Токтогул шаардык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги  VII  сессиясынын

ТОКТОМУ № 35

 

2015-жылдын 15-марты                                                     Токтогул шаары   

 

01.01.2015 жылга карата  Токтогул шаардык мэриясынын бюджеттик жана атайын счетунда калган акча каражатынын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”,  КР бюджеттик  укуктун негизги принциптери жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык,  Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБнун башчысы Н.Кулузакованын билдирүү, маалыматын, “Экономика, бюджет, финансы рыноктук  инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит,  инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги  VII  сессиясы

Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

  1. Токтогул шаардык мэриясынын бюджеттик жана атайын счетунда калган акча каражатынын 01.01.2015 жылга карата калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө маалымат билдирүүлөр эске алынып, жыл башында калган сумма жалпы 2 160 195,15 тыйын, анын ичинен негизги счеттон калдык 1 346 018, 95 тыйын жана атайын счеттон калдык 814176,20 тыйын калгандыгы белгиленсин жана алар төмөндөгүчө бөлүштүрүлүп чыгымдалсын.
  • Негизги счеттон калдык:  1 346 018, 95 тыйын, анын ичинен:

 

Мэриянын аппаратына жылдын жыйынтыгы менен сый акы төлөөгө:

Статья  2111 – 105,0 миң сом;

Статья 2121 – 18,1 миң сом;

Жалпы: 123,1 миң сом

 

Шаардык кеңештин аппаратына жылдын жыйынтыгы менен сый акы төлөөгө:

Статья  2111 – 30,0 миң сом;

Статья 2121 – 5,2  миң сом;

         Жалпы: 35,2 миң сом

 

         “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатына:

Статья 3112 – 700,0 миң сом техника сатып алуу үчүн;

Статья 3111 – 487 718,95 тыйын түнкү жарыктандыруу жана жол оңдоого;

         Жалпы: 1 187 718, 95 тыйын

 

  • Атайын счеттон калдык: 814176,20 тыйын, анын ичинен:

 

Мэриянын аппаратына:

Статья  2222  -  5, 4 миң  сом шаардык мэриянын аппаратына ар кандай чыгымдар үчүн;       

“Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатына:

Статья  3111 – 600 000,20 тыйын  Бөкөнбаев көчөсүн асфальттого;

 

Балдар бакчасына:  

Статья 2215 -  7,0 миң сом  ар кандай чыгымдар үчүн;

Статья 2218 – 60,0 миң сом тамак аш чыгымына;

Статья 2222 – 39 776 сом учурдагы чарбалык материалдарды сатып алууга;

Статья 3112 – 102,0 миң сом жабдууларды сатып алууга;

         Жалпы: 208 776 сом

 

  1. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБнун башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

  1. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бети)  жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

      Токтогул шаардык

    кеңешинин төрагасы:                                                  К.Дербишев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Даярдаган:  С.К.Наралиева             

0 37 47 5 01 54, 0 773 80 29 46