Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз X  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 47

2015-жылдын 19-июну                                                                 Токтогул шаары

 

Токтогул шаарынын Таласбай кичи районундагы муниципалдык менчиктеги № 03 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна  ысым ыйгаруу жөнүндө

Токтогул шаарынын мэри  М.Калмурзаевдин 18.06.2015-жылдагы сунушу Токтогул шаардык кеңешинин        “Өз алдынча башкаруу, депутаттын  компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам, жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясынын  жыйналышында каралып, жыйынтыгында Токтогул шаарынын тургуну, маркум  Аманов Бекен, кесипкөй врач хирург катары өзүнүн  эмгек жолундагы үзүрлүү эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” ардактуу наамга татыктуу болгондугу, “Саламаттыкты сактоонун отличниги” төш белгиси жана башка көптөгөн жогорку даражадагы сыйлыктар менен сыйлангандыгы, ошондой эле  Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында оруктагы эмгеги эске алынып, туруктуу комиссиянын жыйналышынын чечими кезексиз X сессияга сунушталды.

Жыйынтыгында, 18.06.2015-жылдагы туруктуу комиссиянын чечимин,  депутат С.Абышовдун жана башка депутаттардын сунуштарын  угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  X сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жогорудагылардын негизинде, Токтогул шаарынын Таласбай кичи районундагы муниципалдык менчиктеги № 03 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна Токтогул шаарынын тургуну, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, Саламаттыкты сактоонун отличниги, маркум Аманов Бекендин ысымы ыйгарылсын.

 

  1. № 03 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна мекеменин  атын жаңыдан жаздырып илүү, ошондой эле мындан кийин бул мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, айлана-тегерегин көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча иштерине  колдоо көрсөтүп туруу жагы   Б.Амановдун үй бүлөсүнөн (балдары,кыздары, туугандары) суралсын.

 

  1. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  “Өз алдынча башкаруу, депутаттын  компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам, жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Мыктаровго тапшырылсын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

 

  1. Бул токтом Токтогул шаарынын toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы:                                                    К.Дербишев

 

Даярдаган:  С.К.Наралиева

0 37 47 5 01 54, 0 773 80 29 46    

Көчүрмө анык

Токтогул шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы:                                       С.Наралиева