Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМУ № 26
31-октябрь 2014-жыл Токтогул шаары
Токтогул шаарында 9 айдын ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө пландан тышкары түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, 9 ай ичинде аткарылган иштер жөнүндө Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин маалыматын жана “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 9 айдын жыйынтыгы боюнча пландан тышкары келип түшкөн акча каражатынын суммасы 1977,8 миң сом болгондугу белгиленсин.
- Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу жактырылып, бекитилсин жана зарылчылыгына жараша чыгымдоо жагы ушул токтомдун тиркемесине ылайык жүргүзүлсүн.
- Жыл башында бекитилген акча каржатынан үнөмдөлгөн (тендер өткөрүүнүн жыйынтыгында) 299,1 миң сом акча каражаты Бөкөнбаев атындагы көчөсүнүн башка көчөлөр менен кесилишкен жерлерин асфальттоо үчүн жана 101,9 миң сом акча каражаты Т.Ормонбеков атындагы мектеп-лицейин курууда проектке камтылбай калган иштерди бүткөрүү үчүн жумшалсын.
- Жогоруда көрсөтүлгөн кошумча жумшалуучу акча каражаты боюнча планга тактоо киргизүү менен регионалдык казына бөлүмүнө билдирме (уведомление) берүү жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
- Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Солтоевага тапшырылсын.
- Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Токтогул шаардык
кеңешинин төрагасы: К.Дербишев
Токтогул шаардык кеңешинин
XXVII чакырылышынын VI сессиясынын 31.10.2014-жылдагы № 26 токтому менен бекитилди
Тиркеме
Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 9 айдын жыйынтыгы боюнча пландан тышкары келип түшкөн 1977,8 миң сом акча каражатын чыгымдоо боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу
№ |
Аталышы |
Аткарылуучу иштин мазмуну |
Статья |
Сумма (миң сом) |
1 |
ЖКХ |
Жумушчуларга сыйакы берүү үчүн |
2111 2121 |
48,0 8,3 |
2 |
ЖКХ |
Жолдорду оңдоо иштери үчүн |
2221 |
197,0 |
3 |
ЖКХ -ФАП |
Отункана салуу үчүн |
3111 |
50,0 |
4 |
ЖКХ-РОВД |
Ички оңдоо иштери үчүн |
2221 |
30,0 |
5 |
ЖКХ-Лакироуд |
Борбордук аянттагы флагштог, скамейка, скверди жарыктандыруу |
3111 |
275,4 |
6 |
ЖКХ |
Күйүүчү май |
2214 |
55,0 |
7 |
Т.Ормонбеков атындагы лицей |
Ар кандай чыгымдар үчүн |
2222 |
17,9 |
8 |
Турдумамбетов атындагы мектеп |
Жабдуу алуу (“Мерсико” проекти боюнча өздүк салымы) |
2215 |
10,0 |
9 |
Фирма “Сафира” |
Токтогул мектебинин ажатканасын куруу |
3111 |
40,6 |
10 |
Бөкөнбаев атындагы мектеп |
Ички оңдоо иштери үчүн (спорт зал, ашкана) |
2221 |
40,0 |
11 |
“Байчечекей” балдар бакчасы |
Жергиликтүү бюджеттен балдардын тамак ашы үчүн |
2218 |
62,0 |
12 |
“Байчечекей” б/бакча “Күн- Нуру” б/бакча |
Кошумча курулуштун чатырын жабуу, отункана куруу үчүн |
3111 3111 |
80,0 65,0 |
13 |
“Наристе” |
Тамак аш жасоого печка алуу үчүн |
3112 |
40,0 |
14 |
Балдар чыгармачылык үйү |
Бий залынын полун алмаштыруу үчүн |
3111 |
50,0 |
15 |
Балдар чыгармачылык үйү |
Шкаф, стул алуу үчүн |
3112 |
10,3 |
16 |
Спорт мектеби |
Чатырын оңдоо үчүн |
2221 |
15,0 |
17 |
Аппарат мэрия |
Т.Сатылгановдун 150-жылдыгы |
2215 |
154,0 |
18 |
Аппарат мэрия |
Кызматкерлерге сый акы үчүн |
2111 2121 |
25,0 4,3 |
19 |
Аппарат мэрия |
ПДП үчүн |
3113 |
700,0 |
|
|
Жалпы: |
|
1977,8 |
“Экономика, бюджет, финансы рыноктук
инфраструктура, чакан жана орто бизнес,
менеджмент, маркетинг кызматы, кредит,
инвестициялар боюнча” туруктуу
комиссиянын төрайымы: М.Солтоева