салык инспекторлору менен биргеликте  иш алып баруу үчүн убактылуу  жөнөтүлсүн.

•   Токтогул шаардык Кеңешинин жетектөөчү адиси Ж.Караевага иш кагаздарын жүргүзүү үчүн кошумча төлөө (0,75) алынып салынсын.

•   Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикке караштуу  чарбалык эсептеги “Суу Канал” ишканасынын 5 (беш) кызматкерине айлык акыларын жергиликтүу бюджеттин эсебинен төлөө токтотулсун. Аталган кызматкерлердин айлык акылары  2014-жылдын 1-апрелинен баштап “Суу Канал” ишканасынын өз каржаттарынын эсебинен төлөнүп берилсин.

  • Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык Кызмат жөнүндөгү” мыйзамынын 28-беренесине ылайык, Токтогул шаардык мэриясынын, Токтогул шаардык Кеңешинин кенже тейлөө кызматкерлерине 2014-жылдын 1-январынан баштап ар биринин тарификацияда көрсөтүлгөн эмгек акысына кошумча  2200 сомдон 12 айга үстөк акы кошулуп,  төмөндөгү өлчөмдө төлөнүп берилсин.

•   2111 – 105,6 миң сом айлык акыга;

•   2121 – 18,2 мин сом соц.фондго чегерүү

Бардыгы: 123,8 миң сом.

2. Ушул токтомдун 1 пунктунда көрсөтүлгөн өзгөтрүүлөрдү толугу менен жогоруда аталган мыйзамдардын талаптарына ылайык аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагын өзүмө калтырамын.

4.Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети)  жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Токтогул шаардык

Кеңешинин төрагасы:                                                      К.Дербишев