Токтогул шаардык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
ТОКТОМУ № 40
2015-жылдын 14-марты Токтогул шаары
Токтогул шаардык кеңешинин 2014-жылдын 19-сентябрында кабыл алынган № 25 токтомунун 4 пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан берилген 2015-жылдын 13-мартындагы № 432-11/3-15 прокурордук каршылыгын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Токтогул шаардык кеңешинин 2014-жылдын 19-сентябрында кабыл алынган № 25 токтомунун 4 пункту боюнча Токтогул районунун прокурорунун каршылык билдирүүсүнүн негиздүүлүгү белгиленсин.
- Токтогул шаардык кеңешинин 2014-жылдын 19-сентябрында кабыл алынган № 25 токтомунун 4 пунктуна төмөндөгү өзгөртүү киргизилсин:
- бул пункттан “кварталына бир жолудан кем эмес текшерип” деген сөз алынып салынсын;
- Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын (С.Наралиева).
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Билим берүү, медицина, маданият, спорт, жаштар саясаты, экология-санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча” (М.Ондошева) жана “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам, жумушсуздук боюнча” (К.Мыктаров) туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Токтогул шаардык
кеңешинин төрагасы: К.Дербишев
Даярдаган: С.К.Наралиева
0 37 47 5 01 54, 0 773 80 29 46